п»ї

  Маалымат майданында

Кайда дейт?
К.Бакиевдин Катчылыгынын
мурдагы кызматкерлери учурда...
Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин Катчылыгынын кызматкерлери республикадагы апрель айындагы окуялардан кийин кимиси кандай иш менен алек болуп жатат болду экен?


Катчылыктын экс-жетекчиси Оксана Малеваная "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен маалыматтык колдоо, пиар иштери боюнча тымызын иштешүү келишимин түзгөн, деп гезит беттеринде жүрөт. Оксана айымдын абактан үй камакка чыгышына, жазасынын жеңилдешине да Текебаевдин тиешеси бар экени айтылат.
Катчылыктын жетекчисинин экс-орун басары Максим Каганер кээ бир маалыматтарга караганда "Республика" партиясында пиар жана алдыга жылдыруу иштерин жүргүзүп жатат. Бирок партиядан бул маалыматты четке кагышкан да, ырасташкан да жок.
Катчылыктын басма сөз кызматынын экс-башчысы Алмаз Турдумаматов "5-канал" телеканалында башкы продюсер болуп иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түштү. Бул тууралуу аталган каналдан да ырасташты. Катчылыктын өз ара кызматташуу кызматынын экс-башчысы Илим Карыпбеков учурда көз карандысыз эксперт болуп иштеп жаткандыгын жана башка компаниялар менен консорциумдагы I-Media компаниясында консультативдик жардам берип жаткандыгын "Баракелдеге" билдирди. Анын айтымында, ал Оштогу окуядан жабыркаган балдарды Ысык-Көлгө жиберүүдө эксперттик жардамын берип, иш алып барууда. "Мамлекеттик кызматта иштеген жерим жок", деди ал.
Катчылыктын басма сөз кызматынын кызматкери Алмаз Үсөнов учурда Өмүрбек Бабановдун"Республика" партиясынын басма сөз кызматында иштеп жатат.




Коммунисттерге жаңы лидер
Бишкекте 31-июлда Коммунисттер партиясынын борбордук комитетинин пленуму болуп, анда партиянын жетекчиси алмашып, экс-лидери Исхак Масалиевдин ордуна Бумайрам Маматсейитова келди.

С.Абдыкасымов, А.Бакаевдин эми кызматы жок
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов 29-июлда Бишкек мэриясынын кезектеги жыйынына катышып, каржылык-чарбалык жана өндүрүштүк ишмердүлүүгү үчүн мыйзам бузууларды кетирген "Бишкектеплоэнерго" муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Сагынбек Абдыкасымовду ошондой эле көп тартип бузууларды кетирген Бишкек мэриясынын муниципиалдык менчикти башкаруунун жетекчиси Аймэн Бакаевди кызматтан четтетти.

"Аюнун" жетекчиси партия түздү
Кыргызстандагы "Аю" алкоголдук фирмасынын жетекчиси Шаршенбек Абдыкеримов да катардан калбай, "Келечек" деген партия түзүп, Темир Сариевдин "Ак шумкарына" кошулуп, октябрдагы шайлоого белин бекем бууп барганы даярданып жатат.

У.Барыктабасовдун бизнеси банкрот дейби?
"Мекен Туунун" лидери Урмат Барыктабасовдун финансылык абалы ойдогудай эмес болуп, анын чет жактагы бизнеси банкротко учурап, миллиондогон "жашылбайынан" айрылыптыр деп массалык маалымат каражаттарына тарап жатат. Ошого байланыштуу Барыктабасов быйылкы шайлоого катышаар-катышпасы али арсар.

Ө.Суваналиев, Э.Ибраимова, Г.Дербишева чогуу
Өмүрбек Суваналиев, Эльмира Ибраимова, Гүлнара Дербишева, Айбек Чекошевдер "Эл үнү" партиясына киришти. Партияны материалдык жактан Болот Марипов жана Жеңиш Байгуттиевдер колдошмокчу.

Ош ЕККУ полициясы кирбесин деди
Мындай чечим Ош шаардык кеңешинин 2-августта өткөн 24-сессиясында кабыл алынды. Чечим кабыл алууну депутат Назаралы Арипов сунуштаган. Аталган жыйында депутаттар Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовду, комендант Курсан Асановду жана тополоңдо курман болгон депутат Аскар Шакировду Кыргыз Эл баатыры наамына көрсөтүштү. Баса белгилей кетсек, Ош шаардык кеңеши бүгүн өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды талкуулоо үчүн чогулган.

А.Эркебаев: "Улуттук комиссия 1990-жылдагы Ош окуясын да кошо иликтейт"
Июнь айындагы коогалаңдын себептерин жана кесепеттерин иликтөө боюнча улуттук комиссия Ош жергесинде иштей баштады жана аны менен бирге 1990-жылдагы Ош окуясы да кошо иликтенмекчи, деп комиссия төрагасы Абдыганы Эркебаев айтты. Эгерде президент белгилеген 10-сентябрга чейин комиссия тийиштүү корутунду чыгарууга үлгүрбөсө, комиссиянын иш мөөнөтү узартылышы да ыктымал. Ошентип комиссия мүчөлөрү 1-августтан тартып област жана райондук бийликтин башчылары, тартип коргоо органдарынын жетекчилери жана жаңжалдын күбөлөрү менен жолугушуп, Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак, Шарк жана Мады айыл өкмөттөрүнүн тургундары менен да жолугушуу өткөрүп жатышат.

И.Масалиев: "Мага кылмыш иши саясий негизде козголду"
Исхак Масалиев 2-августта берген маалымат жыйынында ага карата кылмыш иши саясий негизде козголуп, жөнү жок жерден күнөөлөнүп жатканын билдирди. Анын айтымында август айларынын ортосунда ага карата козголгон кылмыш иши сотко берилет. "Акыркы эки ай ичинде мени бир гана жолу суракка алышты. Кандайдыр бир эки тараптуу сурак алуу жүргүзүлгөн жок. Эми мен өзүмдүн жарандык укуктарымды коргоо боюнча иш жүргүзөм", - дейт каңырыгы түтөп.

Р.Отунбаева: "Айрым саясий партиялар Шайлоо кодексинин талаптарын бузуп жатышат"
Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева 31-июлда Ошто аялдар менен жолугуп кайтты. Анын айтымында, түштүктө өзгөчө кырдаал киргизилгенине байланыштуу парламенттик шайлоонун мөөнөтүн белгилөө кечеңдетилип жатат. Ошондой эле айрым саясий партиялар мыйзамды каалагандай тебелеп-тепсеп, чогулуштарды өткөрүп, Шайлоо кодексинин талаптарын одоно бузуп жатышканын белгилеп, буга укук коргоо органдары көрмөксөн болуп жатканын да кошумчалай кетти.





  Крим

Өзбек бизди өлтүрөйүн деген го?..
Өзбекстандын чек ара кызматында 23-июль күнү 43 тонна жардыруучу зат жүктөлгөн (амоннит) беш жүк ташуучу машина Кыргызстанга келаткан жеринен кармалды. Бул боюнча чек ара аскер УКМКнын башкы башкармалыгынын орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанга багытталган жүк "Кыргызгеолотехкомплектке" тиешелүү жана Жала-Абад шаарына жеткирилиши керек болгон. Учурда жүктү алып келаткан кыргыз атуулдары жана жүк Өзбекстандын аймагында. Эки жактын ИИМлиги жана чек ара кызматынын башчылары бул тууралууу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учуру.

Полковник киши өлтүрсө анда....
Массалык башаламандыкты уюштурууга жана катышууга Жалал-Абадда оор жагдайда адам өлтүрүүгө шектүү деген айып менен отставкадагы милициянын полковниги жана Сузак районунун "Москва" атындагы колхоздун мурдагы директору кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад областынын ИИБнын басма сөз кызматынын башчысы Т.Суусунбаев билдирди. Анын айтымында, кармалган 2 адам 12-14-июнда Топурак-Бел ашуусунда адам өлтүрүү фактысы боюнча айыпталып жатышат. Расмий маалымат боюнча бул жерде 16 адам өлтүрүлүп, 2 адам дайынсыз жоголгон.

А.Бокушевдин кримтобунун мүчөсү кармалды
29-июль күнү А.Бокушевдин кримтобунун 30 жаштагы мүчөсүн Чүй облусунун Кара-Балта шаарында "Мерседес" унаасы менен кармашты. ИИМнин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган кримтоптун мүчөсү мурда 168 (каракчылык), 170 (акча доолоо), 343 (кызмат адамынын наамын же бийлигин өзүм билемдик ыйгарып алуу), 125 (эркиндиктен мыйзамсыз арылтуу), 348 (документ, мөөрлөрдү уурдоо, жок кылуу же жашыруу) беренелери боюнча издөөдө болгон. Анын унаасын тинткенде запастагы дөңгөлөктө 1 кгдан ашуун марихуана баңгизаты табылган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.


  Дүйнөдө

Ме, сага! Мусулман айымдары үчүн секс-дүкөн ачылды!
Бахрейнде секс-дүкөн ачылды! Персид куймасындагы өлкөлөрдүн арасында эң биринчи болуп мындай дүкөн ачылып отурат. Бул шумдуктуу дүкөндү Хадиша Ахмед аттуу айым ачып, жадакалса телевидениелерге чейин чыгып, дүкөн тууралуу айтып өттү. Швейцариялык гезит жазгандай, секс-дүкөндө Европа мамлекеттериндегидей секс-оюнчуктары, же аксессуарлардын ассортименти деле жок. Болгону массаж үчүн майлар жана ар кандай түрдөгү вибраторлор сатылат. Аталган дүкөндүн эшиги үй-бүлөлүүлөргө гана ачык. Анын кожойкеси "Төшөк үчүн канчалаган жаш үй-бүлөлөрдүн жашоосу урап жатат. А менин дүкөнүм мындай нерсенин болбошуна шарт түзөт. Исламда төшөк кумарына эч кандай тыюуларды салган эмес, - дейт Хадиша Ахмед.







кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??