п»ї

  Сырмаек

Максат Бегалиев:
Көптөн бери гезит беттеринде көрүнбөй калган ырчы Максат Бегалиев бизде мейманда.
- Кандайсыз? Иштериңиз жакшыбы?
- Жакшы, кудайга шүгүр. Азыр "Максимум" деген аталыштагы үчүнчү альбомду чыгарайын деп жатам. Бул альбомдо эски-жаңы жана башка стилдеги ырларым бар. Жакында бурюса, ар бир ырыма бирден клип тарттырып чыгайын деп жатам. Клиптердин сценарийлеринен бери өзүм түзүп чыктым.
- Азыр ырчылардын көбү эле "3 d MAX" менен клип тарттырып жатышпайбы. Сиздин клиптерди да аталган форматта көрө алабызбы?
- Жок, менин клиптерим башкача форматта болот. Сиз айткандай, азыр көбүнчө "3 d MAX" форматында компьютердин жардамы менен клиптерди тарттырып жүрүшөт. Аларды деле көрүп жатам. Бирок, бизде азырынча ал тармак өтө жогорку деңгээлде өнүгө элек десем да болот.
- Орозо кармайсызбы?
- Ыйык Рамазан айында калп айткан абдан чоң күнөө. Мен орозо кармаган эмесмин, бирок эки-үч жолу ниеттенгем. Ортосунан бир-эки күн оозун ача коюп, аягында эки күн кошуп кармап коём дегендерди көп жактыра бербейм. Менин ашказаным да ооруйт. Антейин десем, биздин жумуш орозодой эле. Эртең менен тамак ичип кетип, иштен ар нерсеге алаксып жатып, тамак ичкенди да унутуп каласың. Ал эми битир, садакаларды өз убагында берип турам. Келинчегим да кармабайт.
- Сөз келинчегиңиз жөнүндө болуп кеткенден кийин, жаңыдан таанышкан күндөрдү эске сала кетпейсизби?
- Жакын досума бир кызды ала качып барганда келинчегим Назгүл аяшымдын курбусу болуп барган эле. Ошол жактан таанышып калып, бир жыл сүйлөшүп, сөйкө салып, жарым жылдан кийин үйлөндүм. Кыскасы, бардык кыялын жакшылап билип алып, анан алгам. (күлүп)
- Үйлөнгөнүңөргө канча жыл болду?
- Үйлөнгөнүбүзгө үч жыл болуп калды. Балам эки жарымга чыкты.
- Балаңыз Айтоонун аты өзгөчө го, ким койду эле?
- Айдай, тоодой бийик болсун деп чоң ата-чоң энеси, таята-таенеси биргелешип коюшкан. Буюрса, экинчисин өзүм коём деп жатам.
- Ата болгондогу кызыктуу окуялардан айта кетсеңиз?
- Кышында жылуу жуурканда мемиреп уктап атсам, Назгүл, "Максат, мен төрөгөнү калдым" - деп чыйпылыктап жатса, "Кичине чыдап турчу, бир аз уктап алайын" деген боюнча кайра уйкуга кеттим. Ойлоно калып туруп, тез жардам чакыртып, ооруканага алып бардым. Анан эртеси күнү кечке маал мага уул төрөп берди. Төрөткө өзүм катыштым. Бир маалда төрөт кабыл алып жаткан акушер эже, "Өз балаңдын киндигин өзүң кес" - деп, кайчыны берди. Көзүмдү жуумп туруп, баламдын киндигин кестим. Ошентип, Жаңы жылды төрөт үйүнөн тоском. Кубанычым койнума батпай, баламды кармап алып, ал салютту көрө тургансып, атылып жаткан салютту көргөзгөм.
- Назгүл эженин үй иштерине кол кабыш кылып коёсузбу?
- Ооба, жардам берем.
- Kүйөрман кыздарыңыздан кызганабы?
- Башында концерттерге кетип калганда чалып, "Эмне кылып атасың? Кайсы кыздын үнү чыгып жатат?" - деп кызгана берчү. Бир эки жолу концертке алып барып, "Концерт деген мына ушундай болот" деп тааныштырып койгондон кийин, туура түшүнүп калды.
- Кесиби эмне?
- Архитектор-дизайнер. Учурда өзүнүн кесиби боюнча иштей элек, бирок билимин андан ары да өркүндөтүп жатат.
- Шоу-бизнеске аралашканыңызга канча болуп калды?
- Жаш ырчылардын арасынан алгачкы жеке концертимди мен коюп калдым. Шоу-бизнеске толук аралашканыма 6-7 жылдай болуп калды.
- Алгачкы кадам эстен кетпейт эмеспи. Сиздин да алгачкы сахнаңыз эсиңизде болсо керек?
- Мурун мектептин, университеттин сахналарына далай жолу чыгып, ырдап жүрчүмүн. Бирок, биринчи жолу Спорт сарайында Актан Исабаевдин концертинде чоң сахнага чыккам. Ошондо эки күн концерт болуп, биринчи күнкү концертте жакшы эле чыккам. Ошол кезде ресторанда да ырдачумун. Анан эле ресторанда ырдап жатсам, мас балдар келип мага асылып, мушташа кеткенбиз. Көзүмдү көгөртүп алып экинчи күнкү концерте ырдап чыккам. Ошентип, биринчи жолу сахнага көзүмдү көгөртүп алып чыкканым, дале да болсо эсимде.
- Шоу-бизнесте жүрүп, эмне байлык топтой алдыңыз?
- Шоу-бизнестин аркасы менен жер кыдырып келдим. Ал эми квартира, машина алган жөнөкөй эле нерсе болуп калбадыбы.
- Ырым менен жер кыдырдым деп жатасыз. Kайсы өлкөлөргө бара алдыңыз?
- АКШнын көп эле штаттарында болдум. "Kыргыз клаб" деген коммерциялык эмес уюм чакырып, барганбыз. Германияда, Лондондо болдук. Буюрса жакында, чет жактарга баралы деген оюбуз бар.
- Азыр бир жумуштун көзүн карап отура бергендер чанда гана болуп калбадыбы. Сиз ырдагандан башка эмне иш кыласыз?
- "Газпром" нефть компаниясында иштейм. Ал жакта өзүмдүн кесибим боюнча иш алып барам. Кесибим мамлекетти башкаруу болгондуктан, саясатчы болушум керек эле. А мен азыр шоу-бизнестин саясатында жүрөм. (күлүп)
- Ошентсе да саясатка аралашайын деген пландарыңыз барбы?
- Албетте бар, кудай буйруса анын баары алдыда. Көптөр ушундай учурду кармап калып, таанылып калабыз - деп 100 кишинин башын чогултуп, митинг өткөрүп жатышпайбы. А мен андай саясатчы болгонду каалабайм. Мүмкүн дагы эки жылдан кийин саясатчы болуп кетишим ыктымал. Андай нерсеге аралашыш үчүн көп нерсени билип алыш керек. Мисалы, кээ бирлер "Мен каржы министри болом" деп жүрөт. "Каржы министри эмне иш кылат?" - деген суроого да так жооп бере албайт. Ошон үчүн баарын беш колдой билип туруп, саясатка барам.
- Эмне үчүн ырларыңыз көбүнчө кайгылуу?
- Биринчи альбомумду студиядан жаздырып келип, уксам эле бардыгы тең кайгылуу экенин байкап калдым. Мазмунунда баары эле мени таштап кетип, мен жалгызсырап калып калгам. Отуруп алып өзүм да таң калдым. Шаңдуу ырларды ырдасам эле, жарашпай калат, же окшошпойт. Азыр болсо шаңдуусун да, кайгылуусун да аралаштырып жатам.
- Сизди жаңы тартылган "Уул" киносунан көрүп калганбыз. Ага кандайча тартылып калдыңыз эле?
- Найзабек Сыдыков деген режиссёр "Ушундай "Уул" деген кино тартылган жатат. Келип сценарийди окуп көрбөйсүңбү? Сени башкы ролго ылайыктап жатам" - дегенинен барып, сценарий менен таанышып көрүп, "Биринчи өзүмдү сынайын" деп экинчи ролду алгам. Эң кызыгы экинчи ролдогу баланын аты да Макс экен.
- Дагы кандай ролду ойногуңуз келет?
- Мелодрама ойногум келет.
- Дагы бир жаңы киного тартылып жатыптырсыз?
- Бул да биринчи тартылган кинонун мазмунуна окшошуп кетет. Бирок, "Жашоонун баасы" ("Цена жизни") тасмасындагы достор балдар үйүндө тарбияланып, чоңойгондон кийин, ар бири өзүнүн жашоосун таап кетет. Мен милиция болуп кетем. Досторумдун бири бандит, бири башка жол менен кетишет. Аягында бандит досумду милициялар кармап калган жеринен бошотуп, достугумду даңазалайм.
- Эми сиз эки жактын тең "кухнясын" билип калбадыңызбы. Кино оор бекен, же ырчылыкпы?
- Чынын айтсам экөө тең эле оор. Мисалы, ырчылыктын да өзүнчө оордугу бар. Ырчылар барып ырдап коюп эле акчаны сапырып калышат деп ойлошот. Чындыгында бир ыр жаздырып, иштеп чыгып, клип тарттырганда эле биз ырдаган акчадан да көп акча кетет. Актерлуктун деле өзүнүн оорчулугу бар экен.
- Кино учурунда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?
- Биринчи кадр кетип жатканда айта турган сөзүмдү унутуп калгам. Жанымдагы балага "Сен кандайсың?" деп суроо беришим керек эле. А мен, "Сен даярсыңбы?" десем, "Тиги даяр болсо, мен деле даярмын" деп коёт. Аны карап алып токтоно албай күлүп жибергем. Элдин баары мени жаман көздөрү менен карап... Көнгөндөн кийин ролго кирип кетет экенсиң. Ырчылыкты таштап, актёр болуп кетсемби деп ойлоп коем. Бирок, ырчылыкты баштагандан кийин, кайра ташташ кыйын.
- Кайсы ичимдик менен көңүл ачасыз?
- Мен көп деле ичпейм. Кээде майрамдар, же маанилүү салтанаттар боло калганда шампан ичип коём.
- Азыр жаш ырчылардын көбү эле күйөрмандарын жоготуп албоо үчүн "Үйлөнө элекмин.. Аялым жок…" - деп аялдарын жашырып жүрүшпөйбү. Сиз да үйлөнгөнүңүздү жашырдыңыз беле?
- Журналисттер сураганда "үйлөнө элекмин" деп айткан эмесмин. Эгерде үй-бүлөң барбы? - деп сурап калса, "ооба" деп, сурабаса унчукпай койчумун.

Төлөбүбү Касымалиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??