п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Шырмаек

Аты-жөнү: Эшеналиев Дархан
Таласбекович;
Туулган жылы: 1988-жыл, 5-июнь;
Жылдыз белгиси: Эгиздер;
Баалаган композитору: Моцарт;
Жактырган жаныбары: Ит;
Жакшы көргөн мезгили: Жаз;
Туткан дини: Ислам;
Кыздардан баалаган сапаты: Жөнөкөйлүк, тыкандык. Тамакты жакшы жасагандарды да баалайт;
Жактырган өңү: Ак жана кара;

Шоу-бизнеске жаңыдан кадам таштап, "Асылым", "Вавилон", "Жылдыздар", "Кереги жок", "Коштошуу" ж.б. ырлары менен жана өзүнүн "Роко-попс" стили менен жаштардын арасында белгилүү болуп жаткан Дархан аттуу жаш ырчы жигит бизде мейманда.


Дархан:
"Ставкам 100 доллардан жогору"
- Сөздү баштаардан мурун, туулган айылың, балалыгың тууралуу кеп салсаң?
- Талас облусунда төрөлүп, Кара-Балта шаарынын Сосновка айылында чоңойдум. Ошол жактан мектепти аяктадым. Эр жеткени борборубуз Бишкек шаарындамын.
- Шаарда ырдагандан башка дагы эмне иш кыласың?
- Бул жакта сырттан окуйм. Улуттук университеттин экономика факультетинин 5-курсун аяктадым. 9-класстан бери шаарда өзүм жалгыз жашайм.
- Ырчылык менен экономика эки башка кесип эмеспи. Экономиканы өзүң тандадың беле, же кимдир бирөөнүн сунушу менен тапшыргансыңбы?
- Бул кесипти апам тандаган. Апам "Баламдын жогорку билими жок" деп өкүнбөшү үчүн тапшырткан эле.
- Ата-энең кайда турушат?
- Атам менен апамдын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп кеткен экен. Учурда атам Кара-Балтада, апам Россияда эки карындашым болуп турушат. Апамдар бул жакка жылына үч-төрт жолу келип турушат.
- Чыгармачылыкка аралашканыңа алар каршы болушкан эмес беле?
- Башында экөө тең каршы болушкан болчу. Азыр көнүп калышты.
- Музыкага болгон шыгың канча жашыңда байкалды эле?
- Онунчу класста башталган. Кошуна балдар көчөдө гитара ойноп көп отурушчу. Мен да аларга кошулуп, гитара ойноп, ыр ырдап жүрүп кызыгып кеттим. Эң биринчи гитарамды 300 сомго сатып алгам. Үйдө жалгыз отурганда ошол гитарам менин эрмегим эле. Ыр жазып, обондорду жаратып отура берчүмүн.
- Гитарадан башка аспаптарда да ойной аласыңбы?
- Кыргыздын комузунда жана фортепианодо жакшы ойнойм.
- Анда музыкалык билимиң бар экен да?
- Жок, атайын музыкалык билим алган эмесмин. Бирок, музыкага байланыштуу адабияттарды көп окугам.
- Репертуарыңдагы ырлардын саны канчага жетип калды?
- Жалпысынан тогуз ыр болду. Андан сырткары эки ырыма клип тарттырдым.
- Клиптин идеясын ким ойлоп табат жана ким каржылайт?
- Клиптин идеяларын Алексей Филатов экөөбүз отуруп ойлонобуз. Акча жагынан да кээде Алексей жардам берет. А негизи өзүмдү өзүм каржылайм.
- Алексей менен чогуу иштешкениңе канча убакыт болду?
- Бир жарым жылдай болду. Алексейдин "Жаңы ысым-2008" долбоорунан жеңип алгандан бери жардам берип келет.
- Шоу-бизнесте атаандашым жана жакын досум деп кимди эсептейсиң?
- Шоу-бизнесте атаандашым деп эч кимди эсептебейм. Себеби, менин стилим башкача. Башында рок ырдачумун. Кийин рок менен попсту аралаштырып "Рок-попс" стили менен чыктым. Бул стилде Кыргызстанда азырынча эч ким ырдай элек. Ал эми жакын досум да жок. Орустарда жакшы сөз бар, "Достор болбойт, тааныштар гана болот" деген. Мен ушул сөз туура айтылган деп ойлойм.
- А устатың ким анда?
- Чынын айтсам устатым деле жок.
- Чыгармачылык үчүн кандай курмандыктарга бардың?
- Ошо музыка деп жүрүп, көптөгөн досторумду жоготуп алдым.
- Жеке концертиңди качан берейин деп жатасың?
- Кудай буюрса күзүндө өткөрөйүн деп жатам.
- Чыгармачылыгыңа күнүнө канча саат бөлөсүң?
- 24 сааттын он экисин чыгармачылыгыма бөлөм. Эс алуу жок.
- Анда кийимдериңди ким жууп, тамагыңды ким жасайт?
- Өзүм эле кылам. Эң биринчи жолу тузу ачуу картошка кууруп, ачка үчүн эле жегем. Азыр картошканы менден мыкты жасаган киши жок болсо керек. (күлүп)
- Сени тойго чакыруу үчүн чөнтөктө канча акчабыз болушу керек?
- Андай учурда алдын-ала Алексей менен сүйлөшүшөт. Бир тойго эки -үч ыр ырдап 100 доллардан жогору алам.
- Сенин мүнөзүңдү билгиси келген окурмандарга өзүңдү кандай мүнөздөп берет элең?
- Мүнөзүм токтоо, сырымды эч кимге айтпаган жагым бар. Жиним да оңой менен келбейт.
- Жан дүйнөң ооруганда кантип дарылайсың?
- Андай учурда чыгарма окуйм. Чыгарманын ичине сүңгүп кирип кетип, андагы каармандар менен жашап, бөлөк нерсенин бардыгын унутуп коём.
- А жан дүйнөңө жакын адамың барбы?
- Азырынча жүрөгүмдүн ээси жок. Мен аябай сынчылмын жана талапты катуу коём. Ошондуктан оюмдагыдай кызга жолуга элекмин.
Төлөбүбү Касымалиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"
email • архив • редакция 
13-июль, 2010-ж.:
1-бет
"Бир арабга турмушка
чыгып калайын деп…"

2-бет
"Бир арабга турмушка чыгып калайын деп…"
3-бет
Жаныш Бакиев эмне үчүн кармалган эмес?
4-бет
Кыздарга кылыктанган жигиттер жагабы?
5-бет
Биз экөөбүз…
6-бет
Махабат майданы
7-бет
Жашыруун эмес
8-бет
Шырмаек
9-бет
Кайнене менен кантип тил табышса болот?
10-бет
Жылдыз Караева: "Айым"
сулуулук салонунун жетекчиси:
"Эксперимент жасагандан коркпош керек

11-бет
Көл жээгинде эс алууда…
12-бет
Сен жана мен
13-бет
Абийир азабы
15-бет
Обон почта
16-бет
"Артымда кала турган обон жараткым келет"










??.??