п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Тамаша бул - тамаша…

Самат Дөөлөтбаков:
"Жолугуп сүйлөшөлү ээ?"
- Алло, Самат салам алейкум!
- Алейкум салам!
- Кандайсың, жакшыбы?
- Ии баары жакшы, ким экен бул?
- Биз бир партиядан чалып атабыз. Атым Азиз Койчуманов. Сени көптөн бери издеп аттык эле. Биздин партия "Көгүлтүр Кыргызстан" деп аталат. Жакында партиянын биринчи ачылышын өткөрөлү деп жатабыз. Ошого сен келип ырдап бербейсиңби? Биз менен кызматташсаң кандай болот? Сен эч бир партиянын мүчөсү эмессиңби?
- Партияңардын атын эмне дедиңер?
- "Көгүлтүр Кыргызстан".
- Аа, жакшы. Бул партияны ким жетектейт?
- Мен өзүм төрагасымын. Анан белгилей кетейин, биздин партия жалаң жигиттерден турат. Сен биз менен кызматташсаң сонун болот эле да. Айлыкты жакшы төлөп беребиз, андан сырткары, эки жактарга чыгабыз.
- Мындай кылбайлыбы. Ммм… Мен чынын айтсам, азыр Бабановдун "Республика" деген партиясы менен иштешип атам. Ошондуктан, туура эмес болуп калат го. Мен уже ал партиянын мүчөсү болуп калгам да.
- Жок, ал партиянын мүчөсү болсоң деле биздин партия менен кызматташсаң болот. Эми сен кандай кабыл аласың билбейм. Азыр "көгүш" (гей) деп басынтып жатышпайбы. А биздин мүчөлөрүбүздүн негизги курамы гейлерден турат.
- Кимдерден?!
- Гейлерден.
- Аа, түшүнүктүү.
- Ошонубашка өлкөлөрдө туура эле кабыл алышат, бизде эле аябай басынтышат да. Ушул максатта Кыргызстандагы гейлерди саясатка алып чыгалы дедик эле. Сени дагы биздин партиянын мүчөлөрү аябай жактырышып, сага сунуштап көрбөйсүңбү дешти эле. Биз орустардын Борис Моисеев, Валерий Леонтьев сыяктуу ырчылары менен мамилебиз жакшы.
- А, бул саясий партиябы же эмне?
- Саясий партия деп атасак болот. Бирок, биздин негизги максатыбыз гей балдардын укугун коргоо, аларды коомго туура түшүндүрүү.
- Аа, түшүнүктүү. Деталдарын сүйлөшөлүбү? Мен чынын айтсам, эртеден-кечке чейин эле жумуштамын. Убактыңар болсо мен жакка бир келип кетсеңер болот.
- Сен коркпо, балдар тийишпейт. Күнү-түнү биз менен жүрүп иштеше аласыңбы?
- Кандай кылып?
- Ошо биз эки жакка көп чыгабыз.
- Эми, менин эң чоң проблемам жумуш болуп жатпайбы. Ошон үчүн көп жерге чыга албайм да.
- Мм…
- Сиз атыңызды ким дедиңиз?
- Азиз Койчуманов.
- Азиз, жолугушуп сүйлөшөлү ээ? Анткени бул телефондук сөз эмес экен да.




Ильяз Андаш:
"Той-пойлор менен эле тиричилигимди кыла бергеним жакшы"
- Алло, Ильяз кандайсың?
- О-уу, жакшы.
- Биз "Лабрис" уюмунан чалып жатабыз. Кандай уюм экенин билесиңби?
- Кандай?
- "Лабрис" уюму боюнча маалыматың бар да?
- Жо-ок, билбейт экенмин.
- Бул негизинен Эл аралык гейлердин укуктарын коргоо уюму.
- Кимдердин?!
- Гейлердин.
- Ээ?!
- Биз ошол уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ачып, жакында "Көгүлтүр Кыргызстан" деген партия түзгөн атабыз. Анын ачылышына Россиянын Борис Моисеев, Валерий Леонтьев сыяктуу гей ырчылары келишет. Сен да ырдап бербейсиңби?
- Каякта болот?
- Спорт сарайында.
- Ошону тим эле койбойлубу!
- Сен эми ырчы катары эле "выступать" этесиң да. Гейлер боюнча Кыргызстанга түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзөлү деп атабыз да.
- Мен өзүм колдобосомчу ал иш-чараны?!
- Эми колдобосоң сага айырмасы кайсы? Башкысы акча төлөп берсек болду да.
- Кеп акчада деле эмес да.
- Сен коркпо, балдар тийишсе өзүм карап турам.
- Мен корккон деле жокмун. Жөн эле, кандай айтсам: мусулманчылыкка жакшы эле берилем да. Жума намазга барам, куран окуйм, андай-мындай дегендей… Ошон үчүн сүйлөшпөй эле коёлучу. Эми ыйманда айткан да, көп нерсени…
- Жок, сен коё турсаң. Биздин коомчулукта аларды туура эмес кабыл алып атышат. Сен бир жардам берип койсоң жакшы болмок мындай…
- Тим эле коёлучу ушуну. Жаман көрбөгүлө. Албетте мен силердин макулдугуңарды туура түшүнөм, бирок мен колдой албайм.
- Анан биздин жигиттер "Красавчик" деп сени жактырып атышса, бирок сага тийишпейт деле болчу.
- Жо-ок, кеп тийишкенде деле эмес, просто өзүм "не хочу"...
- Ии, анда мындай жолугуп сүйлөшпөйлүбү? Мен сага даректи берейин.
- Ммм… Жолукканда эмне эми, телефондон деле сүйлөшсө болот да.
- Бизге мүчөлүккө кирсең да жакшы болмок.
- Кандай?! (жинденип алган)
- Сени мүчөлүккө деле кабыл алабыз дейм.
- Аа, жок!
- Ойлонуп көрбөйсүңбү, бир аздан кийин чалайын?
- Жок, ойлонбой эле айтып атам! 500 доллар бересиңерби, же 1000 долларбы, андан көрө той-пойлор менен эле тиричилигимди кыла бергеним жакшы.




  шырмаек

Юлия Руцкая:
"Жүрөгүмө жаккан ырларды гана ырдайм"
- Юлия, "Күттүрбө" клибиңиз тууралуу айта кетсеңиз?
- "Күттүрбө" деген ырымдын сөзүн Кыялбек Урманбетов, обонун Бакыт Алишеров жазып беришти. Ал эми клиптин мыкты тартылышына белгилүү клипмейкер Озарио чоң жардамын берди.
- Кимдер демөөрчүлүк кылышты?
- Негизи клипке көп адамдар катышты, алардын ичинде кыргыздын белгилүү актёру Темирлан Сманбеков, чет элдик жарандар, спецназ, ИИМ кызматкерлери, ж.б. көптөгөн адамдар жардам беришти. Орус Драма театры да сьемка үчүн бекер аянтча берди. Клип эң оригиналдуу тартылды десем болот. Мен жакынкы өлкөлөрдөн азырынча мындай ишти көрө элекмин.
- Клипти толук тарттырып бүткөнгө канча убакыт кетти?
- Сьемка былтыркы жылдын октябрь айынан башталып, эң акыркы кадр 2010-жылдын февраль айынын аягында тартылып бүттү. Катуу суук болгондуктан клипте баарыбыз жылуу кийимдерин кийип алганбыз. Ал эми монтажы жарым жылга барды окшойт. Ушунчалык көп убакыт болсо да, клип даяр болгондо баары унутулуп калат экен.
- Сизди Молдавияда өткөн "Алтын үн" сынагынан биринчи орунду алды деп уккан элек?
- "Алтын үн" сынагы 2010-жылдын 8-9-мартында Молдавиянын Кишинев шаарында болду. Англия, Америка, КМШ өлкөлөрү биригип 25 өлкө ат салышты. Калыстар тобунда дүйнөнүн Ингрид сыяктуу белгилүү ырчылары отурду. Мен ал жакка Түгөлбай Казаковдун "Жамгыр" аттуу ыры менен баргам. Ырды эң мыкты аткаргандыгым үчүн, "Алтын үн" статуэткасын жана биринчи даражадагы дипломун алдым. Өлкөдөгү окуяларга байланыштуу алган сыйлыгым билинбей калды.
- А эмнеге "Жамгырды" тандап алдыңыз?
- Мен кафелерден, кечелерден бул ырды көп угуп калчумун. Ал убакта шоу-бизнесте бул ырды эч ким ырдап чыга .элек болчу. Ырдын автору Түгөлбай байкени эптеп таап барып, "Мен сиздин ырыңызды ушунчалык ырдагым келип жатат, кантип тапсам болот?" десем эле, сөзү обонун өзү жазып берип, батасын да берген болчу.
- Шоу-бизнеске аралашканыңызга тогуз жыл болсо да, репертуарыңызда ырлардын саны эмне үчүн аз? Же сиз сан көп куубайсызбы?
- Ооба, туура айтасыз. Менин болгону үч клибим бар. Мен ырдын санына эмес, сапатына карайм. Мага кыргыз ырларын көп эле сунуштап жүрүшөт. Бирок, мен өзүмдүн жүрөгүмө жакын гана ырларды ырдайм.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??