Атактуулар ааламы

Энесинин
эркек уулдары
30-35 жашка чыкса деле энесинин этегине эрмешип, эрке бойдон калган мырзалар көп. Психологдор эненин карамагындагы мындай мырзаларды өз алдынча иш кылууда кыйынчылыкка учурап, материалдык жана моралдык жардамга муктаж болушат деп айтып келишет. Бирок, антейин десең төмөндөгү эрке мырзалар (маминкин сыночек) коомчулукта өз ордун таап эле атактуу аталып келишет. Балким, бул нерсеге да энелердин эмгеги зордур.

Азиз Жетигенов
Ак жүздүү ырчы жигит Азиз Жетигенов дагы апасына абдан жакын. Дегеним, кандай иш болбосун апасы менен кеңешип кылат. Сахнага апасынын коштоосу менен чыгып ырдаганды жакшы көрөт. Репертуарындагы ырларынын көпчүлүгү апасына жана айымдарга арналган. Бул да болсо апаларга таазим кылганынан кабар берет. Апасына жакын болуп калгандыктанбы айтор, мүнөзү да абдан жумшак. Кыздарды сөкпөйт, аялдарга каяша айтпайт. Анткендин ордуна биринчи алардын ордуна апасын коюп көрөт.


Жастин Тимберлейк
Кыздардын көзүн күйгүзгөн ырчы Жастин Тимберлейк дүйнөдөгү бир дагы айымды апасына салыштырбайт. Салыштырганда деле апасы алардан алда канча бийик тураары анык. Аны даңазалап Тимберлейк колуна татуировка тарттырып апасынын инициалдарын жаздырып алган. Анын алдында "guardian" деген сөзү дагы бар, бизче которгондо "колдоочу", "сактоочу" дегенди түшүндүрөт. Жастинге апасы Линн Харлес балачагынан тартып, карьерасынын түптөлүшүнө чоң салым кошуп, дайыма жөлөк -таяк болуп, жадакалса жеке жашоосун да көзөмөлдөп турат. Буга уулу эч каршылык көрсөтпөйт, тескерисинче жаккан кыздарын биринчи апасына тааныштырып көрөт. Андыктан Жастиндин жубайы болууну каалаган айымдар алгач апасына жагууну аракет кылышат.


Мэттью МакКонэхи
Келишимдүү дене- түзүлүшү менен актерлордун арасында "красавчик" атка конгон Мэттью МакКонэхи ички дүйнөсүндө "үй баласы" экенин баары биле бербесе керек. Жергиликтүү журналдардын биринде журналисттер Мэтью деңиз жээгине апасы менен бараары туурасында маалыматты таңкалуу менен жазышкан. Күйөрмандарын таң калтырып, жада калса "Кызыл килемге" дагы апасы менен келген. Актер апасына абдан жакын, "тил алчаак" бала экенин баса белгилеп, "Эмне үчүн апаңыз дайыма жаныңызда" деген журналисттердин суроосуна "Мен айымдарга жакын эркекмин. Ал эми аларды жакшы билүү үчүн биринчиден апаман сабак алышым керек" - деп жооп берет


Владимир Винокур
62 жаштагы куудул Владимир Винокур жашоосун апасы жок элестете албайт. Апасына күнүнө жок дегенде жети жолу, т.а ар бир 2-3 саат сайын телефон чалып, сүйлөшүп турат. "Австралияда болгон үч күндүк концертке барганыбызда эч ким жакындары менен сүйлөшкөн жок, анткени мүнөтүнө 100 руб болгондуктан кымбат эле. Ал эми Винокурдун жаны жерге тийбей, концерт бүтөөр замат апасы менен сүйлөшүп атты. Биз анын акчасын аяп, апаңа "меники "роулинг" деп эскертип койбойсуңбу" деп айтсак деле көңүл бөлбөйт. Ошондо биз апасына абдан жакын экенин билгенбиз" - дейт сахналаш достору. Винокур апасын дайыма атынан айтып "Анечка" деп эркелетет. Алардын мамилеси абдан жылуу жана жакын болгондуктан, кокус апасынын көзү өтсө ал кандай абалда калат- деп жакын адамдары эмитен кабатыр болушат.


Азат Болотбек
Тармал чачтуу ырчы жигит Азат Болотбек чоң окуу жайын бүтүрүп, толук кандуу адис болуп олтурган чагы. Азаттын курбалдаш достору бала- чакалуу болуп үй-бүлө күтүп олтурса, Азат дале апасы Лариса айымдын жанынан чыкпайт. Апасынын айдоочусу дагы, кайсы жерди айтпасын, "кың" дебей жеткирет. Кыскасы, колуна кол, бутуна бут. Апасынын ак-көңүл экенин жакшы билет, анткени качан апасынан акча сурабасын "жок" дебей берет. Алган акчасын актап, кээде андан эки эсе көп акчаны апасынын колуна карматып сүйүнтөт. "Кайсы күнү үйлөнөм десем да апам каршы эмес. Үйлөнүү-бул чоң жоопкерчилик, ошондуктан терең ойлонуп анан бул кадамга барыш керек. А негизи апама кайсы келин туш болсо да жыргады" дейт Азат.


Леонардо Ди Каприо
Актерлук чеберчилиги менен кино жылдыздарына үлгү болгон Леонардо Ди Каприо "эрке бала" экенине эч ким ишенбейт чыгаар. Лео кайда барбасын апасын дайыма жанына ала жүрөт. Ал эмес актерлор уюштурган кечелерге башкалар жубайы же жакын дос кыздары менен барса Лео апасын ээрчитип барат. Ал эми башка мамлекеттерге жумуштары менен аттанууда сөзсүз түрдө апасынын сүрөтүн сумкасына салып алат. Досторунун "апасынын баласы" деп айткан сөздөрүнө капа болбойт, тескерисинче сыймыктанат. Апасынын айткан сөзүн эки кылбай аткарат. "Апам мага бардык жактан жардам берип турчу досум"-дейт.


Евгений Миронов
Россиянын белгилүү актеру Евгений Миронов апасын "директор" деп атайт. Ал эми апасы Татьяна Петровна баласына дагы да болсо жардам керек экенин жакшы билет. Мындай сөзгө Евгений толугу менен кошулат да "Менин аткарган иштеримди апам көзөмөлдөп туруусун каалайм, анткени ал театр тармагындагы тажрыйбалуу адам" - деп эсептейт. Ал аткара турган ролдун баардыгы апасынын кол алдынан өтөт. "Бардык иштерди мен обьективдүү талкуулап, анан кеңешимди берем"-деп айтат апасы да.


Николай Басков
"Россиянын алтын үнү" аталган 34 жаштагы Николай Басков апасы Елена Николаевнаны "өзгөчө персона" катары эсептейт. Анткени апасы ага сахнага чыгып, көп ийгиликтерге жетишүүгө жол түзүп берген адамы. Убагында Басковдун ата-теги аскер кызматкерлери болгондуктан, Николайды дагы аскер окуусуна жиберүүнү каалашкан. Бирок, апасы уулунун ырга шыгы бар, таланттуу бала экенин билип, армияга жибербей, музыкалык окуу жайына тапшыруусуна түрткү болгон. Апасы ата-тегинин жолун бузуп, армиядан алып калганына эч өкүнбөйт. Тескерисинче ар бир концерт сайын баласына жардам берип, чогуу интервью берип, кайда барбасын Николайдын жанында. Уулуна түрлөп даамдуу тамак жасап бергенди жакшы көрөт. Ошондой эле анын акчасынын эсебин чыгарууга дагы жетишет.