п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  аңгеме

Жаркын Ай
Айылдагы жаз

Айылга өзгөчө жаз келет. Арыктардагы суулар байлоодон бошонгон кулундардай туйлап, жаңы тили чыккан баладай таттуу чулдурай арык бойлоп, же жол жээктеп чуркайт. Байчечекейлер жер кучактаган кардын боорун жыртып күнгө бой таштап, көк майсаң чөп менен кучакташа жазга умтулат. Дарактар да ушул керемет учур келээрин күтүп араң карманып тургандай дароо жайнап бүчүр жарып, жаш бутактар сыдырым желге бой сала солкулдап, секелек кыздар селкиге айланат. А чымчыктар болсо ушунун баарын таң менен кошо ааламга жар салат.
Ушундай бир ажайып жазда Гүлшан бой жетти. Арык, ак саргыл кыздын бой жеткенин биринчи кошуна улан Белек байкады. Көкүрөгү болоор болбос тирсийип, анысынан өзү уялып, бирок ошол табышмактуу мүчөсүнө сыймыктангандай бой керип калган кыз сууга чыккан сайын көлөкөсүн карап басчу болуптур. Мурда көчө боюнда отурган бозуланга маани деле берчү эмес, азыр андан качыппы, же уялыппы, айтор, бир өзгөрүү бардай. Белек бул өзгөрүүнүн кандай экенин так айта албаса да, дилин жагымдуу сезим кытыгылай берчү болду, капырай. Күн сайын таң агарып, чымчыктар өз ырын баштаары менен бозулан атын сугарганы сууга барат. Анткени, ушул учурда Гүлшан да эртең мененки өзүнө окшош сымбаттуу көлөкөсүн көргүсү келгендей кош чакасын алып суйсала басып башат боюна келет. Экөө саламдашпайт. Бири-бирин көз кыйыгынан карап, бирок көрмөксөн боло бири ат жалын тарап, бири суу толгон чакаларын баканга сала ийинине илип жай басат. Кыздын кериле баскан солкулдак келбетин, ич-ичиңди байкатпай булкуп кеткендей "дирт" эттирген бөдөнө тумшук көкүрөгүн, балапан түгү түшө элек ак саргыл тумсак жүзүн, сүт эмген баладай күлкү тээп бүлкүлдөгөн бүлдүркөн эриндерин бет келип карагысы келсе да уландын жүрөгү даабайт. Мурда тие келди тийишип ыйлата берген жөнөкөй сары кызда ушул жазда апкаарыткан сүр, тайсалдаткан күч пайда болгонсуйт. Эмне деген сүр, эмне деген күч экенин биле албай ичи бышат уландын. Дили бөксөрө узата карап, анан шылкыя басып атын жетелеп үйгө келет.
Эгерде капилет окуя болуп кетпегенде, ким билет экөө канчага чейин жашынмак ойношмок. Ошол күнү да Белек таң менен кошо сууга барды да, кызды күтүп отурду. Жай келип, күн эрте кызый баштаганга аты чиркейден качып жал куйругун чапкылана баштаса да, Белек кызды күтүп көшөрүп олтура берди. Гүлшан негедир кечигип келди. Олоң чачы төгүлө суу алганы эңкейген кыз, адатынча уланды байкамаксан боло чакаларын баканга илип ийинине салганы тизелей отура берип, кайра атып тура кыска чаңырды. Белек кантип кыздын жанына жетип барганын байкабай калды.
- Эмне Гүлшан? - деди кызды колдон ала. Бакыраң көздөрү корккондон алаңдаган кыз сүйлөй албай, уландын көкүрөгүнө эрктен тыш ыктай бетин басып калчылдап турду. Баканга оролгон кара чаар жылан кош тилин соймоңдото баш көтөрүп, айбат кылып турганын эми гана байкаган Белектин да жүрөгү "шуу" дей түштү. "Жыланга тийбесеңер чакпайт" деген атасынын сөзүн эстей койгон улан, кызды бооруна кыса, "коркпо" деди акырын. Жылан бул адамдар тийбесин түшүнгөндөй жай бурулду да, шыр-шыр сойлоп, чөптүн арасына кирип кетти.
- Гүлү жылан кетти - деди, Белек кыздын дагы эле титиреген назик ийиндерин кош колдой кармап. Гүлшан ошондо гана жигиттин кучагында турганын байкады. Ак саргыл жүзү дуулдай албырып кызарып кетти.
- Рахмат - деди үнү каргылдана.
- Эмнеге рахмат, жыланды өлтүрбөгөнүмөбү?
- Билбейм, сиз болбосоңуз корккондон жүрөгүм айрылып кетмек, - кыз суу алганы кайра эңкейди.
- Кел мен алып берейин, - Белек дароо кош чакага сууну толтура сузду да, аты бар экенин унутуп чайпалта көтөрүп жөнөдү. Баканын колуна кармаган Гүлшан унчукпай артынан келе берди да, айыл көрүнгөндө шашып калды.
- Белек аке, сууну өзүм эле көтөрөйүн, бирөө көрсө уят, - деди карбаластап. "Уят" ушул сөз токтотту боз уланды. Саамайы эртең мененки эрке желге сеңселген кыз уяң жылмайып жер тиктеп турду. Сөз таппай апкаарыган Белек не дээрин билбей:
- Эртең да келесиңби? - деди кыздан көз албай. Кыз үнсүз баш ийкеди да, табышмактуу күлүп койду.
Экөө катарлаш баскандан уялып, Белек аргасыз артта кала берди. Кыздын карааны тумшукту айланып кеткенче узата карап турду да, анан кош колун көккө созо турган жеринде чимириле башы айланганча бийлеп, качан чарчаганда чалкасынан сунала жата кетти. Бул эмне деген бий экенин өзү да билбейт эле. Көөдөнүн кандайдыр эбегейсиз кубаныч тепкилеп, өзүнө-өзү сыйбай турду. Дил толкуткан кубанычты ушул бий менен чыгарып жибербесе, Белектин жүрөгү жарылып кетмек. Аппак булуттар тоо чокусуна илинип токтоп калгансып каалгыйт. Бактысына мас улан канчага жатат эле ким билет, булак боюнда кала берген атын эстеп кайра артына чуркады. Жаныбар жал куйругун чапкылап коюп оттоп жүрүптүр. Жигит атты мойнунан кучактай өпкүлөп жиберди.
Экөө күн сайын суу боюнан жолугушат. Мөлтүр кашка булак күзгүдөн бири-биринин бирде сүйрү, бирде тоголок тарта ийрелеңдеген жүздөрүн карап суу ичишет. Тиш какшатат мөлтүр суу алардын эриндеринин, күлкү чайыган жүздөрүнүн көлөкөсүн агыза төмөн кулайт. Бир жолу да ошентип суу ичип жатып, Белек кармана албай кызга суу чачып жиберди. Оболу чочуп аптыга түшкөн кыз тура калып, бултуңдай чакаларын көтөрүп кетип калды. Шашып калган жигит не кылаарын билбей кала берди. Белек ошол күнү кечке чейин жанын коёрго жер таппай буулукту. Кечинде кыздын үйүнүн артындагы бир түп өрүктүн түбүндө Гүлшандын караанын кайтарып отурду. Тигине, кыз итине тамак бергени чыкты.
- Гүлү - деди акырын. Белек өз үнүн өзү араң уга калтаарып турду. Биринчи түн жамынып кызга келиши эле.
- Ким? - Кыз чочулай бери басты.
- Гүлү мен эле, - Жакын келген кыз ууртунан табышмактуу жылмайды.
- Неге келдиңиз?
- Кечирип койчу, мен сени таарынат деп ойлобой эле суу чачып жибергем, - Белек калтаарый кызды колдон алды. Назик, бир аз кургак тартып шуудураган кичинекей ысык колдор болоор болбос титиреп туруптур, - Үшүдүңбү? - деди Белек. Гүлшан колун акырын тартып алды.
- Апам чыгып калбасын.
- Алтүндө чыкчы, мен кетпей күтүп турам.
- Кантип чыгам, апам билип калса өлтүрөт го, - Кыздын сөзү бүтө электе эшиктин ачылганы, ага удаа эле Гүлшандын апасынын "Гүлү" деген үнү угулду. Кыз өрт кеткендей үйгө чуркады. Белек негедир түн ооп баратса да Гүлшанын күтүп отура берди. Толукшуган тептегерек ай күмүш нурун тегиз чача, ак жүзүнө тартыла берген булут көшөгөнү сүйрөй сыйрып суйкая сүзүп келатты. Тоолор буурул тарта шаңкайып шоокум шоолага чайынып, аалам жаркыткан керемет нурдан үргүлөгөн уйкучу дарактар да ойгонуп кеткенсиди. Күңгүрөнгөн чоң дарыя ай алтын теңге чачып жибергенсип миң кубула жылтылдап, ошол жылтылдаган алтын теңгелерин шыгырата караңгы капчыгайга сорулуп кирип кетип жатты. Түн жомогу мындай ажайып болоорун Белек мурда билбегенине таң калды. Эшиктин акырын "кыйч" эткени түн кайтарган боз уландын кыялдарын сапырып кетти. "Гүлшан" деди күтүү уялаган жүрөгү. Чын эле Гүлшан экен. Аппак көйнөгү ай нуруна чагылышып, өзү да айга окшоп жай, абайлай басып келатты.
- Күтүп калдыңызбы..?
- Ии.., жок, ооба, - Белек не деп атканын деле билген жок. Бир үзүм булуттай үлбүрөгөн кыздын колдорун кармап аптыкты. Гүлшандын назик ийиндери дир этти. Белек шашкалактай күрмөсүн жапты да, анан колдорун тарта албай коомай кучактап, тармал чачтары жапкан назик желкесин акырын жыттады. Кыз гүл, жыпар мончок жыттанып, ошол жыт бозуландын бүтүндөй акыл эсин уурдап баратты. Колго түшкөн эликтин чаарчыгындай калтыраган Гүлшандын ай далысынан жумшак сылай энтикти Белек.
- Гүлү таарынбай жүрчү, - Гүлшан унчукпай баш ийкеди. Кыздын көздөрү өздөрү жолуккан булак түбүндөгү таштардай жоодурай жылт этип ай нуруна чагылышып, кайра кылгыра көлөкөлөндү. Экөө көз албай көпкө тиктешти. Белек Гүлшандын ууртунан өптү. Жигит кыз уурту наристенин таноосундай ууз жыттанып, ысык, таттуу экенин биринчи жолу даамдады. Бул бал даам боз уландын эрини аркылуу бүт боюна тарап, каны тамырын тарс жарып жиберчүдөй аралай чаап жүгүрүп жүрөгүнө карай жөнөдү. Белек кыздын бүлдүркөн эриндерин кантип соруп өөп киргенин байкабай калды. Кучагында балыктай туйлаган кыз, бетин кош колдой бекем жаап, назик, ысык шыбырады.
- Кантесиз, Белек аке... Коё бериңчи
- Жаз гүлүм, жакшынам, байчечекейим менин, - Белек мындай керемет сөздөрдү качан, каерден укканы эсинде жок. Кыязы, жаны менен кошо жаралса керек. Бул сыйкырдуу сөздөр тээ тереңден күч менен кармалган суудай атылып, жалын болуп бүркүлүп өзүнөн-өзү биринчи жолу чыгып кетти. Каны башына тепкен боз улан кызды кош колдой көтөрүп алып бет келди чуркап жөнөдү. Эгер азыр чуркабаса, ичине батпай бараткан өз бактысынан өзү жарылып, эчтемеси калбай чачырап кетчүдөй туюлду. Коркуп кеткен кыз жигиттин мойнунан бекем кучактай аптыкты.
- Белек аке кантесиз, түшүрүңүз дейм. Кыйкырам азыр.
- Кыйкыр, мейли кыйкыр гүлүм. Баары чуркап чыгып, күн кармап, ай кучактап баратканымды көрүшсүн. Ичи тарыгандар көрө албаганынан жер кучактап жыгылсын. Кыйкыр күнүм, сүйүүбүздү жар салып кыйкыра бер, мен сени үнүң жеткен жерге чейин көтөрүп чуркайм.
Белек менен кошо ай кучактап, жылдыз тагынган көк асман, ак шоокум нурга тунган талаалар, тоолор, күмүштөнө жылтылдап, оштоно окторулган улуу суу, бүчүр мончок, байчечек таажы тагынып, ала чапан жамынган көктөм жаз кошо чуркап баратты. Делбиреген тентек шамал "көз тийбесе экен, кудай ай, көз тибесе экен" деп энтелей акактап, этек жеңи менен калкалай чарк айланып куюндап турду, жаныбар. Кылымдардан боюн жыйбай чубалган кан жол кучак жая алдыга төшөлүп, эртеңге чакырып, жол бойлогон дарактар ушул түндү кадыр түнгө айланткан адам кудуретине, сүйүү күчүнө баш ийе таазим этип турушту.
Биринчи түн
Бүгүн алардын биринчи түнү. Буга чейин экөө болгону эрин канаганча өбүшүп, айрыла албай кыса кучакташып улам коштошуп, бирок ажыраша албай жетелешип жүрө беришчү. Алардын жолугушуусуна кар, жамгыр, туман, ал тургай кыздын чоң энеси айткандай "таш жааса да" тоскоол боло алчу эмес. Бири-бирине канчалык тартылбасын экөөнү өтө жакындатпай кандайдыр сөз менен айтып жеткире алгыс бир күчпү, же уятпы, айтор, бирдеме тыйып турчу. Айрыкча, жигиттин кызга болгон эркектик каалоодон каны башына тээп, баарына кол шилтеп салчу абалга жетээр эле. Андайда кызынын бүлдүркөн эриндерин каната соруп, кымча белин кычырата кучактап, чачтарын уйпалай чоло жерин койбой тиштегилеп, жанын көзүнө көрсөткөн таттуу каалоодон онтоп жиберчү. Кыз адебиби же чыдамкайлыгыбы сүйгөнү жигитин:
- Шашпачы жаным, жакында мен бүтүндөй сендикимин. Ага чейин чыдап кой. Сен мени сүйөсүң да. Көз ирмем кумардын кулу болуп, мени бүт өмүр абысындарымдын, жеңелеримдин алдында кепке кемтик кылбасыңа ишенем, - деп муңайым жумшак үн менен ысык шыбырай токтотчу. Тердеп, бүт денеси титиреп, ички күчтүү каалоодон калчылдап чыккан боз уланды ушул куркулдайдын үнүндөй токтоо үн, эстүү сөз эсине келтирчү.
Мына ушинтип зарыктырган күн да келди. Үлбүрөгөн макмал көшөгөдө анын бактысы отурган эле. Бирок ага жеткире койбой шыпылдаган жеңелер, элечеги шып тиреген байбичелер улам бир ырымын жасап, жигиттин акыркы чыдамын сынап, аны мазактап жаткандай колуктусуна жолукчу ажайып учурду кечиктирип артка сүрө беришти.
- Күйөө кайда жүрөт?-деген жеңесинин үнүнөн жигиттин аза бою дүркүрөп кетти. Кызык, зарыгып күтүп жатса да, учуру келгенде негедир апкаарып шашып калды. Достору каткыра, "бар, бизди уят кылба дос. Мындай учур бир келет" деп сүрөп калышты. Жеңеси жумшак, табышмактуу жылмая унчукпай баш ийкеп ээрчитип жөнөдү. Күңүрт жарык үйгө киргенде ысык чай, куурулган жумуртканы алдына койду да, "жеп ал уул, күч болот. Бул набат чай, калтырбай ич" деди дагы эле табышмактуу жылмаюусун ууртунан өчүрбөй. Жигиттин тамагынан азыр эчтеме өтмөк эмес. Өзүн зордоп кичине жеген болду. Чай абдан таттуу экен, ошону гана калтырбай аптыга жутуп жиберди. "Өзүңдү бекем карма, басып жата бербей кыз чыңырганда тура кал. Эшикти илбе. Жарыкты дароо жаккын" деди өктөм үн менен жеңеси. Анан шарт чыгып кетти. Жигит акырын күн бою көз жеткис көк жээктей зарыктырган көшөгөгө жакындады. Негедир көшөгө да калтаарып сүрдөп, титиреп жаткандай сезилди. Колу тиери менен толкуй серпилген көшөгөдөн биринчи эле көзүнө урунганы аппак жоолук жамына бүрүшүп отурган кыз болду. Бир бурчка үрккөн улактай тыгылып алыптыр колуктусу. Демейде, ой-боюна койбой эркелеп, мойнуна асыла берчү кыз азыр чоочун өңдөнүп чочулап турду.
- Коркуп атасыңбы? - деди кызды колунан кармай. Кичинекей алакандар тердеп, болоор болбос титиреп туруптур, - Коркпо, баары жакшы болот. Кел өзүбүздүн ырыбызды ырдайбыз.
Кыз күлүп жиберди.
- Булар жиндеп кеткенби дешпейби.
- Биз акырын, эч кимге угузбай ырдайбыз, кел, - Жигит колуктусуна ыктай отурду. Экөө акырын ырдап киришти. Болгону эки сабын араң ырдашты. Жигит кыздын бал эриндеринен акырын өптү. Бооруна кыса кучактап чачынан сылады.
- Сен коркпо, өзүңдү эркин карма. Биз күнөө кылып жаткан жокпуз, ыйык парзыбызды аткарып жатабыз. Балалуу болууга жасаган биринчи кадамыбыз ушул.
- Корккон жокмун, апкаарып турам... - Жигит кыздын сөзүн акырына чыгарбай эринин соруп өөп, шуудураган атлес көйнөгүн тең бөлүп айрып салды. Аппак көкүрөгү, алкымы жарк эткен кыз өзгөчө сулуу эле. Али суук кол тийбеген бөдөнө тумшук ак мамактар тирсийе титиреп жигитти эс акылынан адаштырып баратты. Күйөө ысык эриндери менен колуктусунун бала эмбеген үрпүнөн аймалай өөп, сындырып алчудай абайлай акырын кош мамагын кармады. Алаканга толуп толбогон керемет алмалар ысык, чың, ушундай бир өзгөчө жылмакай эле. Сулуунун ошол керемет алмалары, эки колдоп кармасаң бир оролгон кымча бели, топчудай киндиги көрктөгөн сыйда курсагы, сүт тепкен ууз сандары терезеден түшүп, кызгылт көшөгөнүн өңүнөн улам кызгылт тарткан айдын шаңынан капылет адам торуна түшкөн суу перинин денесиндей ажайып көркөм эле. Жигит өрттөнүп бараткандай ысуулап, колдору өзүнөн-өзү ылдыйлап, кыздын сандарын сылагылай энтикти. Колуктусу назик онтой, анан өз эркинен сырткары жигиттин өрттөнгөн ысык денесине ыктады. Эки дене бири-бирине биригүүгө умтулуп, эриндер чопулдай тиштен от чыга сорулуп, колуктунун эки буту өзүнөн-өзү ажырай берди. Ушуну гана күтүп тургансып ок жыландай атылган бир үзүм жалын кыз денесине башбакты. Катуу, ысык, жан чыркырата оорутуп, эстен тандыра табышмактуу жыргаткан бул бир үзүм жалын жигиттин күйөөлүк озуйпасын аткарткан, урук таштап адам тукумун уланта турган эркектик кудурети эле. Эки бут менен бекем катылып, кыздын кыздык улуу касиетин сактаган, өмүр улаган адам жарыкка келген керметтүү үңкүргө ушул түнү биринчи жолу бир үзүм жалын башбакты. Кыздын жигит мойнуна оролгон колдору бошоң тарта, тумчуга онтоду. Булар эми кудай кошкон жуптар эле.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??