Спорт-world

Жайдын аптабында кимдин эле сууга түшкүсү келбесин. Аны менен гана чектелбестен, суудагы өзүнчө бир искусствону билген, мындайча айтканда суудагы спорт түрлөрү менен машыккан кандай ырахат. Сиз дагы кем калбай, жок дегенде окуп ырахат алыңыз.


Толкун менен жарышкан суудагы спорт

Сёрфинг - суу спортунун байыркы түрлөрүнүн бири. Англис тилинен которгондо суунун үстүннө кандайдыр бир "предметтин" жардамы менен толкунда ойноо. Эң биринчи сёрфингдин тактайынын салмагы 70 киллограммды түзгөн.
Сёрфинг боюнча алгачкы спортсмендер полинезиялыктар болгон. Алар кеминде эле 3-4 миң жыл мурун деңиздердеги толкунга балык уулоого чыгып турушкан. Ошонун натыйжасында күнүмдүк жумушу кадимки эле оюнга айланган. Спортсмендер тактайлардын жардамы менен толкундарда ары айланып, бери айланып, толкундун агымы менен тебишет.
Тарыхчы- изилдөөчүлөрдүн айтымына караганда, спортсмендердин тебе турган тактайына карап, алардын кожоюнунун спорттун бул түрү боюнча кандай адис экендигин билүүгө болот:
Пайпо - узундугу 60-120 см түзөт. Бул тактайда өспүрүмдөр жөн гана ичи менен жатып алып, тебишкен.
Алайа - узундугу 2,5 метрден узун.
Кикойо - бул тактай алайа тактайынан да узун келип, күчтүү техниканы талап кылат.
Оло - узундугу 5,5-7 метрге чейин жеткен эң узун тактай.
Ошол убактан бери сёрфингдин компоненттери эч өзгөрүүсүз калган. Ошого карабастан, адамдар ар кандай тактайларды ойлоп чыгарып, сёрфингде "өсүү" болуп жатат.

Кайтсёрфинг - англис тилинен которгондо "толкунда тебүү" дегенди түшүндүрөт. Суу спортунун бул түрү менен машыккан адамды "кайтсёрферлер" деп аташат. Мында тартылуу күчү жогорку ролду ойнойт. Кайтсёрфингде сёрфингден айырмаланып, парашюттун жардамы менен толкунда тебишет. Суу спортунун бул түрү жылдан-жылга популярдуу болуп келе жатат. Мисалы, 2006-жылы кайтсёрферлердин саны 150 000 ден, 200 000 адамга чейин жеткен. Ал эми азыр болсо спорт сүйүүчүлөрдүн саны мындан эки эсеге көп.


Суу кийими (гидрокостюм)
Гидрокостюмду - жыл мезгилине байланыштуу ар кандай калыңдыкта кийишет. Мисалы, жай мезгилинде гидрокостюмду 3,4 мм калыңдыкта кийсе, кышында биз айтып жаткан гидро-скостюмдун калыңдыгы 4,3 ммге чейин болот.


Вейкбординг - кайыктын толкуну менен тебүү. Азыркы учурда дүйнө жүзү боюнча эң активдүү өнүгүп келе жаткан суу спортунун бир түрү. Вейкбордист катердин артынан тросс кармап алып, суу лыжасы менен жөн эле кете бербестен, ар кандай өнөрлөрдү да көргөзө билиши керек. Суу акробатикасын, слаломдорду жана секирүүлөрдү өзүнө камтыган спорттун бул түрү менен ар бирибиз эле машыга албайбыз. Бул үчүн аябагандай чоң эрк жана күч керек.
Негизи эле спорттун жогорудагы түрлөрүнө кызыккан адамдар толкундардын айырмасын билип алуулары зарыл:
Толкундун тереңдигине жараша 3 түргө бөлүшөт:
* Пик (бийик чоку) толкундары. Мындай толкундар ойдуңдарда көп кездешет. Мындай жерлерде, сёрферлердин мыкты ойношуна жакшы мүмкүнчүлүктөр болот. Жер жүзүндөгү эң бийик толкунТүштүк Африкадагы Джэфриз Бэйде жайгашкан. Бул жердеги толкундардын бийиктиги 800 метрге чейин жетет.
* Аска-зоого урунуучу толкундар. Мындай толкундар ар кандай көлөмдөрдө болуп, үйрөнчүктөргө өтө оор болот. Ошондуктан жаңыдан баштаганда мындай толкундардан баштабай койгонуңуз дурус.
* Деңиз жээгиндеги толкундар. Мындай толкундар өзүнүн нугун бат-баттан алмаштырып турат. Бирок, жогорудагы толкундарга караганда, үйрөнчүктөр үчүн бир топ жеңилдиктер бар. Бул толкун да жумшак жана катуу толкун болуп экиге бөлүнүп кетет.

Байдарка - жеңил, 2-3 адамдык орундан турган кайык. Байдаркага колдун күчү өтө зарыл. Калакчылар алдыга койгон багытына карап, биринин артына бири отуруп алып, кайыктын эки жагындагы калактар менен артты көздөй калакташат.


Кайтсёрфинг - абдан татаал жана оор кыйынчылык менен бирге ар кандай коркунучтарды өзү менен кошо ала жүрөт. Бул тармакта көп жылдык тажрыйбасы бар инструктор менен гана машыкканды үйрөнбөсө абдан опурталдуу келет. Кайтсёрфинг менен машыккан спортсмендер дайыма жаракат алып турушат. Ал эми тактайларды кандай колдонуш керек, аларды кантип башкарыш керек, тактайдын көлөмү, коопсуздукту көзөмөлгө алуу туурасында толук курс алып чыкмайынча деңизге чыгууга уруксат жок.


Скимбордингдин жаралуу тарыхынан
Скимбординг XX кылымдын 20-жылдарында АКШнын Калифорния штатындагы Лагуна-Бинч шаарында пайда болгон. Ал эми бул спорттун түрү 60-70-жылдары гана Калифорниянын өспүрүмдөрүнүн арасында популярдуулукка ээ боло баштаган. 70-жылдары скимбордингдин чыгаан спортсмендери Текс Хейнс жана Питер Приеттолор Лагуна-Бинч шаарында скимбодисттер үчүн атайын "Victoria Skimboards" деген аталыштагы компания ачышкан. Аталган компаниянын жардамы менен 70-жылдары эң биринчи мелдеш өткөрүлгөн.


Скимбординг - (англис тилинен Skimboard - жылмакай тактай) - сёрфинге окшогон суу спортунун бир түрүнө кирет. Спорттун бул түрүнө чоң толкундун кереги жок. Анткени, скимборддор кичинекей майда толкунда жана нымдуу кумда жылмакай тактай менен тебишет. Ал эми мындай спорттун түрү менен машыккан адамды - "скимборд" деп аташат.

Азыркы скимбордингди тебүүдө эки негизги түрү болот:
1. Кумдуу скимминг - башкача айтканда суудагы кумда скимборд тебүү;
2. Толкундар менен жылмышуу - бул жагынан скимминг сёрфингге окшошуп кетет.

Скимборддун жасалышы
Алгач скимборд фанердин бир бөлүгүнө окшош болгон. Азыркы скимборд сүйүүчүлөрүн да тактайы жыгачтан жасалып жүрөт. Ал эми профессионалдар атайын айнектин буусунан жасалган тегерек тактайларды колдонушат. Сёрфингден айырмаланып скимборддун тактайы кичинекей жана жука болот.

Элес Турар