п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  алдынала

Акылбек Сариев, БШК төрагасы:
"Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизген декретке каршымын"
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев декрет менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү туура эмес деп эсептээрин, ошондуктан ал Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизген декретке каршы экенин жана бул маселеде аягына чейин тураарын "Азаттыктын" түз обосунда айтып берди.

- Акылбек мырза, Шайлоо кодексинде кандай олуттуу өзгөрүүлөр болду?
- Негизгиси жашап жаткан жеринде каттоосу жок жарандарга ошол жерден добуш берүүгө уруксат берилип атат, бул көп маселе туудурушу мүмкүн. Мен декрет менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү туура эмес деп эсептейм. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин мен буга макул болбой келе жатам. Менин оюм боюнча, кайсы бир партиянын жетекчиси мыйзам киргизсе ал бир партияга иштебей, жалпы партиялардын укугу бирдей каралыш керек. Ошондуктан бул декретке мен башынан каршы болгом жана аягына чейин турам.
- Шайлоо корунун суммасы дагы өзгөртүлдү деп айтылып жатат, канча болду азыр?
- Бул жерден дагы туура эмес түшүнүктөр кетип атат. Шайлоого коюлчу күрөө акысы 500 миң сом ошол бойдон калды. Кээ бир жаңы партиялардын лидерлери муну туура эмес түшүнүп атат. Бул шайлоо фондунун ченеми дегендик, партия 5 сому болсо деле шайлоого бара берсе болот, эгер алар акча жумшабай эле көңүлүн алабыз дегендер болсо. Негизгиси болсо ар бир партия 100 миллион сомго чейин чогултканга укуктуу болчу, ошону 50 миллионго түшүрдүк дейт, бирок ал жерден эч ким эч нерсе утпайт. 100 миллион деген көрсөткүч эсептелип чыккан нерсе болчу. Азыр эгер тизмеде 120 талапкер болсо ошонун ар бири 500 миң сомдон салганга укуктуу болот, ар бири 500 миңден салса 60 миллион болуш керек. 50 милион кылып коюу - талапкерлердин укугун бузгандык болуп эсептелет. Анткени 120 кишинин бардыгы тең чогулта албай калышат. Мунун ченемин өзгөрткөндөн кийинки көрсөткүчтөрүнө өтүп, андан кийин оңдош керек.
- Жарандар эми катталган жерине карабастан эле жашап жаткан жерлеринде добуш бере алат турбайбы, бул кандайдыр бир терс кесепеттерин тийгизбейби?
- Тийгизет, тийгизгенде дагы бардыгына тийгизет. Анткени бул жерден партиянын кызыкчылыгы үчүн бир жерден чогултуп алып, ошол жерден өзүнө добуш бердиргиси келип жатат, андай кылбаш керек. Бизге азыр жаңы партиябы, жакшы партиябы, күчтүү партиябы айырмасы жок. Негизги шайлоо комиссиясынын көз карашы ошондой туруш керек, ошондуктан менин макул болбой жаткан себебим ошол. Экинчиден, киргизилген ченемдердин кээ бир өзгөртүүлөрү актуалдуулугун жоготуп алды, анткени 90 күнгө чейин шайлоо коюлат деген жобо киргизилген, ал бүгүнкү күндө иштебей калды. Мени ошону кандай колдонгонду билбейт деп айтып атышыптыр. Кеп колдонгондо эмес, кагазга жаза берсе боло берет, бирок анын аткарылышына караш керек.
- Аймактардан 0,5 пайыздык чектен жогору добуш топтоо тууралуу дагы айта кетсеңиз, ушул маселе көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып жатпайбы.
- Ал маселелер ордунда калды. Андан башка дагы өзгөчө кырдаал шартында шайлоо болбойт деген норманы дагы калтырып коюшкан. Эгер андай эле мыйзам жагына караса ошону алып салса болмок. Бүгүнкү күнгө чейин шайлоо жарыяланбай жатканынын себеби - Шайлоо кодексинде эгер өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилген болсо шайлоо жүргүзүлбөйт деген чектөө бар. Азыр Ошто өзгөчө кырдаал бар. Ошондуктан бул мыйзамга каршы келет. Муну туура түшүнүшүбүз керек, эгер мыйзамды оңдосо туура оңдош керек жана колдонгондо дагы туура колдонуш керек.




  кырсык

Германияда сүйүү парады трагедия менен аяктады
Өлкөнүн батышындагы Дүзбург шаарындагы миллиондон ашык киши катышкан электрондук техно музыка майрамында кырсыктан улам тепсендиде 19 киши көз жумуп, жараат алгандардын саны 100гө чукулдап барды.
Махабат менен эркиндикти даңазалаган парад өтүп жаткан тосулган жайга кирүүчү жалгыз өткөөлдө тыгылган адамдардын көптүгүнөн дүрбөлөң башталган.
Куткаруучулар жарадар болгондорго дароо жете алышкан жок. Кеминде 10 киши эс-учун жоготуп жаткан жеринен эсине келтирилди. Кырсыктан кийинки видеодон бут кийим, суу шишеси, таштандылар чачылып жаткан туннелде кепин жабылган өлүктөрдү көрүү мүмкүн.
Элди дароо таркатканда чогулган бир миллион 400 миң эл кайра кым-куут түшөт деп чочулаган уюштуруучулар концерттерди уланта берген. Сүйүү парадына келгендердин баары эле трагедия тууралуу кабары болгон эмес. 1989-жылы Берлин дубалы кулагандан бери өтүп келген Европадагы эң ири Техно музыкасынын майрамы кечээ түн ортосунан өткөндө аяктаган.
Германия бүгүн тынч мезгилдеги бул оор кырсыкты түшүнө албай, дендароо болуп турган чак. Өкмөт башчысы Ангела Меркел курмандыктардын жакындарына көңүл айтты. Тергөө жүрүп жатат. Шаар бийликтери бул оор кырсыктан кийин Сүйүү парады келерки жылдарда кайра өткөрүлүшү күмөн экендигин айтышууда.




ЕККУ полициясына каршы митингдер
Кечээ Бишкектеги эски аянтта, Жогорку Кеңеш имаратынын алдында ЕККУнун полиция күчтөрүн өлкөгө киргизүүгө каршы митинги өттү. Ушундай эле митинг Ош шаарында да өтүүдө. Өткөн бейшембиде ЕККУнун Туруктуу кеңеши Кыргызстандын түштүгүнө 52 полициячы офицерди жөнөтүү маселесин жактырган эле. Митингге чыккандар колдоруна "Кыргызстанды бөлүп-жарууга жол бербейбиз", "Кыргыз эли ЕККУнун полициясынын киргизилишине каршы" деген жазууларды көтөрүп алышкан. Митингди "Кыргызстан сырткы күчтөргө каршы" кыймылы уюштуруп, ага жүз чакты адам катышкан.
Президент Роза Отунбаева буга чейин ЕККУнун полиция күчтөрү түштүктө Кыргызстандын күч органдарына укуктук жактан тренинг өтүп, кеңеш берип, мониторинг жүргүзүп, жардам беришерин айткан болчу.
ЕККУ полициясына каршы митингдер Бишкекте өткөн жумада да өткөн. Ошол эле учурда буга чейин айрым укук коргоочулар Кыргызстанга ЕККУ күчтөрүн киргизүү талабы менен чыгышкан.




  Бир бүркүм

Убактылуу өкмөт мүчөсү Абдыганы Эркебаев отставкага кетти.
Салык органдарынын кызматкерлерине шайлоо өткөнгө чейин партиялык ишмердүүлүгүн токтуу талабы коюлду
Экс-юстиция министри Марат Кайыпов "Жаңы Кыргызстан" партиясынын башчысы болуп шайланды. Эскерте кетсек, бул партиянын башчысы буга чейин Үсөн Сыдыков болгон.
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловдун тескемеси менен Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулушту башкаруунун башчысы болуп Марат Мияров дайындалды. Ал буга чейин М.Мияров Транспорт жана коммуникация министрлигинин архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттигинин системасында көп жылдар бою иштеген.
Экс-коргоо министри Исмаил Исаков "Эркин Тоо" гезитине анын "Азаттык" партиясы Бириккен элдик кыймылга бириккени жаткандыгын айткан.
Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын социалдык жактан коргоо жана саламаттыкты сактоо бөлүмүнөн алынган маалыматка караганда, ушул жылдын жарым жыл ичинде областтын аймагынан чыгып кеткендердин саны 57 миң 681 адамды түзгөн. Анын ичинен Орусияга - 37 миң 806 адам, Казакстанга - 2 миң 577 адам жумуш издеп кеткен.Ал эми областка кайтып келгендердин саны 3 миң 660 адамды түзгөн. Анын ичинен Орусиядан - 3 миң 53 адам, Казакстандан - 545 адам кайтып келген.
Оштогу июнь айындагы массалык башаламандыктар учурунда дайынсыз жоголгон адамдардын жакын туугандары саясаттан тышкары "Ош шейиттери" кыймылын түзүштү. Алар Оштогу банктарда өздөрүнүн эсебин ачып, дайынсыз жоголгондорду издөөгө каражат жагынан жардам берүүнү каалагандар болсо ошол эсепке которууну өтүнүшөт. Бүгүнкү күндө Оштогу июндагы тополоңдо дайынсыз жоголгон 34 адамдын кайда экени белгисиз бойдон калууда. Ошондой эле, аталган кыймылдын түзүүчүлөрү дайынсыз жоголгон туугандарын издеп табууну тездетүүнү, алардын ДНКсын аныктоону да талап кылышууда.
Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар кеңешинин жыйынында 26-июлда муфтийлик кызматка беш адам талапкерлигин коюп, Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматов өзүнүн талапкерлигин алып койду. Жыйынтыгында төрт адамдын ичинен 35 жаштагы Чубак ажы Жалиловго көп добуш берилди. Ч.Жалилов буга чейин муфтиятта фатфа бөлүмүн жетектеп келген.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы Кыргызстанда Орозо 11-августта башталып, 10-сентябрда бүтөөрүн кабардар кылышты.
Атайын түзүлгөн комиссия Ош базарын ирээтке келтирет. Бишкек шаарынын мэринин буйругу менен Ош базарында чарбачылык иш-аракетти жүргүзүп жаткан объекттерди инвентаризациялоо боюнча комиссия түзүлдү. Аталган комиссия Ош базарында тартип жана чарбачылык иш-аракетти системалаштыруу акырына чейин орномоюнча ишин уланта берет.
30-августта Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи гидроагрегаты салтанаттуу түрдө ишке киргизилет, деп билдирди энергетика министри О.Артыкбаев Токтогул суу сактагычына келген суунун агымы жакшы болуп жатканын белгиледи. Анын айтымында, мындай агым акыркы бир нече жыл ичинде болгон эмес. Күзгө жакын 19 млрд. 400 млн куб метр суу топтоо пландаштырылууда.
Кыргызстандагы апрель окуяларында көкүрөгүнөн жана курсагынан октон оор жарат алган 39 жаштагы Бедил Чаргынов биринчилерден болуп Москвага дарыланууга жөнөтүлгөн. Шаардык клиникалык №23 ооруканасынан ага бир нече операция жасалган. Бирок врачтардын жасаган бардык аракеттерине карабастан, анын абалы оор бойдон калган. 24-июлда ал Москва клиникасында көз жумганын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирген.
Кыргызстанда 23-25-июлда "Инсульттун академиясы" аттуу биринчи медициналык форум өтүп, анда инсульт оорусунан алдын алуу боюнча жаңы багыттары талкууланган. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча инсульт оорусунун өлүм көрсөткүчү 100 миң калктын ичинен 261 учурду түзөт.
Евроазиялык региондо мээ инсультунан каза болгондордун эң жогорку көрсөткүчү Кыргызстанда катталып, ал 100 миң калктын ичинен 82,6 учурду түзөт. Учурда Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен инсульт оорусунан каза болуу боюнча биринчи орунда турат экен.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??