окумал

Сен жана мен
(Уландысы, башы
өткөн санда)
Эриш-аркак

Бири-бирине тартылышкан түгөйлөрдүн таттуу күндөрү көз ирмемдей көзгө илешпей өтүп жатты. Эртең менен эрте турганга көнгөн Дуулат туруп жуунуп, тамагын газга коюп, анан Сүйгөндү ойготот.
- Ичикий муздак экенсиң. Дагы муздак сууга жуундуңбу? Үшүдүңбү? Кел жылытайын?-дейт Дуулаттын өпкүлөгөнүнөн көзүн ачкан Сүйгөн төшөгүнүн чекесин көтөрө жылмая күлүп.
- Сен мени дагы азгырып атасыңбы? Кечээкидей дагы кечигип калбайын, -дегени менен Дуулаттын көздөрү ойноктоп, жылуу коюнга киргенче шашат. Күйөөсүнүн жуунган соң сууланышкан чачын акырын сылап, жыттып, өпкүлөп, шыбырашып, качан гана Сүйгөндүн уйкусу ачылганда ордунан турмайды адат кылып алган.
Келин ысыган тамагын куюп, күйөөсүнүн астына коюп, чайын белендеп, өзү эки жаагын таянып Дуулаттын тамак ичип жатканын көз албай тиктеп олтурганды жакшы көрөт.
- Өзүң да ичпейсиңби?-дейт күйөөсү шашыла тамактанып жатып.
- Жок, мен анан… Мен сени тиктеп, ар күнү ар бир кыймылыңды кыя кетирбей карегиме сүрөт кылып тартып алгым келе берет. Кээде сенден ажырап калчудай, сен эртең менен жумушуңа кетип, кечинде кайрылып келбей калчудай жаман сезим боло берет. Эмнеге?-дейт дароо үнү каргылдана түшүп.
- Койсоңчу болбогон кепти. Андай сезимди алып туруп алыс ыргытып ийиш керек. Кана чогултуп туруп жаман ой-сезимиңдин баарын менин дипломатыма салып койчу, жолдон таштанды челектерге ыргыта кетейин, -дейт жылмайып. Шашыла туруп чекесинен туруп сүйүп алат да, - мен сени менен абышка болуп алжып калганча чогуу болом. Менден эч ажырабайсың, ошон үчүн жаман ойлорду ойлобой жүр макулбу. Сабагыңа канчага барасың, уктап калбай барсаң. Азыр сен мени кетирип коюп эле жылуу төшөккө кирээриңди билем да жаным десе!- деп ээгинен өйдө тарта өөп алып, формасын кие баштайт. Сүйгөн ордунан тура калып, үтүктөп бүктөп койгон бетаарчысын сунуп, баш кийимин алып босогодо туруп калат. Качан гана Дуулат бут кийимин кийип болгон соң фуражкасын башына кийгизип:
- Кечинде кездешкенче. Мен сени сүйөм!-дейт жарк эте.
- Мен да!-дейт Дуулат көздөрүнөн сүйүп жатып.
- Эмне сен да?-билип турса да кээде ушинтип ажыкыстанып секундчалык убакыт болсо да күйөөсүн жанына кармап тургусу келет.
- Мен да эме…Эмне эле ?-Дуулат да тамашалай каткырып күлүп, кучактай калып,- Мен да сени аябай сүйөм,- деп кулагына шыбырап алып аскердик кадам менен шартылдай басып чыгып кетет. Сүйгөн терезеден кол булгалап калат. Бактылуу жылмая күйөөсү айткандай жыйыла элек төшөгүнө жатып кыялдана кетет. "Кечинде эмне тамак жасасам? Кантип тосуп алсам?" Анан Дуулаттын ар күнү жумуштан келгендекисин эстейт. Күйөөсү кирбей жатып эле:
- Алтыш, бүгүн эмне тамак?-дейт. Улам-улам ашкана тарапка көз таштап.
- Айтпайм билип аласың, кана өзүң тапчы эмне тамак жыттанып жатат?
- Мм...м, манту.
- Жок.-экөө тең күлөт.
- Анда таппадым. Айтсаң курсагым аябай ачты.
"Бүгүн стипендия алсам жарым кил эт алып өзү жакшы көргөн куурдагын жасабасамбы".
Чындап эле күйөөсү куурдакты аябай жакшы көрөт.
- Жамандын тамагын кара. Куурдакка күнүгө эле эт кайда?-деп кээде Эдил тамашалап чычалатып калат. Булардын үйүнө келип, тамактын үстүнөн чыккан күндөрү.
- Мына ушуларды эстеп, ойлоно түшкөн Сүйгөн саатты карай калып шашыла ыргып турду. Жарым сааттан кийин сабак башталат. Кийинип, боенуп, а бирок чай ичкеге жетишпей калды. Эртең менен Дуулат менен эле ичип албай деп ичинен кейип да алды.
Түштөн кийин эрди кеберсип, өзөрүп сабактан келип, өзөк жалгаган соң үйүн ирээттеп, тамак жасап алып күйөөсүн күттү.
Үй-бүлөлүк турмушунда кыйналганы-күйөөсүнүн аскер кийимин үтүктөмөй болду. Башында Дуулат өзү үтүктөп, көргөзүп жүрдү. Бара-бара ал ишти өз колуна алды. "Адамовдун аялы жүдөмүш неме, карасаң шымынан эки кыр чыгарып койгонун", -деп жүрбөсүн жумуштагыларың деп тырышып, шашпай бүт жагын тазалап, үтүктөп илет
Бул күнү Дуулат аябай кечикти. Тамак ичпей, жарыкты да жандырбай терезеден күтүп, сырттагы караандардын арасынан күйөөсүн издеп көпкө отурду. Акыры ою жаманга кетип, бир сыйра бышактап ыйлап да алды. Качан гана Дуулат дарбазадан киргенде сүйүнө ыргып туруп, ашканага жүгүрдү. Күйөөсү кызымтал эле.
- Кечирип койчу. Бүгүн жумушта экөө туулган күнүн белгилешип бир аз ичип коюп… Сен уктабай күттүңбү? Эмне караңгыда олтурасың? Келчи, аябай сагынып кеттим сени,-деп кучактайын деген күйөөсүн боюна жолотпой, тултуя түштү.
- Мен сен жөнүндө ойлобогонду ойлоп, сарсанаа болуп олтурса а сен мага айтпай этпей жырга-ап жүрдүңбү?-жарым саат мурун эле "эмне болсо да аман-эсен келип берсе экен?" деп тиленип отурган келиндин ою дароо өзгөрдү. Таарынып турду.
- Койчу эми, тултуйбачы, мен деле билген эмесмин. Анан атайын кафеге чакырып жатышса, мен кантип басып кетмек элем, андай болбойт да,-деп ой-боюна койбой кучактап, өпкүлөгөнүнө карабай келин ийибей турду.
- Тамак барбы?-деди Дуулат. Кийимин которуп жатып.
- Эмне туулган күндөн тамак берген жокпу?
- Жок, ичтим, бирок баары бир сенин тамагыңа окшошпойт экен. Анын үстүнө ит аягын жаламайын ыраазы болбойт деп коюшат го. Келчи, чогуу отуруп тамак ичебиз.
- Алдабай эле койчу.
- Алдабай эле, күйөөсү күлүп жиберди. Келин баштан аяк сыдыра тиктеп, ызалуу баш чайкады. Эртең менен таптаза кийип кеткен щымынын багалеги баткак, жүз бырыш.
- Мен формаңды кечээ эки саат үтүктөп тазалабадым беле, карачы кейпин?-Сүйгөн ыйламсырай үн катты. -Сен өзүң эле иче бер, мен кийимиңди тазалайын.
- Эч нерсе болбойт, өзүм эртең менен сүртүп коем. Сырта жамгыр төгүп, биздин жол да жаман экен. Күйөөсү актана кетти.
Келин ага көнбөдү, эртең мененкиге чейин кургап калсын деген ой менен кийим тазаламайга киришти.
Ушунун айынан экөө кыжыңдаша түштү. Бул экөөнүн биринчи жолку кер-мур айтышканы эле. Келинге катуу тийди. Кызуу, чарчаңкы Дуулат кол шилтеп, тамактан да баш тартып тескери карап жатып алды.
Мындай күндөр кийин көп эле болду. А бирок таарынышып эртеси элдешкен күн сонун. Күйөөсү көтөрүнүп көп таттуу ташынып келип, ал күнү жалынып жалбарып, башынан бутуна чейин өпкүлөп, кечирим сурап бүгүлүп турат.
- Кечирип койчу, экинчи эч качан айтпай-этпей кармалбайм, бул акыркы жолкусу. А бирок…
Бара-бара кечиримдүү, сабырдуу болуга үйрөндү.
- Күйөөң кызуу келген күндөрү таарынычыңды айтып ачууланбай, тескерисинче күлүп жайнап тамак-ашыңды алдына коюп алдап кой. Анан эртеси айтчуңду айтып, сен жеңиште болосуң, уруш-талаш да болбойт. Эркек-арстан, жолборстой. Аларды түк ылдый сыласаң андан өткөн сонун киши жок. Бардык каалооңду аткарат. А кокус эле жазып-тайып түк өйдө сылап алсаң түктүйө түшүшөт. Каарданып, кабагына кар жаап, күркүрөп, анда сага күн жок,-деп айтты бир күнү Таня өздөрүнчө калганда.
(Уландысы кийинки санда)