п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Айчырай

Селкилердин жакшы көргөн көйнөктөрү
Ар бир адамдын өзүнө жаккан стили жана бири-бирине окшошпогон өзгөчөлүктөрү болот эмеспи. Кимдир бирөөгө спорттук кийимдер жакса, кимдир бирөөгө классикалык стилде кийинген жагат. Бирок ар бир аялзатына көйнөк өзгөчө көрк берет эмеспи. Ырчы, ди-джей кыздарыбыздын эң жакшы көргөн көйнөктөрүнүн тарыхынан бир үзүм келтирдик.


Назира Токонова, ырчы: "көп ийгиликтерди алып келди"
Өзү жөнөкөй жана назик үндүү ырчы кызыбыз Назира кийимди кайсыл жактан алаарына көп маани деле бербейт экен. Бул көйнөктү ырчы айым өзүбүздүн эле "Дордой" базарынан алган. Баасын дагы жашырбай айткандын өзү эле жөнөкөйлүктү далилдейт болуш керек. Ырчы сессия тапшырып жаткан убагында аябай издеп жүрүп 1500гө алган экен. Ошон үчүн жакшы көрүп кийет. Назирадан сураганыбызда "бул көйнөк мага көп ийгиликтерди алып келди. Ушуну кийгенде өзүмдү жеңил жана ыңгайлуу сезем" дейт элге жаңыдан таанылып келе жаткан ырчы.


Бегимай Бекбоева ырчы, актриса: "Жалтырак көйнөгүм сакталуу"
- Куудулдардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн кара көздүү, кара каштуу сулуу ырчы Бегимай кандай көйнөк албасын, сырткы өңүнө көп көңүл бөлөт экен. Анын айтымында "Сахна адамы болгондуктан мен көбүнчө сырткы өңү алтын сымал, жалтырап турган көйнөктөргө кызыгам. Анткени "кыздын көзү кызылда"дегендей, бул көйнөктү бир көрүп эле жактырып калгам. Муну эки жарым миң сомго "Дордой плаза" соода түйүнүнөн сатып алгам. Көп жолу сахнага кийип чыгып, эң жакшы көргөн көйнөктөрүмдүн бирине айланган. Азыркы убакта жалтырак көйнөгүм сакталуу" дейт, талантын бир гана ыр чөйрөсүндө гана эмес, кино жаатында дагы элдин алдына тартуулап жүргөн Бегимай.


Айгерим Расул кызы, ырчы: " өзүмдү эркин сезе баштайм"
Көптөгөн жигиттердин жүрөгүнөн түнөк табып, жакшы чыгармаларын элге тартуулап келе жаткан Айгеримге көбүнчө ачык түстөгү кийимдер жагат экен. Ачык түстөгү эң жакшы көргөн кийимдеринин бири бул сары жана кара түстүү көйнөк. Ырчынын айтымында "Мага бардык эле көйнөктөрүм жагат, бирок ошонун ичинен ушул көйнөгүмдү өзгөчө сүйөм. Анткени муну мага апам белекке берген. Быйыл гастролго чыгып келсем, апам сатып алып коюптур, кийгенде эле аябай жарашып анан жагып калган. Мен муну кийгенде өзүмдү чырайлуу жана эркин сезе баштайм.Өзү кыска болсо дагы өтө ачык эмес. Көйнөгүмө кошумча кооздук тартуулаш үчүн жылтырак бел кур тагып алгам " дейт жаш ырчы.


Нурзада Жолдошова ырчы, ди-джей: "Көйнөгүмдү кийгенде өзүмдү жолборстой күчтүү сезе баштайм"
- Быйыл жолборс жылы эмеспи. Ушул жылы назик үндүү ырчы жана ди-джей кызыбыздын мүчөлү жашы. Ошого карадыбы же башка себептерден уламбы айтор, Нурзадага жолборстун терисине окшош көйнөктөр жагып жаткан учуру. Бул сүрөттө кийип турган көйнөгүн Нурзадага эжеси эки жыл мурда белекке берген. Өзүнө куп жарашкан көйнөгүн Нурзада эч кимге бергиси келбей дагы деле сактап кийип жүрөт. "Бул көйнөктү эжем жаңы белекке бергенде көп деле маани берип кийген эмесмин. Быйыл негедир көзүмө аябай жакшы көрүнгөндүктөн, көп кийе баштадым. Ушул көйнөгүмдү кийгенде өзүмдү жолборстой күчтүү сезе баштайм жана жолборско окшошуп калам" - деп тамашалады жайдары мүнөз ырчы кыз.


Айпери Сыдыкова, ырчы: "Сандыктын түбүндө сактап жүрөм"
Бул ырчы кызыбыз көбүнчө спорттук кийимдерге басым жасагандыктан, эң жакшы көргөн көйнөгүн өзү тандап, өзү сатып алган эмес. Анын жакшы көргөн көйнөгүнүн тарыхы дагы өзгөчө. Анда кызыгып жатсаңыз, ырчы мындай дейт "Мен Россияда 2 жыл жүрүп калдым. Ал жактан жалаң эле спорттук кийимдерди кийинип жүрчүмүн. Ал жакта "Мисс Азия " деген конкурс өтүп турат. Анан мени конок катары ырдап кетүүмдү суранышып чакырышкан. Бирок, кийип чыкканга көйнөгүм жок болгондуктан, биздин Кыргызстандын атынан Россиядагы эл өкүлү мага өзү көйнөктү сатып келип берген. Билгендей эле ал мага чак келип аябай жарашкан. Ошондон бери эстелик кылып, сандыктын түбүндө сактап жүрөм. Сырткы түзүлүшү жакшы, ыңгайлуу. Алып келгенде ошондой чоң шаардан мага чак келген көйнөк табылганына сүйүнгөм. Мен өзү кыска көйнөктөрдү жакшы көрөм"-деп жооп берди.


Самара Сагынбаева, "Түнкү Белес" радиосунун ди-джейи: "Көйнөгүмдү эч кимге бергим келбейт"
Өзүн көрбөсөк дагы мукам үнү менен бизди арбап келе жаткан "Түнкү Белес" радиосунун ди-джейине кара көйнөгү аябай жагат экен. Анткени мунун тарыхы башкалардыкынан алда канча айырмаланып турат. Самаранын айтымында, көйнөктү 2009-жылы Түркияга барганда кийим саткан дүкөндөрдү кыдырып жүрүп жактырган. Бирок кандайдыр бир себептерден улам сатып ала албай калат. Ал жакта ди-джейдин эжеси бар эле. Кайра Кыргызстанга келгенде, эжесине телефон аркылуу көйнөк жөнүндө айтып, анан байкеси бул жакка алып келип, белекке берген. "Жакшы көрүп алган көйнөгүмдү эч качан эч кимге бергим келбейт" дейт ди-джей кыз Самара.


Келсин Мурадил кызы






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??