Сураптырсыз жооп беребиз

Косметолог менен гинекологдун кеңеши
Редакциябызга адистердин кеп-кеңешине муктаж болгон суроолор менен кайрылгандар көп. Бул саныбызда косметологго жана гинекологго суроолор көп келгенине байланыштуу эки бөлүмдүн адистеринен жооп алып бергенге аракет кылдык.


- Тоналдык бет майды канча жаштан тартып колдонсо болот? Бетке бырыш түшүрбөйбү? Асель, 21 жашта.
- Тоналдык бет майды 17-18 жаштан тартып колдонсо болот. Эгерде сапаттуусун колдонбосо, бетке бырыш түшүшү мүмкүн. Атайын салондордон алган тоналдык бет майларга витаминдер кошулган, алар пайдалуу дагы. Тоналдык бет майлар кургак жана майлуу болуп экиге бөлүнөт. Сизге ылайыктуусун тандап алыңыз.

- Колдун бырышын кантип кетирүүгө болот? Рахат, 26 жашта.
- Атайын колдун кремдерин колдонуш керек. Бырыштарды кетирүү үчүн үй шартында ар кандай маскаларды колдонсо болот. Мисалы: жумуртканын сарысын алып, ага бир чай кашык оливка майы, бир чай кашык каймакты кошуп чогуу аралаштырып, колго сүйкөп, андан кийин баштыкча менен ороп же болбосо колкап кийип эки саатка коюу керек. Мындай масканы бир жумада бир жасап турсаңыз бырыштардан арыласыз.

- Жашылча жемиштерди жесем эле бетим кызарып кетет, ал эмнеден? Гүлназ, 26 жашта.
- Анда жашылчалардан аллергияңыз бар. Анализ тапшырып көрүңүз дагы аларга каршы дарыларды ичиңиз. Бетке кызарып чыккан аллергия дагы ички органдарга жайылып, сөөктөрдүн сынык болуп калышына алып келет. Ошондуктан аллергиядан сак болуш керек.

- Көздүн алдындагы майда бырыштарды кантип кетирсе болот? Сезим, 23жашта.
- Көздүн тегереги абдан назик тери болгондуктан, көйгөйлүү маселе болуп эсептелинет. Көздүн алдындагы майда бырыштарды алдын-алуу үчүн 20 жаштан өткөндөн кийин атайын көздүн тегерегине колдонуучу кремдерди сүйкөсө болот же болбосо салондордо "микрофлог" деген аппарат менен бырыштарды кетирсе болот.

- Бетиме жумурткадан маска койсом эч нерсе болбойбу? Чолпон, 25 жашта.
- Эгерде жумурткага аллергияңыз жок болсо, коркпой эле жасай бериңиз. Бирок, аны экиге бөлүү керек. Сарысы кургак беттерге ылайыктуу болсо, актары майда бырыштарга жана тактарга пайдалуу. Жумуртканын маскасы бетке убактылуу эффект берет.

- Күнгө күйгөндөн кийин бетимде бырыштар пайда болду, аны кантип кетириш керек? Алтынай, 25 жашта.
- Муну "Фитостарение" деп коет. Туура эмес күнгө күйгөндөн пайда болот. Көл жээгине чыгууга 15 мүнөт калганда бет майларды сүйкөш керек. Кээ бири жээкке барып алып сүйкөгөндүктөн, туура эмес күйүп калышат да, анан бырыштар пайда боло баштайт. Көлдөн эс алып келгенден кийин көбүнчөсү салондордон атайын спркейлерди сатып алышат.

- Зоб менен жабыр тарткан кыздар кийин төрөбөй калышы мүмкүнбү? Назгүл, 17 жашта.
- Зоб менен жабыр тарткан кыздардын айыз каны убактысында келбей калат. Сөзсүз түрдө эндокринологго кайрылып, текшерилиш керек. Эгерде боюнда бар болсо, анда ал коркунучтуу. Бала өспөй, бойдон түшүп калышы мүмкүн. Андыктан, терапевт -эндокринологго кайрылып, гармондорду текшертүү абзел.

- Кош бойлуу учурунда "УЗИге" көп түшүү ден соолукка зыянбы? Үмүт, 29 жашта.
- Көп түшүү зыян. Кызбы же эркекпи деп кызыгып улам түшө берсе болбойт. Ал баланын ылдыйлашына алып келет.

- Бир нече жыл мурун доктурлар "эрозия шейки матки" деп диагноз коюшту эле. Бирок, ал оорутпайт, чоңойбойт деле. Мен эми төрөөнү пландап жатам. Аны төрөттөн кийинби же ага чейин дарылашым керекпи? Кымбат, 35жашта.
- Сөзсүз түрдө төрөткө чейин дарыланыңыз. Ал өзүңө билинбейт. Эрозия оорубайт, чоңойбойт дагы, бирок зыяндуу. Аны гинекологдор күзгү менен карап анан дарылайт.

- Спираль менен көп убакытка чейин жүрүү ден соолукка зыянбы? Жылдыз, 32 жашта?
- Ар бир үч жыл сайын алмаштырып туруш керек. Анын дагы өзүнүн мөөнөтү болот. Алгач текшерилип алып, андан соң койдуруш керек.

- Фето-планцен-тардык жетишсиздик деген эмне? Наргиза, 26 жашта.
- Ал боюнда бар кезде энеден балага тамактануу жетпей калганды фето-планцентардык жетишсиздик деп айтабыз. Эне оозуна эмне алса, бала ошо менен тамактанат. Тактап айтканда тон аркылуу барат. Ошондуктан кош бойлуу убагында ичимдик жана чылым чеккендерге катуу тыюу салынат. Анткени балага терс таасирин тийгизип, бала жакшы тамактануу ала албай калганы ошондон.

- Мен күйөөм менен жашап атканыма көп эле болду бирок, кыздыгым дагы эле алына элек, мунун кандай себептери бар? Алина, 26 жашта.
- Кыздык ар кандай болот. Сиздики чоюлчаак турбайбы. Аны төрөт убагында баланын башына тоскоол болбош үчүн кесип салат. Андан эч нерсе болбойт.

- Ар бир ай сайын айыз каным кечигип келет, анын кандай себептери бар? Гүлнура, 18жашта.
- Гинекологго кайрылып, текшерилиш керек. Урук бездери жакшы иштебей калгандан улам кечигип келет. Тийиштүү дарыларды колдонуп, курстук дарылануудан өтүңүз.

- Миома, рак ооруларын кантип дарылоо керек? Кыял, 34 жашта.
- Анын себептери абдан көп, рактын пайда болушун онкологдор аныкташ керек. Ал эми миома эгерде кичинекей болсо, дарылар менен айыктырууга болот. Ал эми чоң болсо операция жолу ыңгайлуу.

- Гинекологиялык операцияны жасаткандан кийин канча убакыт оор көтөрбөш керек? Мээрим, 34 жашта.
- Операциядан кийин гинекологдон сөзсүз кеңеш алышыңыз керек. Кандай оору экенин карап, анан айтса болот. Бирок, бир ай оор көтөргөнгө болбойт.

- Айызым келгенде ичим чыдатпай ооруп, анальгин ичсем басылып калат. Бул зыян эмеспи? Мунара, 19 жашта.
- Ал эмне себептен ооруп атканын гинекологго кайрылып билиш керек да. Дарыларды көп колдонбош керек. Ичиңиз чыдатпай ооруса, анальгин ичип койбостон, анын себебин билүүгө аракет кылыңыз.

- Поликистоз деген ооруну кантип дарылоо керек? Рыскүл 34 жашта.
- Аны гармондук же операция жолу менен айыктырууга болот. Гинекологго кайрылсаңыз туура дарылоонун ыкмасын сунушташат.

- Ден соолугу чың бала төрөлүш үчүн эмне кылуу керек? Гүлсүн 24 жашта.
- Ал үчүн эненин ден соолугу чың болушу керек. Балалуу болууну алдын ала пландаш керек. Эне толугу менен текшерилиш керек. Гинекологдун көзөмөлүнөн өтүп, керектүү витаминдерди алып, ден соолугун чыңдаш керек.