п»ї

  Атактуулар ааламында

Эмгекчил жана жалкоо жылдыздар
Сахна жылдыздары дайыма өзүн алып жүрүүсү, кийген кийими, сүйлөгөн сөзү, баскан турганы, мүнөзү, анан аткарган иштери менен элдин эсинде калат. Кээ бир ырчылар өздөрүнүн сулуулугу менен элди өзүнө багындырса, бири талыкпаган эмгеги менен элге таанылып келишет. Бул жолу шоу бизнес тармагындагы чет элдик жана өзүбүздүн белгилүү инсандардын кимиси жалкоо, кимиси эмгекчил экенин баамдап көрдүк.

жалкоолор:
Кундуз -Алгач Кундуз "90 60 90 менин фигурам" -деп ырдап чыгып, "дүң" дей түшкөн. Эмнегедир Кундуздун үнүнө, чыгармачылыгына эмес, элдер анын тышкы келбетине баа бергендей көрүнөт. Репертуарына көз жүгүртүп көрсөк, көпчүлүгү которулган же эски ырларды жаңыртып алып, обон созуп ырдап калганына күбө болобуз. Чын жүрөгүнөн эл алдына жеке чыгарма менен чыгып, музыка жагынан билим алайын деген максатын деле укпагандайбыз. Эми ырчы кыздын чыгармачылыгына эмес тышкы келбетине баракелде деп баа берсек болчудай. Эгерде Кундуздун кебетесине төп келген жагымдуу үнү болгондо Гүлнур эжекебиздей болооруна шек жок эле.


Алина Жетигенова жана уулу Азиз - Алина айымдын үнү укмуш. Бирок ошол кудай берген үнүн эмгек менен айкалыштырганды сүйө бербегендердин катарына кошуп койсок болот. Же бул анын жулунганды билбеген жумшак мүнөзүнөн уламбы..? Эгерде Алина айым тарс-турс мүнөзгө ээ болсо Россиянын Лариса Долинасына эчак эле айланмак.Алина айымдын акыркы жолу качан жеке концерт бергенин да эстеген жан жок. Уулу Азиз дагы апасын тартып жалкоо болуп калган көрүнөт. Көптөн бери эч бир жерден көрүнбөйт. Болбосо анда да апасыныкынан кем калышпаган үн десе үн, бой десе бой, өң десе өңү бар.


Леди Гага- ВВС каналы ар бир жыл сайын уюштуруп турган Гала концертте ырчылар татыктуу сыйлыктарга ээ болушат. Алардын арасынан Леди Гага башкалардан айырмаланып "Эң жалкоо жылдыз -2010" - деп аталган өзгөчө сыйлыкка ээ болгон. "Мындай сыйлыкка ырчы эмнеси менен татыктуу болду" - деген суроо көпчүлүк көрүүчүлөрдүн кызыгуусун жаратты. Көрсө, Гага чындыгында эле чыгармачылыгында жана жеке жашоосунда жалкоо айым экен. Дегеним, жеке концерттерин берүүдө же кечелерди уюштурууда, жада калса өзүнө кийим тандоодо жалкоолонуп, жанына сөзсүз түрдө жардамчыларды алат. Өз алдынча иш кыла албайт. Бул анын жалкоолук сапатынан кабар берет. "Мен мындай сыйлыкка татыктуумун, анткени жалкоолугумду мойнума алам" -деп жооп берген.


50 Сент -Реперлердин арасынан көпчүлүктүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон популярдуу 50 Сент убагында "крутой" бала эле. "Миллионер бол же болбосо жок бол" деген ыры менен катуу чыгып байып кеткенби айтор, сахнадан көрүнбөй эле калды. Көрсө 50 Сент эс алуудамын дегени менен жалкоолонуп, чыгармачылыгынан аксап атыптыр. Бирок, учурда жалкоолукту жоюунун үстүндө иштөөдө. Тактап айтканда "Twitter" аттуу сервис сатып алып, эми анын көзөмөлүндө иш кылууда. Ал репер тамактанууда, катуу уктап калганда, эс алууда ага алдын ала белги берип, бир нече убактысын үнөмдөөгө жардам берет. "Twitter" андан тышкары дагы 140 белгилерди алдын ала айтып турат.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??