Ташкент кызы Гүл:

"Сахна менен коштоштум деп айта албайм"
Жаш ырчылардын ырларынын сөздөрүн жазып берип, өзү да ырдай коюп, ушу тапта сахнадан көп көрүнбөй калган акын кыз Ташкент кызы Гүл бизде мейманда.

- Кандайсыз Гүл? Акыркы эки жылдын ичинде дайыныңыз чыкпай калды. Кайда жүрөсүз?
- Сиз айткан эки жыл убакыттын ичинде жөн эле жүргөн жокмун. Көп нерсеге жетише алдым деп да айтсам болот. Жакшы көргөн адамыма турмушка чыктым, эне болдум дегендей. Аялзатына керектүү болгон эң чоң бакытка жеттим. Азыр үй-бүлөм менен бактылуу жашоонун кучагындамын. Мен үчүн бул тыныгуунун узак экендиги билинбей деле калды.
- Кызыңыз канчага чыгып калды?
- Кызым Раянага бир жаш эки ай болду. Азыр басып, кылыктары чыгып, карап турган адамдын ичин элжиретип жиберет.
- Ичиңиз эзилип кеткенде эмне деп эркелетесиз?
- "Берекем" деп көп эркелетем.
- Жолдошуңуз жөнүндө айта кетпейсизби?
- Жолдошумдун аты Саламат. Экөөбүз мен биринчи курсту окуп жүргөндө таанышканбыз. Төрт жыл жакшы тааныштардан болуп жүрүп, "нике кайып" деп коёт эмеспи, баш кошуп алдык. Кыргызча сөйкө салды, анан "орусча" үйлөнүү үлпөтүбүз болду.
- Жан шеригиңиз эмне иш кылат?
- Саламат учурда жеке ишкер. Өзүнүн кесиби боюнча "программист".
- Бул жакта кайнене, кайнатаңар менен чогуу турасыңарбы?
- Жок, атам-апамдар Ысык-Көлдө турушат. Биз бул жакта өзүбүзчө жашайбыз.
- Кайындарыңыз ырчы кызды кандай кабыл алышты?
- Башында туура түшүнбөйт го деп кичине чочулагам. Бирок, мен барган үй-бүлө музыкага жакын адамдар экен. Эң улуу кайнежем чопочоорду колго жасайт. Өзү Консерваторияны бүткөн. Андан кийинки кайнежелерим деле мурда бийге катышып, ырдап жүргөн адамдар.
- Кайын сиңдилериңиз көппү?
- Тилекке каршы кайын сиңдим жок. А бир кайним бар.
- Жолдошуңуз да беш маал намаз окуйбу?
- Азырынча жума намазга барып турат. Эки маал намазды жаңыдан баштады.
- Жаңы келин болуп баргандагы кызыктуу окуялардан айтып бербейсизби?
- Мен эл менен аралашып жүргөндүктөн, апамдар менен бат эле тил табышып кете алдым. Ал жакта өз үйүмдөгүдөй эле эркин жүрдүм. Көлдө болгону бир жума болдук. Айылдагы кошуна кыздар үйгө келип, баардыгы карап таң калып: "жеңени бир карап алалычы, көрүп алсак болобу?" дегенде абдан кызыктай болгом.
- Азыр ырчылардан кимдер менен иштешип жатасыз? Ырларыңызды дагы деле жазып берип жатасызбы?
- Учурда Сема жана "Кеңеш" тобу менен иштешип, суранган ырларын жазып берип жатам.
- Ырларыңызды дагы деле сатасызбы же белекке берип жатасызбы?
- Чыгармачылыкка аралашпай калгандан бери ырды аз жазып калдым. Негизи эле жазбайм деген чечимге келген болчумун. Азыр болсо, жакын көргөн ырчылардын суранычы менен гана ыр жазып берем.
- Сизге илхом кандай убакта келет?
- Турмуш кура электе илхом бат-баттан анан башкача келчү. Ал учурда бош убактың көп, оюң да бош болот дегендей. Мен илхомду күтпөстөн, өзүм чакырчумун. Азыр мурункудай болбой калды.
- Мурун ырларыңыздын көбүн "сүйүү" темасына арначу элеңиз. Азыр кайсы темага көбүрөөк ыктап калдыңыз?
- Азыр жашоого болгон көз карашым өзгөргөндүктөнбү билбейм, бирок"бакыт" ,"ата-эне " темасына көбүрөөк басым жасап калдым. Эмнегедир эле бакыт жөнүндө эле жазгым келип, арман тууралуу таптакыр жазгым келбей калды.
- Беш маал намаз окуганыңызга канча убакыт болуп калды?
- Беш маал намаз окуганга өткөнүмө эки жарым жылдан ашып калды.
- Кээ бирөөнүн түшүнөн аян берип, же болбосо көзүнө бир нерселер көрүнүп анан намаз окуп калышат го. Сиздин намаз окуп калышыңызга эмне себепчи болду?
- Түшүмөн намаз боюнча көп аян берген. Түштөн эле эмес, жашоодон да аян берип калган. Намаз окуган адамдар менен табакташ болуп, бир тамак ичип калчумун. Алар жүргөн жерлерде көп жүрүп калдым. Мен анын баарын кандайдыр бир сыр деп түшүнчүмүн. Кээде намазды туура эмес окуп калганда түшүмдө азан токтоп калып кыйналчумун. Ошентип жүрүп намазды туура окуганга үйрөнүп алдым.
- Ислам дини боюнча маалыматтарды кай жактан аласыз? Же атайын устатыңыз барбы?
- Атайын устатым деле жок. Дин боюнча маалыматтарды телеканалдан, китептерден алам. Ырдап жүргөндө эле ислам дүкөндөрүнө барып китептерди сатып ала берчүмүн. Азыр үйүмдө ыйман китептери көп.
- Хиджабдарыңызды өзүңүз тигип аласызбы, же атайын заказ менен алдырасызбы?
- Негизи эле хиджаб десе бизде кыргыздарда башкача түшүнүк пайда болот. "Ал арабардын кийими" ж.б. Мурун хиджаб көргөн жерден эле сатып ала берчүмүн. Шарият боюнча, аялзаты денесин жаап жүрүш керек. А мен заманбап эле кийимдерин кийем, бирок мурункудай ачык эмес.
- Азыр жоолук салынып алып, жумушунун айынан кайра чечип алып жүргөн кыздарды көрүп эле жүрөм. Сиз "молдонун айтканын кыл, кылганын кылба" дегенге кандай көз караштасыз?
- Негизи эле мусулманчылык жолунда жүргөн адамдарды абдан урматтайм. Бул жерде "бир кумалак, бир карын майды чиритет" деген кеп болуп жатпайбы. Алардын арасынан да ошондой кумалактар чыгып, ислам динине тескери көз караштарды туудуруп жатат. Жоолугун чечип, башка жаман иштерди кылган адамдар өздөрү үчүн жооп беришет. Эгер ал адамдар кудайдан коркуп, акыретке чындап ишенсе, андай ыплас иштерге бармак эмес. Жоолугун чечип салган кыздарга сын айтканга укугум жок. Бул жерде эрк күчтүү болуш керек. Жоолук эч жерде тоскоолдук кылбайт.
- Ырчылыктан бат эле кудай жолуна түшүп кетүү сиз үчүн кыйынчылык туудурган жокпу?
- Ырдап жүргөндө эле багымдат менен куптан намазын окуп жүрчүмүн. Чынын айтсам ошол учурда аябай чайналып кеткен элем. Себеби, гастролго чыгып калганда, өзүңдүн сахнага ылайыкташкан кийимиңди кийесиң, элдин көңүлүн аласың ж.б. Ошентип сахнада ырдап жүрүп өзүмдү абдан күнөөлүү сезчүмүн. Баары акырындык менен болду. Кийин-кийин толук баш ийип, мурункудай ачылып-чачылып кийинбей, жабык кийимдерди кийип калдым.
- Сахна менен биротоло коштоштуңузбу, же сиздин күйөрмандарыңыз дагы да болсо үмүтүн үзбөй күтүшсө болобу?
- Сахна менен түбөлүккө коштоштум деп айта албайм. Себеби, чыгармачыл адамдын көкүрөгүндөгү ташкындап жаткан нерсени ичке ката албайт экенсиң. Эгер мындай эле бирөөнүн ырларын аткарган аткаруучу болсом, анда мен үчүн сахнаны ташташ оңой болмок. Азыр да бир ыр жазып бүтүп, профессионалдарга алып барып угузуп көрдүм. Алар да жактырышты. Жакында күйөрмандарыма олуттуу ырларды тартуулайын деп турам. Кудай буюрса жакынкы убактарда жездеңерди да ырчы катары көрүп, үнүн угуп каласыздар. Үнү абдан жакшы. Экөөбүз тең Жамиля Муратовадан вокал боюнча сабак алып жүрөбүз.
- Жазган ырларыңызда өзүңүздүн жашооңуздан алынгандары барбы?
- Көпчүлүк учурда өзүмдүн тагдырыман албайм. Бирок, "Апама" деген ырымды өзүмдүн жашоомон алгам.
- Ырдап жүргөндөгүгө караганда мүнөзүңүз бир топ эле өзгөрүп калса керек?
- Мүнөз жагынан алганда мурункудай элемин. Ачык, шайыр дегендей. Азыр жашоого болгон көз карашым өзгөрүп, токтоолук пайда болду.
- Сиз сахнадан кеткенден кийин сиңдиңиз Нурзат ырдайт деген имиштер болгон эле? Сыр болбосо, азыр сиңдиңиз эмне кылып жатат?
- Ооба, Нурзат сахнага чыгып ырдаганга абдан кызыгып жүрчү. Мен сиңдимди сахнага чыгараардан мурун сырткы келбетин, үнүн, дегеле бардык жактан даярдап жаткан болчубуз. Тагдыр экен, сиңдимди алакачып кетишти. Учурда бир кыздын бактылуу энеси, жолдошунун жароокер келинчеги.

Төлөбүбү
Касымалиева