п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Биз экөөбүз…

Марат Алышпаев:
"Дилбар мага 46 жашымда кезикти"

Дилбар Райымбекова:
"Кыздарына атасы болсо болду"

Жубайлар Марат Алышпаев менен Дилбар Райымбекова 1992-жылы баш кошушкан. Диана жана Назик аттуу эки кыздын эркелеткен ата-энеси. Экөө тең таланттуу жандар. Марат агай көп жылдар бою актерлук кесиби менен бирдикте жетекчилик кызматтарды да аркалап келет. Буга чейин Ш.Термечиков атындагы Чүй театрында, К. Жантөшев атындагы Көл театрында директорлук кызматта иштеген. Эми борбордогу Кыргыз драма театрын жетектеп жатканына аз гана убакыт болду. Ал эми Дилбар Райымбекова эжеси Анапия, сиңдиси Лира менен бирге шаңшып "Үч -Теректин үч кызы" атыгып жүрүшөт.


- Марат агай, "Марат Алышпаев Дилбардын алгач чачын сүйгөн" деп айтышат экен?
- Марат: (күлүп). Турмуш өзү кызык да. Илгери англис жазуучусу Джон Форсайттын "Сага о Форсайтах" деген көлөмдүү эки томдук романын окугам. Анда Джон өзүнүн башынан өткөргөн сүйүүсүн китеп кылып жазган. Ал 65 жашында 20 жаштагы жаш кызды сүйүп калат. Тимеле жаш баладай, кыйналып, кайгырып, ыйлап сүйөт. Кыз да сүйөт. Ортодо алоолонгон сүйүү бар бирок, экөө каалагандай бирге боло алышпайт. Ошол чыгарманы ушунчалык берилип окуп, жүрөгүмө ушунчалык жакын кабыл алып, "мага да карыганда сүйүү келип ит болбосом экен" деп корктум эле. Корккондой эле болду. (күлүп) Бирок, Кудайга шүгүр, Дилбар мага 46 жашымда кезикти. Менден 21 жаш кичүү да. Анда мен Чүй театрында директор элем. Театрга солист кыз керек болуп жүргөн. Бир күнү курбусу Клара ээрчитип келип калды. И. Арабаев атындагы институтунун музыка бөлүмүнүн төртүнчү курсунун студенти экен. Анда чачы узун, кичинекей, кара кыз болчу. Башында көңүл бурчу эмесмин. Бирок, бир жыл аралыгында байкасам, башка курбуларындай болуп ичпейт, көп сүйлөбөйт, баскан-турганы жакшы. А мен эмоционалдуу адаммын, бат жиним келип, бат жазылам. Анан "ушул көтөрүмдүү аял болчудай" деп ойлоп, алсам, кайра бул көп сүйлөп, өнөрү мага тийгенден кийин чыгып атпайбы. Ха-ха-ха
- Дилбар: Мени классташтарым да кийин көрүшүп абдан таң калышкан, "унчукпаган, оозуңду чүрчүйтүп алып жүрө берген эле кыз элең" дешип…
- Марат : Азыр эми кечеде ырдап да, сүйлөп да отурган Дилбар. Мурда оозуна ичкилик алчу эмес да.
- Дилбар: Азыр коньякты өзүм куюп берем де (күлүп).
- Бири-бириңерди чындап сүйөөрүңөрдү кантип билдиңер?
- Дилбар: Сейфинен шоколад алып берип атып эле мени сүйдүрүп алган. (тамашалап).
- Марат: Ошентип бир жыл сынап жүрдүм. Анан бир курдай Жалал-Абадга гастролго кетмей болдук, поезд менен. Күтүп атам, жок, күтүп атам, жок. Ошондо "Азыр келбесе анда болду, экинчи театрга да келбесе керек" деп, түпөйүл болуп турам. Азыр ойлойм, эгерде сүйбөсөм, ошол учурда ошончолук күтпөсөм керек эле. Анан эле бир маалда чоюлуп келатат. Сүйүнгөнүмдү айтпа!
- Ал кезде үй-бүлөңүз бар беле?
- Дилбар: Үй-бүлөсү менен олку-солку болуп турган кези экен. Анан ошо тушта мен кезигип калып жатпайынбы. А мен Маратты таанымал инсан катары мурда эле билчүмүн. Гастролдоп биздин айылга көп барышчу. Ошентип анан өзүм да ал иштеген театрга ишке кирип калдым. Агезде Каныкей эже, Атайбек байкелер да ошерде иштешчү. Мени "О-ой Анапиянын сиңдиси, Лиранын эжеси турбайбы" дешип жакшы кабыл алышты. Анапия эжем менен Лира бир топ эле таанылып калган чагы. Ошентип 23 жашымда театрга келип, Маратка кезигип калдым.
- Ата-энеңиз жашы улуу адамга турмушка чыгаарыңызды кандай кабылдашты?
- Дилбар: Экөөбүз тар чөйрөдө үйлөнүп алдык. Башында эч кимге айталбай, "Ий менин бетимди карабай коюшат го" деп жүрдүм. Өзүм турмушка чыга элек кыз болсом… айла жок апама айтканга туура келди. Мен коркуп айтсам, апам тескерисинче "Мен эмне атаңарга тийип жаман болдумбу, атаң жакшы киши болчу. Алып кел айланайын" деп бизге тойчук өткөрдү. Атам менен апамдын жаш айырмасы да 27 жыл болчу. Атам быйыл тирүү болгондо 97 жашка чыкмак. Апам 70 ке чыкты. Азыр Маратын жакшы көрөт. Жыл сайын кышында биздикинде жүрүп кетет. Атам апамдын көзүн карап, сыйлап турчу. Апамды "бала көрөм" деп алган. Атам 16 жашында туугандары согушка кетип каза болгон агасынын 35 жаштагы аялын алып берип койгон экен. Андан бир кыздуу болуптур. Андан кийин менин атам көп аял алыптыр, бирок, балалуу боло албаптыр. Качан гана апамды алгандан кийин, Кудайым аларга бир эмес 10 баланы бериптир. Мен атама абдан жакын элем. Негизи кыз бала атага жакын болот окшойт. Кыздарыбыз да Маратка жакын, атасы болсо эле болду аларга.
- Марат: Жаш кезде баланын баркын билбептирбиз. Биз гастролдо жүрүп келгиче эле, балдарыбыз чоңоюп калчу экен. Бирок, билим жагынан эч нерседен кем кылган жокмун. Улуу балдарымдын баары жогорку билимдүү. Ал эми Дилбардан биринчи кызымды 51 жашымда көрдүм. Мен ошол жашымда небере багышым керек эле да (күлүп). Азыр мына 60 жаштан аштым. Кыздарымды үйдөн өзүм окутуп, эркелешебиз, сүйлөшөбүз. Улуусу 5-класста, кичүүсү 2-класста окушат.
- А улуу балдарыңыз менен катышып турасызбы?
- Марат: Ооба. Үч уулум бар. Эки уулум үйлөнүп, мени неберелүү кылышкан. Азыр бири Москвада, бири ар чет мамлекетке чыгып иштеп жүрөт. Кичүү уулум үйлөнө элек. Үйгө келип турушат.
- Дилбар эжеге тыюу салган нерселер барбы сизде?
- Марат: Эгерде мен чыгармачыл эмес адам болгонумда анда экөөбүз балким, жашап кете алмак эмеспиз. Мен натурамда элпекмин. Бирөөгө үстөмдүк кылганды да жаман көрөм. Ошондуктан Дилбарга "көзүңдү мындай бое, мындай кийин, кыска кийбе" деген сыяктуу сөздөр менен мээсин жеген эмесмин. Аны менен ишим жок, өзү билет. Дилбар кандай кийинип, кандай боенсо да мага жагат.
- Ыр тандашасызбы, сизге ырдаганы жагабы?
- Марат: - Өзүнүн ыр тандоодо табити жакшы. Бирок, бир курдай "Оо жаштык, сен кайда?" деген А.Төрөбековдун ыры мага жагып калып ошону ырда дегеним бар. Мен профессионал актермун. А актерлор сөзгө көп маани беребиз. Сахнадан артты карап сүйлөсөң дагы эң артта отурган көрүүчү сени угушу керек. А ырчылар обонго да, текстке да маани беришет. Ырчыларда актердук чеберчилик анан сахнага чыга турган чырай да керек. Ырчы көрүүчүнү ажары менен тартып турушу кажет. Мен өзүмдүн келинчегим үчүн мактабайм, бирок, Дилбарда мунун баары бар. Ырдап атканда бир да сөзү желип калбайт. Үнү жагымдуу, эстрада менен фольклорду айкалыштырып ырдайт. Мени менен жашап, театрда чогуу жүрүп, сахнада өзүн алып жүргөндү үйрөндү (күлүп). Сыныктан башкасы жугуштуу деп коет го. Дилбардын чыгармачылыктагы "экинчи деми" Көлгө барганыбызда ачылды. Тоо жакын, көл жакын, той көп дегендей… Ал жактан жаңы ырларды жаратты. Көлдө алты жарым жылдай жашадык. Жыл сайын Дилбардын жеке отчеттук концертин тартуулап жүрдүк. Дегеле Көл экөөбүздүн тең чыгармачылыгыбызга жакшы өбөлгө түзүп берди. Мен театр жетектеп турдум, өзүм ал жакта роль жаратпаганым менен Геннадий Базаровдун 5-6 фильмине түштүм. Эми мына Бишкекке жаңы келип, жаңыдан шаардын агымына аралаша баштаган убагыбыз.
- Дилбар: 1992-жылдан бери эле Марат кайда иштесе ошол жерде жүрдүм да. Эми бөлүнүп атабыз. Мен Филармонияга Замирбек Үсөнбаев жетектеген "Эл шайырлар" тобуна кирдим. Эми эжем, сиңдим болуп чогуу иштейбиз, буюрса.
- Марат: Филармонияда иштесем деп жүрдү эле, тилегине жетип отурат.
Тиякта чогуу жүргөндө кызганчу эмес эле. Бияктан балээ болду, саат 7-00дөн кечиксем эле түнөрүп, мырыйып калат.
- Дилбар: Анда мен жаныңда болчумун да.
- А жолдошуңуздун мүнөзү кандай?
- Дилбар: Мүнөзү ачык, менин тамашалап сүйлөгөнүмдү жактырат "Чоңкосуң да" деп. Анан мен курбуларым менен бир жакка барам десем эле кабагы түйүлүп, жибербей, "Андан көрө күйөөсү менен үйгө келсин" дей берет. Мен эле кырктын кырында кылтыңдап көчөдө жүргөндү жакшы көргөнсүп (күлүп). Анан театр дегенде жанын берип иштейт. Көл театрына да каралбай калганда барды эле. Азыр баргандар бата берип кетишет. Мен да Көлгө ыраазымын, аман-түгөл барып жашап, аман-түгөл келдик. Бир курдай театрда 8-март майрам болсо керек эле, мага премия жазбай коюптур. Бухгалтерге барсам, "сиз тизмеде жок экенсиз" дейт, Маратка барсам "Сени тойго колдон талашып жакшы эле чакырып жатышпайбы. Актерлор айлыктан башка табаары жок. А сен жакшы эле таап атпайсыңбы" дейт. Анан мен таарынган бойдон кетип калгам. Анан ошол 500 сомду бухгалтер өзү барып, "жазып эле коелучу эми" деп атып коштуруптур. Ошону бир айтып бир койбой, эки айтып эки койбой, тамашалап таарынып жүрдүм.
- Бири-бириңерге сахнадан гүл тапшырып көрдүңөр беле?
- Марат: Жок, өзүм чыгып тапшырган эмесмин, бирок, кыздарым аркылуу берип жиберем. Көлдө жылына бир жолу отчеттук концерт берип турчубуз деп айтпадымбы. Район, айылдарды да концерт менен кыдырып турчубуз. Эми биякка келип алып эки айдан бери "пауза" болуп, не кылаарын билбей жаман болуп жүрөт. Бул жактагы артисттердин да шарына кириш керек. (Тамашалап) Өзүнчө "мафиялар" бар билинбеген менен дебейинби.
- Машинанын рулунда сиз экенсиз?
- Дилбар: Марат өзү кызыккан жок машинага. Мен "Машинага бул тетик керек, тиги тетик керек" деп калсам, "Ой баягыда эле албадың беле, кайра-кайра эле ала бересиңби. Акча жей берген бул кандай неме" деп мени машинеден кызганып калат. "Экинчи күйөөм" деп койсом огобетер кызаңдап. Бирок, жеткирчү жерине машине экөөбүз зуулдап алып барып коебуз. Мен Мараттын айдоочусумун дагы.
Эльмира Мадиева







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Бир арабга турмушка
чыгып калайын деп…"

2-бет
"Бир арабга турмушка чыгып калайын деп…"
3-бет
Жаныш Бакиев эмне үчүн кармалган эмес?
4-бет
Кыздарга кылыктанган жигиттер жагабы?
5-бет
Биз экөөбүз…
6-бет
Махабат майданы
7-бет
Жашыруун эмес
8-бет
Шырмаек
9-бет
Кайнене менен кантип тил табышса болот?
10-бет
Жылдыз Караева: "Айым"
сулуулук салонунун жетекчиси:
"Эксперимент жасагандан коркпош керек

11-бет
Көл жээгинде эс алууда…
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Абийир азабы
15-бет
Обон почта
16-бет
"Артымда кала турган обон жараткым келет"










??.??