п»ї

  Саламат плюс

Эне төрөткө чейин жана төрөттөн кийин өзүнө кандай кам көрүш керек?
Биздин элибиз абалтадан "аялзаттын бир өлүмү төрөттөн" дешип, баланы аман-эсен жарык дүйнөгө алып келип алуунун камын көрүшкөн. Боюнда бар аялды түрдүү жамандыктан сактап, ар кандай ырым-жырымдарды жасашкан. Элдик медицина менен атайын медицинанын багыты, түшүнүгү эки башка болгону менен тилеги, максаты бир экенине ынанабыз. Биз бүгүн элдик дарыгерден жана профессионал врач акушерден айрым суроолорго жооп алдык.

Ишекеева Атыркүл, элдик дарыгер:
"Кош бойлуу аялга бат көз тийет"
- Элдик медицина боюнча боюнда бар аялзаты өзүнө кандай кам көрүш керек дейсиз?
- Азыр биздин трагедиябыз - илгерки каада-салтыбызды "эскилик" деп чанып, башка элдин таасири менен жашап калдык. Кыргыз элибиз кандай гана акылман эл болгон, апаларыбыз, аталарыбыз кандай ишке кантип кам көрүп, эмне кылыш керек экендигин даанышмандык менен ийне-жибине чейин билген жана ошону так-тыкандык менен аткарган. Илгери боюнда бар аялдар наристесин 9 ай көтөрүп, жарык дүйнөгө апкелгенге чейин, анын боюнда бар экенин үй-бүлө мүчөлөрүнөн башкалар билген эмес, байкабай калышкан. Анткени, алар биринчиден - көз тийгенден сактанышып, экинчи чети курсагын торсойтуп жүргөндөн улуу-кичүүдөн айбыгып, кенен көйнөк кийип, сыртынан кемсел, чыптама менен кымырынып жүрүшкөн. Азыр эмне кылып атышат? Атайын боюнда бар аялдарга шым, курсагын ачык көрсөткөн кийимдер чыкты. Албетте, бул заманбап көрүнүш, бирок ошондо дагы жаш келиндер курсакты жашырганга аракет кылып жүрсө пайдасы өзүнө болот. Эмне үчүн? Боюнда бар аялзаты өтө назик абалда болгондуктан бат көзүгүп калат. Аял кишиби, же эркектерби боюнда бар аялга кимдер суктанбайт? Көз тийген аялдын ичи бурап ооруп, эмнеден экенин өзү да аңдабай калат. Бул наристеге дагы өтүшүп кетиши ыктымал.
- Кош бойлуу аялга көз тийген соң андан кандай жол менен кутулуш керек?
- Көз - маңдай-тескей тиктешип отургандан эле тийип калбайт. Адам аба аркылуу деле көзүгө берет. Мисалы, бирөөнө оомат келип, иши ийгиликтүү болсо эл кеп кылат, суктанат, мына ошондо адам үйүндө отуруп көзүгүп калат. Кош бойлуу келин деле ошо сыяктуу - "баланчанын боюнда бар экен" деп сыртынан сук артып койсо, көз тийе берет. Боюнда бар экендигин жашыруунун дагы бир сыры ушунда.
- Дагы кандай ырым-жырымдарды жасашыбыз абзел?
- Илгертен бери апаларыбыз боюна бүткөндөн баштап чач кыркканга тыюу салган. Негизи эле чач - ырыскы деп айтылат. Ошондуктан боюнда бар кезде чач кыркса - ырыскысын кырккан менен барабар деген түшүнүктө болушкан. Андан сырткары кош бойлуу аял күүгүм киргенден баштап, эшикке жылаң баш чыкпайт. Бул учурда жин-шайтандар көбөйүп, ойноп аткан маал болот. Кокус аялдын башына тийип кетсе, аял элирме, жин оорусу менен ооруп калышы мүмкүн. Негизи эле аял киши турмушка чыккандан кийин уктаганда да ар дайым жоолук салынып жатышы керек. Жин-шайтан ийненин көзөнөгүндөй жерден да үйгө кирип кетет. Аялдардын ар кандай баш ооруга чалдыкканынын бир себеби - түнкүсүн жылаң баш жаткандан болот. Аялдар билип алуучу дагы бир маанилүү нерсе - аял киши дайыма күйөөсүнүн оң ыптасына жатып уктоо керек жана чачын жазып жатпашы зарыл. Чачын дайыма жазып жаткан аялдын күйөөсүнүн иши жакшы жүрүшпөй, же кырсыктарга кабылып калышы мүмкүн.
- Илгери аялдарды "кара басты" деп айтышкан. Бул илдетпи же, кандайдыр бир сыры барбы?
- "Кара басты" дегенди илдет деп койсок да болот. Эгерде аялдын илээшкени бар болсо - кара басышы мүмкүн. Илээшкен деген эмне? Адам үч нерседен илээшкени болот. Биринчи - кара дубадан ( тескери окулган дуба), экинчи - көз тийгенден, үчүнчү - каргыш. Каргыш ата бабасынан келаткан каргышпы, же ата- энесине айтылганбы, же өзүнөбү биз аны аныктап алып анан дарылайбыз. Аял ушундай илээшкендеринен тазаланып алышы керек. Кош бойлуу аялды албарсты көп басат. Албарсты адам же айбанат болуп көрүнүп, аягынан келет. Ушулар төрөттөгү кара басуунун белгилери болот. Албарстысы бар адамдын кийимин кийип же ордуна жатса албарсты ошол адамга ооп кетет. Булардын жакшысы да, жаманы да бар, аны бир Алла билет. Басырык баскан күндөн тартып аял ичинен келме келтирип, "жакшылыкка болсо экен" деп кудайдан тилек кылып жүрсө, жакшылыкка оойт. Эгер ага назар салбай, көңүл бурбай жүрүп алса төрөт учурунда да басып, кырсык алып келиши мүмкүн. Кара басуу - бул төрөп аткан аялды албарсты басканды айтат.
- Аял төрөгөндөн кийин өзүнө кандай мамиле кылган талапка ылайык?
- Аял киши аман-эсен төрөп алгандан кийин ооруга чалдыкпай жакшынакай тыңып алышы биринчи максат болот. Муну кайненеси, өз энеси айтып, акыл-кеңешин берип, туура багытка салыш керек, себеби жаштар көп нерсени билбейт. Алар "төрөп алган менен эле иш бүттү, боштондукка чыктым, эми жеңил-желпи жүрө берсе болот" деп ойлошот. Төрөгөн келин ал-күчүн калыбына келтирип, кеткен канын кайрыш үчүн сорпо ичип, эт жеш керек. Буга мал аттуунун баары эле боло бербейт, ургаачы малдын гана этин жегенге уруксат болот. Анан ачытылбаган кара жармага айран катыктап ичсе былкылдаган бели бат катып күчүнө келет. Үчүнчүдөн - колдон келсе колун сууга салып, кир жуубаш керек. Эгер жардам бере турган адамы болбосо анда айла жок, бирок муздак суу эмес, жалаң ысык суу пайдалансын. Төрөгөнүнө кырк күн болгончо элге тамак бергенге, конокко барганга болбойт, себеби, бул учурда төрөттөн кийинки каны токтой элек учур болот. Ошондуктан аялдын жасаган тамагы арам болот, башка үйгө да булганган нерсесин сүйрөй барганга илгери катуу тыюу салган. Каада-салтты жакшы карманган байбичелер бул ырымды бүгүнкү күнү да колдонуп келишет.
- Төрөттөн соң аял кишилердин көбү ашыкча салмак кошуп, толуп кетишет, бул эмне себептен? Муну дарыласа болобу?
- Келин бирде ысып, бирде муздап бирдей температура сактабагандыктан "жел кабыз" деп коёт, ошентип толуп кетишет. Муну албетте, дарыласа болот. Жел кабыздап кеткен келиндер бизге кайрылса болот. Биз аларды көрүп анан дарылайбыз.




Тыналиева Айша, врач акушер-гинеколог:
"Аялга моралдык-психологиялык жардам керек"
Аял төрөткө чейинки жана төрөттөн кийинки гигиенаны сакташ керек:
Оор көтөрбөй, өтө ысыкка, өтө суукка урунбай, ачууланбай тынч, жагымдуу, жайдары абалда жүрүүсү кажет. Бойдогу бала 6 айдан өткөндөн кийин жолдошу менен кошулганга, чуркаганга, секиргенге болбойт. Каттоого туруп консультацияга келген келиндерге атайын үй шартында жамбашына, ичине жасалуучу көнүгүүлөр берилет. Бул ыкма төрөт убагында, аял ыйынып атканда жакшы натыйжа берүүчү жардамдардын бири. Андан тышкары, баланы эмизгенде эмчек жарылып, ар кандай ооруларга кабылбаш үчүн биз алдын алуучу кеңештерди беребиз: эмчегинин үрпүн туздуу суу менен жууп, катуу сүлгү менен сүрүш керек. Кош бойлуу аял ваннага жатканга болбойт, себеби кандайдыр бир микроб кирип кетсе бала төрөлүп атканда төрөт жолдорунда калып калган баягы микроб баланын көзүнө түшүп калышы мүмкүн. Андан ымыркайдын көзү ириңдеп, ушул сыяктуу жагымсыз натыйжаларга алып келет. Кош бойлуу кезде келиндин кайненеси жардамга келиш керек, биздин менталитетибизге сиңип калган: "Ай, эмне Манас тууй тургансып жатасың? Мен деле туугам, жасабайсыңбы алдагы ишти" деп, бөйрөк таянып келинин демитет. Энесинин ачууланган, туталанган, кейиген абалын - ичиндеги наристеси өзүнө кабыл алат да, жыйынтыгында ымыркай ыйлаак, тынчы жок бала болот. Ал эми төрөттөн кийин үйгө чыгып келген келинди жакшынакай карап, тыңытып алыш -үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдети. Жаңы төрөгөн эне ургаачы малдын этин жеш керек, себеби ургаачы малдын эти жеңил жана сиңимдүү болот. Белин бекем таңып, ысык-суукка урунбай, бирдей температураны кармаш керек. Куурулган тамак, сүрсүгөн эт, консервалар, туздуу тамак-аштарды жегенге тыюу салынат. Жеген тамак-аштын баары кайнатылган, жаңы болушу абзел. Ымыркайын татынакай жуунтуп, таза кийинтип бакса эне өзүн да дал ошондой бапестеп караш керек. Денеси, кийген кийими таза болушу зарыл. Эмчек эмизээрдин алдында үрптү кайнак суу менен жууп турса бала жугуштуу оорулардан алыс болот. Эне төрөгөндөн кийин күйөөсү, кайненеси башка үй-бүлө мүчөлөрү моралдык-психологиялык жактан жөлөк болуусу эң маанилүү нерсе. Эне уйкусу канбай, ачка калбай, депрессияга түшпөшү керек. Бала уктай баштаганда эне өзү дагы жатып, эс алып алышы керек. Жарык дүйнөгө жаңы келген ымыркайдын дени сак чоңоюшун каалаган кайнене, күйөө - жаш төрөгөн аялга да жакшы жардамчы болушат жана жакшы камкордук көрөт.

А. Бакирова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??