Керегем сага айтам…

Кайнене менен кантип тил табышса болот?

1. Алгач баргандан баштап өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз үчүн кайненеңизден тамак жасаганды үйрөнүңүз. Жолдошуңузга сиздин жасаган тамагыңыз апасынын тамагына окшошсо, ал сизди ошончолук жакын тутуп, жакшы көрөт. Ашкананы эле эмес, үйдүн ичин да кайненеңиз мурда кандай жайгаштырып жүргөн болсо, убактылуу эч нерсени өзгөртпөй ошол бойдон койгонуңуз дурус.

2. Ар бир эле кайнене келини өзү менен акылдашып, кеңешип иш кылса дейт. Кайненеңиз менен достошуп, тамырын тереңирээк тартууну кааласаңыз кандайдыр бир жумуштар тууралуу кеңеш сурап койгонуңуз ашыкча болбойт. Кеңеш сураңыз, бирок чечимди албетте өзүңүз кабыл алыңыз.

3. Өз алдынча иш кылуу менен уруксат суроонун айырмасын билиңиз. Мисалы, кайненеңизге "бүгүн эмне тамак жасайын?" деген суроо менен кайрылууңуз мүмкүн. Эгер ар бир беш мүнөт сайын "муну кандай кылам, тигини кандай кылам" дей берсеңиз өз алдынча эч нерсе жасай албагандай сезим калтырасыз. Ал эми өзүңүздүн ички туюмуңузга ишенип, ишти туура жасап жатсаңыз деле кайненеңизге "өзүн-өзү билип жатат" деген ой кетет. Ошондуктан майда болгону менен маанилүү көрүнүштөрдү ажырата билип, колдон келишинче кыраакы болуңуз.

4. Кайненеңизге күйөөңүздү эч убакта, эч качан жамандабаңыз. Аялдардын эң чоң катасы - күйөөсү кайнене менен келиндин ортосундагы чырды чечет деген түшүнүктө жашаганы. Жолдошуңузду орто жолдо чайналтып, өйдө тартса өгүз өлүп, ылдый тартса араба сынат абалына тушуктурбаңыз. Акылдуу эркек эч качан өз апасын аялына алмаштырбасын унутпаңыз.

5. Кайненеңиздин көзүнчө күйөөңүз менен урушпаңыз. Анткени баласына жан тартып, сизди жаман көрүп калуусу мүмкүн. Жолдошуңузга болгон нааразычылыгыңызды эл жок жерден, экөөңөр гана калганда айтканга көнүңүз.

6. Кабагыңызды чытыбаңыз, жылуу сүйлөңүз. Жайдары мамилеңизге кайненеңиз оройлук менен жооп бере албайт. Көтөрүмдүү болсоңуз ортодогу мамилени бир нукка түшүрө аласыз. Эгерде кайненеңиздин мүнөзү оор болгон күндө да, ал сиз сүйгөн адамыңызды төрөп, багып өстүрүп, тарбия берген адам экенин эсиңизге бекем түйгөнүңүз жакшы.

7. Айрым кайненелер уулун келининен кызганып, баласына "камчысы катуу болсо, катыны уяттуу" деген таризде далай сөздү кулагына куюшу мүмкүн. Бул учурда жолдошуңузду жайына коюңуз. Сизди кандай жол менен башкарууну өзү чечет. Энесинин тилине киреби же өз акылына таянабы аны убакыттын өтүшү менен байкай аласыз.

8. Чогуу жумуш жасап көрүңүз. Үйдү оңдоп-түзөп же ашканада бирге тамак жасап дегендей. Балким, экөөңөрдүн ортоңордо окшоштуктар болуп, табитиңер бирдей чыгышы ыктымал. Чогуу жумуш жасаганда жакыныраак баарлашканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

9. Кайненеңиз да бир убакта сиздей келин болгонун, сиз да бир убакта кайнене болооруңузду элестетиңиз. Кийин келиниңизден жакшы мамиле күткүңүз келсе, сиз да ошол мамилени жасаңыз.




Калипа Сейдалиева:
"Келиндериме талабым катуу"
Бир эмес, үч келин алып, алардын чайын ичип, кызматын көрүп жаткан телеалыпбаруучу Калипа Сейдалиева келиндери тууралуу төмөндөгүлөрдү айтып берди.

- Биздин үч уулубуз бар, бир да кыз жок. Убагында ойлонбоптурмун. Кыздуу болбой калган соң, эми келиндерим жакшы чыкса экен деп тилечүмүн. Кудай баарын теңдейт экен. Улуу келиним Жети-Өгүздүн кызы, атасы жолдошумдун классташы болот. Тыкан, таза, киши менен мамиле түзө билген жакшы келинге туш болдум. "Бул келиним жакшы чыкты, кийинкиси кандай болот болду экен" деп санааркап турсам, ортоңку келиним да мен ойлогондой болду. "Энесин көрүп кызын ал" дегендей энесинин да маңдайы жарык, мүнөзү жакшы адам. "Эки келиним жакшы болду, эми кенжетайымдын келинчеги кандай болот? Ушунун колунда калып чай ичем да…" деп ойлонуп жүрүп, эң кенже келиним Жибек да ырас акыл-эстүү чыкты. Үч уулум тең өздөрү сүйүп, табышышкан. Жолдошум экөөбүз биринин да жашоосуна кийлигишпей, эркине койгонбуз. Кызым жок болсо да келиндерим эстүү чыгып, Кудай тилегимди берди. Азыр эки уулумду бөлүп койгонбуз, Жибек биздин колдо. Улуу келиним университетте мугалим, эки келиним декретте. Бат-баттан кабарлашып келип турушат. Азыр үч уулумдун алты баласын эркелетип отурган чагыбыз.
- Өзүңүз кандай кайненесиз?
- Катуу айтпай, маданияттуу мамиле кылганга аракет кылам. Жаман көрүнүп калбасам экен деп этияттап турам. Бирок, койгон талабым да катуу. Үйдүн тазалыгы, аялзатына тиешелүү жумуштар орду-орду менен жасалып турганын жактырам. "Намёк" берип койсом эле өздөрү аржагын билип жасап кетишет. Ырас менин катуу айтпаганыма жараша, келиндерим да зирек.





Назми: "Кайненемдин
көз карашын дароо сезем"

- Кайненеңиз жоолук салганда кандай сезимде болдуңуз эле?
- Мен мурда кайненемди сүрөттөн да көрбөптүрмүн. Айылга барганда толтура энелердин арасынан колуна жоолук кармап чыкканда гана көргөм. Биринчи жолу жоолукту ыңгайсыз кылып салып койду же мен сүрдөп башымды көтөрө албайм. Сапар Сопубеков менен Роза Шакировалар да коштоп барышкан болчу. Анан Сапар шыпылдап жоолукту оңдоп сала коюп жатпайбы… анткени акыркы жолку жасаган фотосессиябызда жоолукчан түшкөнбүз да. Ошондо мага жоолукту Сапар салып берчү, ошол адаты кармап кетти окшойт. Жанымдагылар түшүнбөй эле карап калышты… Биринчи келин болуп барган күнүм ошентип эсимде калган.
- Канча күндөн кийин келиндик кызматка кириштиңиз?
- Алгач чай куйгандан баштадым. Бат эле оокатка аралашып, көнүшүп кеттим. Анын үстүнө кайненем "мындай кыл, тигиндей кыл" дебейт,өзүңдүн эркиңе коёт. Анан жасаган оокатыңа ыраазы болуп, анысын көз карашы менен эле билдирет. Ичи жылыганда караган бир көз карашы бар, аны дароо байкайм да "Ии жагыптыр" деп ичимен сүйүнүп калам. Өзүм да айылга анда-санда бир баргандыктан, болгон жумушту майын чыгара жасап, кайненеме жардам бергенге аракет кылам. Кайненемдин мүнөзү жакшы, боорукер. Кызым төрөлгөндө боорсогун жасап, коюн союп алып келиптир. Он күндөн ашык каралашып алып кетти. Негизи эле айылдан келгенде кыздарыныкына конокко барганы гана болбосо дайыма биздикинде болот. Экөөбүз жакшы сүйлөшөбүз. Кеп- кеңештерди айткандан аянбайт.