Эне жөнүндө баллада

"Апам мени төрөгөндө эч ким карабай койгон экен"
"Эне ыйык, эне кымбат баарынан" дегендей биздин "Эне жөнүндө баллада" рубрикабызда ырчы Алтынай Нарбаева эненин ыйык экенин дагы бир жолу даңазалап, энеге болгон сүйүүсүнөн тартып, кылган кылыктары тууралуу сөз кылды.


Жетим калып…
Апамдын атасы Жаныш деген киши болгон экен. Менин таятамдын колунан көөрү төгүлгөн, ээр чапкан, күмүштөн азем буюмдарды жасаган уста киши болгон экен. Апам төрөлүп, үч жашка чыккандан кийин эле таенем каза болуп калат. Ал эми таятам болсо, апам алтыга чыкканда каза болот. Ошентип апам жетим калып, таяталарыбыздын карындаштарынын колунда чоңоюптур. Жетим чоңойгонуна карабай жетинчи класска че-йин билим алыптыр. Сөз баккан, келиштирип сүйлөгөн адам эле. Апамдын да канында бар да. Кийиздерди, килемдерди өз колу менен жасап, шырдактардын, төшөктөрдүн түрүн жасачу, 85 жашка чыкканга чейин бир да келинине кирин жуудурган жок, баардыгын өзү жасачу. Көнүп калганбы же башкаларга ыраазы болчу эмеспи, айтор өзү нан жаап, башка адамдарга казан карматчу эмес экен.

Апам Күнсулуунун образында...
Апам жетинчи классты аяктагандан ки-йин эле, балакатка жетти деп күйөөгө беришет. Ал күйөөсүнөн апам бир балалуу болот. Менин атам Нарбаев Абдулла ошол мезгилде айылдык участкалык милиция болуп иштечү экен. Ушунчалык каардуу жана сүрдүү адам болчу. Өзгөн шаарына ат менен барып отчет бергени келип жүрүп, бир күнү апамдын булактан суу алып жаткан жеринен көрүп калып, атам көрүп катуу сүйүп калат. Апам балалуу келин болсо да чымыр, дайыма чачын майда кылып өрүп алган, орто бойлуу, караторунун сулуусу болчу экен. Атам катуу сүйүп, "балам, күйөөм бар" дегенине карабай ат менен ала качып кетип атпайбы. Алып барып жоолук салса олтуруп калыптыр. Барибир эне да, жаап жашырып, баласына белек бекчектерин берип турчу экен. Негизи апамдын образы Күнсулуунун образына окшош. Жокчулукта жетим өсүп, бирөөгө көз каранды болуп чоңойгондуктанбы айтор, көп балалуу болсом деп тилек кылчу экен. Анан атам экөө төрт кыз төрт баланын ата-энеси болушту.

"Сөзгө туз сээп сүйлө" -деп
Апам өмүр бою аялдар союзунун өкүлү болуп, эл ичинде кадыр барктуу эле. Кайсы жерге барбасын сый -урмат үстүндө, төрдүн көркү болчу. Өзү дагы көп сүйлөбөгөн, сүйлөсө да орду менен сүйлөгөн аял эле. Биз сүйлөсөк эле "дөөдүрөп сүйлөй бербей, кичине маани берип, сөзгө туз сээп сүйлөсөңөр боло"- деп аябай кагып салчу. Анан биз дагы бир нерсе айтаар алдында даярданып, сөзүбүздү камдап алып анан сүйлөчүбүз.

Апамдын жүрөгүн оорутуп…
- Мен окуган мектепте жалаң интелегенттердин балдары окушчу. Баары заманбап кийинишет. "Жалтырак, жултурактарды" тагынышат. Мен да аларды карап кийингим келет. Убагында атам райондук башкарманын деңгээлине чейин жеткен кадыр барктуу киши эле. Андан кийин пенсияга чыгышты, акчалары эчтекеге жетпейт. Мен болсо курбу кыздардай кийингим келет. Акча жок болуп калганына карабай, "мага тигиникиндей кийим алып бергиле"- деп ыйлайм. Алып бербей коюшса, "анда мени эмнеге төрөдүңүз, багып элге теңей албагандан кийин төрөбөй эле койбойт белеңиз"-деп апамдын жүрөгүн ооруткан күндөрүм болду.

"Бир штан алып кийген жокмун" -деп…
Анан чоңойдук, ак караны ажыраттык, эненин да баркын билдик. Техникумда окудум. Апам байкуш, "сегиз баламды өксүт кылбайын деп өзүмө бир штан алып кийген жокмун" -деп айта берчү. Чындыгында бизди окутуп-чокутам деп жүрүп бир алтын тагынбаптыр. Кошуналардын арасынан карасам, жупунураак, жөнөкөйрөөк кийингени менин апам. Бирок, өзүнө ушунчалык тыкан, таза караган аял эле. 85 жашка чыкса дагы бир да жолу маасы көлөч кийген жок. Техникумду бүтүп келгенден кийин эң биринчи маянама алтын сөйкө белек кылдым. Менин төрт айлыгыма бир сөйкө келет экен, дүкөнгө биринчи айлыгымды таштап, калганын кийинки айда алып келем деп, алтын сөйкөнү алып кеттим. Көп аялдардын ичинен апамдын кадырын көтөрүп, сүйүнткүм келди. Кошуналар менен олтурган жеринен "апа мен сизге белек алып келдим"- деп кулагына сөйкөнү таксам сүйүнгөнүнөн көзүнөн жаш чыкты. Намыскөй кыз экем да. Андан кийин турмушка чыктым, колубузда боло баштаганда болгон белек- бечкектерди алып берип аттым. Үй салып, машине алып бербесем дагы жүрөк жылыткан белектерди алып бердим .

Бир колубуздан күрөк, бир колубуздан шыпыргы түшпөй…
- Апамдын айтып берген бир окуясы эстен кетпейт. Илгери бир Сардал деген кызга жуучу келип, анын тиштерин, тырмактарын, карап ден соолугун текшеришкен экен. "Эми эртең алып кетебиз" деп атканда "кызым жакты" деп апасы ушунчалык сүйүнөт. Элдер колдорун жууп атып, "эже самыныңыз барбы?" деп сураса апасы кызын мактагысы келип. "Сардал кыз, Сардал кыз самынды кайда койдуң эле?" десе, кызы "Апа ун салган каптын боорунда"- деп айтып, 39 күн жагып 40- күнү жакпай калган- деп көп айтчу эле. "Ошондуктан дөөдүрөп сүйлөй бербей ойлонуп сүйлөгүлө, олтурган -турганынарды карагыла, эмгектенгиле, бир колуңардан шыпыргы бир колуңардан күрөк түшпөш керек деп айта берчү".

"Эжелерим апамды төрөбөй эле кой" -деп…
- Апам мени кырк жашында төрөгөн экен. Мен боюнда барында эжелерим "төрөбөй эле койбойсуңарбы? Кантип багабыз, биз кечке эле бала багып жүрө беребизби, элдин бетин кантип карайбыз. Карыганда да бала төрөйсүзбү, биз уялабыз" -десе апам "Алты айлык бала болуп калыптыр"- деп алдырбай коюптур. Мен төрөлгөндө да ооруканага эч кимиси барбаптыр, карашпаптыр дагы. Апам өзү эле эптеп, жаман халатка ороп алып чыгыптыр да. Үйгө келсе да эч ким карабайт дейт. "Бурчка коюп коюп эмизип, карап жүрдүм, бири да келип каралашып, көтөрүшкөн жок" дейт. 10-15 күн өтсө дагы атым дале коюла элек экен. Анан бир күнү эң улуу эжем бетимди ачып карап, "кара тору, кашы кара, көздөрү чоң кыз турбайбы"- деп жакындай башташыптыр. Ошол убакта Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалими" аябай популярдуу болуп аткан. Ошого карап, атымды Алтынай деп коюшуптур. "Сенин түрүң суук болгондо эч ким карамак эмес" -деп апам тамшалап айтып калчу.

"Кимден төрөдүңүз эле"- деп тамашалап…
- Бир туугандарымдын баардыгы арык, ак жуумал, сулуучумак. Мен эле сөөктөрүм чоң, кара тору болуп бир туугандарыман айырмаланып турам. Анан апама келип, "Апа мен кимдин кызымын, мени башка бирөөдөн эле төрөгөнсүз го, чыныңызды айтыңызчы"- деп тамашалап калчумун. Кийинчерээк деле "Мен деле эне болдум, түшүнөм го, сырдашпыз го, айта бериңизчи эми"-десем, "Э-эк ушинтип да сүйлөйсүңбү"-деп калчу. Чындыгында апам менин сырдашым, кеңешчим болчу.

"Алып келгениңди азыр жүктөп алып кет"- деп…
Айылга барсам эле апам "Баланчанын кызы "стенка" алып бериптир" деп айта берчү. Мен дагы апама колуман келген бардык буюмдарды: кир жуугуч машинасынан тартып, нан бышыргычынан өйдө алып берип көңүлүн алам. Бир күнү үйгө барсам апам эжеме болгон таарынычын айтып калды. Мен апама болушуп койгондун ордуна кайра "апа ал дагы сиздин ичиңизден чыккан кызыңыз го, сиз ага таарынбай, кечирип коюңуз" десем, "Сен ага болушасың" деп, мага таарынып калды. "Мен келсем эле ушинте бересиз, анда келбей эле коеюн" дедим мен да. Анда апам жинденип, "Мага эч нерсенин кереги жок. Мобу алып келгениңдин баарын азыр жүктөп Бишкегиңе ала кет" десе мага аябай катуу тийди. Апам дагы кекчилирээк болчу, түйүлүп жүрө берчү. Өзүм кайра эле "апа-апа" деп биринчи барчумун. Апам 85 жашында каза болду. Кетээр алдында дагы баарыбыз менен жылуу коштошуп, "Силерге ыраазымын" деген сөзүн айтып кетти. Ошондо гана апам мага да ыраазы экенин билгем. Апамдын мага айткан сөздөрү азыр мага кайда барбайын дем күч берип турат.

Нургүл Ибраева