п»ї

  Кычык... кызык суроолор

Эдил Байсалов:
"Леонардо Ди Каприо эмес экенимди билем"
"Кычык... кызык суроолор" рубрикабыздын астында кыргыздын белдүү саясатчыларына, белгилүү инсандарына ар кандай суроолорду жаадырып, алардын "нервин" текшерип көрүүнү чечтик. Алгачкы коногубуз саясатчы Эдил Байсалов.

- Арак ичесизби?
- Ооба, ичем.
- Баңгизатын колдонуп көрдүңүз беле?
- Короодо өскөн кара куурайды бир жолу тартып көргөм. Өзүм чылымга жок болгондуктан, кара куурай мага жаккан эмес.
- Качкындарды үйүңүзгө багып алат белеңиз?
- Андайдан кудай сактасын. Качкын болуу өзүмдүн башымдан да өттү. Өзүмдүн атам биз бала чакта күнүгө эле жолдо калган жолоочуларды "Мында калып калыптыр… Автобус албай кетиптир… ж.б." деп ээрчитип келе берчү. Үйдөн киши үзүлчү эмес. Кыргызда "Канча бут кирсе, ошончо кут кирет" деп коёт эмеспи. Анын сыңарындай, мен дагы үйгө буттардын көп кирип турганын жакшы көрөм.
- Өзүңүздү күзгүдөн караганда коркуп кеткен учурлар болобу?
- Өзүмдү көз айнеги жок күзгүдөн карансам, таптакыр башка кишимин. Күзгүдөн карап коркпойм, бирок кейип калам. Анткени көз айнеги жок абдан сулуу жигит болмокмун.
- Аялыңыздан айлыгыңыздын канча бөлүгүн "кымтып" аласыз?
- Бизде андай "кымтымай" жок. Анткени, ал кишинин өзүнүн акчасы бар. Келинчегим менин чөнтөгүмө, мен аныкына тийишпейбиз.
- Чогуу иштешкендерге кыйкырасызбы?
- Мени сыртымдан караган адамдарга ошондой эле көрүнөт болушум керек. Бирок, мени менен иштешкен адамдар мүнөзүмдү жакшы билишет. Негизи эле жакшы көргөн кишилериме көбүрөөк кыйкырам. А такыр эле түшүнбөгөн адамдарга сүйлөбөй да коём.
- Эстрада жылдыздарынан ким менен дуэт ырдайт элеңиз?
- Мага кыргыздын ырчыларынан Гүлнур Сатылганованын үнү абдан жагат. Өзүм ырга жок болсом да, мүмкүнчүлүк болсо Гүлнур менен ырдамакмын. Бирок, өзүм уят болуп калмак болушум керек.
- Өзүңүздү кайсы жаныбарга окшоштурасыз?
- Мышыкка жакынмын. Өзүмдү да мышыкка окшоштурам. Мышыктар көп укташат го. Мен дагы уктамыш болуп жата берем, бирок, кулагым угуп турат.
- Кандайдыр бир маселени чечүүдө кызмат ордуңузду пайдаланып көрдүңүз беле?
- Менин кызмат абалым деле өтө чоң эмес. Ошондуктан, кызмат абалыман пайдаланган эмесмин.
- Доктурдун айлыгына канча күн жашай аласыз?
- Өзүмдүн апам доктур. Ошондой эле доктурдун маянасына жашап, өскөнбүз. Азыр менин жашоо деңгээлим доктурдукунан эч кандай деле айырмалана бербейт.
- Эртең мененки дене тарбия көнүгүүлөрүн жасайсызбы?
- Дене тарбия көнүгүүлөрүн жасаганга аракет кылам. Тилекке каршы, күнүгө жасаганга Кыргызстанда шарттын жоктугун байкадым. Чет өлкөдө машыгып, залдарга, бассейндерге барчумун. Бул жакка келгенде саясатка аралашып, оюм башка жерге бөлүнүп калгангабы билбейм, бирок чет жакта жүргөндө өзүмө көбүрөөк көңүл бурам.
- Эмне үчүн соттолууга даярсыз?
- Мен Акаевге, Бакиевге каршы чыгып, ошолордун каарына калып соттолгом. Азыр деле жаңы бийликтин каарына калчудай болуп турам. Бирок, элдин кызыкчылыгы үчүн күрөшкөндөн кийин, өзүмдүн жеке башыма түшкөн кыйынчылыкты көтөрүүгө дайым даярмын!
- Адам соттотуп көрдүңүз беле?
- Жок. Бирок, кандайдыр бир маселе пайда боло калса, ошол момент эле сотко кайрылам.
- Бала кезиңизде эмне үчүн көп уруш жедиңиз эле?
- Бала кезде "балтаке" болчумун. Ар жерге жыгылып, кийимимди булгап эле жүрө бергенимдин айынан уруш угуп калчумун. Көкүрөк күчүк болгондуктан, көп деле жазалашчу эмес. Тескерисинче, мен апама бултуюп таарынып, отуруп алчумун.
- Эгерде досуңуз, тууганыңыз, кошунаңыз же кесиптешиңиз ВИЧ-инфекциясы менен жабыр тартса кандай мамиле кылат элеңиз?
- Билбейм, андан да кудай сактасын! Мен бул оору жөнүндө жакшы эле билем. Аталган оору тууралуу жетишээрлик деңгээлде маалыматтарым бар болгондуктан, туура эле карамакмын.
- Кайсы сапатыңыз сиздин жашооңузга терс таасирин көп тийгизет?
- Ачыктыгым бар. Бир нерсени бетке айтып салам. Эгерде ошол сапатымды таштасам, азыркыдан жүз эсе бай болмокмун. Бирок, кылган нерсеме көп деле өкүнө бербейм.
- Карьераңыз үчүн кандай курмандыктарга бардыңыз?
- Карьера деп жүрүп, Батыштагы университеттерге барган жокмун. 1995-жылы Улуттук банктын ошондогу төрагасы Марат Султанов, "Батыштагы университетке барып окуп кел" деп стипендия берген. Андан баш тартып, "Мен Кыргызстанда болгум келет, ушул жакта жашайм. Кыргызстандагы тарыхый окуяларга өзүм күбө болгум келет" деп, ал сунуштан баш тарткам. Андан кийин да бир канча мүмкүнчүлүктөрдүн болгондугуна карабай, чет мамлекеттер чакырган университеттерден баш тарткам. Ошентип, кыргыздын саясатына, тарыхый окуяларына катышып, практикалык деңгээлде үйрөнгөм.
- Келинчегиңиз кыялданган бриллиантын алып бердиңизби?
- Жаңыдан турмуш курганда бриллиант шакек алып бергем. Андан бери андай шакек алганга мүмкүнчүлүк жок.
- Мурунку айда кандай кайрымдуулук иштерин кылдыңыз?
- Мурунку ай оор айлардан болду. Оштогу болгон каргашалуу окуяларга баарыбыз билекти түрүп алып катуу кириштик. Ал жакта жабыр тарткандарга колуман келген жардамымды бердим.
- Пластикалык операция менен өзүңүздүн келбетиңизди өзгөртмөк белеңиз?
- Эч жеримди өзгөртмөк эмесмин. Анткени, башынан эле Леонардо Ди Каприо эмес экенимди билем.
- Ыңгайсыз абалдан чыгып кетиш үчүн алдап көрдүңүз беле?
- Кээ бир жерлерде жакшы иш үчүн алдаганга, көңүлүн калтырбаш үчүн "Баары жакшы болот ж.б." - деп, алдап соороткон учурлар болгон. А ыңгайсыз абалды дайыма өзүмө-өзүм түзүп алам. Ошондуктан, андай абалдан чыгуунун жолун деле ойлонбойм.


Төлөбүбү Касымалиева









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??