п»ї

  Акындын арзуусу

Айжаркын Эргешова, акын, журналист:
"БЕШИМОВДУ НАРИСТЕ КЕЗДЕГИДЕЙ СҮЙӨМ"
Бул каармандын махабаты сыяктуу көөнөрбөй калган махабат аз болсо керек… Айжаркын Эргешованын таза сүйүүсү калың катмарга белгилүү болбосо да, буга чейин өз чөйрөсүндө күбүр-шыбыр сөз менен айтылып келген болчу. Бүгүн ал "Ага болгон сүйүүмдү жашыргыдай жаман иш кылдым беле?" -деп аялуу сырын ачыкка чыгарды.

(Башы өткөн санда)
- Алгач аябай кыйналып, күндүзү Жогорку Кеңеште иштеп, түнкүсүн чачтарачканада кароолчу болуп жатам, анткени жатаар жерим жок. 5те туруп жуунуп-таранып, терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип, полун жууп отурсам, "шефиня" 6да келет да, "кечки саат 8ден кечикпе"-дейт суз. Муздак көздөрүнөн кетүү керек экенин айттырбай түшүнөм. Эшикке чыгып алып, Жогорку Кеңеш ачылганча паркта бир саат отуруп, анан жумушка жөнөйм. Ошондо өзүмдүн жакын адамдарым менен таң атканда чогуу туруп, кужурашып чай ичкенди сагынып, куса болдум. Ошол кыйналып жүргөн кезимде агай менин көзүмө көрүнүп, мен артынан чуркап барып "агай!" десем башка киши болуп калып, далай томсордум. Бир күнү Жогорку Кеңештен чыгып келатсам агай машинадан түшүп, Америка университетине кирип кеткендей болду. Артынан кирип көрөйүн деп, "Бакыт Жолчубековго мүмкүнбү?" десем, "Ооба, кириңиз" деди. Мен "ал киши мында иштебейт" деген жооп угам го деп ойлогом, жүрөгүм аптыга түштү да шашканымдан: "Жок, башка күнү келип жолугайын" деп чыга жөнөдүм. Артыман "Аты-жөнүңүз ким?" деп сураганынан айтып коюп чыгып кеттим. Эртеси барсам кечээги эшик тоскон жигит жаныма басып келип, "Айжаркын Эргешовасызбы? Сизди Бакыт Жолчубекович күтүп атат, кечээ телефон номериңизди да таштабаптырсыз" деди. Мен унчукпай кабатка көтөрүлүп, агайдын кабинетин таптым да…шыр кире албай, азга буйдала түштүм… Эшигин тыкылдатып, ичкериден жооп болгондон кийин кирип учурашып, эмне кылаарымды билбей босогодо туруп калдым. Акылдуу киши да, мени өзүнө келип алсын дегенсип, компьютерин тиктеп, алаксыгандай болуп отура берди. Бир убакта көз жүгүртсөм, компьютер тербей эле бир кнопканы кайра-кайра басып атыптыр... Ортодон оор убакыт өтүп, экөөбүз тең өзүбүзгө келип калдык. Агай мага мурдагысынан толуп, карайып, улгайып кеткендей сезилди. Мен, алоолонуп жалындап сүйүп, балапандай чыйпылдаган сезимимдин агайга окшоп улгайып, мендей болуп токтолгонуна таңгалып отурдум. Сумкама поэзия конкурстарынан алган дипломдорумду салып алдым эле, агайга: "Бул менин эмес, сиздин сыйлыктарыңыз, сиз бар үчүн мен ушул ийгиликтерге жеттим " десем, тура калып, маңдайыман өөп, аябай толкунданып, өзүнө батпай кетти. "Кандайсың? Кыйналган жоксуңбу? Жогорку Кеңеште иштеп аткан турбайсыңбы, мен сенин ушундай ийгиликке жетээриңе ишенгем" деп ал-акыбалымды сурап атты. Агайга жатаар үйүм жок кечинде чачтарачканада түнөп, ата-энеме, уулума, агайдын өзүнө куса болуп кыйналып жүргөнүмдү айткан жокмун. "Баары жакшы агай, камтама болбоңуз" деп жайгарып койдум. Анткени, бул адам мындай убактылуу кыйынчылыктардан бийик сезилди.
- Турмушка чыкканыңызды билчү беле?
- Укканбы же укпаганбы билбейм, бир жолу бала ээрчитип жүргөнүмдү көрүп таңкалганы эсимде. Негизи, уулумду көргөндөр "Бешимовго окшош экен" дешет. Ал тургай, курбу кыздарым да мага ишенбей, "сен бизден бир нерсени жашырасың" деп ушул убакка чейин күмөн санашат. Чынында, баламдын көзү, ойлуу карап сүйлөгөнү Бешимовго окшош, анткени, күйөөмдүн көздөрү Бакыт агайга окшош болчу. Бир жолу Ошто жүрсөм Жанара деген акын, журналист кыз телефон чалып: "Айжаркын эже, бат келип калыңыз" деди. Жетип барсам, ЭлТРдин студиясында талаш-тартыш болуп, бүткөнү калыптыр. Залдын ичи капкараңгы. Тиги кыз мени бир орундукка апкелип отургузуп койду, баламды ээрчитип алгам. Бир убакта жарык күйүп, жанымдагы кишини карай калсам Бешимов экен. Экөөбүз бири-бирибизди көрөөрүбүз менен ордубуздан бирдей тура калып, кайра бирдей отурдук. Элдин баары бизди карап калгансыды. Шашканымдан "Саламатсызбы?!" десем ал да шашып: "Саламатчылык" деп жиберди. Анан мени этектеген кичинекей уулумду көрүп, абдан кызыктай болуп кетти да: "Бул сенин иниңби?" деди. Мен саамга ойлоно түштүм, "жок" деп айталган жокмун. Ошонда сүйүүдөн да энелик сезим бийик экенин жан-жүрөгүм менен түшүндүм. "Жок, уулум" десем агай кызыктай болуп, анан чоң киши менен учурашкансып, "Ассалоому алейкум" десе, үч жашар уулум да, "Ва алейкум салам" деп жатпайбы. Анын мындай жигиттерче саламдаша алаарын ошондо уктум. Эсимде, ошондо энелик сыймык менен түшкө кирген, жылдап зарыктырган жолугушуунун апкаарыткан күчүнөн аалам саамга токтоп калгансып туюлган.
- Экинчи жолу өмүрлүк жолдош табууну ойлонгон жоксузбу?
- Кантип ойлонбой коймок элем? Адам жакшы тилек, үмүт менен жашайт. Мындан бир топ жыл мурун өзүмдөн 22 жаш улуу адам колумду сурап, макулдугумду бердим. Биринчи аялы каза болуп калган экен. Мен "балким, уулума жакшы ата, мага жакшы жар болгусу бардыр" деп ойлогом. Тууган-урук, дос-жоролорубузду чакырып, чоң той бердик. Кыз кезимде үлпөт той менен кетпеген мен, улуттук кийим кийинип, сыртымдан эл суктана тургандай эле салтанаттуу башталды тоюбуз. Коноктордун баары кыз-күйөөнү күтүп атышты. А мен ичимден кыжаалаттанып, бөксөрүп, өзүмдү жаман сезип, тиги кишиге күйөөгө чыккым келбей калса болобу. Ошондо дос кызым: "Айжаркын, азыр да кеч эмес, кел, чыкпай коёбуз, мен Айжаркын жок, кетип калды дейм. Көңүлүң жок болсо азыр бүтүр" деди. Көктүгүм кармап: "Жаш бала белем, чыдайм" дедим да, эл алдына чыктык. Салтанаттын аягында жети кабат тортту биздин алдыбызга апкелгенде, торт үстүндөгү эки ак куу экиге бөлүнүп жатып калды. Үлпөттүн күбөлөрү ыңгайсыз абалда калышты. Кийин дисктен көрсөк, жолдошумдун эжеси бетин басып ыйлап жибериптир. Жаман төлгө болгону ушинтип башында эле билинди. Барган жерим эң эле жакшы, тарбиялуу, маданияттуу үй-бүлө болуп чыкты. Эч жатыркабай, илгертен бери бири-бирибиз менен тааныштай болуп балдары менен камыр-жумур болуп кеттим. Өзү карегим менен тең айланып, чын дили менен берилди мага. Туулган күнүмдө ойгонсом, мен тура электе аппак розаларды апкелип, төрдөн босогого чейин тизип коюптур, ошондо "ушул адам менен бактылуу болот экенмин" деп ойлогом… Бирок, ал менен бир ай гана жашадым… Жолдошум мага үйрүлүп сүйүп турса да, негедир көнө албай койдум. Куду бул жашоону карызга алгандай сезим жүрөктөн кетпей кыйнап туруп алды. Бир күнү таң заарда туруп, кийим-кечемди алып, баламды колунан жетелеп кетип калдым. Беш күн телефонумду өчүрүп койдум, курбуларымдан мени сураштырып табалбай, бешинчи күнү телефонума бир куплет ыр жазып жибериптир. Мааниси: "Мен сени канчалык аздектесем да, сен менин жүрөгүмө кирбей койдуң, мейли, каалабасаң кыйнабайм" дептир. Кийин курбуларыма айтыптыр: "Айжаркын мени асмандын жети кабатына алып чыгып, анан жерге таштап ийди" деп. Көп убакыт өткөндөн кийин кокусунан көчөдөн жолуктук. "Кандай жүрөсүз?" десем, "Жөн гана жашап жүрөм, күндөр өтө берет экен" деди.
- Бешимовго болгон бийик сезимиңиз үчүн сыймыктанасызбы?
- Сыймыктангыдай мен аны кол менен жасап алдым беле? Ал кудай берген сезим да. Мисалы, эки китебим менен сыймыктанам. Эми буюрса үчүнчү китебим "Адашкан жаз" деген ат менен чыкканы турат.
- Тагдырыңызга кейийсизби?
- Жок, менин бешенеме ушундай адашкан, бийик махабатты жазып койгонуна ыраазымын. Жаш кезде кээде агайды каргаган да күндөрүм болгон: "Ылайым, эч ким сүйбөй калсын" деп каргачумун. Мен аны эч качан көзүнө тике карап "сүйөм" деп айталбасымды, ал мени укканга чыдай албасын мен кийин түшүндүм. Мындай тагдырыма кейибейм, балам бар. Балам жанымда жүргөндө баарын унутуп калам. Энелик сезим баарынан күчтүү да. Кудайдын бешенеге жазган тагдырын сыйлап, башымды бийик көтөрүп жашай берем.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??