п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  окумал

Сен жана мен
(Уландысы, башы
өткөн санда)
Аскалуу тоо ураганда…

Атайын Айжан менен Эдилди үйгө чакырышып, жакындан тааныштырышканда эле экөөнүн жылдызы келише түшкөнүн байкаган Сүйгөн " көп созбой эртерээк эле бизге той жедиргиле. Бири-бириңерди билгенге оо-о, канча убактыңар алдыда"-деп тамаша чындап айта калып жүрүп, ошол кыштын алгачкы айында экөөнүн баш кошконуна күбө болушту. Майрамдарды чогуу тосуп, дем алыштарда чакырышып, катташып, жакындыктары ого бетер артты.
- Карасаң, зыңкыйган аяшы менен бизди деле тааныштырып койбой, Айжанды бөлүп тааныштырганын. Биз таарынып эле калдык. " Эдил өзү …." деп актанбай эле койсоң болмок,-деп Гулназ Сүйгөндү чычалатып жүрүп, өзү Айжандан ай узабай, турмушка чыгып кетти. Сабакка үч күн удаа келбей калганда эле, түшүнүшкөн курбулардын "ал соо эмес, алакачып кеткен го"- деген божомолдору туура чыкты.
Айжан төртүнчү курсту аяктаганда, Эдилди Казакстанда жашаган агасы жумушка чакырып калды. Алматыдагы аскердик окуу жайды бүтүп эле, ошол жерде иштеп, казак кызга үйлөнүп алган агасы Эдилди да окутуп, бүтүрүп узаткан эле.
- Барып, иштесе иштеп келейин, пенсияга чейин көп болсо он жылдай иштээрмин. Эки жылдын аралыгында үй беришет экен. Квартиралабай тапкан акчам чөнтөгүмдө калат. Бул жерде деле жаман эмес, бирок Айжан бала менен үйдө олтуруп калса, менин айлыгым менен жакынкы жылдары үй алалбайм. Качанкыга чейин көчүп - конуп жашамак элек. Мен агамдай болуп, ал жакта калбайм. Бутума туруп алсам, кайра келем да,-деп өзүн-өзү жооткотуп алды Эдил.
- Сен кетип калсаң, мен кантем?!-деп Дуулат чындап, каңырыгы түтөй, досун жанынан кетиргиси келбей турду.
- Менде да мындай чакырык болот деген ойдо жок эле, баш тарткан болбойт го, үйдөгүлөр да көңүлдөнүп алышыптыр. Казакстан мобул эле жер го, кабарлашып турабыз. Менден кутулбайсың,- деп тамашалай далыга таптап койду.
Жай башталганда алар көчүп кетишти. Кат алышып, кабарлашып турушту. Айжан сырттан окууга которулганы бир келип кетти.
- Эдилге аябай көнүп калыпмын, эми мага андай дос кайда?!-деп Дуулат көпкө жаман болуп жүрдү. Турмуш келечекте эки түгөйгө кандай түркүн энчи даярдап, жашоо агымы кай жакка аласалдырып кетээри менен иши жок көнүмүш күндөр өтүп жатты.
"Атаң катуу ооруп, төшөк тартып калды. Күндө сени сурап жатат. Мүмкүнчүлүгүң болсо, тез арада айылга бар"-деп атайын айылдаш агасы Дуулаттын жумушуна издеп келип айтты. Эртеси эле жол тартышып, үйгө келишкенде, атасынын райборбордун ооруканасында он күн жатып, абалы жеңилдебеген соң " үйгө кетем"деп көшөрүп, болбой чыгып алганын угушту.
- Киши болбой калдым окшойт, ичээр суумдун түгөнүп баратканын түшүнүп эле турам,- деди атасы арык, тарамыштары көгөрүп, көөп чыгып калган ысык колдору менен Дулаттын башынан сылап.-Келгениң жакшы болду, көрбөй кетемби, аталык акыркы сөзүм ичимде калабы деп кейидим эле. Жашоо кандай? Жумушуң жакшыбы? Берки агаларыңдын үйү-үй, жайы-жай, алардан кам санабайм. Талаа- түздө колдоп - сүйөөрү жок деп мына сага көп түйшөлөм. Көзүмдүн тирүүсүндө үстүңө чатыр тургузуп бере албай калганыма армандамын. Былтыр аракет кылалы десем өзүң да көшөрүп койдуң. Аталык сөзүм : эми деле кеч эмес, оорукчан энеңди кейитпей, бир үй алып ал. Малыңарды албайм деп чунаңдачу болбо. Ал сеники, башка эч кимдин акысы жок,-деп утур-утур кан түкүрүп, дене башы чыпылдап терге чыланып, бирде коркурай түшүп, кайра оңолуп, түн ортосунда кыйналып жатып, жаны үзүлдү. Өксүп ыйлап, "азыр шаарга алып кетем, эмнеге эрте айткан жоксуңар?!" деп агаларына бир тийген Дуулатты келээри менен тыйып койгон эле.
Кечээ эле төрдө олтуруп, анда-санда кемпирин тамашага алып, өз сөзүнө өзү маашыр боло корсулдай күлүп, адатта өзүн калбаат кармап, шашпай сүйлөчү атанын орду бош калды.
Жаңы бүлө экенине карабай, кайнатасынан кадимкидей аталык камкордук көрүп, түшүнүп калган Сүйгөн үчүн да өтө оор жоготуу болду. Ары-бери айылдын келиндери менен тең жарыша чуркап, кызмат кылып жүрүп, көзүнүн жашы тыйылган жок. "былтыр күздө шаарга алып кетели, жок дегенде бир айдай дарыланып, келесиңер" дегенибизге көнбөй койгон да. Ошондо эле ой- боюна койбой, Дуулат алып кете берсе мындай болмок эмес беле"-деп кез-кез жанындагы келиндерге кейип алып атты. Үчилик, жетилигин бергенге чейин төшөк бетин көрбөй, түнкүсүн бүкүлү бойдон көлдөлөң үстүнө жата калып бир-эки саат "чырм" эткени болбосо, уйку бетин көргөн жок.
Өлгөндө Эрмектин кайын журту бир кара жетелеп келип союшту. Тураттыкы кыркылыгын биз мойнубузга алалы дешти. Кайын журттун кадырын ушунда түшүнгөнсүдү Дуулат. Эки агасыныкындай бажалары, кайнилери кайрат, көңүл айтып эч ким аны ортого алган жок. Эдилге кабар берген, бирок ал белгисиз себептер менен келе албай калды. Топурак салаар күнү жумушунан мамилелери жакшы үчөө келип, өз араларындагы кошумчасын берип, кетишти.
- Атамдын ашын өзүм өткөрүп, эстелигин да өзүм коём,-деди кетээринде агаларына.
- Чогуу эле өткөрөбүз. Өзүң эле эмне? -деди апасы улутунуп, агалары унчукпады. Ансыз да чачын ак чалган апасынын көздөрү чүңүрөйүп ичине кирип, жаак эттери шылынып, шалбырай түшкөнүн, кадимкидей кайратынан кайтканын көрүп турган Дуулат ичинен сыздап:
- Апа, атамдын кыркына чейин биз менен кетип, доктурга көрүнүп келбейсизби,-дегенин уккан кемпир сөзүн аягына чыгарбай так секирди:
- Атаңдын жаны алыстай электе баса берген болмок беле?! Эл эмне дейт! Кой айланайын, шаарыңа эмне бар, өлсөм да өз үй өлөң төшөгүмдө жатып өлгөнүм жакшы.
- Андай эле апаңа күйүп атсаң аялыңды таштап кет, жардам берип жанында болсун. Балдары менен Гулнара эмнеге жетишет. Ар жумада куран окутуш керек, келим -кетим да көп болот,- деди жеңеси Кымбат сөзгө аралашып.
Дуулат да, Сүйгөн да мындай сөз күтүшпөсө керек, экөө элейе бири-бирин тиктеп калышты.
- Мейли, бир-эки жума жардам берсин,-деди мукактана Сүйгөндөн көзүн албай.
- Чын эле калайын,- деди Сүйгөн да күйөөсүнүн көңүлү үчүн.
- Дуулаттын аялысыз эле күнүңөр өтүп жүрбөдү беле?! Эми деле өтөт. Ансыз деле экөөңдөн кем калбай жакшы эле оокат кылды. Баланы жалгыз кетирбей чогуу эле кетсин, кийин чогуу келишет. Билерман болуп чыга келесиңер бирдеме болсо эле. Гулнар жетишпесе сен турасың. "Тун келиним" деп жакшы тамагын сага ала чуркап, ар дайым ак батасын берип, атаңдын мына даана сенде акысы көп. Атаңдын сага кылгандарын мен санабай эле коёюн, өзүң деле билесиң!- деп кайненеси Кымбатты кагып койду.
- Бир-эки жума чындап эле жүрүп кетсем жакшы болмок,- деген Сүйгөндүн сөзүн кулагынын сыртынан кетирди. Экөө эртеси жолго чыгышты.
- Айылга барган сайын атам менен көпкө сүйлөшүп олтуруп, айыл -ападагы жаңылыктарды кеп кылышып, акыл-насаатын айтып, кыбырап жүрсө эле атам өлбөчүдөй, андан ажырабачудай жүргөн турбаймынбы. Мен эмне кылдым?! Ойлоп көрсөм аталык эмгегин актагыдай деле жарытылуу эч нерсе жасабаптырмын. Жок дегенде Кыргызстанды бир кыдыртсам болмок. Өзү жаратылышты, жайлоону аябай жакшы көрчү. Балалыгы Сандык жайлоосунда өткөн экен. Ошол күндөрүн көп эскерер эле. Мектепте окуп жүргөнүмдө мени да Сандыкка бир алып барган эле. Кичинекей көлмөсү бар, көк жашыл жайлоо азыр да көз алдымда. Атамдын кадимкидей кубанып, курсант болуп, айтып түгөтө албай айылга келгенибиз эсимде. Мобул жеримди,- көкүрөк тушун көргөзүп,- сыздап, бир аңырайган боштук орноп калгандай жаман болуп жатам. Ух!.. -оор үшкүрүнүп, көкүрөк тушун мыкчый кармап, дембе-дем тамеки тартып, ойчул болуп кетти Дуулат. Кийинки күндөрү "иче" коюп да жүрдү. Андайда Сүйгөн аянычтуу карап, кучагына алып өпкүлөп, жакшы сөзү менен сооротуп, кээде калп эле кара күчкө жемелемиш болот.
- Болбодубу эми, эркек башың менен! Өзүң айтасың го атама көп эркелегем, көп сөздөрүн уктум деп. Мен деле жүрөм го ата деп айтмак тургай, эркелемек турсун, караанын көргөнгө зар болуп, кандай адам менин атам экенинен кабарым жок.
(Уландысы кийинки санда)

Ыйык хадистер
Ислам беш нерсеге негизделген: (Алар): Аллахтан башка Аллах жок жана Мухаммад (сав) Аллахтын Расулу (Элчиси) деп күбөлүк берүү, (Аллахка сыйынып күндө беш убакыт) намаз окуу, (белгилүү өлчөмдө байлыкка жетсе) зекет берүү, (Аллахтын ыйык үйүнө) Кабатуллага зыяратка баруу (ажыга баруу) жана Рамазан айында (балагатка жеткен ар бир мусулман аял - эркек бир ай) орозо тутуу.
(Бухари жана Муслимдер
тарабынан келтирилген).

"Адал (уруксат этилген иштер) белгилүү, арам (Аллах тарабынан тыюу салынган) иштер да белгилүү. Бул экөөнүн аралыгында толуп жаткан шектүү (арам - адалы белгисиз) иштер бар. Муну ар ким эле биле бербейт. Ошондуктан мындай шектүү иштерден сактануучулар алар - динин жана абийирин таза сактоочулар. Ал эми андай арсар күмөн иштерден өзүн сактай албагандар күмөндүү иштерге барып кабылат. Андайлар кудум эле корук жайдын айланасына кой жайган койчу сыяктуу: (Койлор) корукка тез эле жайылып кетүүсү мүмкүн. Акыйкатта ар бир падышанын коругу болот. О, уккула! Аллах Тааланын коругу- анын арам кылгандары (тыюу салуу- лары). О, уккула! Адам денесинде бир кесек эт бар эгер ал оңолсо, бүт дене оңолот, эгер ал оңолбосо бүт дене оңолбойт, ал - жүрөк (дил).
(Бухари жана Муслимден).

Мага адамдар: Бир Аллахтан башка Аллах жок жана Мухаммад Анын Элчиси экендигине ишенип күбөлүк берип, намаз окуп жана зекет бермейинче алар менен күрөшүүгө буйрук кылынганмын. Эгер алар мунун баарын аткарышса анда алар кандарын да, малдарын да сактап калышат, бирок исламдын акы кечирилбейт. Анда, алардын эсеп-кысабы бир Аллахтын өзүнө тапшырылат.
(Бухари жана Муслимден) .

"Шектенүүнү ташта да, шексизине кач!"
Мусулман кишинин канын төгүүгө болбойт, бирок (төмөнкү) үч себеп менен болот:
Зына (никесиз жыныстык катнаш, ойноштук) кылса.
Жан кыйса (күнөөсүз бирөөнү өлтүрсө).
Динден чыгып жана коомдон кетсе.
(Бухари жана Муслимден)
* * *
"Кудуреттүү Аллахка жана Кыямат Күнүнө ишенген ар бир адам, айтса чындыкты айтсын, болбосо унчукпасын, ким Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе, ал коңшусун урматтасын. Ким Аллахка жана кыямат күнүнө ишенсе, коногун сыйласын". (Бухари жана Муслимден).
"Аллах Тааладан кайда болсо да, качан болсо да корккунуң. Эгер бир жаман иш кылып койсоң анын жуулуп кетиши үчүн артынан дароо жакшы иш кылгының жана адамдар менен жакшы мамиледе бол!"
(Тирмизиден).

"Жаш жигит! Мен сага айрым сөздөрдү үйрөтөйүн: Аллахты ар да-йым көңүлдөн чыгарба, (ошентсең) Аллах сени коргойт. Аллахты эсиңен эч чыгарба, ошентсең Ал сага аброй, кадыр - барк бергенин көрөсүң. Эгер сен сурасаң Аллахтан гана сура. Эгер сен жардам издесең Аллахтан изде жардамды. Билгиниң: эгер эл чогулуп сенин мартабаңды (даражаңды) көтөргөнү жатышса алар сенин мартаба -даражанды Аллах сенин тагдырыңа жазгандай гана көтөрө алышат, билгин: Эгер эл чогулуп сага бир залал (зыян) келтиргени жатышса да алар сага тагдырыңа Аллах жазган залалды гана келтире алышат. Калем (кагаздан) ажыраган жана барактар кургаган"- деди.
(Тирмизиден)

"Аллах жөнүндө эсте, ошондо сен аны бет алдыңан табасың. Аллахты сен жаштык күчүң бар кезиңде таанып бил, ошондо ал сени кыйынчылыкта (карылык, оору-сыркоо жана башка дагы ар кандай кыйынчылыктарда) таанып билет (камкордук көрөт, коргойт, сактайт). Билгиниң, жеңиш чыдамкайлык (сабыр) менен (болот), рахат кайгыдан кийин, жеңилденүү кыйынчылыктан кийин болот".

"Тазалык бул - ыймандын жарымы (теңи). Алхамду лилллах (Аллахка мактоолор болсун) таразаны толтурат. Субхааналлах (Аллах ар кандай кемчиликтерден алыс, таза) жана Алхамду лиллах (Аллахка мактоолор болсун) мына ушулар көк менен жердин ортосун толтурат. Намаз бул - Нур, садака бул - далил, сабырдуулук жаркыраган жарык, а Куран болсо сенин пайдаңа же сенин зыяныңа - далил. Ар ким ар күнү өз напсисин соодага салат, анан аны куткарып алат же аны өлтүрөт.
(Муслимден).
Даярдаган Келсин
Мурадил кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??