п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кызыктар дүйнөсү

Эң кымбат тамак-аштар...
Эгерде акчаң чөнтөктөн ашып-ташып турса, ким эле өзүн эркелеткиси келбесин. Атайын байларга деп өзүнчө шарттар түзүлөөрүн дүйнөлүк тажрыйбадан улам билебиз. Эгерде сиз да алардын катарына кирсеңиз анда эң-эң кымбат береги тамак-аш, суусундуктарды сунуш этебиз. Анда эң даамдуу жана эң кымбат тамактангыңыз келсе...


Эң кымбат жаңгак
Дүйнөдө эң кымбат жаңгак бул- макадамия жаңгагы. Бул жаңгактын мекени болуп Австралия өлкөсү эсептелинет. Австралиялыктардын жакшы көргөн тамагына айланган бул жаңгактын негизи,эки гана түрү бар. А бирок ага окшошкон жасалма түрлөрүн Бразилия,Гавайи жана АКШнан тапса болот. Макадамия жаңгак дарагынын узундугу 40 метрге чейин жетип, 100 жылга чейин түшүм бере алат. Бирок аны терип- жыйнаш татаал болгондуктан жылына 40 тонна гана түшүм ала алышат. Өз мекени Австралия өлкөсүндө 1килограммы 30 доллардан жогору.


Эң кымбат картошка
Баалуу картошка десек биз үчүн таңкалыштуу болот болуш керек. Чындыгында дүйнө жүзүндө эң кымбат баалуу картошканын сорту бар экен. Анын аталышы дагы өзгөчө "La Bonnotte". Муну Нурмуатье аралында жашаган элдер өстүрүшөт жана жылына 100 тоннага жакын түшүм алышат. Бир килограмм "La Bonnotteнин" баасы 500 еврону чапчыйт.


Эң кымбат чайдын баштыкчасы
"PG" Англияда белгилүү чай чыгарган компаниялардын бири. Компаниянын 75 жылдыгына арнап, эң кымбат чайдын кичинекей баштыкчасын зергерлер чогулуп фантазия менен ойлоп табышкан. Алар баштыкчаны 280 бриллиант ташы менен кооздоп чыгышып компанияга белекке беришет. Анын баасын эсептеп чыгышса 8 миң фунт стерлингге айланган.Компаниянын ээси ал баштыкчаны аукционго коюп, түшкөн акчасын Манчестрдеги балдар үйүнө которгон.


Эң кымбат десерт
Эң кымбат десертти Нью-Йорктун "Serendipity 3"? деген ресторанынан жесе болот. Бул десерт кадимки эле сүттөн жасалат, бирок курамына какаонун 25түрү, алтындан жасалып жегенге болгон шоколаддар жана көптөгөн даам бере турган сливкалар менен даярдалып, адамдын таңдайын тамшантат. Болгондо да алтын идишке куюлуп, алтын кашык менен берилет. Көрүнүшү эле көргөн көздү уялтат. Баасы 25 миң доллар. Эң башкысы, жеп бүткөндөн кийин десерт салынган алтын идишти кошо белек катары ала кетет.


Эң кымбат козукарын
Эң кымбат козукарын бул-ак түстөгү "Трюфель" козукарыны. Мунун ачык баасын аныктоого мүмкүн эмес. Анткени "Трюфель " жоголуп бара жаткан жемиштердин катарына киргендиктен, жалаң гана аукцион аркылуу сатылат. 2004-жылы 850 граммдык "Трюфель"козукарынын 28миң фунт стерлингге бир бай сатып алган. Аны сатып алган киши жеш үчүн эмес, тигип- өстүрүп, көбөйтүү максатында алган. Бирок, ойлогону ишке ашпай, козу-карын бат эле соолуп калган. Ошондой эле 2007-жылы Гонконгдо аукцион болуп 750 граммдык козукарын сатылган. Биринчиден айырмаланып, муну сатып алган адам үй-бүлөсү жана достору менен тамактанып алышкан. Белгилей кетчү жагдай, аукциондор жашыруун түрдө өтүп турат.


Эң кымбат эт
Эң кымбат эт бул- Япониянын уйларынан эти.Тактап айтканда, Япониядагы кооз жана мал бакканга ыңгайлуу болгон Кобе шаарынан кезиктиребиз. Ал уйлардын пародасы Вагиу деп аталат. Вагиу уйларын япониялыктар жөнөкөй чөп менен эмес, ар кандай кошулмалары бар атайын жасалган чөптөр менен багышат. Суу менен кошо пивону аралаштырып беришет. Буга чейин уйлар Японияда эле болсо, эми Австралияга дагы сатылып кетүүдө. Австралиялыктар сүттү андан жакшы көбүрөөк бериш үчүн кызыл вино менен багып жатышат. Эт кыпкызыл жана жумшак, майлуу болот. 200 грамм эт 100 доллардан сатылат. Ошондо 1 тилим этти миң долларга алууга болот.


Эң кымбат шампан
Дүйнө жүзүндө эң кымбат шампан "Perrier Jouet Belle Epoque Blanc de Blanc". Бир жылда бир эле жолу түшүм бере турган жогорку сорттогу жүзүмдүн ширесинен жасалат. 2007-жылы Россия өлкөсүнө болгону 156 бөтөлкө шампандын ушул түрү экспорттолуп келген. Ар бир бөтөлкөсү миң евродон турат.


Эң кымбат суу
Дүйнөдө эң кымбат суу чыгарган компания "Kona Nigari". Компания сууну жөн гана тоодон алышпай океандын түбүнөн алышат экен. Эң таза делген океандын суусун да тазалашып анан бөтөлкөлөргө куюшат . Ар бир бөтөлкөнүн баасы 2000 миң доллардан жогору. Бул суунун дарылык касиети дагы өзгөчө.


Келсин Мурадил кызы





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??