п»ї

  Обондогу отуруш

Үчөөбүз бир күнү, бир жерден
үлпөт тоюн өткөрсөк…
"Обондогу отуруш" рубрикасы чыгармачыл чөйрөдөгү чыныгы досторду чогултуп, алардын достук мамилелери канчалык деңгээлде экенине күбө болуп келет. Бул санда элге таанылып калган жаш актрисалар Гүлнур Асанова жана Элина Абай кызы менен бийчи Асель Койчуманова келип, достук мамилелерин дагы бир жолу даңазалап, дасторкон үстүндө шаңдуу маек куруп, бири-биринин кылыктары жөнүндө сөз кылышты.

Куш келипсиңер "Обондун отурушуна", төрдөн орун алгыла.
Элина: - Рахмат, "Обондогу отуруш" деген рубрикаңарга биринчи келип жатам, эми мен бат-баттан келип турбасам (күлүп).
Гүлнур: - Ачык асман алдында, шаркыраган суунун жанында, тапчанга олтуруп алып, досторуң менен кенен-кесир маек курган эң сонун да.
Асель: - Бизге ушунча кам көрөт экен деп ойлобоптурмун, о-оо тамак да жейбизби? Биз тамак дегенде өлөбүз да. Баардыгын унутуп коюп, курсакты тойгузганга киришебиз.
- Жайкы эс алууну кандай өткөрүп атасыңар?
Гүлнур: - Эң сонун, мен Көлдөн кечээ эле келдим, эми кайра досторум менен барайын деп жатам.
Элина: - Ооба, биринчи Асель эжени жиберебиз да, аркасынан биз барабыз.
- Анан Көлгө барабыз деп атасыңар, жигиттер да коштоп барат болсо керек же ал жерден тосуп алышабы?
Асель: - Жо-ок, эч кандай жигиттер бизди тосуп албайт. Өзүбүз барып, "от души" эс алып келели деп чечтик. Курбулар менен эс алганга эмне жетсин ээ кыздар?
- Байкашымча күн сайын жолугуп, дайыма бирге жүрөсүңөр го?
Гүлнур: - Кээде бир күндө 24 саат болсо, баардыгын чогуу өткөрөбүз.Кайда барбайлы чогуу жүрөбүз, пландарыбыз да бирдей. Көрүшпөй калсак сагынышып калабыз.
- Кыздардын ортосунда достук болбойт деп коет го, силер кандай карайсыңар?
Асель: - Кыздардын ортосунда достук жок болсо болгондур бирок, эже- сиңдинин достугу сөзсүз түрдө болот. Бизде атаандашуу, өчөшүү деген жок, сырдашып, тамашалашып, каткырып күлүп эле жүрөбүз. Бирок, ар бирибиз өз жолубузду билебиз. Мисалы, Элина Гүлнур экөөбүздү эже катары сыйлап турат. Кандай учур болбосун Гүлнурга чалып келе кал десем, уктап жаткан жеринен тура калып жетип келет.
Элина: - Мисалы, менин акчам жок болуп калса, Асель эжеге чалам, анын деле 500 сому бар болсо да, жарымын берип турат. Бирдигим жок калса да уялбай эле "маяк" берип коем. Дароо эле чалат. (Каткырып). Мен эркек болсом, Асель эжени аял кылып алмакмын деп тамашалай берем.
Асель: - Биз бири-бирибиздин кыялыбызды жатка билебиз да. Өткөндө "Ысык -Көл кадыр түнү" болгондо телевизордон көрүп олтурсам, "Зрительская симпатия"- сыйлыгынын ээси Гүлнур Асанова деп чакырып атышпайбы. Анда Гүлнур өзүнчө эле "Мисс серьезность" болуп алган, суйкайып, "леди" болуп чыгып келетат. Сыйлыгын алгандан кийин, рахмат деп башын ийип, созолонуп атса, күлкүм келип, "ну и актриса" деп атпаймынбы. Мен аны билем да жашоодо тамашөкөй, "комик" экенин. Сүйлөп баратып эле тамашаларды ойлоп таба калмай адаты бар, кээ бир артисттерди туурап берсе боорубуз эзилгенче күлөбүз.
- Таарынышып кеткенде ким биринчи сабырдуулук кылат?
Элина: - Парижде жүргөндө Гүлнур экөөбүз уруша кеттик. "Үнүңдү бийик көтөрөсүң"- деп жаман көрүп атпайбы. Ошентип чукчуңдашып жүрдүк. Таарынышсак да бир бөлмөдө жатабыз. Сүрөткө түшкөндө да экөөбүз тең эки жакты карамай. Гүлнур экөөбүз тым-тырс, ортодо Асель эже жүрөт. Бишкекке келгенге чейин, сүйлөшкөн жокпуз. Анан баары менен коштошуп, аягында ичим ооруп чыдабай кетип, "ии келчи"- деп кучактап ийдим, "Болдучу эми"- десе эле эзилип кетем. Ошентип жазылып кеттик. Эми мындай таарынышуулар болбой эле койсун.
- Ичимдиктин кайсы түрүн ичесиңер?
Элина: - Биз ичимдик ичпейбиз. Биздин ичпегенибизди да көпчүлүгү билет. Жаңы жылда эле шампандан кичине ооз тийип коебуз.
Асель: - Биз Францияда жүргөндө, бизге француз виносун белек кылышты. Абдан кымбат баалуу экени көрүнүп эле турат. Мен кыздарга алып келип, "келгиле ооз тийип көрөбүз"- десем эч кимиси болбой койду, "Бишкекке эле алып кетеличи" -деп. Аэропортко келгенде кийим кечелерди текшерип, арасынан баягы винону таап алып, өткөрбөй коюшту. Көрсө спирт ичимдиктерине тыюу салынат экен. Винону ошол жердегилер алып калышкан. Ошондо абдан өкүнгөнбүз, "жок дегенде ооз тийип койбой"-деп.
- Чет мамлекеттерди кыдырып эле жүрөсүңөр, англис тилин жакшы билет болсоңор керек?
Элина: - Миланга барганыбызда биздин арабыздан англис тилин жакшы билген Ома болду. Кайда кирбесек ал которуп берип, кайда барбасын биз менен жүрдү. Анан өзү дагы "менсиз эч жакка бара албайсыңар"- деп кыйын болуп аткан. Бир жолку дүкөнгө чогуу киргенибизде, Ома жанталашып өзүнө кийим алып жүрөт, бизди карабай. Биз дагы өз алдыбызча кетип калдык, анан каалаган кийимдерибизди көрсөтүп: "plees, yan" деп кээде англисче аралаштырып коебуз. Кыймылдар, колдорубуз менен түшүндүрүп атып каалаганыбызды алып чыксак, "Кантип алдыңар" - деп Ома таң калып эле калды.
Асель: - Дагы бир кызыктуу окуя. Биз мусулман болгондуктан чочконун этин жебейбиз да, ал эми Европада аны көп колдонушат экен. Биз кибаб алалы деп, балким чочконун этинен болуп калбасын деп чочуркап атабыз. Тактайлы деп биз баратсак, Гүлнур эчак "хрю-хрю, ноу" деп түшүндүрүп атыптыр. Анысы аз келгенсип, колдору менен чочкону туурап коет. Аны көрүп алып бооруз эзилгенче күлдүк. Официант дагы"окей, окей" деп тез эле түшүндү.
- Чет жакка барып-келишиңерди ким каржылап берет?
Асель: - Бир гана бизге эмес, ырчы Ома, "Версус" тобу Американын Чикаго шаарына барып, Кыргызстандын желегин желбиретип келүүгө жол түзүп берген жана Европага, Түркияга барып келгенге колдоо көрсөтүп, жардам берген бир эле адам болду, ал Бакиев Курманбек Салиевич. Мен анын атын айткандан эч уялбайм, тескерисинче сыймыктанам.
Гүлнур: - Мурдагы Президент бир гана бизге эмес, Омага, Атай Өмүрзаковго колдоо көрсөтүп, жылуу мамилесин аяган жок. Биз барган ар бир мамлекетке барганга финансы жагын толугу менен ал киши көтөрүп берген. Европадан сырткары дагы биздин алдыбызда көптөгөн конкурстар, саякаттар күтүп турган, тилекке каршы 7-апрелден кийин баардыгы өзгөрүп кетти. Мен баардыгыбыздын атыбыздан терең ыраазычылык билдиргим келет. Ал биз үчүн жакшы адам болуп кала берет.
- Кызыктуу окуяларыңардан айтып бербейсиңерби?
Асель: - Чет мамлекетке чыкканда уйкудан абдан аксап аттык. Түркиядан Гүлнурга абдан таң калгам. Эртеден кечке балмуздактан "өкүртө" жеп алып, ооруп да калыптыр. Баарыбыз конкурска даярданып, сахнанын аркасында тытынып жүрөбүз, Ома улам сайын репетиция кылып, ырдап жүрөт, биз эки жакка басып буттарыбызды чоюп айтор ызы-чуу, а Гүлнурду карасак эле кыргыз көйнөгүн, шөкүлөсүн кийип, татынакай болуп боенуп алып, комузун кучактап алып бурчта уктап олтурат. "Эй Гүлнур сенин кезегиң келди" десек, секирип тура калып, уйку-соонун ортосунда аттап- буттап, эч даярдыгы жок эле сахнага чыгып кетип, "Ээ-ээ-ээй" деп созуп, төгүлүп -чачылып ырдап кирсе оозум ачылып калган. Ырдап бүткөндөн кийин, созолонуп, ийилип, ыраазычылык билдирип чыгып кетет да, сахнанын артына келгенден кийин, "ёё-ёё" деп Майкл Джексонду туурап коет. Каткырып эле калабыз, "артистсиң да" деп.
- Үчөөңөр тең бойдок экенсиңер, жигиттериңер барбы?
- Асель: - Азырынча үчөөбүздүн тең жигитибиз жок. Бирок, "Война невест" деген кино бар го, биз дагы бир күнү, бир жерден "шикарный" үлпөт тоюн өткөрсөк деп кыялдана беребиз.
- Кандай жигиттерди жактырасыңар?
Гүлнур: - Жан дүйнөсү таза, акылдуу, бою узун, бир сөз менен айтканда "красавчик" жигиттер жагат.
Асель: - Бир убактарда мага өзүн караган, сүйлөсө тилинен чаң чыккан балдар жакчу, убакыттын өтүшү мененби же жашоону түшүнүп калгандыктанбы айтор, башкача ойдо боло баштайт экенсиң. Азыр мага түптөлүп калган, өзүнүн орду бар кызматкер, саясатчы же бизнесмендер жагат. Бирок, азыр алар каякта? Же баары бош эмеспи? Билбейм, (өкүнүчтүү тамашалап)
Элина: - Бирок, кыздар! Эң негизгиси жигиттердин туруктуу болгонун тилешибиз керек. Кымбат баалуу кийинип, "крутой" машинаны айдап жүргөн жигиттер менен сүйлөшсөң эч кызыгы жок. Мурдун көтөрбөй эң жөнөкөй жүргөн, алдыга максат коюп аракеттенген жигиттерди жактырам.

Нургүл Ибраева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??