п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Поэзия

Сезим саптарынан…
Генрих Гейне
Сүйүштү алар бир-бирин,
Көрүшпөй, болду алагды.
Кыйналды алар сүйүүдөн,
Айырды кастык аларды.

Көрүшсө, түштө көрүштү,
Сабылып, сактап арманын.
Өздөрү такыр сезбеди
Экөө эчак өлүп калганын.
Которгон:
Сооронбай Жусуев.
Сергей Есенин
Саади төштөн өпчү деп,
Сөзүң уктум сүйлөгөн.
Бир аз сабыр эт, чүрөк,
Ага мен да үйрөнөм.

Айтылган дейт куранда,
Жоодон ал деп кегиңди.
Рязанда турганда
Уккум жок ал кебиңди.

Ырдайсың кээ бир күндөрү:
"Кыздан бетер көрктүү деп,
Ефраттын гүлдөрү"
Антпейт менде көкүрөк.

Минтип ойлоп жатканым,
Ал гүлдөрдү мен үздүм.
Шагаэдей таппадым
Арытсам да жер үстүн.

А бу деген жөрөлгөң,
Жакпайт, аны кат ары.
Акын болуп төрөлгөм,
Өбөм акын катары.
Которгон
Сүйүнбай Эралиев.
Александр Пушкин
Алдаса эгер өмүрүң
Батпагын ачуу убайга!
Шаттуу күн, ишен келериң,
Кайгылуу күндө муңайба!

Жүрөк каалайт эртеңди,
Азыркы мезгил күйүттүү:
Баары өтөт закым жел өңдүү,
Не өтсө, ошол сүйүктүү.
Которгон:
Абдарсул Токтомушев
Федор Тутчев
Өмүрдө болуп бир учур,
Жеткириш кыйын тил менен.
Жыргалдын өзү дал ушул,
Ырахат көрсөң дүйнөдөн.

Шуудурайт экен жел менен
Токойдун бийик учтары.
Кеңешкен өңдүү мен менен
Сайроодо түркүн куштары.

Алыста калды унтулуп
Өткөндүн жаман жактары,
Айланам көрккө кулпунуп,
Сүйкүмдүү боло баштады.

Элжиреп жаным турганда,
Көөдөнгө сыйбайт бул салам.
Магдырап барам жыргалга.
Токтой тур мезгил, суранам.
Которгон:
Жалил Сыдыков
Уильом Шекспир
Чыдабай ардангандан өлгүм келет,
Тиленип жашаганча ачып-арып.
Ак адам алдамчыга тебеленет
Акмактар акылманды минип алып.

Назиктер наадандарга каржалды го,
Адилет ак жеринен айыпталып.
Ишеним ийге жетпей зарланды го,
Улуулук пасчылыкка туткундалып.

Түз айткан- түзөлбөгөн акмак делет,
Алар да пайгамбардан ашып түшүп.
Оозуна олуянын таш кептелет,
Жамандык жакшылыктан малай күтүп.

Каңырсып турган менен бүт айланам,
Каралдым, сени таштап кайда барам?
Которгон:
Акун Ашыров.
Иоганн Гете
Бал жедиңби, уу ичмей бар артында,
Күнүн күлүп, түнүн көз жаш төкмөй бар.
Анын бирин кечпеген жер шартында
Актан сабак албай сокур өткөндү ал.

Алар бизди жашаттырды, жаздырды
Курмандыкка, кумардыкка толтуруп.
Кайда качпа, маңдайыңда жазылуу:
Эч жазасын бир кыймылдын жоктугу.
Которгон:
Алым Токтомушев.








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??