п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Маалымат майданында

ШАЙЛОО 10-октябрга белгиленди
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 10-октябрга белгиленди. Шайлоону дайындоо тууралуу жарлыкка мамлекет башчысы 9-август түнү кол коет. Бул боюнча президенттин маалымат-координациялык борборунун жетекчиси Фарид Ниязов билдирди. Буга чейин Ош жана Жалал-Абад шаарларына киргизилген өзгөчө абалдан улам шайлоо күнүн жарыялоо кечеңдеп келген.
Шайлоо кодексине ылайык өлкөнүн бүткүл аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал киргизилген учурларда шайлоо жарыяланышына же өткөрүлүшүнө мыйзам жол бербейт. Мына ушул себептерге байланыштуу Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы коменданттык саатты узартуунун зарылдыгынан улам парламенттик шайлоо күнүн жарыялоо кечеңдеп келди.
Борбордук Шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов жакынкы мезгилде өзгөчө кырдаал алынса, шайлоону жарыялаганга жол ачыла тургандыгына токтолду:
Бизде аракеттеги мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын кайсы бир аймагында өзгөчө абал киргизилсе шайлоо өтпөйт. Ошого байланыштуу буга чейин шайлоону дайындоо боюнча мамлекет башчысынын жарлыгы чыкпай келген. Бүгүнтөн баштап коменданттык саат киргизилген жерлердеги өзгөчө абал алынып салына турган болсо, ага удаалаш эле шайлоону жарыялоо боюнча жарлыкка кол койгонго жол ачылат.
Анткен менен Ош шаарындагы Кыргызстандын өзбек тектүү жарандарынын тобу коменданттык саатты жыйырма күнгө узартуу талабы менен бийлик органдарына кайрылышкан. Жергиликтүү укук коргоочу Изаттулло Рахматтуллаев шайлоо жарыяланып жаткандыгына карабастан, коменданттык саатты кармап турууну коомчулук өкүлдөрү суранып жатышкандыгына токтолду: Албетте шайлоо жарыяланып жатканда коменданттык саат алынып салынышы керек. Бирок азыр эл бийликтен коменданттык саатты дагы жыйырма күнгө узартып берүүнү суранып жатышат. Бул боюнча кайрылуу кат президенттин наамына жөнөтүлгөн. Жок дегенде жанагы саат түнкү он экиден эртең мененки алтыга чейинки аскердик күзөтүүнү албай эле коё турушса жакшы болот эле.
Шайлоо күнү жарыялангандан тартып беш күн аралыгында парламенттик шайлоого катышууну каалаган саясий партиялардан билдирүү кабыл алына баштайт. Андан ары карай шайлоо алдындагы өнөктүктүн жол-жоболорунун жадыбалы бекитилмекчи. Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев андан ары карай саясий партиялар шайлоо корлорун түзүү, партиянын жана андан көрсөтүлө турган талапкерлердин тиешелүү документтерин кабыл алып, текшерүү иштери баштала тургандыгын белгиледи: Беш күндүн ичинде шайлоого катышуу ниеттин билдирип арыз берген партиялар андан ары мүмкүнчүлүк алышат да документтерин тапшыра башташат. Шайлоо күнүнө кырк күн калганга чейин документтерин бериши керек. Негизгиси күрөө суммасын коюп, андан ары карай шайлоо фондун түзүшү керек Аны түзбөгөн партиялар шайлоого катыша алышпайт. Анан шайлоо күнүнө кырк беш күн калганга чейин партиянын атынан чыга турган талапкерлердин тизмесин сунушташы керек.
Шайлоо кодексине Убактылуу өкмөттүн декрети менен бир топ өзгөртүүлөр киргизилген. 9-август күнү мамлекет башчысынын жарлыгы менен аталган өзгөртүүлөрдү киргизүүгө тыюу салынды. Эми ага ылайык убактылуу жашаган жеринен добуш берүүгө уруксат берүү жана шайлоо корунун өлчөмүн азайтуу боюнча өзгөртүүлөр Шайлоо кодексине киргизилбей калды. Анткен менен кодекстин 2007-жылдагы редакциясындагы партиялык тизме түзүүдөгү негизги талаптар сакталып калмакчы. БШК төрагасы Акылбек Сариев бул талаптар партиялык шайлоо системасынын негизги өзөгүн түзөт деп эсептейт: Жанагы жыныстык өзгөчөлүгү боюнча тизмедеги ар бир үчүнчү позиция алмашып турушу керектиги боюнча талап бар. Андан сырткары тизмеде жаштардын катышы он беш пайыздан кем болбошу керек. Ошондой эле улуттук азчылыктардын өкүлдөрү он беш пайызды түзүшү зарыл. Бул талаптар мурда кандай болсо ошол боюнча калтырылды. Партиялар көрсөтүлгөн талап боюнча тизме түзүшү керек.
Саясий партиялар ортосунда болгон буга чейинки макулдашууларга ылайык, парламенттик шайлоо күнүн 10-октябрга белгилөө чечими сунушталган.




А.Бекназаровдун партиясы парламенттик шайлоого катышат
Азимбек Бекназаровдун жетекчилиги астындагы "Бириккен элдик кыймылы" саясий партиясы парламенттик шайлоого катышаарын расмий жарыялады. Бул тууралуу чечим 7-августта партиянын съездинде маалым болду. А.Бекназаров партиянын төрагасы болуп бекитилди.

Жаныш Бакиев Минскиде
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев "Жаныбек Бакиев биздин маалыматтарыбыз боюнча, Курманбек Бакиевдин жанында Минскиде жүрөт" деп билдирди. Ал эми жакында "Жанышты Тажикстан тараптан 300 согушкер менен келиптир" деп тарап кеткен сөздү төгүнгө чыгарды.

Кош жарандуулугу бар адам мамлекеттик кызматта иштей албайт
"Мамлекеттик кызмат боюнча мыйзамда" бизде кош жарандуулугу бар адам Кыргызстандын административдик жана саясий кызматтарда иштешпейт. Мамлекеттик кызматка Кыргызстандын жарандары гана иштей алышат. Эгерде иштеп жаткан болсо, бүгүнкү күнү ал киши боюнча бизге эч ким кайрылган жок. Бизге бирөө - жарым кагаз жүзүндө кайрылган болсо, ошол кайрылган адамга бир айдын ичинде мониторинг кылып туруп, текшерип жообун беребиз, деп билдирет Мамлекеттик кадр кызматынын түштүк аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Искендер Матраимов. Анын айтымында, бүгүнкү күнү облустук мамлекеттик администрациянын бош орундарына сынак жарыяланган. Ал жерде сынакка 37 талапкер катышты. Анын биринчи жана экинчи туру Ош шаарында болду. Талапкерлердин ичинен төртөө аппарат жетекчиликке, калган талапкерлер бөлүм башчылыкка жана бөлүмдөрдүн адистик бош орундарына күч сынашты.

Ала-Тоодон Алтайга зыярат
- 8-августта курамында Кыргызстандын кырк уруусунун өкүлдөрү бар, коомдук жана маданий ишмерлери кирген зыяратчылар тобу Бишкектен Алтайга жөнөп кетти. Алар Алтайга автоунаалар менен жетип, Манастын туулган жерине сыйынып, ал жактан кайра Ала-Тоого ат жүрүш менен кайтып келишмекчи.
"Алтай - Ала-Тоо: Манастын жолу менен" аттуу жүрүштүн максаты - кырк уруу кыргыз элин бириктирүү, ынтымагын чыңдоо экени айтылууда. "Алтай - Ала-Тоо: Манастын жолу менен" аттуу жүрүшкө чыккандарды узатуу салтанатында Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев сөз сүйлөп, президент Роза Отунбаеванын атынан ак жол каалады.
Жүрүшкө кырк жигит атайын медициналык текшерүүлөрдөн жана ар кандай сыноолордон өтүп тандалып алынган.
Алар Манас бабанын туулган жери Алтайдан Кыргызстанга топурак-ташын кырк ат менен алып келишмекчи. Аларды алтайлык Акай Кине баштаган өкүлдөр тосуп алмышат. Акай Кине кыргыздар үчүн кырк жылкы даярдап, камылга көрүүдө.

Р. Отунбаева кыргыз туусун тапшырды
Президент Роза Отунбаева кечээ мамлекеттик тууну Биринчи өспүрүмдөр олимпиадалык оюнунун катышуучуларынын бири Болотбек Токтогоновго тапшырды.Сингапурда өтүүчү аталган оюндарга узап бара жаткан кыргыз курама командасынын мүчөлөрүн куттуктоо сөзүндө, Р.Отунбаева өсүп келе жаткан спортчулар Биринчи жайкы олимпиадалык оюндардын алгачкы катышуучуларынан болоорун белгилеп кетти: "Силер тарыхый инсандарсыңар, силердин изиңерди утурлай башка спортчулар барат. Кыргызстандын спорттук жетишкендиктерин дагы толуктагыла, жеңүүчүлөрдөн болуп кайтып, сыйлуу орундарга татыгыла", - деп каалаган мамлекет башчы аларга спорттук формаларды тапшырып, андан соң эстеликке жалпы сүрөткө түштү.




А.Стамов дүйнө менен кош айтышты
Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу жана маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Манас орденинин кавалери Асанбек Стамов 7-август күнү 72 жашында дүйнө менен кош айтышты. Аны менен коштошуу зыйнаты кечээ өтүп, жазуучу менен коштошууга бийлик өкүлдөрү, саясий, коомдук жана маданий ишмерлер, жазуучунун күйөрмандары келишти. Анын сөөгү Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. "Обон" гезити да маркумдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??