п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Ыр дүйнө менен сый дүйнө

Аселден Юлдузга жооп
Өзбек ырчысы Юлдуз Усманованын кыргыз элинин аброюна шек келтирген ырынан кийин нааразы болгон төкмө акындарыбыз жооп кайтарган. Ал эми ырчы айымдардан алгачкы болуп Асел Турдалиева "Аселден Юлдузга жооп" деген ырын даярдап жатыптыр. "Бул ырдын мааниси өзбек элин жамандоодо эмес, бир гана ушул ыр аркылуу Юлдуз айымга болгон нааразычылыгымды билдиргим келди" дейт Асел айым.

Айбек Карымов аян ырларын таратты
Обончу, ырчы Айбек Карымов айылдаш агасы Кубат Жакыпов ааламдан аян алып, кагазга түшүргөн ырларга, комуздун коштоосунда обон жараткан эле. Эми ошол ырларды жыйнак кылып, дискин чыгарды. Дискти элге таратаардан мурда пресс-конференция берип, "Алла Тааланын керемети менен келген кайыптар кыргыз элинин эртеңки келечеги үчүн кам көрүп, бараар багытынан адашпай өз жолдорун тапса, бир түндүктүн алдында ынтымакта, бир тилекте көчүн улап тили-динин таанып, урпактарга ата-баба салтын көөнөртпөй сактап жеткиришсе- деген маанайда кан какшап айтып жаткандарын сиздерге жеткирсек деген аракет" деп айтты. Диск 3 миң нускада чыгып бекер таратылды. Дагы 10 000 нускада чыгуусу күтүлүүдө.

Замандаш журналы 7 жашка толду
Заманбап "Замандаш" журналы кечээ жакында эле 7 жашка толгондугун себеп кылып, көптөн бери бололек, көптөр күткөн жакшы жөрөлгөнү баштап журналисттердин башын бириктирди. Журналдын жамааты "Биз журналисттер аркы жээк, берки жээк деп бөлүнүп алабыз көбүнчө. Кыйын кырдаал башка түшсө, саясатчылардын жансакчылары бар, башка өлкөгө кетип калуу мүмкүнчүлүгү бар, акчасы бар дегендей. А журналисттер кала берет экенбиз. Андыктан бири-бирибизди колдоп, көңүлүбүздү оорутпай жүрөлүчү"дешти кесиптештерине. Алардын айткан сөздөрүн кесиптештер жапатырмак колдоп, "Ушундай эстен кеткис кече уюштуруп берген "Замандаштын" 70 жылдыгында да так ушундай чогулуп майрамдайлы" деп каалоо тилек айтышты.

Омар АКШдан келди
Билимин тереңдетүү үчүн АКШга кеткен ырчы жигитибиз Омар мекенине келди. Ал жактан бир гана билим алуу менен чектелип калбастан, чыгармачылыкты да ала жүрүптүр. Аны Нью- Йорк шаарынан тарткан "Кош жүрөк" аттуу ырынын клиби тастыктайт.

Аалы Туткучевден диск
Азыр элибиз караңгыда көз болуп берчү адамды арабыздан издеп жаткандайбыз. Биздеги акыркы окуялар ушундай муктаждыкка түрткөн сыяктуу. "Жерден жарака кетсе акындын жүрөгү аркылуу өтөт" демекчи, төкмө акыныбыз Аалыке башаламандык, элге кайрылуу, ыйманга чакыруу ж.б. ыр саптарын кошуп туруп CD диск форматындагы ырлар жыйнагын чыгарыптыр. Эми уксаңыз кулагыңыздын кычуусу канат! Диск сатып алууну каалагандар 0(554) 07-02-86 телефон номерине чалсанар болот.


Кыдыралиева Айзат




  Жаңы ысым

"Чоңойгондо Рыспайдын ырларын ырдайм"
Кичине болсо да талпынып, талантын элдин алдына жаңыдан тартуулап келе жаткан, "Келечекте Рыспай Абдыкадыровдой атактуу ырчы болсом" деп кыялданган кичинекей Темирбек бүгүн бизде мейманда.

- Алгач таанышып алсак?
- Сайдинов Темирбек. Өзүм Ош областынын Кара-Кулжа районунун Шалма деген айылынан болом. Бирок, Бишкек шаарында туулуп өскөм. 2000-жылдын 28-июлунда жарык дүйнөгө келгем.
- Кайсы мектепте окуйсуң, жакшы окуйсуңбу?
- Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп- интернатында скрипка бөлүмүндө окуйм. Ошондой эле кошумча фортепианону жакындан баштап үйрөнө баштадым. Быйыл үчүнчү классты бүттүм. Жакшы окуйм, баардыгы макташат. Өзгөчө математика анан чет тили сабактарын кызыгуу менен окуйм.
- Мектепте конкурстарга катышып жүрөсүңбү?
- Мектепте конкурстар деле боло элек. Бирок, былтыр күзүндө борборубузда өткөн "Талант сыры"деген конкурска катышып, биринчи орунга жетип, түстүү телевизор жеңип алгам. Ал эми "Чыгыштын балдары достошот" деген былтыр жайында Ысык-Көлдө өткөн эл аралык фестивалга дагы катыштым.
- Репертуарыңда канча ырың бар?
- Жети ыр, алты клибим бар. "Аталарга таазим","Тоолор","Мугалимдерге","Кыргызстан","Таенем менен таятама" деген ырларым теле-радиодон кетип жатат. Жакында эле "Ала-Тоо менин жерим" деген ырга жаңы клип тарттырдык.
- Колдоочуң ата-энеңби же продюсериң барбы?
- Атам Сыргабек менен апам Жыпара экөө тең жеке ишкерлер. Өзүм төрт биртууганмын. Эки эжем, анан бир байкем бар. Мен үйдүн эң кенжесимин. Азырынча ата-энем мага продюсер. Бирок, Кара-Кулжа райондук кеңештин депутаты Жороева Ырыс деген таежем мага клиптеримди тарттырганга акча каражаты жагынан көп жардам берет.
- Эмне үчүн Рыспайдай ырчы болгуң келет?
- Мен эски элдик ырларды жакшы көрөм. Рыспай Абдыкадыровдун чыгармачылыгын баалайм. Кичине чоңойгондо Рыспай аганын ырларын ырдап чыгам деген тилектерим бар. Жаш ырчылардан болсо, Мирбек Атабековду жакшы көрүп угам.
Мен ырга беш жашымдан баштап кызыга баштагам. Сыймык Бейшекеевдин "Арзуу" деген ырын жакшы көрчүмүн. Канча уксам деле тажабай, өзүм да кошо ырдап отура берээр элем. Ырас эле менин шыгымды байкап ата-энем музыкалык мектепке бериптир.
- Ырдан башка дагы эмнеге кызыгасың, бош убактыңды кантип өткөрөсүң?
- Скрипкадан тышкары комуз да черткенди билем. Ал эм фортепианону болсо жаңы үйрөнө баштадым деп айтпадымбы. Анан компьютер ойнойм, китеп окуйм. Ал эми кышында лыжа,чана тепкенди жакшы көрөм. Ата-энем дайыма кышында тоого алып барып турушат.

Келсин Мурадил кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??