Жаргылчак

Жаңы министрге ой-пикир
Ар тармакта иштеген белгилүү инсандарыбызды, алардын кулк-мүнөзүн, иш-аракеттерин коомчулуктун көзү менен жаргылчакка тартып келебиз. Бүгүнкү биздин жаргылчактан өтө турган коногубуз "Айтыш" коомдук фондунун негиздөөчүсү, кинорежиссер, учурдагы Маданият жана маалымат министри Садык Шер-Нияз болмокчу.

Темирлан Сманбеков, М. Жангазиев атындагы куурчак театрынын директору:
- Садык Шер-Нияз маданият тармагына көп жылдан бери аралашып, жетишкен-жетишпеген жактарыбызды көрүп келатат. Кызматка жаңы келип, ал кишини тааныштырып атканда абдан жакшы ойлорду айтты. Эгерде ошол темп менен кетсе, ошол жерде айтылган ойлорду иш жүзүнө ашыра турган болсо маданият тармагын көтөрөөрүнө көзүм жетет. Анткени ал-искусствону түшүнгөн адам.

Токон Эшпаев, обончу, аткаруучу:
- "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" дейт. Кыскасын айтканда драматургия же музыка менен алек болуп, калганын көмүскөдө калтырып койбой, бардык маданият тармагын алып кете турган адам болсо, иштеп кете алат. Эң негизгиси бир жактуулуктан качыш керек.

Алтынай Нарбаева, ырчы:
- Садык Шер-Ниязды жакындан билгеним- балдарын окуттум. Ал кишинин жубайы менен да, өзү менен да балдары аркылуу таанышып, кандай ата, кандай киши экенин жакшы билдим. "Тарбия үйдөн башталат" демекчи, ал үй-бүлө ушунчалык маданиятты колдогон, искусствону түшүнгөн туруктуу адамдар. Ал эми Садык Шер-Нияздын чыгармачылыгы жөнүндө айтсам: анын гүл жөнүндө тарткан мультфильми эле эмне деген философиялык ойду камтыйт. Бул кишинин маданият тармагында иштеп кете алаарына жүз пайыз ишенем.

Абдылда Иманкулов, куудул:
- Мурдагы жетекчилерге салыштырмалуу министрликке эң жакшы кадр келди. Ал кишинин иштеп кете алышына көзүм жетет. Анткени ал жок болуп бараткан өнөрдү өстүрүп, мындайча айтканда кыргыздарга акындарды "подарка" кылды. Улуу өнөрдү сактап калды. Мындан башка анын эч кандай кемчилигин көргөн эмесмин.

Гүлнур Сатылганова, ырчы:
- Садык Шер-Нияз искусствону баалаган киши. "Айтыш" коомдук фондун түзүп, акындарды, манасчыларды колдоп жүрөт. Кино тармагына да кошкон салымы чоң. Менимче бул кишинин министр болгону абдан жакшы болду.

Назира Мамбетова, актриса:
- Биз азыр көп нерсеге ишенбей калдык го. Мен ал баланы жакшы тааныбайт экенмин. Башка тармактарга салыштырмалуу маданият азыр аябай начар абалда. Рыскелди Момбеков жакшы иштерди жасап баштады эле, аягына чыкпай калды. Эгер ошол иштерди улантып кете алса жакшы, уланталбаса билбейм...




Кыска суроого Садык Шер-Нияздан кыска жооп
- Жан дүйнөңүз эмнеден сүйүнөт?
- Баштаган ишти аягына чыгарууда, анын жакшы жыйынтыгы көңүлгө төп келгенде сүйүнөм.
- Эмнени ойлогондо кыйналасыз?
- Жоопкерчиликтен. Кандай иш баштабайын анын жоопкерчилиги албетте ойлонтот.
- Эмнеден ырахат аласыз?
- Изденүүдөн ырахат алам.
- Сиз жетпеген нерсе?
- Адам эч убакта бир нерсеге жеттим деп чекит кое албайт. Ал эми мен чыгармачылыктагы көптөгөн ашууларга жетмейинче издене берем.
- Сүйүү сиз үчүн?
- Сүйүү-жашоо. Аны сөз менен чечмелебей, жүрөк менен сезиш керек.
- Сиздин жөлөгүңүз?
- Биринчиден өзүңө-өзүң жөлөк болгонго аракет кылыш керек. Ошол ишке аша турган болсо, анан кийин сага эл жөлөк болуп бере алат.
- Өзүңүздөгү жактырган сапатыңыз?
- Убадага туруктуу болгонго аракет кылам.
- Убакыт сизге иштейби же сиз убакытка иштейсизби?
- Философиялык суроо экен. Убакыт бизге иштеш керек эле. Бирок, көп учурда уттуруп жиберебиз.

Самара Мырзакулова