п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Инсанат

Жусупов Кубанычбек, Музыкант-гобоист:
"Президент мамлекетти мыкты дирижердой башкарыш керек"
"Симфония болсоң сен эгер, Нота болуп өзүм турайын…" "Ээ-й кереметтүү күүлөр куюлуп, Кулагыма турат угулуп…"-бул ыр саптары ошол классика дүйнөсүнүн өзүнөн кабар бербесе да, акын аны мекенге болгон сүйүү менен айкалаштырып жазып салганын карабайсызбы. Классикалык музыка -бул маданияттын туу чокусу. Ал дайым мезгилден тыш жана дайыма популярдуу. А бирок негедир андагы профессионал музыканттар дайым көмүскөдө калгансыйт. Бул санда биз оркестрдин "чуңкурчасында" жашынып отурган жеринен профессионал музыкант, Опера жана балет театрында гобой аспабын сыбызгыта ойногон гобоисттер тобунун концертмейстери Кубанычбек Жусуповду сууруп чыктык.

Кантип гобоист болдум?
- Мен Лейлектен болом. Анан андагы айылдык балада гобой деген түшүнүк кайдан болсун? Бир күнү "Алга" деген жергиликтүү гезитибизден "Музыкалык окуу жайга балдарды кабыл алабыз" деген жарнаманы окуп калдым. Өзүм музыкага жакын элем, гитара ойногонду билчүмүн. Бөлүмдөрүн окуп отуруп "гобой" деген жазууга көзүм түштү. Г тамгасынан башталса эле ойлоптурмун, гитарага окшош аспап болсо керек деп. Ошентип Ошко келип, Ниязалы атындагы музыкалык орто окуу жайына 9-класстын базасы менен келип, сынактан өтүп, окуп калдым. Анда деле жарым жылдай гобой эмне экенин билбей жүрдүм. Анан эптеп-септеп окумай башталды. Ал жакты окуп аяктаган соң борборго Искусство институтуна багыт берип жөнөтүштү. Борбордо да көңүл жок эле окуп жүрдүм, анүстүнө "От" деген эстрадалык топко гитара ойноп кирип алгам. Түндөсү көчө шыпырып иштейм. Иши кылып таптакыр эле сабактан алыстап кеттим. Мугалимдер "окубайт" деп ортодон окуудан да чыгарып салышып, жубайым Назгүл чуркап жүрүп кайра кирдим. Агезде Назгүл биздин үйлөмө аспаптар бөлүмүндө лаборант болуп иштечү. Анан эле окуу жай Консерватория болуп бөлүнүп, ошого шердендимби, билбейм, айтор гобойду баш-отум менен үйрөнгөнгө кириштим. Түнү менен көчө шыпырам да эртең мененки саат 6да Консерваторияга келем. Мен эки саат өз алдымча даярданганчакты сабак башталат. Ушинтип жүргөнүмдү мугалимдер да байкашыптыр. СССРдин эл артисти, Профессор Зарлык Мамбеталиев менен профессор Кайыпбек Айтыгулов деген агайларым эшикти ачып "Азамат, Азамат!" деп туруп жаап коюшаар эле. Ошол сөз эле мага бир топ дем берип, ал ансайын класска киргенге ашыгам. Төртүнчү курста окуп жүргөнүмдө Опера жана балет театрында бир гобоист каза болуп калып, мугалимдер анын ордуна мени сынакка жиберип ийишти. Дароо эле спектаклде ойнотуп текшермей болушту. Насыр Давлесов пультта. "Чолпон" балети. Залда эл толтура… Бүткөн соң дирижер, музыканттар "Жакшы ойнойт экенсиң…" деп далыга тапташса, мага какшыктагандай сезилди, анткени өзүмө-өзүмө ишеним артпай турган кез. Анан ошол кеткен боюнча театрга барбай жүрө бердим. Бир күнү окуу жайга Шамшы деген гобоист байке келиптир, мени чакырып. Ошентип театрга кайра бара баштадым. Ал жактан да күнүгө да өз алдынча даярданам. Анан үстүңкү кабаттан дайыма бирөө парданы ачып карап турганын сезем, ал мен карагыча "шарт" жаап коет. Бир күнү мен да ага билгизбей "шарт" карай койдум. Калый Молдобасанов экен. Менин көрүп калганымды көрүп, узун, шадылуу колдору менен "шак-шак" этип алаканын чаап койду.
Бир күнү "Айчүрөк" операсы болмой болду. Музыканттар анча-мынча ичип алышыптыр, опера баштааларына 10 мүнөт калганда шашып кирсем кызымтал музыканттар мени 1 партияга отургузуп коюшту. А 2, 3 гобойдун үнү 1 партиядагы гобойго ылайыкташып, аны ээрчип обон созушат. Башкача айтканда эң жоопкерчиликтүү "сололорду" 1 партияда отурган гобоист ойнойт. Пультта Калый ага эле. Ал ойноп жатып мени көрүп өзү чочуп кетти. Менин али тажрыйбам жетиштүү эмес эле да 1ге отурганга. Оюн бүткөндө мага өзүнчө ийилип, рахматын билгизгенде гана жакшы ойногонумду билдим. Ошондон баштап мени жогорку категориядагы гобоист кылып коюшту. Мени Калый ага жакшы көрчү эле, "пацан" деп койчу. Ошентип мени агайларым Аман Курманалиев, Абды Тургунбаев, дирижерлор Калый Молдобасанов, Асанкан Жумакматов, Насыр Давлесов жана бардык гобоисттер чогулуп келип мени да профессионал гобоист кылышты.
"20 жылдан бери не кылып жүрөсүң"? -дегенде…
- Нурик деген бир классташым бар. 20 жылдыкка чогулуп калганыбызда бүт классташтарымдын көзүнчө "Кубан, сен музыкалык жактан окудум эле дейсиң, 20 жылдан бери же атыңды укпайбыз, же телевизордон көрбөйбүз же гезитке чыкпайсың.
Би-ир кылган ишиң билинбейт" деди. Анан бир курдай аны атайын "Менин иштеген жериме келип кет" деп концертке чакырдым. Америкалык дирижер-Шпигельман, Москвада жашап-иштеген өзүбүздүн кыргыз пианист жигитибиз Азамат Сыдыков, Германиядагы жердешибиз вокалист-ырчы Жамиля Райымбековалар келген эле. Бүткөндөн кийин классташым "Сеники жакшы эле экен. Анча-мынча эс алып коет экенсиң. А тиги барабанщикке жыргал турбайбы, жарым саатта бир уруп коюп... Ушинтиш үчүн беш жыл окудуңбу?" деп кайра тамашалап жатпайбы. Бирок, ошондон кийин мени менен сыймыктанаарын айтып калат. Бул профессионалдуу музыканы түшүнүү өтө кыйын да. Ал үчүн адамдын интеллектуалдык деңгээли бийик, билимдүү болушу керек. А бизде керек болсо кээ бир сахна адамдарынын билими тургай, сахнада өзүн-өзү алып жүрүү этикасы жок болуп жатпайбы.
Аспаптар ыйы же музыканттардын абалы
- Кыргыз телесинен "Плачь инструментов" деген бир көрсөтүү жакшы көрсөтүлүп жатып эле токтоп калды. Сонун көрсөтүү эле. Ошондо айтылган сөздөй азыр гобой менен гобоисттердин абалы ыйлаарлык эле. Керек болсо биздин маданият тармагындагы жетекчилердин кээ бирөө гобой эмне экенин билишпейт. Гобой- абдан баасы кымбат аспап. Бизде буга жакшы көңүл бурбагандыктанбы, аспаптар да эски бойдон. Кээде чет мамлекетке чыгып калганда алардыкын көрүп туруп уяласың. Биздикинин эскилиги жеткендиктен "кикстер" чыгат, ойногондон тышкары "Ии эми мени уят кылбаса экен" деп ойлоносуң дагы. Гобойго эле эмес дегеле профессионал музыканттарга азыртан маани берип, көңүл бурбаса алардын баарынан кол жууп калышыбыз мүмкүн. Чындыгында алар бизде абдан көп. Түркмөнстан деле бир кезде "Бизге классиканын кереги жок. Бул биздин салтка туура келбейт" деп, оркестрлеринин баарын жоюп салышты эле, эмне болушту? Бирок, мунсуз болбосун кеч да болсо түшүнүп, азыр эми ар кай жактан күчтүү музыканттарды мамлекетине чакырышып, үй-жай биякта калсын, кашыгына чейин алып берип, "Кайрадан биздин классикалык музыканы буттан тургузуп бергиле" деп болгон мүмкүнчүлүктү түзүп берип жатышат. Бизден эле канча музыканттар кетти. Мага да чакырыктар бат-баттан эле түшүп турат. Кетип калайын дейм, үй-бүлө, эл-жерди кыя албайт экенсиң. Анүстүнө былтыр андагы президент К. Бакиевдин "Театрда иштегендердин айлыгы 100 % көтөрүлөт" деген токтомун угуп, ошол жомокко ишенгем да. Негизи эле музыканттар ишенчээк, бала-кыял, байлыкка, бийликке жутунбаган калк келебиз. Анан кээде жанагы эмгек сиңиргенди алгандарды көрүп туруп бир четинен күлкүбүз келсе, бир четинен ыйлагыбыз келет. Бизге деле стимул берип коюшса кана? деп. Өткөн жылы "Эмгек сиңиргенди" кой, "Ардак грамотага" документтеримди чогултуп өткөрсөм, Ак Үйдүн наам берүүчү комиссиясынан өтпөй калыптыр. Опера жана Балет театрында, Мэриянын алдында түзүлгөн симфониялык оркестрде, Филармониянын камералык оркестринде иштеп, М. Абдраев атындагы музыкалык окуу жайында жана Улуттук Консерваторияда окуучуларга сабак берип атып мен алалган жокмун, анан эле беш-алты ырды фонограмма менен "соккондор" кантип алышат билбедим. Ушул жердин баарына гобоисттердин жетишсиздигинен анан экинчи маселе айлыктын аздыгынан барып иштейсиң. М. Абдраев атындагы окуу жайга башында 200 сом айлык менен чакырышканда моюн толгосом, Муратбек Бегалиев Акимович "Сен эмне өзүңдөн башка гобоист чыгышын каалабай жатасыңбы?" деди эле, дароо жөнөдүм. Акчадан да гобойду үйрөтүү абдан татаал, көп эмгекти талап кылат. Анан топ менен үйрөтпөйт, өзүнчө мамиле керек. Мен өзүм деле азыркыга чейин үйрөнүүнүн үстүндөмүн. Азыр 4 окуучум бар. Алар мыкты гобоист болуп чыгышса менин эмгегимдин кайтканы ошол.

Президент мамлекетти мыкты дирижердой башкарыш керек
Театрда мурда К. Молдобасановдордун убагында таптакыр башкача эле. Театрдын жетекчиси чарба иштери менен гана алек болчу. А негизги рычагды-хор, балет, операны дирижер карачу. Театрга көбүнчө сырттан келген коноктор, элчилер келет. Чет мамлекеттен да гостролерлор көп келгендиктен жетекчинин көрөңгөсү бай болгону жакшы. А маданият министри андан бешбетер. Ушундан улам бир нерсе эске түштү. Мурдагы маданият министрлерибиздин бирөөнө Улуттук комиссиянын тизмесин алып барышса "Эмне үчүн тизмеде С. Бейшекеев жок, Б. Борбиев жок" дейт имиш. Эми С. Бейшекеев менен Б. Борбиевде кеп жок. Алар эл ичинен чыккан таланттар. Кеп биздин жетекчилерде болуп жатпайбы, профессионал музыка менен фонограмманы ажырата билбеген. Негизи министрдин бир орун басары классик музыкант болгону оң. Экинчи орун басары уюштургуч-менеджер болсо андан жакшы. Ал эми президент мамлекетти мыкты дирижердой башкарса... Мыкты дирижер оркестрдин "чуңкурчасында" отурган 60-80 музыканттын ар бири кандай ойноп жатканын байкап турат. Бирөө эле бир жеринен "кыңк" эттиби, оюн бүткөн соң жанына барып жазасын берет же кеңешин айтат. Президент да көз алдындагыларды ушундай көрө билгенде мамлекетибиз эчак оңолмок.

Эльмира Мадиева








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??