п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Ар түркүн маалымат

Аида Баякованын күйөөсү бар экен да
Гезитибиздин өткөн санында "Кат куржун" рубрикасына окурмандардын "Аида Баякова Темир Сариевдин экинчи аялыбы?"-деген суроосуна Аида Баякованы таппагандыктан, Темир Аргенбаевичтен жооп алперген элек. Бирок, ошого карабай Аида Баякова редакцияга таежеси менен келип, телефонду албагандыгын " ден соолугума байланыштуу көлдө дарыланып жүргөм. Телефонду бул жакка таштап кеткем. Ошондуктан алалган жокмун" - деп түшүндүрүп, андагы суроого азыр да болсо өз жообумду берейин деп чечиптир. "Бул ушак. Мен Темир Сариевди саясатчы катары сыртынан гана билем, өзүн жакындан тааныбайм. Ал кишинин да, менин да үй-бүлөм бар. Ким жазса да биздин үй-бүлөнү бузуш үчүн жазган каты" деди. Ал эми машинаны ата-энесинин жардамы менен өзү эле алганын айтты. Биз Аида Баякованын турмушка чыкканын ошондо билдик. Бирок, качан турмушка чыкканын, жолдошунун атын айтууну туура көргөн жокпу, жашырды.


Гүлзат патриоттук ыр жаздырууда
Гүлзат Батырканова эмгек өргүүсүндө жүрсө да тынбай чыгармачылык менен алектенип жаткан учуру. Ырчы кырдаалга карата Жалил Сыдыков агайга Мекен, Жоокер, Кыргызстан жөнүндөгү тематикалык ырларга заказ берип, азыр ошол ырлардын үстүндө аранжировка жасатып, жаңы костюмдарды тиктирип жаткан кези. Буюрса бул ырларды 31-август Эгемендүүлүк күнүнө карата телевизордон, радиолордон угуп калат экенбиз.


Чолпонай жаңы клип тарттырды
Жай айы ортолоп калганда Чолпонай репертуарын толуктап, "Эркелейм" деген ыр жаздырган. Бул ырдын сөзү Кундуз Качкынбаевага, обону Аман Бердибаевге таандык. "Жакында ал ырга борбор шаарыбыздан Канат Култаевге клип тарттырдык. Башкы ролду Чолпонай өзү ойноду. Мен бул клипти Чолпонайдын туулган күнүнө белек кылдым" дейт продюсери Эрнист Үмөталиев.


"Жайкы журналистика" лагеринде
Чүй облусунун зээндүү окуучулары үчүн бир жумалык "Жайкы журналистика" лагери ачылды. Лагерди ачуу демилгесин Жаштар менен бирге Чүй облустук мектеп гимназиясы жана Сорос Кыргызстан фондусу көтөрүп чыккан. Ал жерден окуучулар белгилүү журналисттерден сюжет, репортаж, компьютердик монтаж жасоону үйрөнүшөт. Ошондой эле чет өлкөдөн окуп келген волонтерлордон команда куруу, лидерчилик, максат коюу тренингдерин да алышат. Андан сырткары кечкисин балдарга Кыргызстанга белгилүү инсандар менен жолугушууга уюштуруучулар тарабынан мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Соңунда балдар долбоор жазышып, эң жакшы долбоор жазган окуучу 2000 долларга ээ болот.


  Жаңы ысым

Айпери Тураталы кызы:
"Чарчоодон ырахат алам"
Жаш комузчу, Нурак Абдрахмановдун шакирти, жаңы ысым Айпери Тураталы кызы менен маек.

- Айпери, өзүң жөнүндө айтып берсең?
- Мен шаарыбыздагы №2 мектепте окуйм. Андан сырткары Нурак Абдрахманов агайдын комузчулар ансамблинде комуз чертем. Ошондой эле "Рахат" бийчилер тобунда да бийлейм.
- Кандайча Нурак агайдын ансамблине катышып калдың эле?
- Мен мурда башка ансамблда комуз чертчүмүн. Ошол убакта Нурак агай жаш комузчулар үчүн конкурс жарыялап, конкурстун негизинде өтүп кеткем.
- Комуз ийримине барганыңа канча болду?
- Төрт жыл болду. Ушул жылдар аралыгында не бир залкар улуу комузчулардын күүлөрүн үйрөндүм.Учурда 30 ашык күү чертем, андан сырткары өзүм чыгарган "Жайлоодо", "Эсимде" деген эки күүм бар.
- Өзүң да күү чыгарасыңбы?
- Биздин ансамблде 30дан ашык күү үйрөнгөндөн кийин, "өзүңөр күү чыгарып көргүлө" деген тапшырма берилген. Ошондо биринчи жолу "Жайлоодо" деген күүмдү чыгаргам. Экзамен убагында күүм жогору бааланып, жакшы баа алгам. Менин черткен, чыгарган күүлөрүмө Самара Токтакунова эже дайыма жакшы пикирин билдирип турат.
- Эргүү сага кайсы убакта келет?
- Жалгыз отурганда, жакшы күү укканда эргүү келет. Ошол учурда оюма келген кайрыкты чуркап барып нотага түшүрө коём. Бош боло калсам эле комузумду кыңылдатып, изденүүнүн үстүндө отурам. Анткени мен келечегимди комузсуз элестете албайм.
- Комуз чертип кандай ийгиликтерге жетиштиң?
- Көп эле ийгиликтерге жетиштим, конкурстарга катыштым. эң биринчи жолу 2004-жылы Стамбулда өткөн эл аралык фестивалга ансамбль менен катышып күмүш медаль алганбыз. Ошондо биздин комузда кол ойнотконубузду көргөн түрктөр абдан суктанып, үч кылдан кантип керемет үн чыгып атат дешип, биздин ансамблди 3 жыл катары менен бардык чыгымын өздөрү көтөрүп фестивалга чакырышкан. 2006-жылы үчүнчү жолу барганыбызда "Silivri" фестивалында алтын медаль алып, мекенибизге кубанычтуу кайтканбыз. Андан сырткары көп эле конкурстарга катышып жүрөм, кээ бирөөнө убактымдын тардыгынан катыша албай калам.
- Убакытың ушунчалык тартышпы?
- Ооба, менин убактым чектелүү. Анткени эч өзгөрүүсүз күн сайын саат 8де үйдөн чыгып, кечки 5те келем. Ушул убакыт аралыгында комузга, бийге, англис тили курсуна барам .Мисалы, мен чет өлкөгө фестивалга барганда тилден эч кыйналган жокмун. Англисче эркин сүйлөйм. Келечекте Самара эжедей, Нурак агайдай чоң комузчу жана котормочу болгум келет. Убактым тартыш болсо да чарчадым деп айткым келбейт, тескерисинче ошол чарчоодон рахат алам.


Самара Мырзакулова










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??