п»ї

Сен жана мен
Дуулаттар шаарга келип, жүктөрүн түшүрүшүп, жол жүрүп денелери талып чарчаган немелер өзөк жалгап эле жаздыкка баш койсок деп ойлошкон. А бирок Эдил адатынча барбалаңдап:
- Эч кандай "аный" деген сөз укпайм. Кечээ отпускага чыгып алып эмне кылаарымды билбей үйгө батпай, бүгүн - эртең келбесеңер айылга барып жүрүп келейин деп ойлоп аттым эле. Кеттик, отпускамды жууп берейин. Сагындым силерди,-деп ой-бойлоруна койбой кафеге алып барды.
Кайра-кайра тосттор сүйлөнүп, каалоо-тилектер айтылып, өткөн тойду эстешип көңүлдүү отуруш ортолоп калганда бир аз кызып калган Эдил олуттуу нерсе айтчудай күлкүсүн тыйып, Сүйгөнгө жал-жал тиктеди:
- Алтыным, аяшка, досум экөөңдүн маңдайымда жанашып, бири-бириңе жарашып олтурганыңарга жетине албай көзүм кубанып, өзүм толкуп турам. Сүйүүңөр өчпөсүн! Ортоңор муздабасын! Ишенесиңерби сүйүү бар экенине, ал сезимдин күчүнө эми мен чындап ишендим. Мурда жөн гана ойдон чыгарылган нерсе…Сүйүү - бул…бүгүн кара көз кызды сүйүү…эртеси кой көз кыз деп күйүү… деп ойлочумун. Көрсө мен жөн гана көзүм менен сүйүп, жүрөгүм сүйчү эмес экен. Мына Дуулат турат го, далай кыз аркаман чуркады. Мен чуркадым дегендей…
- Ээй, ашык кетпе, эртең аяшыңа ооз басырык берип калып жүрбө? -деди Дуулат күлүп.
- Жок, мен болгонун болгондой айтып жатам. Сен сөзүмдү бөлбөй турсаң,- Эдил сөөмөйүн кезей Дуулатын сөзүн бөлдү. - Сүйгөн, мына мен муну менен эмнени айткым келет. Ток этээри: Тойдогу курбуң Айжан мага аябай жагып калды. Билбейм, өзүмө -өзүм түшүнбөй турам. Көзүмдү жумсам эле анын көшөгөдөгү сенин жаныңда жылмайып отурган элеси тартылат да турат. Чын.
- Оо кайран десе! - Дуулат санын чаба каткырып алды,- кылгырып тиктеп тил ооздон калганыңдан эле байкагам. Айтпадым беле сага, "Эдил достун курбуларыңдын бирөөсүнө көзү түшүп калган окшойт. Мындай эмес эле-е" деп. Эсиңдеби?
Сүйгөн жылмая баш ийкеди.
- Ой байкагыч! Сен айттырасыңбы, жокпу? - Эдил кызаңдай түштү да кайра Сүйгөнгө карап: - Айтып коюшат го, сүйүүдө аял-эркек көзгө көрүнгүс жибек жип менен чырмалып калгандай бири-бирине байланат да турат деп. Мына азыр менде ошондой абал. Айжанды билбейм?.. Ошо билиш керек болуп жатат. Албетте, сенин жардамың менен. Ишенсең, бул жүрөгүмдүн буйругу. Анын жүзүн, көзүн көргүм келип, уйкум качып, оюм ордунда болбой куса болуп жүрөм. Дарек -дайынын да сурап албаптырмын. Азыр каникулда айылында болсо да издеп баргандан баш тартпайт элем. Жолдо келе жатып кыйытып сурасам "жигитим бар" дегендей кылып койду. Чындап бары же кыз кылыгы кылдыбы түшүнбөй калдым. Сен жакшы билесиң да сырын,Сүйгөн?
- Бир эмес бир канча жигити болсун! Баары бир сени сүйдүрөбүз, - деп коштоп калды Дуулат,- келгиле ушул тостту Айжан үчүн ичели.
Муну угуп Эдилдин жүзү жайнай түштү. Жигиттин жүрөгү чындап эле Айжанга арбалган эле. Башында ал сезимге моюн бергиси келбей, жакшы эле мөңкүп, оюнан сүрүп чыгарып салгысы келип, а бирок анысы ишке ашпай, ого бетер эстечү болду. Баштагыдай кыздарга да барбай, жумушунда да кармалбай үйгө шашат. Дуулат менен Сүйгөндү аябай күттү. Анткени, Сүйгөн аркылуу көңүл оорусуна бир арга табылаарын билет.
Сүйгөн болсо кыялында Эдил менен Айжанды бирге коюп, түгөй боло алышабы жокпу, "бейтаанышым" деп безелене түшчү Айжан Эдил жөнүндө кандай ойдо калды экен деп экөөнүн кыял-мүнөздөрүн салмактап тунжурай түшкөн.
- Эмне унчукпай калдың? Же курбуңду мага ыраа көрбөй турасыңбы? Жаман деле жигит эмесмин. Айткан сөздөрүм ак дилимден, чын пейлимден чыгып жатат!- деген Эдилдин сөзүнө уяла түштү.
- Жо-жок, антип ойлобо. Мен сага ишенем го. Экөөң табышып калсаңар мага деле жакшы болмок. Сендей тамашакөй, сөзмөр , кыз сыйлай билген, ийнинде да маңдайында да жылдызы жанган жигитке кайсы гана кыз болбосун жүрөгү "тыз" этпей койбойт. Каникулдан келсин…- деди.
Жакшы сөзгө көтөрүлө түшкөн Эдил эки түгөйдү ого бетер сыйлап калды. Үйгө кеч кайтышты.
Жана чарчап, кирпигинен тартса жыгылчудай болуп турган Дуулаттын чарчоосу кафеден кийин кайдадыр жок болуп, көңүлү ачылып, өзүн жакшы эс алгандай сезип турду. Анын сөздөрүнө күлүп жатып Эдил уйкуга кетти. Айылдан алып келишкен таңгакталган жүктү чечип, шуудуратып бурчка төшөк салып жаткан Сүйгөнгө улам бир кепти айтып күлдүрүп, сүйлөп, чечекейи чеч.
Экөө бири -бирине колго жаңы алган көп томдук китептей сезилет. Улам бир барагын жаңы ачып, кирдетип, же айрып албайын деп аяр мамиле жасап, окуп, китептин кызыгына сүңгүгөндөй Сүйгөн да Дуулаттын күндө бир жаңы кыял-жоругуна күбө. Жатса - турса "Жараткан, эмнеге мен, эмнеге мен жетим өстүм?! Эмнеге менин элдикиндей эне-атам жок?!" деп кыйын күндөрү көк тиктеп көз жаш төгүп, наалат айткан күндөрүмдү кечире көр??? Мен азыр ушул бактыма ыраазымын. Ушул күндөрүмдү кут кыла көр. Дуулаттан айрыба , ажырата көрбө" деп суранып, тиленет. Күн өткөн, саат жылган сайын жакшы көрүүсү күчөп, анын тамашасына, сүйлөгөн үнүнө куштар. Уктап жатса да акырын жүзүнө үңүлө тиктеп ичи элжирей ысып, сөөмөйүнүн учу менен каштарынан сылай ойноп, алаканынын сырты менен жаак эттеринен сыдыра сыйпалай, ууртунан уурдана сүйүп, "Жан биргем менин" деп үнүн чыгара жалынып алып, өзүнөн-өзү чочуп кеткен түндөрү көп. Дуулат болсо эч нерседен бейкапар уйку соонун арасында аялына колун оролто кучактап өөп коёт. Эртеси айтса эсинде жок.
- Чоң кыз, сиз кайда эле учуп жүрөсүз?- ой баскан Сүйгөн Дуулаттын сөзүн угуп күлүп жиберди, - Эмнени эле ойлоп жатасың?
- Сени!
- Мениби? Кызык, мен жаныңда турсам мени ойлогонуң кандай?
Сүйгөн жанына жете келип колдорун күйөөсүнүн мойнуна арылта:
- Мен сени ар дайым ойлойм. Мен сени сүйөм! - деди эркелей.
- Мен да сени сүйөм!- Дуулат жароокер жарын көкүрөгүнө кысып, маңдайынан, көздөрүнөн алмак-салмак өпкүлөй, - Сени менен табыштырган тагдырыма ыраазымын, алтышка! Сен сулуусуң, акылдуусуң, жароокерлигиң жагат мага.
- Дагы, дагы…- Сүйгөн тамашалай өзүнө карата айтылган мактоо сөздөргө, күйөөсүнүн жалынып-жалбарып өпкүлөгөнүнө магдырай көзүн жумду.
ххх
Издеп жүрүп Дуулат акыры бир орус аялдын үйүнөн батир тапты. Адамдар менен тез эле тил табышып, мамиле курууга жөндөмдүү экенин байкады Сүйгөн күйөөсүнүн. Ал арада Дуулаттын отпускасы аяктап жумушка да чыгып калган. Кечинде жумуштан келе жатып торт көтөрө келиптир.
- Экөөбүздүн жаңы конушубуз, жубайлык жаңы турмушубуздун башталышы менен жашообуз торттой таттуу болсун деп атайын алдым.
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??