п»ї

  Бий аянтында

Балеринаны байлаган балет
Балет тууралуу көп нерсени айтууга болот. "Миң уккандан, бир көргөн" дегендей, балетти өз көзүң менен көргөнгө не жетсин. Балетке, бийге, театрдын атмосферасына болгон сүйүүнү балдарды кичинесинен баштап тарбиялаш керек. Балерина бийлей турган башмак, сахна, көрүүчүлөр, талыкпаган эмгек биригип келип, мыкты, кооз бийге айланат. Анда, балет тууралуу маалыматтарга көз жүгүртүңүз.

Балет
Балет (француз тилинен которгондо - бийлейм дегенди билдирет) - музыка менен бий айкалышындагы сахналаштырылган искусство. Балетте бир сюжет камтылып, либретто жана драматургиялык бир ой болот. Балет бийинин негизги түрүнө кыялкечтик жана классикалык бий кирет. Бул жерде пантомима башкы ролду ойнойт. Актёрлор пантомиманын жардамы менен баатырлардын сезимин, сүйлөшүүлөрүн жана болуп жаткан окуяны чагылдырып беришет. Азыркы заманбап балетте гимнастиканын жана акробатиканын элементтери көп колдонулуп жүрөт. Балет ар бир адамдан эркти, ийилчээктикти, күчтүү техниканы талап кылат.

Балеттин жаралуу тарыхы
Балет мындан 500 жыл илгери Италияда пайда болгон. Илгерки балет менен бүгүнкү күндөгү балеттин айырмасы: ал кезде балетти ак сөөк адамдар өздөрүнүн черин жазыш үчүн жана конокторго мактаныш үчүн да хан ордолорунда музыка коюп, драма, бий көрүп, поэзия угууну салтка айлантышкан. 1581-жылы королева Екатерина Медич үйлөнүү-үлпөтүнө карата чоң той өткөрөт. Ал тойго жүздөгөн бийчилер, ырчылар катышкан. Тойдогу концертти Италиялык музыкант Божуоль башкарган. Бул ишин Божуоль "Ак сөөктөрдүн комедиялык балети" деп атаган. Балет тобунда бийлеген айымды прима-балерина деп аташат. Биринчи прима-балерина Лафонтен айым болгон. Ал биринчи жолу 1681-жылы бийлеп чыккан.

Алгачкы балетти эркектер гана бийлешкен
1661-жылы биринчи жолу профессионалдуу балет тобу түзүлгөн. Алгачкы балетти эркектер гана бийлешкен. 1681-жылы гана аялдар өздөрүнүн ролун профессионалдуу деңгээлде аткара баштаган. Ал "Сүйүү Триумфу" деп аталган.
Кийинчерээк балет өнүгө баштаган. Күндөн-күнгө жаңы кыймылдар кошулуп, балериналар бет кап кийип, жасалма чачынын үстүнөн дагы чоң баш кийим кийип, эң оор башмактар менен бийлешкен.

Жаңы форма
Бийде аялдар узун көйнөктөрдү кийген болсо, эркектер тизеден келген "тоннелет" кийишкен. Бирок, ар бир нерсенин аягы болгондой эле, узун көйнөктүн да бүтөөр күнү келип, француз балеринасы Мэри Камарго узун көйнөктү кыскартып, секирүүсү көрүүчүлөргө так жана даана көрүнүш үчүн шиш таканы чечип, такасы жок бут кийимге өткөн.

Жаңы кыймылдар…
Балетмейстерлер кандайдыр бир убакыт аралыгында балетке ар кандай кыймылдарды кошуп турушкан. Мисалы, Жон Вивер аттуу Лондондогу балетмейстер балериналардын ырдап жаткан ырын, айта турган сөзүн бий жана пантомима аркылуу жеткирген. Ал эми Веналык Франц Хилвердинг жана анын окуучусу Гаспаро Анжолини драмаларды, пьесаларды жаңсоолор менен түшүндүрүүнү киргизишкен.

Балет боюнча кеңеш:
- Балаңызды балетке берээрден мурун, балеттин курмандыктарды, убакытты, көп машыгууну талап кылаарын туура түшүндүрүңүз.
- Балетке берээрден мурун, аны гимнастикага берсеңиз, ийилчээк болуп, балеттин көнүгүүлөрүн оңой аткарып кете алат.

Балерина башмагы (Пуанттар)
Балеттеги бирден-бир маанилүү ролду ойногон нерсе бул - башмак. Башмак адатта териден жасалып, бармак жагы катуу болот. Балеринанын башмагы кожойкесине бир ай гана кызмат кылбастан, көп убакытка чыдай алат. Аны жууп, кайра кийе берсе да болот.
Балериналарга
диетанын кереги жок, анткени…
- Өзүнүн дене мүчөлөрү менен бир күндө бир нече саат иштешет;
- Аз-аздан бирок 4-5 маал тамактанышат;
- Азык-түлүктөрдү, таттууну жана камыр тамактарды ылгабай жешет;
- Күнүгө ар кандай тамактарды жешет;
- Күч-кубат топтоо үчүн жешет. Абдан ачка да болушпайт, өтө тоюп да алышпайт;
- Суусундуктан көбүрөөк ичишет (күнүнө 3-4 литр шире);
- Кышында эт, балыктан көбүрөөк жесе, жайында жашылча-жемишке басым жасашат. окуя

Башмагы ыргып кеткен балерина
Анда жаш кезим болчу. Көзүмдү жуумп алып бийлегенде өзүмдү көлдөгү ак куулардай сезчүмүн. Бир жолу бизди Хореографиялык мектептен, Петербургда боло турган фестивалга жөнөтүштү. Жаш балериналар менен балерун жигиттер самолётто чогуу кеттик. Ал жакта башка мамлекеттерден барган көп таланттар менен таанышып, бир хореографиялык залда чогуу бийлеп калдык. Фестиваль башталган күнү Петербургдун Опера Балет театрынын чоң сахнасында "Щелкунчикке" бийлемей болдук. Башын жакшы эле көзүмдү жуумп алып баштагам, ортосуна келгенде эле башмагымдын боосу чечилип кетип, мен секирген учурда бутуман башмагым ыргып кетсе болобу. Көрүүчүлөрдүн бары уу-дуу болуп эле залды жаңырта күлүп калышты. Ошондо да өзүмдүн уялганымды билгизбей, бий бүткүчө башмагы жок бийлегем.

Төлөбүбү Касымалиева




Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык Опера жана Балет театрынын башкы балетмейтери Акан Аманбекович Нуртазинден кыргыз балети тууралуу маек курдук.
Акан Нуртазин, балетмейстер:
"Жашы улгайган балериналар жумуштан кетпей жатышат"
- Акан байке, театрда иштеп жатканыңызга канча убакыт болуп калды?
- Бул жерде иштегениме 30 жылча болуп калды окшойт.
- Кыргыз балетинин бүгүнкү абалы кандай?
- Азыркы учурда балеттин абалы абдан оор. Айрыкча "апрель" жана "Ош" окуялары абалдын оорлошуна абдан чоң таасирин тийгизди. Иш орундары бат-баттан алмашып, кайдагы эле бирөөлөр жакшы орундарга отуруп алышты. Биздин мурдагы директорубузду жумуштан алып, анын ордуна кайдагы эле бирөөнү коюп койгон эле, иштин баары тескерисинен кеткен соң, кайра директорду өз ордуна коюшту. Директор деген мыкты менеджер да боло билиши керек. Башка өлкөлөр менен тыгыз байланышта болуп, алардан артисттерди алып келип, бул жактан биздин жаштарды жиберип турушу керек эле. Болотбек Осмонов ошондой директор болгон. Анын башка мамлекеттерде байланыштары бар болчу. Былтыр акыркы 25 жылдын арасында Кыргызстандын Опера жана Балет театры биринчи жолу Казакстанга, Анкарага, Бакуга гастролго барып келдик. Ал жактын президенттери ыраазычылык каттарын көтөрүп алып келишти. Бакуда болсо, биздин спектакль бүткөндөн кийин көрүүчүлөр бизге таазим кылышты.
- Учурда Опера жана Балет театрында канча убакытта бирден опера жана балет өткөрүлүп турат?
- Ар бир ишемби жана жекшемби күндөрү спектаклдер өткөрүлүп турат. Мисалы, бул ишемби күнү опера өткөрүлгөн болсо, жекшемби күнү балет өткөрүлөт. Эмки жумада тескерисинче, ишемби күнү балет, жекшемби күнү опера өткөрүлөт.
- Көрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгүн кимдер түзөт?
- Азыр операнын да, балеттин да көрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү жаштар болуп калды. Албетте, бул кубандыраарлык нерсе. Чет элдиктер, Кореянын элчилигинен, Япон элчилигинен ж.б. улуттардын өкүлдөрү да көп келишет.
- Жаш балдарды тарбиялап жатасыздарбы?
- Биз даярдап эле жатабыз. Бирок, айлык акынын айынан эле башка жактарга кетип калып жатышпайбы. Биз эки таланттуу баланы тарбиялап жаткан элек, мына бирөөсү Россиянын кичитеатрына кетип калып, азыр алар менен чогуу гастролдордо жүрөт. Кайра бул жакка келип, биз берген айлыкка иштебейт болуш керек деген да ойлор болуп жатат. Аларды кармап калалы десек, сахна чеберлери болгон балериналар жашы улгайып калса да жумуштан кетпей жатышат. А биз аларды иштен кетирүүгө укугубуз жок. Мурун да кичине жакшыраак болчу. 20 жыл иштегенден кийин автоматтык түрдө арызын жазып, жумуштан өздөрү кетишчү. Азыр болсо ал мыйзамды да алып салышып, ушундай абалга келип жатабыз. Жашы өтүп калган, фигура деген жок, араң секирген балериналар сахнага чыгып алышат. Алардын айынан көрүүчүлөрдөн "Ушул кемпирди кантип бийлетип жатасыңар? Тиги эженин колунун, бутунун бырыштарын карасаңыз?" - деген сын пикирлер түшөт. Жашы улгайып калгандар кетпеген үчүн, таланттуу жаштарды алдыга сүйрөй албай жатам.
- Сиздин оюңузча кыргыздын балетин өнүктүрүү үчүн кандай иштерди кылыш керек?
- Эң башкысы артисттердин айлыгын эң эле аз дегенде 100 пайызга көтөрүш керек. Ошондо гана жаш таланттарды кармап кала алабыз. Айлыктын аздыгынан, жакшы-жакшы таланттарыбызды тарттырып жиберип жатабыз. Ал эми театрдын абалын айта турган болсом, театрды да толук ремонттон өткөрө элек. Жаңы Өкмөттүн кандай иш алып бараарын көрөбүз го эми…
- Жаңы чыгып келе жаткан балдардан Бүбүсара Бейшеналиева, Айсулуу Токомбаева эжелердин деңгээлинде бийлеген бычакка сап таланттар барбы?
- Келечектен көптү үмүт кылган жаш кыздар бар, бирок, ал эжелердин деңгээлине жетпейт. Көптөгөн жакшы-жакшы балериналарыбыз бар эле, кайра куруу жылдарында айлыктын айынан көбү Казакстанга, Россияга кетип калышты. Жигиттерибизден Талант Осмонов, Надырбек уулу Канат, экинчи курста окуп жаткан кыздардан Айдай, Индира, Зарина деген кыздардан үмүтүбүз чоң. Мадина Миңжылкыеванын дагы техникасы абдан жакшы.
- Акаевдин учурунда Айзада Тумакова "Эл артисти" наамын албады беле. Акаев кеткенден кийин эле аны куугунтуктап салышканын уккан элек. Азыр Айзада эжени театрга кайра алып келсек болобу?
- Бул жерде таптакыр башка маселе болгон. Айзада Москвадан окуп келсе дагы, буттары ийри, секиргенди билбеген кыз болчу. Көрсө, анын үстүндө "крышасы" бар экен. Азыр Эмиль Акматов деген бала менен Душанбеде жүрөт деп кулак кагыш кылдым. Эмил да, Айзада да чыр-чатакты сүйгөн адамдар болчу. Ошол жылдары бийчилер да алар менен бийлегенден баш тартып калышкандыктан, аларды жумуштан алып салууга туура келген.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??