Жашыруун эмес

Нурлан Насиптен 14 факт
Сахнага чыкканына саналуу эле убакыт болуп, шоу дүйнөсүнө жаңыдан аралаша баштаса да Нурлан Насипти азыр кыздардын көбү таанып, анын талантына тамшанып турган чактары. "Ай айым", "Унуталбайм" деген ырлары менен популярдуу болуп жаткан ырчы жигитти окурмандар менен кененирээк тааныштырабыз.



1Үй-бүлөдө
баары музыкант
Нурлан үй-бүлөсү менен музыкага жакын өскөн. Эжеси Элзада жакшы ырдаса, атасы, карындашы музыкалык аспаптарда жакшы ойношот. Нурзада эжеси гана кичинесинен музыка менен иши болбой өзүнчө чоңойгон. Башкалар ырдап же музыкалык аспапта ойноп жатса, эжеси оюнчук менен ойноп отурчу экен. Үй-бүлөсү кеңешип, ырчылык чөйрөгө Нурланды аралаштырууну туура көрүшкөн.


2 Көңүлүнө жаккан эс алуу
Киндик каны тамган Токтогулга барып эс алып келгенине бир жумадан ашты. Чөп чаап, үйдөгү майда оокаттарды кылып, жөн эле эс алып тим болбостон ата-энесине да каралашканга үлгүргөн.
Ал эми шаарда болсо кечкисин сейил бакты аралап, өзү айткандай "сулуу кыздарга суктанып" кыялданып отургандан ырахат алат.


3 Өзүнө жаккан жана жакпаган сапаттары
Ачуусу чукул, бир нерсеге жинденип бат эле урушуп, ал тургай балдар менен мушташып кеткен күндөрү көп болгон. Бир нерсеге бат ишенип, алданып калмай жайы бар. Өзүнө жаккан сапаттарына ак көңүлдүгү, боорукерлиги кирет.


4 "Сүйгөн кызына" арналган ыр
Көбү Нурлан Насиптин "Унуталбайм" деген ырын жакшы көрөөрү анык. Бул ырдын сөзү, обону мурда эле бар болчу. Нурлан аны ырдап чыгууну чечип, сөздөрүн оңдоп-түзөп, ырдын атын койгон. "Унуталбайм" деген аталыштагы ыр эч кимге арналган эмес, болгону бир гезитке интервью берип жатып тамашалап "сүйгөн кызыма арналган" деп койгондон кийин анын сөзү шамалдай тарап кеткен.


5 Жетпеген сүйүү барктуу болот…
Мектепте окуп жүргөн кезинде бир кызга ашык болгон. Кызга жазган каттарын балдардан берип жиберсе көз көрүнөө тытып, бырчалап салганын көрүп айласы кетчү экен. Кийин ал кызга деле жеткен, бирок сүйүү эмес, жөн гана жактыруу сезимдерине арбалып жүргөнүн түшүнгөн. "Ал кызга жетпеген бойдон калсам балким сүйүү деп ойлоп калмак окшойм" дейт Насип. Жетпей калган сүйүү баарынан таза, тунук деген ойдо. Азыр ошол жакшы көргөн кызы менен дос мамиледе.


6 Сүйлөшкөн кызы барбы?
Учурда жумуштун көптүгүнөн жеке жашоого убактысы жок. Бирок, көңүлүндөгү бийкечти тапса жумушуна да, жеке жашоосуна да бирдей убакыт таап, көңүл бураарына көзү жетет. Боорукер, дээринде бар, адамдын кабак-кашынан эмне каалап турганын түшүнгөн кыздарды жактырат.


7 Атактуулуктун айласы
Башында белгилүү ырчыларды көрүп, "мени да ушинтип элдер таанып, менден да кол тамга алышса" деп кыялданчу. Азыр ал тилеги ишке ашып отурат. Телефон чалып, сүрөткө түшкүсү келген кыздар ырчы жигитке көп чалышат. Атактуу болгон Нурланга жагат, бирок, бир жаман жери коомдук унаага түшкөндө сөөмөйү менен көрсөтө бергени ал үчүн жат көрүнүш экенин жашырбайт.


8 Күйөрмандарга болгон мамиле
Жолугушалы деген күйөрмандарынын көңүлүн кыйбай Нурлан көпчүлүк учурда макулдугун берет. Көбүнчө концерттерде жолугуп, кол тамга берип, сүрөттөргө түшүп коёт. Айрымдары менен смс жазышып, телефон чалышып, достук мамилени сактап калганга да үлгүргөн. Талантын сыйлаган күйөрмандарынын көпчүлүгү кыздар. Алардын дээрлик баары "Унуталбайм" деген ырын жакшы көрүшөт.


9 Апасына окшоп Асан кайгы
Нурландын сырткы келбети атасыныкына окшош, өзгөчө жини келгенде көзү чанагынан чыгып кетчүдөй болуп чакчайып кетет. Ал эми мүнөзү апасыныкына көбүрөөк окшошот. Апасынын болоор-болбос нерсеге Асан кайгы тартып, кыжаалат боло бермейи бар. Ушул сапат Нурланда да калыптанган.


10 Көп кол-донгон сөзү
Дайыма "Аллах" деген сөздү оозунан түшүрбөйт. Жинденип жатканда "блин" деген сөзгө бай. Интервью берип жатканда "деп кой" деген сөздөрдү көп айтат, бирок өзүнө бул сапаты сезилбейт деле. Достору радиодон же теледен Нурландын сүйлөп жатканын угуп калышса эскертип, "деп кой" деген сөзүңдү азайт деген кеңешин беришет.


11 Атасына жаккан "Кара көз"
Дайыр Исмадияров аткарып жүргөн "Кара көз" деген ырдын сөзү да, обону да Нурлан Насипке таандык. Эмнеге ушул ырды өзүң ырдап чыккан жоксуң деген суроону Нурланга көп узатышат. Өзгөчө атасына бул ыр аябай жагат, уюлдук телефонуна көчүрүп да алган. Ал эми Нурландын ою боюнча өзү ырдабаса да ал жараткан чыгарма элдин жүрөгүнөн түнөк тапканына сүйүнөт. Эң негизгиси, кийин Дайыр ушул ырдын авторун унутпай айтып жүрсө болду дейт.


12 "Кыргызча" түзүлгөн келишим
Продюсери Канат Кадыржан менен расмий түзүлгөн келишим жок. Азыр "эркекче" кол алышып иштеп жаткан чактары. Нурландын көп түйшүгү Канаттын мойнунда. Азыр ал ырчынын стилисти да болуп жаткан кези.


13 Жылдыз "оорунун" белгилери
Маанайы жок, көңүлү чөгүп турган кезде достору чалып калса кыска жооп берип калат. Андай учурда достору тамашалап "жылдыз болуп калдыңбы, бизди тоотпой жатасыңбы" деп тийишип калышат. Андайда теңелип, жагдайды түшүндүрүп отурбастан трубканы койгончо шашат. "Жылдыз оорусуна кабыла элекмин жана кабылбаганга аракет кылам" дейт Нурлан.


14 Алдыдагы пландары
М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды аяктап, окуусун улантуу үчүн кайрадан экзамен тапшырды. Жакында күйөрмандарына жаңы дуэт тартуулаганы турат. Кийин картайганда музыкадан сабак берсем деген ниети бар.





Чырдөбө
Галина Копылова:
"Мирбек үчүн 4000 сом акча болбосо, мен үчүн чоң акча"
Өткөн саныбызда "Мирбек Иманбеков аялы экөө карызын бербей качып жүрөт" деген маалымат чыккан. Анда Галина Копылова аттуу айым Мирбек аялы экөө анын апасынын үйүндө батирде жашап, аягында 4000 сом акчасын бербей кетип калышканын айтып арызданган. Андан бери редакцияга Мирбектин жакындарыбы же күйөрмандарыбы айтор, телефон чалгандар көбөйүп "бир орус үчүн кыргыздын жакшынакай баласын сөзгө калтырып жатасыңар, такталбаган туура эмес маалыматты бериптирсиңер" деген токон-наалатын айтышты. Бул жерде кеп бир орус же бир жакшынакай кыргыз бала жөнүндө болгон жок. Адилеттүүлүк, калыстык, дегеле адамкерчилик тууралуу сөз болуп жатканын түшүнүүгө көп деле акыл талап кылынбаса керек. Биздин редакцияга жардам сурап кайрылган адамдарга эч качан кайдыгер мамиле жасабайбыз. Анан да Мирбек өзү "туура эмес маалымат бериптирсиңер, мен ал аялды тааныбайм" деген дооматынан улам, Галина айымга дагы бир жолу байланышка чыктык. Ал эч кандай калп эмес экенин айтты.
- Галина, сизди Мирбек "тааныбайм" дейт го, батирдин акчасын ортомчулардан алчу эмес белеңиз?
- Эч кандай ортомчулары жок эле аялынын колунан алчумун. Кантип тааныбайт?! (ред. колуна гезитке оролгон үбөлүк, Мирбектин достору, аялы менен түшкөн сүрөттөрүн көтөрүп алыптыр) Эгерде тааныбаса бул сүрөттөрдү, үбөлүктү кайдан алмак элем? Көчүп кетип жатышып үбөлүгүн унутуп кетиптир. Бул сүрөттөр болсо гезиттердин арасында чачылып калыптыр. Бурул мага "үбөлүгүмдү алып келип бериңиз" деген. Эгер кааласаңар жүрүгүлө мени менен, мен ага үбөлүктү берип жатканда сүрөткө тартып алгыла. Колуман үбөлүктү алса -анда тааныйт.
- Мурда батирдин акчасын убагында берчү беле?
Ошондо деле убагында беришпей жарым айга чейин созушчу. Бирде Россиядан акча которбой жатат десе, бирде жумушу болбой жатат дечү. Андан кийин өлкөдөгү окуялар болуп кетти. Анын баарына эле түшүнүү менен мамиле кылчумун. Үй -бүлөсү менен Мирбек менин апамдын үйүндө октябрь айынан 31-мартка чейин жашады. Ал акчага мен апамдын күмбөзүн оңдотоюн дегем. Мен өзүм пенсиядан пенсияга араң чыдап жашайм, 2220 сом эмнеге жетмек эле. Мирбек үчүн 4000 сом акча эмес болсо, мен үчүн чоң акча.