п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Архивге саякат

"Кыялдар орундалат" деп күнүгө 24 саат бою жабык экранда мукам үндөрү менен угармандарды арбап, музыкалардын коштоосунда жагымдуу маанай тартуулаган "Миң Кыял" FM радиосуна саякатка чыктык.

"Миң Кыял" FM радиосунун кеңсесинде...

Бул бүркүт угарман бийкечтерден, радионун ди-джей мырзаларына белекке келген. Тактап айтканда, ди-джей Расулдун туулган күнүндө алынган белек. "Бүркүттөй алгыр, курч болуп, кыргыздын керегине жараган мырзалардан болсун"деп күйөрман кыздары тилек айтышкан.


2009-жылы 31-декабрда биздин таанымал ырчыларыбыз чогулуп, АКШ өлкөсүнө концерт коюп келишкен. Ал жактан атайын радио үчүн бул футболканы алып келишип, өзүлөрүнүн кол жазмаларын түшүрүп кетишкен. Бул жерде Динара Акулова, Арсен, Омар, Макс Бегалиев, Микаэлдин кол жазмалары жана каалоолору жазылган.


Ди-джей Расулдун колундагы "нарданы" продюсер Назгүл Насиева атайын жасатып берген. Сыртында "Миң Кыял FM" деп чегерилип жазылган. Бул белек темир тор артында отурган адамдардын колунан жасалган.


Быйыл 1- январда "Миң Кыял" FM радиосуна үч жашка толуп, аларды куттуктап, маркум Микаэль жамааттын ар бир мүчөсүнө бирден кружка алып келип берген. "Ар дайым мени эстеп жүргүлө" деп айтканы эсибизден кетпейт- дешет.


Ди-джей Уландын башындагы шляпасын радио 1 жашка чыкканда, ырчы Сема алып келген. Ал эми сол колундагы кагаз баракчага, эң активдүү угарманы Жалын деген кыз атайын сайма сайып, гүлдөрдүн сүрөтүн тартып түшүрүп берген. Ал эми оң колундагы "Эркиндик" статуэткасын ырчы Омар жакында эле Америкадан ала келиптир.
Үлүлдөрдү болсо, бирин Гүлзинат Суранчиева, 2008-жылкы Россия шаарында өткөн "Беш Жылдыз"конкурсунан ала келсе, экинчисин ырчылар Нена менен Эрлан Андашев алып келип биришкен.

"Миң кыял" 2 жашка чыкканда сырдуу күйөрманынан бул сүрөт белекке келген.


Бул сүрөт радио ачылганына бир жыл убакыт өткөндөн кийин келген. Ага чейин угармандар биригип, "Азия FM "деген топ түзүшкөн. Ошол топтун мүчөлөрү алып келген экен.


"Миң Кыял" FM радиосунун урааны, жыштыктары түшүрүлгөн бул "Баннер" деп аталат. Радиого угармандар тарабынан келген алгачкы белек.


Радионун бардык угармандарынын, белгилүү адамдардын алып келген белектери ушул секичеде сакталуу. Андан тышкары сыйлыктары дагы ушул жерде сакталып турат экен.


Келсин Мурадил кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??