п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Киностан

Көрүүчүлөрдүн көңүлүндөгү
Корей фильмдери
Учурда корей кинолору өзгөчө популярдуу болуп, кинотеатрлардан, экрандан түшпөй келүүдө. Ар түрдүү жанрда тартылган кино-сериалдар көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, жогорку баасын алып, кино бизнесине көптөгөн кирешелерди алып келгени белгилүү. Жогору айткан сөзгө төп келип, жаштар арасында популярдуулукка жеткен корей сериалдары жана алардын мазмундары тууралуу кыскача айтып бермекчибиз.


"Улуу асман"
Режиссерлор- Ли Ён Хи, Син Юн Сол
Ролдордо- Юн Чжон Хи, Ли Тхэ Гон, Чо Ён У,
"Дорогое небо" романын жазганы үчүн корей жазуучусу Им Сон Хан көптөгөн сынга дуушар болгон. Бул роман коомчулукта аябагандай талаш-тартышты жараткан. Анткени анда башкы каарман Сон өзүнүн кызын таштап, күйөөсүн ээрчип Америкага жаңы жашоо баштаганы кетип калат. 20 жылдан кийин кызын издеп Кореяга келет. Ал эми анын кызы Га Гён багып алган ата-энеси менен жашап, чыныгы ата-энеси тууралуу эч нерсе билбейт эле. Ошол учурда кыздын бакма энеси күтүүсүздөн каза болуп, атасы экинчи жолу үйлөнөт. Өгөй энеси кызга аябай кордук көрсөтөт. Андан соң бакма атасы да каза болуп, өгөй энеси Пэ Дык күйөөсүнөн калган мурастарын чача баштайт. Жашоодон кыйналган кыз университетти таштап, үй-бүлөсүн багуу үчүн жумушка орношот. Ошол учурда аталаш байкеси экөө бири -бирин жакшы көрүп калышат. Бирок, сиңдиси Ким Чхон Хо сүйүшкөндөрдүн мамилесине караманча-каршы турат. Ошентип дагы бир сыноого кабылып кыйналып жүргөндө Ён Сонго (өзүнүн энеси) жолугуп калат. Ал кызга эне катары жардам берип, кызы менен телевидениеде чогуу иштеген аталаш байкеси Ку Ван Мо экөөнүн үйлөнүшүнө бардык күчүн жумшайт.
Бул сериал тартылып бүткөндөн кийин дагы ар бир сериясы катуу талкууга алынат. Анда өзүнүн кызын кандаш болбосо да байкесине турмушка чык дегени көптөгөн ызы-чууну жараткан. Талкуунун натыйжасында сериалдын рейтинги көтөрүлүп, 50серияга пландалган сериал 85 серияга жеткен.

"Эң жакшы балдар"
Жанр-комедия, мелодрама
Режиссер-Чон Ки Сан
Ролдордо- Koo Hye Sun, Lee Min, Kim Hyun-joong , Kim Bum, Kim Joon.
Ди Чанди орто мектептин жөнөкөй окуучусу. Анын үй-бүлөсү Кореянын эң бай адамдарынын балдары окуган белгилүү колледж "Шинхванын" артындагы химчистканы иштетишет. Бир күнү Ди Чанди кардарынын мектепке кийчү формасын алпарганы колледжге жөнөйт. Ошол учурда окуучу бийик мектептин чатырынан секирип, өз жанын кыймак болгондо аны куткарып калат. Анын эрдиги тууралуу бүт шаар угуп, прессаларда чоң резонанс жаратат. Жогорудагыдай окуядан кийин элдер "Эмне үчүн Шинхвада" байлардын гана балдары окуш керек " деп чыгышат. Ошентип куткаруучу кыздын эрдиги бааланып, мектепке кабыл алынат. Ал жерден көптөгөн тоскоолдуктарга учурайт. Анткени "Шинхванын" жетекчисинин баласы мектепке өз тартибин орноткон белгилүү F4түн (толпанын) лидери болот. Мына ушул төрт жигиттен (F4)классташтарын коргойм деп жатып Ди Чанди мектеп диктаторлорун өзүнө каршы кылып алат. Окуянын өзөгү ушу менен өзгөрүлүп, уланып отурат.


"ДАМО" ПРОДЮСЕР- ЛИ ЧЖЕ ГЮ
Ролдордо- Ха Чжи Вон, Ли Со Чжин, Ким Мин Чжун
Че Ок жетиштүү үй-бүлөдө чоңоёт. Атасынын императорго кылган туура эмес мамилесинен улам күнөөлүү деп табылып, императордун каарына калган үй-бүлө качып жөнөйт. Жолдо Че Ок иниси менен энесинен ажырайт. Өзү колго түшүп, жаш кожоюн Хван Бо Юнга кызматчы болуп жөнөтүлөт. Аны көргөн жаш кожоюндун эски жарасы козголот. Анткени анын энеси да туткун кыз болгондуктан кичинекей кезинде энесинин көз жашына көп күбө болгон. Кыздын өзүнө кам көргөнүн баалап, ага жакшы мамиле жасап экөө согуштук ыкмаларды чогуу үйрөнүшөт. Ошентип Бо Юн полицияда тергөөчү болсо, Че Ок "Дамо" деп аталган аял-детектив болуп иштей баштайт. Бара -бара алардын ортосунда сүйүү сезимдери тутанат. Андан ары сериал күтүү, сагынуу, кайгыруу, трагедиялык спец-эффекттер да коштолуп, сюжет кызыктуу уланат.


"Дүйнөдөгү эң жакшы аял"
Режиссер- Ко Дон Сон
Башкы ролдордо- Ким Нам Чжу, О Чжи Хо, Ли Хе Ён, Чхве ЧхольХо, Юн Сан Хён.
Жанр -комедия
Сулуулук бул- эң башкы курал демекчи, Чхон Чжи университеттеги балдар арасындагы эң популярдуу кыз. Ошондой болсо да ал медициналык факультетте окуган, бирок канды көрсө эле жыгылып калган Он Таль Суга турмушка чыгат. Акыры күйөөсү кандын жытына чыдабай окуусун таштап, үйдө жумушсуз отуруп калат. Ошондо ал бардык түйшүктү мойнуна алып, күйөөсүнүн социалдык абалынын жана карьерасынын көтөрүлүшүнө өз салымын кошот.




Кат куржун
Редакциябыздын "Кат куржунуна" көп каттар келип түшөт. "Уккан кулакта жазык жок" дегендей, окурмандарыбыздын кулагы чалып калган "ударный ушактарына" жооп алуу максатында керектүү адамдарга кайрылдык. Ошентсе да, шамал болбосо чөптүн башы кайдан кыймылдасын?

"Нурзатка С.Раев ким?.."
Саламатсыздарбы "Обон"! Телеалыпбаруучу Нурзат Токтосунова былтыр "Эң мыкты маданият кызматкери" деген наамга ээ болуп, маданият министрлигинде да иштеп аткан ээ? Аны ушул даражага жеткирген андагы министр Султан Раевдин салымы зор дешет го. Укканда "Соо киши калбай калган го" дедим ичимден. Бир чети ишенген деле эмесмин. Бирок, 7-апрелдеги революциядан кийин Н. Токтосунованы "Замана" берүүсүнөн "Мурдагы бийликтеги Султан Раевдин көңүлдөшү экен" деп жумуштан чыгарып ийиптир деп уктум. Ошондо "М. Конгантиевге жакындыгы бар" деп Жанара Атабекованы чыгарып жибергенин, ал өзү бир гезитке айтып бергенин окугам. Ушуга Нурзат да жооп берип кое алабы? Токмоктон Жайна.


Нурзат Токтосунова: "Султан
Акимовичтен кечирим сурайм"
- "Эл оозунда элек жок" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Мен жумушка кирээрде резюмемди Султан Акимовичтин кабылдамасына таштап кеткем. Алардын койгон талабына мен төп келсем керек. Барсам, орун басары Рыскул Мамбеткулович "Султан Акимович айткан айым сизсизби?" деп мени жумушка алды. А Султан Акимович экөөбүздүн ортобузда байланыш болмок түгүл, бир кабинетте чогуу олтуруп сүйлөшсөм кудай урсун. Менин үй-бүлөм бар, Султан Акимович дагы үй-бүлөлүү адам. Ал эми "Заманадан" кеткеним да ага тиешелүү эмес, өзүм эле айлыгынын азына чыдабай баса бергем.


"Неля менен Урматка не болду?"
Салам "Обон"!
Азыркы жаштардын үйлөнгөндөрүнөн, ажырашкандары бат экени чын. Былтыр эле Урмат менен Нелянын баш кошкондоруна күбө болгон элек. Неляны Урмат "ырдабайсың" деп, ошонун айынан урушуп атышыптыр деп уктук. Эми Урмат менен Неля ажырашып атыптыр деп уктум. Калп эле болсо экен эми. Ошону өз ооздорунан угайын дегем. Бишкектен Гуля.

Неля:
"Жакшынакай балабыз турганда..."
- Бул адамдардын фантазияланган ушагы окшойт. Эми менин сахнадан көп ырдабай калгандыгымдын себеби, балалуу болдум дегендей, анан өлкөбүздөгү кырдаалдар дагы чоң ролду ойноду. Урмат менин чыгармачылыгымды тескеринче колдойт, ошондуктан Түркия шаарына чейин барып келдим да. Жаңы клиптерди тарттырдым. Буюрса, жакында болчу дагы бир конкурска даярдык көрүп жатам. Урмат экөөбүздүн ортобузда жакшынакай балабыз турганда ал "урушмак" турсун, андай ой дагы жок.






кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??