Бир уядан учкандар
Талант даарыган үй-бүлөлөр бизде сейрек көрүнүш эмес десек болот. Андайлар арабызда арбын…
Белгилүү телерадио диктору, тамшанткан талант Тамара Алсеитованын жаркын элесине таазим кылуу менен, кыргыз искусствосуна татыктуу кызмат өтөгөн анын биртууган эже-сиңдиси менен ой бөлүштүк.

Шайгүл Алсеитова, актриса, Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты:
"Тамара экөөбүз жан сырдаш элек"

Секелек кез
Тамара экөөбүз чоң энебиздин колунда өстүк. Чоң энем раматылык, таптап сүйлөгөн сөзмөр адам эле, жомокторду, ырларды айтып берип, "Манас" эпосун алмак-салмак окутаар эле. Ошондон уламбы, Тамара сөзгө өзгөчө маани берип, кичине кезинен эле барктап-куштап сүйлөчү. Айлыбызга спектакль келгенде үйүбүздү тыпыйтып жыйнап, ата-энебизге жакшылап жардам берип, көңүлүн алып коюп өзүбүз клубга кетчүбүз. Чоңойгондо чыгармачыл жолго түшө турган баланын жан дүйнөсү, дүйнө таанымы өзгөчөлөнүп турат. Биз жерибиздин кооздугуна суктанып тойбой, атаңгөрү… ошол кездеги жайлоодогу сан гүлдөрдүн элеси, жыты эсимден кетпейт.

Алтын уяны калтырып…
Он жылдык мектепти окуп бүткөн соң мен Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институтка кабыл алып аткандарын угуп, экзамен тапшырып, окууга өтүп кеттим. Ал эми Тамара политехникалык университетке тапшырып, бир сабагынан 4 алып калыптыр. Анан, тыңдыгын карабайсыңбы, 4 алганына намыстанып, кайра комиссия түздүрүп экзамен тапшырып туруп, жалаң 5 деген баа менен өткөн. Ал кезде биздеги бирден-бир чоң окуу жай ошол болчу. Анда пара берүү, коррупция дегендин жыты да жок кез, ошентип өз күчүбүз менен өткөн окууну да бүттүк.

Сыр белек
Мен анда биринчи баламды төрөп, ата-энем "баланы торолтуп, өзүң тыңып кет" деп мени айылга чакыртып алышты. Жолдошум Ташкентте окуп аткандыктан, Алмагүл деген сиңдим экөөбүз жашачубуз. Мен ата-энебизге кеткенден кийин Тамара менен Алмагүл экөө эки жакта жалгыз жашабайлы деп, биздин ижарабызда чогуу туруп калышты. Арадан үч-төрт ай өткөн соң кожоюнубуз "Шура кайда, качан келет?" деп мени сурап, менин көпкө келбесимди уккандан кийин "Анда башка ижара таап, так бүгүн көчүп кеткиле! Кана, буюм-тайымыңардын баарын чыгаргыла" дептир. Алмагүл жумушунда, Тамара үйдө жалгыз экен. Байкуш эмне кыларын билбей, кожоюндан "ижара таап алып анан чыгалы" деп суранса дагы ынабай коюптур. Ал кезде Союз убагы болуп, орустар кейкейип турган кез эле да. Байкуш Тамара эмне кыларын билбей, төшөк, идиш-аяктын баарын короого чыгарып коюп, Алмагүлдү күтүп отурса, жамгыр себелеп кирет. Төшөктөрдү суу болуп калбасын деп жаап, кабагы карыш түйүлүп турганда Алмагүл келип калат. Тамара ага чоо-жайды түшүндүргөн соң, "Ташкенттен бүтүп келген актёрлорго үй берип атыптыр. Шайгүл эжем жок да, эми мен министерствого Шайгүлмүн деп эле кире берейин" деп чыгып кетет. Тамара короодо жалгыз калып калат. Ошондой абалда калгандарына өзүнчө көз жашы кылып кайгырат. Аңгыча дарбаза ачылып, ачкычты көрсөтүп, жаркылдап күлүп Алмагүл турат… Карабайсыңбы, кудайдын бергенин бир күн мурун же бир күн кийин эмес, дал ошол күнү ижара алып атканыбызды.

Жан сырдаш
Биртуугандардын ичинен удаа болгонубуз үчүнбү, Тамара экөөбүз өзгөчө жакын сырдаш элек. Армандуу дүйнө ай, өмүрү кыска экен, эмгегинин үзүрүн көрөөрдө дүйнөдөн өтүп кетти. Убакытка, убадага так, принципиалдуу, эркек мүнөз, бетке айтар адам эле. Мен ак көңүлдөнүп адамдын көңүлүнө карап койчу элем. Калп сүйлөгөндү, ушак айтканды, акыйкатсыздыкты жек көрчү. "Сенин ордуңда башка адам болгондо, эмгиче эки үй, эки машина алып алмак. Сенин бир эле сөзүң да, эмнеге арыз жазып кирбейсиң?" десем, нааразыланып кетчү: "Ай, Шакин, мен кантип ошентем, кантип үй сурайм, ал деген маданиятсыздык да!" дечү. Алды кызык, арты өкүнүч дүйнө экен, таланты гүлдөп, эми жемишин төгөрдө, чагылгандай жарк этип өтүп кетти. Эмне кылабыз, элине сиңген эмгегинин барына, элинин унутпасына бел байлап, шүгүрлүк келтиребиз…

Чолпон Алсеитова, ырчы:
"Тамара эжеме жазылган ашыктык каттары сакталып турат"
Биртууганга сүртүмдөр
Биз 7 кыз, бир эркек болуп, 8 бир тууганбыз. Эң улуубуз Шайгүл эжем. Биз мектепти бүтөрүбүз менен шаарга барып эле Шайгүл, Тамара эжемдердин колуна түшкөнбүз. Экөө тең бизди өтө катуу кармачу, үй оокатын жасаганга аябай үйрөтүшчү. Мен турмушка чыга элегимде ырдап жүрүп, күйөөгө тийгенден кийин үй тиричилик кылып, бала багып, чыгармачылыкка анча көңүл буралбай солгундай түштүм. Эжелерим "сени күйөөң ырдатпай атабы, болбосо эмнеге чыкпай калдың?" деп аябай тынчсызданышкан. Биз үй-бүлөбүз менен чыгармачыл адамдар болгондуктан баарыбыздын көңүлүбүз назик. Шайгүл эжем ак сөөк, конок тосконду аябай сүйгөн, таза аял. Балдары окуудан, жумуштан келгенде үйүндөгү үзүлбөгөн конокторду көрүп: "Апа, дагы конокпу?" деп күлүп калышат. Эжем тегерек-четиндеги байбичелерди чогултуп алып, бешбармак, плов жасап берип, чай ичип сүйлөшүп отурганды жакшы көрөт. "Убактыңыз кетип, чарчабайсызбы?" десек, "адамдар менен сүйлөшкөндөн көп жакшы нерсе алам" деп келет. Андан да мыкты касиеттеринин бири - чаңды ушундай жаман көрөт. Жумуштан чарчап келсе да үйүн жууп-тазалап, тасмалын жайнатып, андан кийин тамактанганга отурат.

Тамара эжемдин бейнеси
Тамара эжем "сөздү так, маани-маңызын жоготпой сүйлөгүлө" деп басса-турса талап кылчу. Эжемден баарыбыз коркуп, өз оозубуздан чыккан сөздү убагында аткарганга жанталашчубуз. Себеби, эжем бизге талапты ошондой катуу койчу. Кичинекей ишке да чоң маани берип, баштаган жумушунун аягына чыкчу. Азыр да эжеме жазган арзуу каттары сакталып турат, алар ашык болгон мырзаларынын көп болгонун билдирет. Окуусун бүтүп, жумуш деп чуркап жүрүп, эң негизгиси - көңүлүнө төп келишкен адамдын жоктугунан эжем 35 терге чыкканда күйөөгө тийген. Жездебиз менен 5 жыл жашап, экөө балалуу боло алышкан жок, экөө урушуп-керишпей, жаман-жакшы айтышпай эле түшүнүшүү жолу менен ажырашып кетишкен. Эжем ошентип төрөгөн жок. 2006-жылдын 10 - мартында түн ичинде бул жарык дүйнө менен кош айтышып кете берди. Бир-эки ай мурун авария болуп, рентгенге тартылып, ошондо көкүрөк оорусунун бар экени жазылган экен. Кийин аны жоготуп, жоголгонуна, диагнозго маани деле беришпептир. Ошол каргашалуу күнү жумушунан келип, "Поле чудес" телеберүүсүн көрүп атканда, оорусу капыс кармап, ваннасына чуркап келип атырылтып кан кусуп, врачтарды, Шайгүл эжемди чакыртыптыр. Врачтар көрүп атып: "Кеч болуп калыптыр" дегенин Шайгүл эжем угуп калып, "анда мен да өлөм" деп үстөлгө башын койгулап ыйлап… Баары бир ажал ошентип колубуздан жулуп кетти. Тамара эжебиз назик туруп күчтүү, бир башкача керемет жан эле…




Таалайкан, Нуриса Абазовалар да элдин көңүлүнөн түнөк таап келаткан өнөрпоздордон. Бул эки айымдын "бир жатынды тебишип, талашып эмчек эмишкенин" көбү биле бербесе керек…
Бири актриса, бири ырчы

22 жашында Бек Борбиев сахнага алып чыккан нурдуу кыз Нуриса дагы тегин үй-бүлөдөн чыкпаптыр. Биртууган эжеси Таалайкан Абазова Москвадагы Щепкин атындагы теаралдык окуу жайды аяктаган. Таалайкан айымдын азыр кинодогу жылдызы жанып, кинодон-киного тартылып аткан учуру. Бала чактарында сиңдиси Нурисаны көрүүчү кылып отургузуп коюп, өзү "Акмөөрдүн" ролун "ойноп" "мунарык, мунарык, мунарык" деп, үйүнүн терезе пардасын чечип, оронуп алып, өзүн актриса сезчү экен. Ал эми Нуриса биртуугандардын кенжеси болгондуктан эркелегенди жакшы көрчү экен. Эжелерине таянып, эч үй жумушун аткарбай, далай атаандашууга себепкер болгон дешет. Жалгыз апасы гана "үйдөн баарыңар кеткилечи, Нурисам онуңар жүрүп кылган ишти жалгыз өзү бүтүрөт" дечү экен. Кыздын сыры энеге маалым да. Айткандай эле бир уяда өсүп аткан бир туугандар ар кайсы жолду тандап учуп кеткенде, кыздардын кичүүсү болгон Нуриса айым эң жөндөмдүү, таза, шамдагай кыз болуп чыга келет. Таалайкан айым: "Нуриса үй жыйнагандан кийин терезелер жаркырап, үй мурдагысынан башкача өзгөрүп, үйдөгү эмеректердин баары жагымдуу буркурап жыттанып калчу. Көрсө Нуриса жыттанып калчу тура" деп тамашалайт. Ал эми ырчы кыз, актриса эжесинин кожойкелигине тамшанганын айтат: "Эжем менен жездемдин үйлөнгөнүнө 10 жылдан ашса дагы ырылдашып-чырылдашканын укпадык. Апамдар башка кыздарына "Таалайкан менен Алтынбектей болуп жашабайсыңарбы" деп, эжемди үлгү кылып калышат. Ал эми тасмал жайнатып чай бергенде… таңгаласың. Жөнөкөй эле этти кооздоп кесип, тарелкага салып, жездеме сюрприз кылыш үчүн улам жаңы тамак жасап, баарын астейдил кылат" дейт. Баса, эки биртууган айымдардын кийимге болгон табитин айта кетсек - Нуриса айым каалаган кийимин сатып кийип, өзүн-өзү эркелеткенди сүйсө, Таалайкан айым "өзүңө кийим ал" деп жолдошунун берген акчасын кайра жолдошу менен балдарына сарптап үйүнө кайтат. Өзүн эмес, жолдошун татына кийинтип алып, жетелешип жүргөндү жактырат.


А.Бакирова