Отуз күндүк орозо

Кыргызстан мусулмандарынын
Азрети Муфтийи Чубак ажы Жалилов:
Рамазан -бул жарашуулардын айы
Каалоо!
Мен Кыргызстандык мусулмандарды улуу орозо айы менен куттуктаймын! Бул куттуктоо пайгамбарыбыздын сүннөтү. Аллах Таала ушул айда баарыбызга берекенин, ынтымактын, биримдиктин, өз ара түшүнүүчүлүктүн, токчулуктун, бейпилчиликтин айы кылсын. Аллах Таала баарыбыздын туткан орозолорубузду, окуган намазыбызды кабыл кылсын! Мына ушул айда биздин бардык туугандарыбыз, адашып жүргөндөр туура жолго келсин. Мына ушул айдын урматы менен таарынышып жүргөндөр бири-бири менен жарашсын. Аллах Таала баарыбызга туура жолду туура деп көрсөтсүн жана ошол тапкан жолго эргешип, ошол жолго жакындаганды насип кылсын!

- Чубак ажы, алгач орозонун пайдалуу жактарын айтып өтсөңүз?
- Бисмиллахир- рахманир- рахиим альхам дулля ва бика ва ааламин ала акибба туль муттакий солльалла ала расуллиля ала мухаммед ва алли аль асхадиоимиин.
Негизи орозонун материалдык жана моралдык жактан дагы пайдасы зор. Материалдык дегенде ичимдик ичүүдөн жана жыныстык байланыштан сактануу болсо, ал эми моралдык жактан ушак айткандан, бирөөнү жамандагандан, улуттар арасындагы мамилеге отко май тамызгандан, же болбосо жөн эле бирөөгө жаман пикирде болуудан сактайт. Себеби, пайгамбарыбыз айткан, "эгерде силерди орозо кармоо убагында бирөөлөр урушса, "мен орозомун"- деп айткыла"-ушул эле сөз уруш-жаңжалдын алдын алат.
Азыр жергебизде болуп жаткан кырдаал, кыйын кезең, орозо айынын келүүсү менен кумга сиңген суудай болуп, жоголуп кетишине үмүттөнөмүн. Дегеле рамазан -бул жарашуулардын айы, мисалы көптөгөн адамдар тиричилик менен алпурушуп ата-энесин, туугандарын эстен чыгарып койсо, таарынышып жүргөндөр бири-бирине кайра жарашуунун, ал эми жубайлардын ортосунда пикир келишпестиктердин баардыгын орозо айында чечүүгө мүмкүн.
- Орозо кармоодо эмнеге тыюу салынат?
- Орозодо негизи үч нерсе тыюу салынат:
1. Тамак жегенден, эгерде балаңызга тамакты чайнап берүүгө туура келсе, чайнап берсеңиз болот, бирок жутпашыңыз керек.
2. Ичимдик ичпеш керек, ичимдик дегенге суу да кирет. Сууга түшкөнгө болбойт деп коюшат. Болот, бирок көзүңүзгө, мурдуңузга, кулагыңызга киргизип жибербегенге аракет кылышыңыз керек.
3.Жыныстык байланышта болууга болбойт.
- Ичкилик ичип алган адам кырк күндө тазаланып бүтөт деп уккам, анда орозо кармоодо да атайын тазалануу керекпи?
- Пайгамбарыбыздын "Намаз окуган адам арак ичсе, кырк күндүк намазы кабыл болбойт"деген осуяты бар. Сообу аз болот деп окубай койбой, милдеттүү түрдө окуп, кырк күндүн ичинде тазаланышы керек. Себеби, алкоголь ичимдиги денеден кырк күндөн кийин тарайт.
Ал эми орозо кармоо үчүн атайын тазаланып даярданбайт. Мүмкүн ал адам тазаланыш үчүн кармайт. Себеби орозо кармоодо бизде тазалануу процесси жүрөт. Ар бир мусулман бүгүн рамазан айынын биринчи күнү дегенде, дароо орозону кармаш керек. Орозого бир күн калганда атайын ичкилик ичип алып, эртең орозо кармайм дегендер болсо, анда чоң күнөөкөр болуп эсептелинет. Эгерде шайтанга алдырып ичимдик ичип алса, эртеси күнү орозо кармаш керек болсо, дароо ниет кылып, кудайдан кечирим сурап милдеттүү түрдө кармай берет.
- Рамазан айында сөзсүз түрдө кан чыгарыш керекпи?
- Жок, сөзсүз түрдө эле кан чыгарыш милдет эмес. Эгерде мүмкүнчүлүгү бар болсо, орозо кармаган адамдардын оозун ачып, тамак берсе жакшы.Орозо туткан адам канчалык сооп алса, ооз ачканга жардам берген адам да ошондой сооп алат.
Анан кээ бир адамдар орозо кармап, сооп алып жатам деп эле, өз жыргалчылыгын ойлоп, керээли кечке кондиционердин астында сыналгы көрүп өткөрсө, орозо айына урматсыздык, адепсиздик катары бааланат. Андан көрө куран китептерди көбүрөөк окуп, намазга жыгылып, мүмкүнчүлүгүңүз болсо ошол китептерди көбүрөөк сатып алып, элдерге таратсаңыз же кайрымдуулук иштерди жасасаңыз көбүрөөк сооп тиет.
- Быйыл фитир садака канча сомдон болот жана шаарыбыздын кайсыл жерлеринен акча салуучу сандыкчаларды көрө алабыз?
- Орточо эсеп менен эсептесек, он төрт сомдон болот экен. Негизи фитир садака жашап жаткан аймактагы орточо сорттогу 1кг 600грамм буудайдын баасы. Канчалык жакын туугандарыңызга, досторуңузга, кошуналарыңызга орозо фитир деп берсеңиз ошончолук жакшы болот. Бир гана ата-энеңизге, балдарыңызга берүүгө болбойт. Кээ бир адамдар ушуну кесипке айландырып алышкан. Үйүнө барсаң укмуш эле бай, а эшикте кайыр сурап жүрүшөт. Ошондуктан таанып-билген мусулман адамдарга орозо фитир деп бериш керек. Ал эми таппай калсаңыз, бардык эле мечиттерде орозо фитир сандыкчасы бар. Андан топтолгон каражат шарият буйруган жол менен таркатылышы керек.

Орозо - бул араб тилиндеги "рамазан" деген сөздөн алынган. Рамазан деген сөз кээ бир аяттарда "арамат" деп аталат. Арамат - бул "күйгүзүп кетүү" деген маанини туюндурат. Анткени орозо кармаган адамдын күнөөлөрүн орозонун урматы күйгүзүп, адамды бир күнү сөзсүз арууланган таризге алып келет- деген философиялык мааниси турат. Орозо кармоо ар бир балакатка жеткен акыл эстүү, ден соолугу чың, эркек-аялга милдеттүү парз. Бирок мындан айыз көргөн,төрөгөндөн кийин ифас көргөн аялдар, мындан сырткары сапарда жүргөн болсо, же болбосо бала эмизген апалар баары орозо кармоодон бошотулат. Бирок, ушул себептер качан бүткөн убакта, ошол күндөрдө күнүнө-күн тутуп бергенге мүмкүнчүлүк берилет. Орозо таң аткандан баштап, күн батканга чейинки аралыкта кармалат.




Кызыктуу маалымат

Иордания шаарындагы Аммана медициналык окуу жайынын доктору Солиман, 1404-жылы Рамазан айы башталганда атайын изилдөө жүргүзгөн, ага өз каалоосу менен 15 жаштан 64 жашка чейин 42 мырза, ал эми 16 жаштан 28 жашка чейин 26 айым катышкан. Катышуучулардын денесиндеги кандын курамындагы кантка, глюкозага анализ тапшырышып, салмактарын тастыкташкан.
Адамдар нормасынан ашык тамактанышынан кандагы инсулин көбөйүп, өзүнүн функциясын аткарганга жетишпегендиктен кант диабети болоору белгилүү эмеспи. А орозо убагында кандын курамында көмүркычкылтек көбөйүп, денедеги кант менен инсулиндин төмөндөшүсүнө алып келет.
Ошентип, Рамазан айы аяктаганда жыйынтыктар боюнча катышуучулардын денесиндеги холестерин азайып, мырзалар өздөрүнүн салмагынан 6-7 килограмм ал эми айымдар 4-5 килограмм салмактан арылышкан. Ал эми мырзалардын арасынан кандагы глюкоза 23.6мг,дл - 90.2мг,дл чейин көтөрүлсө, а айымдардыкы 1.1мг,дл - 7мг,дл жеткен.

Орозо кармап көрдүңүз беле?
Шахрезада
Аскарова ырчы:
- Негизи мен кармайын деп аябай ниеттенем. Бирок, ден соолугума байланыштуу кармай албай жүрөм. Быйыл орозо кармайын деп дарыгеримден кеңеш сурасам, таптакыр көнбөй койду.


Темир Назаров ырчы:
Албетте, биринчи жолу 15жашымда кармагам, мен өзүм Оштон болгондуктан, майлуу тамактарды көп жейбиз да, ашказанымды керип алган окшоймун башында аябай кыйналдым. Кийин көп эле жолу кармагам, бирок кандайдыр бир себептерден бузуп алган учурларым да болгон. Быйыл кудай буюрса ниет кылып кармайын деп жатам.


Гүлзат
Байзакова ырчы:
- Бир жолу ниет кылып кармап, үч күндөн кийин чыдабай ачып салгам. Негизи менин ашказаным ооругандыктан, мага орозо кармаганга болбойт экен. Ошондон кийин андан көрө орозо кармагандардын оозун ачып, батасын алып эле жүрө берейин деп чечтим.


Абдылда
Иманкулов
куудул:
- Жок, мен орозо кармап көргөн эмесмин. Себеби өзүңөр билгендей биздин жумушубуз өтө татаал. Гастролдо жүрүп орозо кармагандарды көрүп жүрөм, аябай кыйналышат. Эгерде иш тартибим саат мынчадан мынчага чейин дегендей болсо, анда кармай бермекмин. Быйыл ниет кылып кармайын дегем бирок, биринчиден жай мезгили, а экинчиден күн узак.
Мен орозо кармабасам дагы, орозо кармагандардын дайыма оозун ачам.

Кыдыралиева Айзат