п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Саресеп

Саясатка саякаттагысы келгендер
Саясат кумары кимди гана азгырбайт. Саясат бирөөнө туура жол болуп берсе, бирөөнү жолдон чыгарып, иши кылып адамды каалагандай калчайт. Аны сасык оюн деп коебуз деле, баарыбыз ошол оюндун каарманы болгубуз келет да турат. Мына учурда да ар бир экинчи кишинин "аппетити" ачылып, саясатка аттанганы тургандар толтура. Анткени алдыда Жогорку Кеңешке депутат болуп отуруп кала турган мүмкүнчүлүктү берген, партиялык тизме менен келе турган шайлоо жакын калды. Бири бир партия түзө калып, бири уктап жаткан партиясын ойготуп, айрымдар биринен-бирине өтө качып… айтор саясаттын ар кандай оюндары башталды. Андан биздин чыгармачыл чөйрө да кур эмес экен, байкасак.


Чолпон султанбекова
"Баямандын мээси Чолпон болчу" -деп айтышат экен билгендер. Ошол сөздүн аныгы чын белем, Чолпон айым азыр саясаттын дың жерин "Республика" партиясы менен түзөйм деп күчтөнүп турган кези. Ал эми бул партиянын башында мурдагы депутат Өмүрбек Бабанов турат. Асылын атып кеткен акмактардан коркпой, тескерисинче "Баяман жок эмес бар. Анткени мен бар, уул-кызы бар, эли-журту бар" деп аларга айбат көрсөтүп жаткан "арстан" мүнөз айымга баракелде!


Кубан Абдымен
"Кабар" маалымат-агенттигинин мурдагы жетекчиси, студент кыздардын жакшы көргөн агайы, азыркы тапта "Замандаш-прессте" иштеп жүргөн, мурдагы Кубан Таабалдиев азыркы Кубан Абдымен да саясатка ат салышам деп турган чагы экен. "Кайсы партия менен?" деп сураштын да кажети жок, "Замандаш-прессте" иштеп жаткандан кийин, албетте "Замандаш" партиясы менен.


Күмөндөр Абылов
Аликбек Жекшенкулов жетектеген "Акыйкат үчүн" партиясына куудул агабыз Күмөндөр Абылов кирди деп уктук. Албетте, депутат болуу дымагы менен. Эгерде кудай буйруп болуп калса, мыкты эле депутат болот. Анткени Күмөндөр мырза сахнадан башка жерлерде "сепсерьезный" киши. Трибунага чыгып алып сүйлөп аткан Күмөндөрдү элестетиңизчи… эми албетте башында кыйын болоор, өзүнө, депутаттарга да. Күмөндөр мырза байкабай күлдүрүп, отургандар каткырып… Анан бара-бара көсөм болоор…


Жылдыз Мусабекова
Эшикте эркектин, үйдө аялдын ролун аткарып, өзү тамашалап айтып калгандай "митингдерде далай туфлисинин такасын" жоготкон журналист айым Жылдыз Мусабековага азыр төрт партия ("СДПК", "Акыйкат үчүн" "Республика", "Ата Журт") сунуш киргизип, төрт жагынан "Биздин тизмеге кир, сен төлөнчү "взносту" өзүбүз эле төлөйлү" деп талашып, куда түшүп жатыптыр деп уктук. Эми кайсы партияга кирсе да, Жылдыз айым аларга упай топтоп берээри анык.


Бек борбиев жана асел турдалиева
"Мен сенин кырааныңмын Кыргызстан" деп Бек мырза бекер жерден ырдабаган окшойт, жакында депутат болом деп, Адахан акеси менен жүрөт дейт. Эмитен шайлоого даярданып, "Бүтүн Кыргызстан" партиясына үгүттөп ырдаган ырчылардын командасын да түзүп жатыптыр. Ушул эле партияда "Баары бир, баары бир ырдаймын апа…" деп апасын көндүргөн ырчы айым Асел Турдалиева эми "Баары бир, баары бир депутат болом…" деп электоратты да көндүрөт окшойт. Бирок, Асел айым негедир кайсы партияга киргенин сыр кылып сурагандарга айтпай жаткан имиш. "Атын атаса куту сүйүнөт" дечү беле...? Эмитен атын атагандан качып атса, кийин (кудай буйруп депутат болуп калса) кантип ошол партиянын таламын талашып сүйлөйт.


Ыргал Кадыралиева
Саясаттан көңүл калуу жок окшойт… саясат агасы Санжардан ажыратса да Ыргал айым ат салышам деп туру. Буйруктан болуп депутат болуп калса, далайлардын сазайын берчү кыз. Сөзгө чечендигин, бетке айткан ачык, калыс мүнөзүн билип туруп, "Ушу кыздан бирдеме чыгат" дештиби СДПК партиясы катарына кошуп алышты. Ага чейин деле ар кай партиядан "Куршабдан эле керектүү добушту алып берсең болду" дешип, каалгасын каккандар болуптур. Алар да билсе керек, Кадыралиевдердин атын укканда эли жок дебесин. Күмөндөр куудул "Өлгөндөн кийин да авторитет керек" деп туптуура айткан экен.


Керим Айдаров жана Эрнис Кыязов
Журналистика чөйрөсүндө жүргөн эки азаматыбыз Керим Айдаров менен Эрнис Кыязов "сипсвежий" партия түптөшүптүр "Мекен ынтымагы" деген. Бул партияда коррупцияга малынбаган, бийликтин акырынан жем жебеген жаңы жүздөр, Керим Айдаровдун мурдагы шайлоодогу чакырык сөзү менен айтканда "кыргыз деп аккан каны бар, кыргыз деп аткан таңы бар" патриот жаштар. Кыргыздын кадырын чет жерде жүргөн жан билет демекчи, лидерлердин арасында чет жакта жүргөн жердештерибиз да бар. Ал эми партиянын эң башында турган лидери азырынча "секрет", кыскасы "Мистер Х" убактылуу бул жерде эмес экен. Партиялаштарына ишенип, алыста санаасы тынч жаткан лидердин пейили да кең окшойт.


Эльмира Мадиева





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??