п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Обон почта

ОП-127-01. Окшоштуруп айтат да, жөн эле дөөдүрөй бербей. 07790501хх.
ОП-127-02. Ырчы Айнура Салахидинова, "сүйлөшкөн жигитимдин үй- бүлөсү бар экенин билбей 2 жыл сүйлөшүп жүрүптүрмүн" депсиң. Ырчылар билип туруп ошол үй-бүлөнү бузуш үчүн сүйлөшөсүңөр, анан гезиттерге актанып чыгасыңар. 05573235хх.
ОП-127-03. Сумаяга, Махабатка чоң салам. Айжан.
ОП-127-04. Ильяз Абдыразаков накта таланттуу инсан! Алга! Азаматова Мээрим
ОП-127-05. Миң-Куштагы А. Ибраимовдун окуучулары 96ларга чоң салам. 0 7787190хх.
ОП-127-06. Азамат алтышкам, мен сени сүйөм. Сени эч кимге бергим келбейт. Сен мен үчүн гана жаралгандайсың. Мен сенин эртерээк чыгышыңды күтөм. Аселя.
ОП-127-07. 20-22 жаштагы кыздар менен таанышам. Атым Мурат. 0777118751.
ОП-127- 08 . ОП-124-117абонентиндеги Айгүл, ошончо контрагың көп беле? Байланышчы. 0555877037.
ОП-127-09. Саламым жеңелерим Жийде, Кадича, Нургүл, Кызайымга жолдонот. Жаркынай.
ОП-127-10. Мирбек, Бактыгүл, Мирбек сиздерге чыгармачылык ийгилик! Каныкей.
ОП-127-11. Мен сүйүктүү сиңдимди туулган күнү менен куттуктайм! 07734939хх.
ОП-127-12. Рахмат, Эля 92! Жалал-Абад тынч, эч ойлонбо, Кудай сактасын! Бир деме болсо сага кабарлайм. Акуля.
ОП-127-13. Акимов Авазга: Сиз менен баарлашкым келет, Сизди жакшы көрөөрүмдү айткым келет. Ак куулардай алыстарга бирге учсак, Кудайыма миң мертебе ыраазычылык айткым келет! Ай.
ОП-127-14 . Мага арабча бийди үйрөтүүчү адам керек. 0700850557.
ОП-127-15. Ысык-Көл областынын Тоң районунун Барбулак айылынын 90-жылкы балдарына менден ысык салам! Классташыңар Алтынбек, Боха, Адис, Кочуке.
ОП-127-16. Назира Айтбековага: Дайым шайыр жүрөсүз, Сөзгө чечен адамсыз. Тилиңизден тамат дайым бал, Күлөсүз сиз, дайым шаңдуу жүрөсүз! Айзирек 95.
ОП-127-17. Классташ курбуларыма арналат: Баарыңар бирдей жакшысың, Дайым бир-бириңерге жардамдашасыңар, Калтырбайсыңар көңүлүн эч кимдин. Айзирек 95.
ОП-127-18. Айкөкүлгө: " Сулуулардын сулуусу, сулуусуң сен баарынан, Дайым күлүп жүрөсүң, күлгөнүң жарашат өзүңө. Айзирек 95.
ОП-127-19. Назик кызсың сен досум, Окшойсуң сен актрисага, жүрөсүң сен кайсыл жакта дарегиңди билгизбей, бизге досум, Нургүл. Айзирек 95.
ОП-127-20. Корея мага абдан жакты. Нука.
ОП-127-21. Айланайын мырзалар, чындыкка тик карап, жүрөктөгү ишенимди жоготпогула! Ошондо гана өз максаттарыңарга, сүйгөнүңөргө жетесиңер. Ош, Кара-Суу Айгүл.
ОП-127-22. Кыргызым, биз Манас бабабыздын урпактарынанбыз го! Манас бабабыз кыргыздын башын бириктирген, а биз кайра чачылып жатабыз. Бул эмне кылганыбыз? Ойлон кыргыз элим! Күйүккөн кыз.
ОП-127-23. Жери менен, талаасы кенен, Күн абдан ысык, ал шайыр десем. 07788610хх.
ОП-127-24. Акаевди кетиргенбиз, Бакиевди да кетирдик. Эми кезек Отунбаевага келдиби? Же аны аял деп аяп коёбузбу? Ушинтип келген президенти кетире берсек, кыргыз качан оңолот? 07786226хх.
ОП-127-25. Мен достукка бекем жана туруктуу кыргызымдын улан-кыздары менен достошкум келет. 0778861008.
ОП-127-26. "Министрдин кызынын махабаты", "Кайып булак" кинолорун тарткан режиссерлор, тартылган актерлор мындан кийин киного жолобой эле койгулачы, искусствону булгабай. Канат Таластан.
ОП-127-27. Гүлдөй назик кыздар ай, үндөй назик кыздар ай. Назиктигин билбеген балдарыбыз кандай? Сайрагүл.
ОП-127-28. Кыргызымдын ырчы айым, мырзаларына чоң салам! Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайм. Ден соолукта болгула! 07786226хх.
ОП-127-29. Салам Назира эже! Сизди көрсө эле апамдар "ана эжең чыкты кызым"- дей беришет. Себеби, мен да сизге окшоп күлөт экенмин. Назира эже, дайым күлүп-жайнап, жадырап жүрө бериңиз! Гүлкыз.
ОП-127-30. "Кыз-Бурактын" ырчы кыздарына чоң салам! Дайым күйөрмандарыңардын купулуна толо турган ырларды ырдай бергиле! Күйөрманыңар.
ОП-127-31. М.Иманбеков, курсуңду евро кылбасаң. Концерттериңде күйөрмандарың менен сүрөткө түшүп кое берсең. Эмне концертиңди акча үчүн коесуңбу? Күйөрмандарыңдан айрылып, тыйын болуп калба. 07786226хх.
ОП-127-32. М.Иманбеков, аялың бар экенин жашырбай эле койсоң болмок. Күйөрмандарыңды азайтып албасаң эле болду. Күйөрманың.
ОП-127-33. Оштук, ыймандуу намаз окуган кыздар менен таанышам, смс аркылуу.0772798414 .
ОП-127-34 . Караш Насер менен Кыргыз кызын колдойм, бар болуңуздар! Айзатка.
ОП-127-35. Таластын татынакай кыздары менен таанышам. 17-20 жашка чейинки кыздар чалгыла. Жаркынбек 07728465998.
ОП-127-36. Анарага: Жүрөсүң сен балдарча, Күлгөн жерде күлөсүң. Сүйлөгөн жерде сүйлөйсүң, Дайым шайыр жүрөсүң досум. Досуң, Айзирек 95.
ОП-127-37. Альбинага: Сүйлөйсүң сөздүн негизин, Басасың жолдун тегизин. Кийинесиң өзүңө жарашыктуу, Кыласың бирдей мамиле баарына досум. 07786226хх.
ОП-127-38. Корея мага абдан жакты. Нука.
ОП-127-39. Эмгек-Талаа айылынын 90-жылкы калкамандарына ысык салам! Жайна.
ОП-127-40. Саламым Байгазак айылында жашап жаткан ата-энеме чоң салам! 0777691689.
ОП-127-41. Салам "Обонушканын" смсчилери! Мен Бакиев дегенде кан соргуч вампирди элестете турган болдум. Казакстанда, Россияда иштеген жердештериме жана сулуу кыздарына ден соолук! Жүрөгүңөр кыргыз деп согушун каалайт элем. Таластык жигит.
ОП-127-42. М.Иманбеков, жаным, жаралдыңбы жалгыз гана мен үчүн? Мен сени чексиз сүйөм! 07770294хх.
ОП-127-43 . Дима кайдасың? Мен сени менен сүйлөшкөн күндү сагындым. Айжамал.
ОП-127-44. Саламатсызбы Кундуз эже! Менин атым Турат, сизди жакындан көргүм келет, жолуксак болобу? Же дарегиңизди бербейсизби? 0778833302.
ОП-127-45. Оо кагылайын Омар, "уйгак"- деп Розаны айтпай, табигатынан сырдуу Алтынайды айтсаң, мен да кошулмакмын. Бирок, сен туура эмес айттың, кыргыз элим тээ байыртадан эле ат арытып, кылым карытып, "Кыздын кырк чачы улуу" деп, сыйлап келишкен. Бирок, сен уйгак болсо дагы бул кыргызымдын кызы, карындашы деп сыйлап койбодуң. Негизи, урматтуу балдар, эгер мен кыргыздын баласымын деп намыстуу болсоңор, кыздардын кырк чачын сыйлабасаңар да, назиктигин сыйлап, урматтап койгулачы сураныч! Аси.
ОП-127-46. Мага Ильяз Абдыразаковдун сүрөтү да, кол жазмасынын да кереги жок. Болгону ушул сөздөрүмдү окуп койсо, мен үчүн мындан өткөн бакыт болбос эле. Сакиш.
ОП-127-47. Менин бир гана сырдашым бар, ал "Обон" газетасы. 07787005хх
ОП-127-48. Оштук кыздар менен таанышам!0558080093 .
ОП-127-49. Ислам тезирээк келчи! 05578397хх.
ОП-127-50. Сыздап келем, ыйлап келем тагдыр экен, Сени сүйүп, сени күтүп жашап келем. Айла канча сыздасам да, ыйласам да, Эмне кылам, айла жок жашап келем. Айгүл.
ОП-127-51 . Менин атым Гүлмайрам. Кыздар жана балдар менен дос болуу максатында таанышам. 0779065688.
ОП-127-52. Менин саламым "Обон" газетасынын супер смсчилерине! Айпери.
ОП-127-53. Неля жана Урмат, Кыргызстанды аралап концерт бересиңерби? 07783874хх.
ОП-127-54. Өзгөн районунун Ийри-Суу айылында турган Замка аке, бактылуу болуңуз! Мен сизден көп жакшы нерселерди үйрөндүм. Сиз ушунчалык жакшы адамсыз. Сизди сыйлаган адам, Гүл.
ОП-127-55. Мирбек Атабеков, сен эмнеге өзүңдүн үнүң менен ырдабайсың? Фонограмма менен жылдыз болуп жүрөсүң. 07783874хх.
ОП-127-56. Расул кызы Айгерим, качан жеке концертиңди бересиң? 07783874хх.
ОП-127-57. Келбеттүү, асылкеч кыздар менен достошкум келет. 0777532199.
ОП-127-58. Урматтуу Назира эже! Мен сизди чексиз жакшы көрөм. Сизди бир көрүп алсам болобу? Айка.
ОП-127-59. Назира эже, эмне төрөдүңүз? Кызбы же эркекпи? Арзымат.
ОП-127-60. Апам Айсалкынды келе жаткан туулган күнү менен куттуктайбыз! Кыздары.
ОП-127-61. " Обон" гезитинин жалпы жамаатына ысык салам! 07727598хх.
ОП-127-62. Баткен областынын Лейлек районунун Кулунду айылынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин окуучулары, каникулду жакшы өткөргүлө! 0775321хх.
ОП-127-63. Сулка, 27-июль туулган күнүң менен! 07775321хх.
ОП-127-64. И.Абдыразаков, сиздин көздөрүңүз аябай жагат. Эмнеге дайыма муңдуу жүрөсүң? 07727598хх.
ОП-127-65. Бакиев эң жакшы президент болчу! 07778043хх.
ОП-127-66. Менин сүйүктүү ата-энеме жана биртуугандарыма ысык салам! Умка.
ОП-127-67. Мен уулдуу болдум, атын ким койсом, Отунбай, Атанбай, Бекназар, Сары, Тургунаалы, Исак, Шернияз, Мырзакмат деги ким десем жардам бере алат? Үйүм жок. Оштон Байтемир.
ОП-127-68. Салам Чыңгыз Мырзаев! Өзүң айткандай үчүнчү сөз айткан кызың мен болуп жүрбөйүн. Күйөрманың.
ОП-127-69. Ильяз Абдыразаковго салам жолдойм! Мен сизди сыйлайм. Алматыдан Айжамал 93.
ОП-127-70. Атам Кутман, апам Базаркүлгө салам жолдойм! Отуз жыл бирге өмүр сүрүп, бизди ушул даражага жеткирген алтындарым, ар дайым уул-кыздардын урматын көрүп, мындан ары да бактылуу өмүр сүргүлө! Ар дайым биздин бактыбызга бар болгула, оорубагыла, силер менин таянар тоом, сыймыгымсыңар!
ОП-127-71. Зуля мен сени сүйөм, мен сүй дей албайм. Жаныңдамын бирок, жүрөгүңдө боло албайм. Даниэль.
ОП-127-72. Аксы, сен туура айтасың. Ар бир жазган смсиңе толугу менен кошулам. Нелина 07.
ОП-127-73. Таластык жигит, азыркы бийликке колдоонун кереги жок. Анткени, аларга акча гана керек! Нелина07.
ОП-127-74. Булбулдай үнү менен сайраган Назира эже! Сизге эң биринчиден бекем ден соолук, бакубат жашоо, узун өмүр каалаймын! Ар дайым бактылуулуктун даамын тата бериңиз! Жылдыз.
ОП-127-75. Менин чоң сырым бар, колдон келсе бөлүшөбүз. Назар.
ОП-127-76. Дайыр Исмадияровдун номерин эле бергилечи, сураныч! Оштон күйөрманың.
ОП-127-77. Кыргызымдын жигиттери, силер суперсиңер! Дайым алга умтулгула, мен силер менен. Жалал-Абаддан эрке кыз.
ОП-127-78. Намаз окуган кыздар менен таанышам! Чалгыла, күтөм. 0551200917.
ОП-127-79. Жаным Мираиданы 31-июль туулган күнү менен куттуктайм! Алтыным, мен сени түбөлүк сүйөм! Таянычым, качан келесиң? Аябай сагындым! Тынчтык.
ОП-127-80. Төлөн Исмаилов мектебинде окуган 93-жылкыларга чоң салам! 11"Б" класс супер! Айжан, Гүлипа, Айчүрөк, Жумагүл, Адош, Кулпун номериңер мага керек. Эрнестке чалсам өчүк экен, кабарлашкыла. Ушул менин номерим +77774745370. "Обонду" окуп калсаңар смс жазгыла! Оля.
ОП-127-81. Дурус, мен сени сүйөм! Тагдыр неге мындай, мурда мен сени сүйчү эмесмин, эми сени сагынып, күнүм өтүп жатат. Сүйүүнүн кадыры алыстаганда байкалат турбайбы, бу да Алла Тааланын бизге берген сынагы болушу мүмкүн. Балким, сен мени сүйбөйсүң... билбейм. Бирге өткөргөн күндөрдү эстеп, жыргап алам, бирок сен жанымда жоксуң да... 07747453хх.
ОП-127-82. Бактыбек, мен сени азыр деле чексиз сүйөм! Баарын жаңыдан баштоого дагы да болсо кеч эмес. Ойлончу жаным, ортодогу түшүнбөстүктөрдү бирге чечели. Айка.
ОП-127-83. Бактыбек жаным, мени кечирчи? Мен сени чексиз сүйөөрүмдү кеч түшүндүм. Кеч боло электе ойлончу жаным, бирге жүргөн күндөрдү эстейли! Сагындым сени Айка.
ОП-127-84. Өзгөндөгү досторум Бүбүнур, Жаңылайга ысык салам! Ыкыбал.
ОП-127-85. 23 жаштан 30 жашка чейинки бою узун, ыймандуу, жөнөкөй оштук жигиттер менен таанышам.Келгиле жигиттер достошобуз! Мадина.
ОП-127-86. Сиңдим Назира, ушул калыбыңдан калбай, көлдүктөрдүн атын чыгарып жүрө бер. Айнаш.
ОП-127-87. Бою узун, 93-жылкы татынакай балдар менен таанышам, маякка жооп жок. Каныкей 93.
ОП-127-88. Билинбестен келди сыноо башыма, Жоготподум сабырымды алдастап. Жардамына муктаж болдум жакындын, Бара албадым жардам бер деп калдастап. Каректеги капалыгымды жашырып, өзгөлөрдө турдум өзүмдү калкалап. Жүздү көрсө ак таят деп айтышчу, көрө албастар көзүмдү карап жалтанат. Жүзүм жайнап, күлгөндү да үйрөндүм, тагдырымдын белеги деп сынакты. Жеңиш менен жемиш берет күтүүсүз, өчүрбөйүн көөдөндөгү чыракты." Жульетта.
ОП-127-89. Алтындан ардактуу атам Пайшамбиев Рустам, кымбатым апам Рахманова Сонунбүбү, биринен- бири ширин инилерим Мадумар жана Адилет, багыма баардыгыңар аман болгула! Силер менин түгөнбөс байлыгым, таянычым, кубанычымсыңар! Жульетта.
ОП-127-90. Күйөөгө тийсем апам жалгыз калат, эгерде менин тагдырыма кайдыгер карабаган байкелер болсо чалыңыздар, мен силерди ата кылып алууга даярмын! Калымжан.
ОП-127-91. Теңирим бир күн берет деп, мен эңсеген арзууларым күттүрбөстөн келет деп. Таттуу кыял кайрыктары көңүлүмдү чабыттап, Көз алдымдан кетпей койду көз карашың элестеп. Жульетта.
ОП-127-92. Бактыгүл Бадыева, сиз баарынан назик, сулуу, боорукер жана таланттуусуз! Мен сизди сыйлайм. Мира.
ОП-127-93. Ош, Жалал-Абад, Баткен элдери борборду көчүрүп алып, эмне кыласыңар? 07775400хх.
ОП-127-94. Салам Кыргыз калкым! Эне аман, жер аман, эл аман. Бар бололу, бай бололу, адам бололу! Тынчтыкта, ынтымакта жашайлы! Эма-Гузел.
ОП-127-95. Токтогул районунун, Белалды айылындагы Мукаш атындагы орто мектебинин 8-классынын окуучуларына сагынычтуу салам! Классташыңар.
ОП-127-96. Сүйүүмдү издеп, таппай келем. Санжар.
ОП-127-97. Даниэль, мен бир гана сени сүйөм! Фатима.
ОП-127-98. Саламатсызбы Назира эже! Жолдошуңуз менен кантип, кайсыл жерден таанышкансыз? Декретиңиз качан бүтөт? Кайра "Браво" телеберүүсүнө качан келесиз? 07726784хх.
ОП-127-99. Тынаева Асылга чоң салам! Урмат.
ОП-127-100. Кыргыз журтум! Биз 2005-жылы президент шайлабай эле, киллер шайлаптырбыз. Бакиевди жактагандар уялсаңар боло. Баардыгы ачыктан ачык эле көрүнүп турат го. Апрель окуясына чейин канчалаган көзгө көрүнүктүү эр азаматтарыбызды жок кылды. Апрель, Ош окуясында канчалаган адамдарыбыз шейит кетти, канчасы майып болду. Ушунун баардыгына Бакиевдер күнөөлүү, качып жүргөн Бакиевдерди жана убагындагы кошомат кылып жүргөн чиновниктерди кудайым жазаласын! Мындан ары жерибизде тынчтык болсун, кырсыктан тышкары гүлдөгөн заманда жашайлы! Таластык жигит.
ОП-127-101. Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Кош-Дөбө айылында жашап жаткан атам Мамбетакунов Сабырды, апам Бакасова Назгүлдү, инилерим Кумарбекти, Нурсултанды, сиңдим Нуржанга чоң салам жолдо йм. Наргиза.
ОП-127-102. Оштук, намаз окуган балдар менен таанышам. Айсалкын 0778836493.
ОП-127-103. Алай районунун Гүлчө айылына ысык салам жолдойм! Айсалкын 93.
ОП-127-104. Дүйнөдө ай да сулуу, күн да сулуу, Карасам кээ бир адам абдан сулуу. Дүйнөдө сулуулар көп кездешсе да, Баарынан өзүм сүйгөн Марат сулуу! Марат, мен сени чексиз сүйөм! 07723157хх.
ОП-127-105. Д остор, мен бир баланы абдан сүйөм! Бирок, мен ага кантип сүйүүмдү билдирем? Жардам бергилечи! Эля 0550220113.
ОП-127-106. Кум-Дөбө айылынын жашоочусу Кожосабыров Азамат байкемди 7-август туулган күнү менен куттуктайм! Биздин багыбызга бар болуңуз! Карындашыңыз Чолпонай.
ОП-127-107. Ивановка айылында жашаган 89-жылкы Замир, 0778375686 номерине чалып коюуңузду суранам.
ОП-127-108. Текебаевди билбей жамандабагыла, ал дайыма бийликтеги саткындарга каршы болуп келген. Саясатка союз жаштарынын колдоосу менен келген, байлыгы менен эмес. Колуңдан келсе колдоп ал кыргыз жаштары! Муна.
ОП-127-109. Тар көлдө жалгыз өзүм аксам деймин, Тар жер болсо сүйүүмдү тапсам деймин. Кенен көлдө жалгыз ак куу ойноп жүрсө, Ак куудай сулуу кызды көл жээгинен тапсам деймин. Таалай.
ОП-127-110. Саламатсыздарбы "Обон" гезитинин жамааты! Акыркы убакта ырчы Мирбек Иманбековдун жаңы ырлары жана клиптери чыкпай калды. Ырчы тууралуу кенен маалымат берсеңиздер жакшы болот эле. Нарындан күйөрманы.
ОП-127-111. Менин жандай көргөн жакын досум Зуля, батыраак сакайып кет. Кудай шыпаасын берсин! Сен ооруп жатсаң, мен да ооруп жаткандаймын. Эч качан оорубай, дайым жүзүңдөн жылмаюу кетпесин! Аси.
ОП-127-112. Менин саламым досторум Бакир, Азамат, Элина, Алтынайга жолдонот. Ишиңерге ийгилик, дайым ден соолукта болгула! Айдай 93.
ОП-127-113. Назира Айтбекова, келечекте сиздей алыпбаруучу болсом арманым жок эле. Сиз менен жолуксам дегенде эки көзүм төрт эмес эле, сегиз. Сиздин шакиртиңиз болгум келет. Күйөрманыңыз.
ОП-127-114. Досум Минайымды жана аяшым Абдилазизди үйлөнүү үлпөт тою менен куттуктайм! Кармашкан колуңар эч качан үзүлбөсүн! Гүлмайрам.
ОП-127-115. Атай Өмүрзаковго салам жолдойм! Ишине ийгилик каалайм. Хамида.
ОП-127-116. Назира Айтбекова, мен чоңойгондо сиздей болгум келет. Айдан.
ОП-127-117 . Караколдук Бактиярга чоң салам! Жылдыз.
ОП-127-118. Таластык Акыйкат, мен сени сүйөм! 07772077хх.
ОП-127-119. өмүрбек жана Баабек силердин туулган күнүңөр менен деп классташыңар Айжамал жана Ыргайлы.
ОП-127-120. Бакиевди колдогонду токтоткула! Бизге Урматбек Барктабасовдой адам керек, ал кыргыз үчүн жаралган инсан! Биз аны колдойлу! Ал Кыргызстандын келечеги! Каныкей.
ОП-127-121. " Бир күн жаттым үйдө зеригип, Сени эстедим, өзүнчө эле берилип. Сен деп ар бир сыноого чыдаймын, бутум сынды паластан полго секирип". Дима.
ОП-127-122. өмүрдүн кызыгы калбады окшойт. Амангүл.
ОП-127-123. Кочкор районундагы, Арагөл айылынын тургундары, эжем Жазгүлгө, жездем Иманкулга сагынычтуу салам жолдойм! Эже аман- эсен көз жарып алыңыз. Кармашкан колуңар эч убакта үзүлбөсүн! Чолпонай.
ОП-127-124. " Издеп келем карааныңды алыстан, Издей берем көздөрүңдү мага жаккан. Издебейин болду эми десем да, Элесиңди мен издөөдөн чарчабайм." Чолпонай.
ОП-127-125. Кыргыз кыздары дайыма ат минип келишкен, ошондуктан ат минүүдөн уялбагыла. 07775728хх.
ОП-127-126. Мен, достук мамиле куруу максатында жигиттер менен таанышам. 0559065709.
ОП-127-127. 93-жылкыларга ысык салам! Дайым бар болгула! Айчүрөк.
ОП-127-128. Сага жана махабатка койгум келбейт күнөөнү, бир күнү сен да менин абалыма түшөөрсүң. Сүйгөн кыз.
ОП-127-129. Сенсиз күндөр тунарды, сенсиз түндөр узарды. Сен бар кезде күн жарык да, түн кыска. Сүйгөн кыз.
ОП-127-130. Асылзатым ардагым ата-апа, Акыл берген акылдашым сен белең. Ааламда бир дүйнөдө бир теңдешсиз, Жан эркем таттуум менин ата-энем. Айшоола.
ОП-127-131. Салам смсчилер! Мени смсчилер катарына кошосуңарбы? Мен силер менен достошкум келет, силерге ийгилик каалайм! Айдай 93.
ОП-127-132. Мен ыйлайм нөшөрлөгөн жамгырдай, Мен буулугам уйгу-туйгу шамалдай. Айта албай арманымды, муңумду, Мен кыйналам аппак кардай боло албай Айка93.
ОП-127-133. Аалам кенен, асман терең, А бирок, билбеймин неге батпай келем. Жүрөк муздап кыйналамын ар дайым, Чындыктын чындыгына жетпей келем. Айшоола.
ОП-127-134. Бул өмүрдүн эң кызыгы, өмүрүндөгү "сүйүү" дейт эмеспи. А бирок, өмүрдө сүйүүдөн дагы кызыктуу нерселер көп, биз жашоого терең көз караш менен карашыбыз керек. Кээде сүйүүдөн азап чегип, күнү-түнү ыйлаган күндөрүң болот. Эмне биз бул өмүргө көз жаш төккөнү келдик беле? Адамдарга берилген кыска өмүрдө кудай берген ырыскыбыз менен ойноп-күлүп алышыбыз керек. Андыктан досум, сүйгөнүм таштап кетти деп кайгырбагын. Таалай. Ж.
ОП-127-135. Бишкектик, Нарындык, Көлдүк, намаз окуган балдар менен таанышам. 0778718871 номерине смс жазгыла!
ОП-127-136. Махабат - бул улуу сезим, азабына малынып жүргөн кезим. Мен сүйдүм, ал мени сезбей койду, Махабатым ара жолдо алсыз болду. Жараланган жалгыз жүрөк, азаптарга батып жүрөт, Жан дүйнөм жалгызданып, алсыз гана согуп турат. Сүйүү - бул сезимдердин падышасы экен, сүйүүгө жалгыз жүрөк алсыздык кылат экен, Сүйүүгө эки адам аракет кылбаса, анда сүйүү алсыз жана бактысыз болот экен. Таалай. Ж.
ОП-127-137. Жалал-Абад облусуна караштуу Каракөл шаарында жашаган сиңдим Анжеликаны 25-июль туулган күнү менен куттуктайбыз! Эжең Айзада.
ОП-127-138. Ойлобоптурмун сенин мындай экениңди, Ойлобоптурмун мени таштап кетээриңди. Сендеги туйлап жаткан сезимимди, Суранамын кайра кайтып беришиңди.
ОП-127-139 . Апакем менин ардагымсың, Алтынга табылгыс кымбатымсыз. Оорубаңыз сиз эч качан, күлүп жүрө бериңиз ар дайым. Кызыңыз Уркия.
ОП-127-140. Жүрөк сыздайт өткөн күндү эстесем, биз экөөбүз бирге жүргөн кезди эңсесем. Кантейин эми ошол күндү эстеймин, Эмнеге биз экөөбүз айрылдык? Сүйгөн кыз.
ОП-127-141. Махабаттын отуна билбей багындым, Сүйүүнүн балына тез малындым. Азаптарына да кабылдым, Кандай чыгам, бул азаптардын багынан? Сүйгөн кыз.
ОП-127-142. Саламым кыргыз элиме, жерибизде мындан ары тынччылык болсун, "Обон" газетасынын ар бир санында өзүнүн супер смстери менен газетанын көркүн ачкан Э.Дима, сиз ырларыңызды китептен көчүрөсүзбү? Же өзүңүз чыгарасызбы? Мындан ары да сизге ийгилик каалайм! Окурман кыз.
ОП-127-143. Айланайындар, Акаев, Бакиев азыркы сасык өкмөткө караганда жүз эсе жакшы иштерди жасаган. Булар эмнени кыйратты? Кыргызстанды канга боеду. Бектур.
ОП-127-144. Баткендиктерге чоң салам! Кызыл- Өрүк кырманга толсун! Бектур.
ОП-127-145. Орто -Нура айылында жашаган Жумагулов Кудайбергендин үй-бүлөсүнө ысык салам! Нури, Сыпуля, ар дайым аман болгула, бар болгула, бай болгула! Сиздерди урматтап кызыңар Кымбат.
ОП-127-146. "Самал" базарында иштеген досторум Дамира, Айка, Наргүлгө салам жолдойм! Силерди сагындым деп досуңар.
ОП-127-147. Эмнеге мен сени гана ойлой берем? Ойлосом оюмдан сен кетпейсиң неге? Же жактырып, же сүйүп калгам окшойт. Чыныгы сүйүү деген ушу беле. Айшоола.
ОП-127-148. Нарын шаарына караштуу Орто-Нура айылынын 11чи жана 9-классынын бүтүрүүчүлөрүнө ысык салам! Учкан уяңар байсалдуу болсун! 9-класстын бүтүрүүчүсү Жумагулова Кымбат Нааматовна.
ОП-127-149. Ош областынын Алай районунун Мурдаш айылында жашап жаткан ата-энеме жана биртуугандарыма салам жолдойм! Мен силерди аябай сагындым. Россиядан кызыңар Гули.
ОП-127-150. Түшүнүктүү жигиттер менен таанышам. Кансулуу 92. 0778893171.
ОП-127-151. Нурсулуу кандайсың? Сени чыдамсыздык менен күтүп жатам, мага ишен, жалгыз сени гана сүйөм! Алтыным, жүрөгүмдүн ээси жалгыз сен экениңди эч качан унутпа! Аку.
ОП-127-152. Шымкенттин "Бекжан" базарында иштеп жаткан нукура кыргыз кыздарына чоң салам! Шай.
ОП-127-153. "Обон" газетасынын супер смсчилерине салам! Мен силердин араңарга жаңы кошулдум. Гүл.
ОП-127-154. Урматтуу Назира эже, сизге узак өмүр, кең келечек, бактылуу өмүр сүрүшүңүздү каалайбыз. Чолпонай, Алтынай.
ОП-127-155. Султан Садыралиев, сага чыгармачылык ийгилик каалайм! Гүлкайыр.
ОП-127-156. Келгиле, ак куу болуп учалы, Көктөн учуп, көктү көздөй сузалы, Арман менен кусалыкты артка таштап, Келгиле "Обондун" смсчилери бир жолугуп, сырдашалы. Аку.
ОП-127-157. Салам Назира эже, кандайсыз? Жадырайсыз жайнайсыз, сахнага чыгып, жаркылдап, элдин көңүлүн эмнеге ачпайсыз? Аку.
ОП-127-158. Нарын шаарынын Ак-Талаа районунун Баетов айылында жашап жаткан эжем Айнагүлгө, жездем Райымбекке, сиңдим Аселге ысык салам! Эже, жезде өмүрүңөр узун болсун, ден соолугуңар чың болсун, балдарыңардын, неберелериңердин жакшылыгына күбө болуп жүрө бериңиздер! Бишкектен Айзат.
ОП-127-159. Байкем Мухамедди, жеңем Бурулду кыздуу болушу менен куттуктайм! Байке, жеңе бешик бооңор бек болсун! Кармашкан колуңар эч качан үзүлбөй, эл сыймыктанган бактылуу үй-бүлөлөрдөн болгула! Терең урматтоо менен карындашыңыз Айзат.
ОП-127-160. Менин сүйүктүү жаным Билим Данияровго салам жолдойм. Мен сени эч кимге бербеймин. Сен мен үчүн жаралгансың!
ОП-127-161. Ыймандуу кыздар менен таанышам. Атым Анарбек. 0778834050.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??