п»ї

  Жыштык жылдызы

Эрке кыз,
"Алмаз" радиосунун ди-джейи:
"Элдин эркеси бол деп..."
Миңдеген угармандардын башын бириктирип, бир убакта, бир мезгилде ыр-күлкү тартуулап, адамдын жалгыз экенин билгизбеген бул-радио. Мына ушул радио тармагында эмгектенип, көшөгө артында элине кызмат кылган ди-джей Зарина Кадыркулова тууралуу маалымат .

Балалык
- Менин балдай таттуу балалыгым Сокулук районуна караштуу Белек айылында өттү. Апам айтып калат, "Сен башка балдардай тентек болгон жоксуң, тескерисинче абдан зирек, зээндүү кыз элең" деп. Эртеден кечке оюнга тойбой жүрсөм да, балдар-кыздарды чогултуп алып, "Мен концерт берем, силер мага гүл бергиле" дечү экенмин. Ушул күндөр менин кайрып алгыс балалыгымдын көз ирмемдери тура.

Окуучулук күндөр
- Менин талантымды байкаган апам Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке берет. Мектепте абдан тың болгондуктан класс жетекчим Жаңыл эже мени староста кылып шайлап койду. Азыр ойлосом ошол учурда мен өзүмдү абдан эле чоң сезип, балдар-кыздарды "указка" менен коркутуп, кээ бирлерин уруп да койчумун. Анан алардын ата-энелери апамды чакыртып алып даттанышчу. Үйгө келгенде апам, "Староста деген бардык жагынан жетишкен үлгүлүү окуучу болуш керек" деп түшүндүрүп эле жатчу. Азыр ошол окуяларды эстеп, классташтарымды көргөндө уялып калам.

Кесип
Апам мени ырчы болот го деп үмүттөнүп жүргөн. Бирок мен 7-класста окуп жүргөндө Нуржамал Бурханова, Эльмара Турсуналиеваларды көрүп, аларга суктанып, "Апа, мен окуумду ийгиликтүү аяктасам журналист болом" деп калчумун.Окууну бүткөндөн кийин классташтарым менен Консерваторияга барбастан, КУУнун журналистика факультетине тапшырып алдым. Документ тапшырып кезекте турсам баары ата-энелери менен жүрүшөт, а мен жалгыз. Ошентип тытынып жүрүп экзаменден өтүп кеттим. Баары бүткөндөн кийин апама, "Мынакей окууга өттүм, эми контракт төлөмөй милдетиңиз калды" деп күлгөм. Кудайга шүгүр, быйыл окуумду аяктадым.

Алгачкы эфир
Радиого келгениме аз гана убакыт болду. Буга чейин КТРде "Поющий город" көрсөтүүсүн алып барчумун. "Алмаз" радиосуна жаңы келгенде кесиптештерим "Псевдоним менен чыкпайсыңбы" деп калышты. Көпкө ойлонуп, акыры кесиптешим Гүлбайра " Элдин эркеси бол" деп "Эрке кыз" деген ысымды сунуштап калды. Ал ысым мага да жакты. Ошентип биринчи эфирге Гүлбайра менен чогуу чыктым. Акырында валюталар курсу менен аба ырайын окушум керек эле, жазып алган нерсемди калтырап окуй албай, шашканымдан "Эртең Республикабызда күн күркүрөп, жамгыр жаайт" деп салгам. Эфирден кийин кесиптештерим каткырышып, "Сен синоптик болуп кеттиң го, эртең эми элдер жаан күтүшөт" десе, мен калп айтканыма аябай жаман болгом. Эртеси ачык турган күн күркүрөп, жамгыр жаап атса Гүлбайра күлүп, "Эрке болду, экинчи антип айтпачы, бизге жамгырдын кереги жок" деген эле.

Уктуруулары
Учурда таң эрте булбулдай сайрап эки саат "Таңкы шоуну", андан тышкары турмуштагы социалдык проблемаларды чагылдырган интеллектуалдык берүү "Учкул ойду", жекшембиде сезимдин сырларын талкууга алып чыккан "Сүйүү тамчысы" программасын кесиптештерим менен бирге алып барам. Ошондой эле өзүм ишемби, жекшемби күндөрү аз да болсо айдоочуларга көңүл буруу максатында бир сааттык "Айдоочуга салам" куттуктоо программасын эфирге алып чыгып, жагымдуу ырларды алардын урматына тартуулайм. Аны уккан кээ бир маршрут айдаган байкелерибиз байланышка чыгып, "рахмат бизге көңүл бурганыңарга" деп ыраазычылыктарын билдирип турушат.




  Ыр дүйнө

"Таанымалдан табышмак" аттуу рубрикабыздын өткөн санында ырчы Сема окурмандарга табышмак каткан. Табышмакка ар түрлүү жооптор келип, биринчилерден болуп тапкан Манзура аттуу окурманыбызга Сема өзүнүн белегин ыйгарды.


СЕМА:
"Тапканга караганда каткан жакшы"
- Сема, табышмак каткан жакшы бекен же тапканбы?
- Табышмакты тапканга караганда катканды жакшы көрөм. Сиз тапкан табышмакты да китептерден издеп, эң кыйынын бергем. Бирок, сиз менден да кыйын экенсиз, таап алдыңыз (күлүп). Табышмак айткан кишиге жакшы, айтып коюп адамдарды ойлонтот. Ал эми таба турган кишиге кыйын, улам ар кайсы "вариантты" айта берип чарчайт. Эң негизгиси табышмак бул- адамдын аң сезиминин кеңейишине шарт түзөт.


МАНЗУРА:
"Гезит саткан күркөдө иштейм"
- Манзура, табышмакты өзүң таптыңбы же кимдир бирөө жардам бердиби?
- Өзүм эле таптым. Мен гезит саткан күркөдө иштейм. Ар бир жаңы келген газетаны барактап, калтырбай окуганга аракет кылам. Мында да күндөгүдөй эле гезит окуп отуруп, табышмакка көзүм түштү. Ойлонуп отуруп жообу "кан" болсо керек деп, смс жөнөтүп койгом. Буйрук экен, минтип жеңүүчү болдум.




Дарбыз менен диета кармаган Сыймык
Жай мезгили ден соолукту чыңдаганга, витамин топтогонго эң сонун мүмкүнчүлүк түзүп берет эмеспи. Ушул учурдан пайдаланып көпчүлүгү өзүнүн фигурасын ирээтке келтирип алууну каалап, диета кармашат. Алардын катарында Сыймык мырза да дарбыз менен диета кармап, "өзүмдү жеңил сезип, анча-мынча салмагымдан арылдым" дейт. Дарбыз диетасын жакшы кармаса, 5 күндө 7 кг. арыктоого болот экен. Ал үчүн эгерде салмагың 80кг болсо, күнүнө 8 кг дарбыз жешке туура келет. Ошондой эле башка тамактарга тыюу салынат. Мына ушул талапты аткарып жаткан Сыймык мырзанын эркинин күчтүүлүгүнө баракелде!


Дархан тушоо кесүү концертин берет
Башкалардан өзгөчө стили менен айырмаланган Дархан, 3-август күнү кичи мекени Кара-Балта шаарында жеке концертин коёт. Концертке сахналаш достору Айпери Кубик кызы, "Синдикат" бийчилер тобу жана Алексей Филатовдун бий мектеби катышат. Дархандын алгачкы чыгармачылык кечесинде көрүүчүлөргө көптөгөн сюрприздер тартууланат. Андан соң ырчы Кыргызстандын булуң-бурчтарына гастролго чыгат.


Алексей телеалыпбаруучулардын мектебин ачат
Жаны такыр тынбаган Алексей Филатов дагы бир жаңы долбоордун үстүндө иш алпарууда. Ал "Жаңы ысымдын" телевизиондук варианты, башкача айтканда телеалыпбаруучулардын мектебин ачканы жатат. Бул мектепке 8 жаштан 18 жашка чейинки балдар-кыздар тандалып, теленин "кухнясы" менен кеңири таанышып баскан-турганды, сүйлөгөндү, өзүн алып жүргөндү үйрөнүшөт. Окууну бүткөн соң телеканалдарга барып, сьемкага чыгып, көрсөтүүлөрдү даярдашат. Эң таланттуу окуучу бекер окууга жана телеге чыгууга мүмкүнчүлүк алат.


Самара Мырзакулова




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??