п»ї

  кожейкелерге кеңеш

Шире даярдоо эрежелери
Жайдын келиши менен кожейкелер ар түрдүү кыямдарды жасап, айтор кышка кам көрө башташат. Ал эми жайдын ысык аптабында суусундугуңду кандырып, мөмө жемиштерден шилекейди куюлтуп шире жасай башташат. Анда ширенин эң оңой жана бат жасалуучу жолдорун жана эрежелерин сунуштайбыз.

Өрүктүн ширеси:
1. Алгач өрүктү сапатына жана көлөмүнө карап, туура тандап алыңыз. Чала бышкан, же абдан бышып кеткен, жана ар кандай тактары бар өрүктөрдү аралаштырбаганга аракет кылыңыз.
2. Өрүктөрдү абдан жакшы жууп, данектеринен ажыратаңыз. Шире тунук жана көрктүү болуш үчүн өрүктөрдү туура экиге бычак менен бөлүү керек.
3. Кесилген өрүктөрдү экинчи жолу жууп, банкага салганга чейин муздак сууга коё туруш керек.
4. Андан соң өрүктөрдү банканын жарымына чейин тизип, үстүн жыгач же чай кашык менен акырындап басуу керек.
5. Банкага салынган өрүктөрдүн үстүнө 85-90 градуска кайнатылган 60% кум шекердин кайнатмасын куюу керек.
6. Ар бир банканы кайнап жаткан сууга 18 мүнөт буулантуу керек.
Кургатылган мөмө жемиштердин ширеси: Көптөгөн витаминдерге ээ. Өзгөчө жаз мезгилинде абдан пайдалуу, тактап айтканда дененин териси кургаганда, чачтар түшкөндө, тырмактар сынганда кургатылган мөмө жемиштердин ширесин ичсеңиз ден соолукка пайдалуу.
Даярдоо ыкмасы: Мөмө жемиштердин ширеси башка ширелерге салыштырмалуу оңой жасалат. Көз өлчөм менен жана даамына карап жасаса болот. Эгерде абдан таттуу болуусун кааласаңыз кум шекерди көбүрөөк салыңыз. Ал эми кычкылды жактырсаңыз кургатылган мөмө жемиштерден көбүрөөк кошуңуз. Андан да кычкыл болуусун кааласаңыз лимондун кислотасын кошуп коюңуз. Эгерде рецепт менен жасоого көнүп калсаңыз, даярдоо ыкмасын сунуштайбыз. Буга: 1.5 литр суу, 120-150 грамм кум шекер, лимон кислотасы. Кургатылган мөмө жемиштерден: Кара өрүк, курага, алмурут, алма, мейиз, ж.б баардыгынан - 60граммдан кошуу керек. Көрсөтүлгөн өлчөмдөрдүн үстүнө кошуп көбүрөөк жасасаңыз болот. 1.5 литр сууга 120-150 грам кум шекер салыңыз. Ал эригенден кийин кайнап жаткан сууга мөмө жемиштерди салып туруңуз. Ар бир мөмө жемиштин кайнатууга болгон убактысы ар кандай болгондуктан аларды акырындык менен биринин аркасынан бирин салыңыз. Биринчи кайнатууну мейизден баштаганыңыз эң ыңгайлуу. Ал эми сары түстөгү өрүктүн кургатылганын эң аягында салуу керек. Анткени, башкаларга салыштырмалуу жумшак болгондуктан бат эзилип кетиши ыктымал. Ар бирин 10 мүнөт кайнатып, четинен салып туруңуз. Баарын кошуп бүткөндөн кийин чогуу 5 мүнөт кайнатыңыз. Кургатылган мөмө жемиштердин ширеси ылдам эле даяр болот.
Алчанын
ширеси
1. Алчаны муздак суу менен жууп, сабагынан арылтып, бузулуп бараткандарын тазалоо.
2. Даяр болгон алчаны банкага салып, 20-25% кум шекердин кайнатмасын үстүнө куюу керек.
3. Банкалардын үстүн жаап, 100 градус ысык сууга салып кайнатуу керек.
4. Жарым литрлик банкага 350 грамм алча салып, 12 мүнөт кайнатуу керк.
5. Ал эми бир литрлик банкага 700 грамм өлчөмдөгү алча салып, 20 мүнөт кайнатылат.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??