Эски ыр,
эл аралык фестиваль…
Акыркы убактарда жаш ырчылардын саны "Жаандан кийинки козукарындай" эле жайнайт. Алардын ичинен эл аралык фестивалдарга катышып, сыйлыктарга ээ болгондорун да угуп эле жүрөбүз. Бирок ошол сынак кандай деңгээлде өткөн?- деген суроо туулбай койбойт экен. Анан да ошол сынакка катышкандардын көбү биз тамшанып уккан эски ырларды кайрадан жаңыртып алып ырдашат. Кээ бири "Артык кылам деп тыртык кылып", же сөзүн, же обонун бузуп салгандары да бар. Ушул тууралуу кыргыздын маданиятына салым кошкон инсандарыбыздын көз-караштарына көңүл бурсак.


Арзыбек Бедияров, КРнын эмгек сиңирген арртисти:
- Илгери биздин убакта эл аралык конкурстар бүтүндөй мамлекеттик деңгээлде уюштурулуп, маданият жагындагы тиешелүү адамдарга кабарлашып, "силерден кайсыл өнөрпоз барат, кандай жанрда ыр аткарат" деп баардыгын талкуулашып, анан катышуучунун үнүнө ылайыктап жаңы ыр жаздырып, сахнада өзүн алып жүрүү этикасын айтып…дегеле бардык жагынан айлап- жылдап даярдап, анан мамлекет акчалай каражатын толугу менен камсыз кылып туруп жиберчү эле.
Азыркы жаш ырчылар эл аралык конкурстарга катышып, кыргыздын атын чыгарып, аз да болсо Кыргызстанды таанытып жаткандарына көз карашым түз эле. Бирок, дүйнөлүк конкурстун талабына ылайык, кыргыздын колоритин бузбаган бир жаңы ыр даярдап анан аткарыш керек эле. Анан эле укпай же көрбөй туруп, "Ома баланча ыр менен Америкага барып, Нена түкүнчө ыр менен Сочиге барып сыйлыкка ээ болуптур"- деп угуп же гезиттен окуп калып, анан ойлоп коём, "Бул сынак эл аралык деңгээлде өтпөсө керек, себеби бир да жолу тастыкталганы, далилденгени жок" -деп. Кайра ошентип алып, балким мен бул маалыматтан алыс калып жатамбы? деп да өзүмдү күнөөлөп коем.
Ал эми автордун уруксаты жок ырлардын аткаргандарын эң чоң ката деп эсептейм. Азыркы жаш ырчылар автордон уруксат сурабаганы аз келгенсип, сыналгыдан көргөзгөндө да ошо эле аткаруучунун ысымын жазып коюп жаткандары мени абдан кейитет. Себеби ал ырларды кыргыздын чыгаан өнөрпоздору жараткан да, укмуш ырчы болгон күндө дагы, автордун укугун тебелегенге эч кимдин акысы жок.

Зейнеп Шакеева, КРнын эмгек сиңирген артисти:
- Биздин убакта конкурска катышаардан мурун бир топ даярданып, анан калыстар тобунун кеңеши менен жөнөтчү эле. Тандоо турунан өтпөй калдыңбы, анда каласың. Мамлекет жол киребизден баштап, тамак-ашыбызга чейин баардыгын төлөп берчү. Азыр акчаң болсо, ырды да сатып алат экенсиң, конкурстарга да барат экенсиң. А азыркы жаш ырчылардын чыгарган ырларынын маанисини жок, бат эле унутуп да каласың, мындайча айтканда жүрөккө жетпейт. А эски ырлар электен эленип олтуруп бүгүнкү күнгө чейин ырдалып келе жатат. Ошондуктан, мааниси жок жаңы ыр ырдагандын көрө, эски, бирок маанилүү ырлар менен конкурстарга катышып жаткандары дурус эле. Бирок, бир өкүнүчтүү жери ырды аткарып жатканда, авторун айтпай коюп жатышат. Аткарып чыгаардан мурун автордон уруксат сураш керек. Кокус автордун көзү өтүп кеткен күндө дагы жакын адамдары бар туурабы? алардан сураш керек.


Асел Турдалиева, КРнын эмгек сиңирген артисти:
- Негизи эл аралык конкурска катышуудан мурун биринчиден, жолдомо келиш керек, анан конкурска ылайыктуу он- он беш ырчылардан тандоо турун өткөзүшүп, ал ырчы менен профессианалдуу музыканттар, композиторлор, акындар биригип, ырчынын үнүнө ылайыктуу ырларды жаздырышып иштешсе жакшы болмок. Мен мисалы Украина шаарындагы өткөн фестивалга бараардан мурун, жарым жыл даярдангам. А азыр конкурска барып келгенден кийин эле угуп калабыз. Бизде кандай? Акчасы көп болсо, колдоочуусу бар болсо эле катышып жатышпайбы. Чыныгы таланттуулар көмүскөдө калып жатышат. Ар бир конкурстун өзүнүн талаптары болот: эгерде кыргыздын колоритинде эски ыр аткарыш керек десе, анда ырдаса болот, бирок кандай дэңгээлде ырдап жатат бул өзүнчө маселе. Казактардын же өзбектердин ырларын которуп ырдагандан көрө өзүбүздүн нукура ырларын ырдагандары мени абдан кубандырбай да койбойт. Мага мисалы, Оманын, Ислам Акматовдун, Жанетанын ырдагандары абдан жагат. Анан кээбирлер ырдайт десе эле, эски ырды орду-түбүнөн бузуп койгону жиниңди келтирет.


Ал эми "Эл аралык фестивалга барып келдим" -деген ырчылар не дейт?
Нена:
Жаш ырчылардын катарын толуктап, талантын тартуулап келе жаткан ырчы кыз Нена, сөзү, обону Ашыраалы Айталиевге таандык "Нарындан жазган салам кат" деген ыр менен таанылганын билебиз. "Сиз бул ырды автордун уруксаты менен ырдап чыктыңыз беле?" деген сурообузга: "Мен биринчиден, бул ырдын авторунан уруксат алганга жетишкен жокмун, себеби ал кишинин көзү өтүп кеткен болчу. А экинчиден, бул ырды мен гана эмес, көптөгөн адамдар ырдап, элдик ыр болуп калган десем жаңылышпайм" деген жообун узатты. Бул ыр менен мен "Славян -базарында" жана көптөгөн эл аралык фестивалдарга катышып, сыйлыктарды алып жүрөм" деп мактанып кетти.


Ислам Акматов:
Ислам Акматов дагы, өнөрүн коңшулаш өлкөбүзгө тартуулаганга жетишкен. Тагыраак айтканда Астана шаарында болуп өткөн "Шабыт"" эл аралык конкурсуна сөзү, обону Бектемир Эгинчиевге таандык " Күлгүн жаш" деген ырды аткарып гран-принин ээси болгон. "Бул ырдын авторунун көзү өтүп кеткен эле, ал кишинин жакындарынан уруксат алдыңарбы?- деген сурообузга: "Жок, эч кандай уруксат алган жокпуз, себеби бул ырды күтүүсүздөн эле ырдап калдым"-деди.


Ома:
Жаш ырчылардын арасынан Ома да АКШда өткөн "Аткаруучулар катышкан дүйнөлүк чемпионат" деген фестивалга катышып келген. Ал сынакта "Сары ой" деген элдик ырды жана үч башка жанрдагы ырларды аткарып, бир күмүш, үч алтын медалдын ээси болгон. "Бул ырды эмне себептен тандап алды эле? - деген сурообузга: "Билбейт экенмин, Өмүрбек байкенин өзүнө жаккан үчүн болуш керек"- дейт, менеджери. Мүмкүн, Ома Бишкекте болгонунда бул сурообузга так жооп алмак болсок керек эле.


Жанета:
Ырчы айым Жанета да 2009- жылы Барселона шаарындагы он беш өлкө катышкан, "Лон Вояж" фестивалынын он жылдыгына Кыргызстандын атынан куттуктап барган. Сынакта үч чет элдик жана бир жолу кыргыз тилинде ырдаган. "Улуттук кийим менен чыкканымды көргөн калыстар тобу кыргыздын эски ырларынан бирди аткарышымды суранышкан. Ошондо сөзү, Темирбек Бакаевге, обону Аксуубай Атабаевге таандык, "Он сегиз жаш" деген ырды аткарып, күмүш тамга менен басылган дипломдуу болгом" -дейт ырчы.

Кыдыралиева Айзат