п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Кызык… кычык суроолор

Марс Сариев, эксперт:
"Түштөнүүгө Маргарет
Тетчэсрди чакырмакмын"
- Журналисттер кычыктанган суроолорду беришсе жооп бересизби же тескерисинче сөгөсүзбү?
- Журналисттерди сыйлайм, мен билбеген тема эле болуп калбаса, баарына эле жооп берип жүрөм. А сөккөн учурлар бир да жолу болгон эмес.
- Иштеген жериңизден канча маяна аласыз?
- Мен долбоорлор менен көп иштейм. Ошого жараша айлык алам.
- Күнүнө канча суммадагы акча коротосуз?
- 200 сомдон ашыкча акча коротпойм.
- Жетекчи менен соттошуп көрдүңүз беле?
- Жок! Жетекчи менен кантип соттошсун? Туура эмес стратегияны тапкандан улам соттошот да. Менде андай болгон эмес. Бирок, тил табыша албай калган учурлар болгон.
- Кайсы ишти жаман көрөсүз?
- Эң жаман көргөнүм чогулуштарда, жыйындарда галстук тагынып отуруу.
- Үстүңүздөн бирөө үстөмдүк кылса иштей аласызбы?
- Жок. Антип иштей албайм.
- Эгерде сиз жөнүндө китеп жаза турган болсо, аты эмне болмок?
- Мен жөнүндө китеп жаза турган болсо, аты сөзсүз түрдө "Акыркы баатыр" ("Последний герой") болмок. (тамашалап)
- Эгер 3 ай бош убактыңыз болсо, эмне менен алектенмек элеңиз?
- 3 ай убактым болсо, Африканын Мароккосуна кетмекмин. Арабиянын маданиятын толук изилдеп чыгат элем.
- Сиз кыялданган кызмат?
- Саякатчы.
- Жашооңуздагы эң жоопкерчиликтүү мезгил?
- Эң жоопкерчиликтүү мезгил - "Апрель окуясынан" кийинки мезгил.
- Эгерде сиз тамак болсоңуз, кайсы тамак болмоксуз?
- Мен апельсин болмокмун.
- Азыр кыздар эркекке, эркектер кызга айланып, жынысын өзгөртүп жатышпайбы. Сиз жынысыңызды өзгөрткүңүз келеби?
- Менин оюмча, алар бир байкуштар. Мен муну оору катары карайм. Жынысымды өзгөрткүм келбейт.
- Бейишке ишенесизби? Эгер ишенсеңиз, Кудайга жолукканда эмне сурамак элеңиз?
- Ишенем. Кудайга жолугуп калсам, биринчи элге тынччылык жана ден- соолук сурамакмын.
- Эң биринчи жолу канча жашыңызда, ким деген кыз менен өбүштүңүз эле?
- Кызык суроо экен. (күлүп) Мектепте тогузунчу класста окуп жүргөндө бир кыз менен өбүшкөм. Ал кыздын аты "секрет".
- Миллион доллар менен сүйүүнү тандай турган болсо, кайсынысын тандайсыз?
- Мага биринчи орунда сүйүү турат. Ошон үчүн, балдарымды жана келинчегимди гана тандамакмын.
- Түштөнүүгө кайсы белгилүү айымды чакырат элеңиз?
- Маргарет Тэтчер же Королева Елизаветаны чакырмакмын.
- Эгер мүмкүнчүлүк болсо, ырчы кыздардын кимиси менен саякатка бармак элеңиз?
- Мен азыр жыйырмада эмесмин да. Элүүнү таяп калдым. Ошон үчүн үй-бүлөм менен эле бармакмын.
- Аялыңыздын көзүнө чөп салып көрдүңүз беле?
- Жок. "Кыңыр иш кырк жылда билинет" дегендей, бары бир бир күнү ачыкка чыгып, билинип калат. Андан кийин жашооңдун бир нукта өтүшү абдан эле кыйын болот.
- А ал сиздин көзүңүзгө чөп салса эмне кылат элеңиз?
- Андай болбойт, бул "абсурд" да. Мен келинчегиме, келинчегим мага толук ишенип жашайбыз.
- Ата-энеңиз кантип таанышкан?
- 20 жаштагы кыз-жигиттер кантип таанышса, менин ата-энем да ошондой таанышкан.
- Түрмөдө отурган тааныштарыңыз барбы?
- Жакын тааныш деле жок. Бирок, алысыраак тааныштардын түрмөдө отурганын уккам бирок, алар менен байланышым жок.
- Атыңызды өзгөртүш керек болсо, кандай ат тандамак элеңиз?
- Ыраак кетпей эле Марстын ордуна Мара деп коймокмун.
- Эгер сиз 24 сааттын ичинде өлөөрүңүздү билсеңиз, бул убакыттын ичинде эмнелерди кылмак элеңиз?
- Бир сутканын ичинде мен жөн эле табиятка чыгып, дүйнөнү карап олтурмакмын. 24 саат калгандан кийин, эч нерсе кыла албайсың. Жубайым, балдарым менен чогуу күндү карап гана отурмакмын.
- Саунага канча убакытта бир барып эс аласыз?
- Мен барбайм. Анткени, дачада өзүмдүн мончом бар, ошол жакка барып эле жуунуп алам. Эгер саунага барсам 200 сомдон көп коротмокмун да.
- Кандай мас болосуз?
- Мас болгондо көп деле сүйлөбөй, жайбаракат бирок жайнап отуруп калам.










кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??