п»ї

 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

  Шоу Дүйнө

Айбек жана Гүланда Күнайымдуу болушту
11-август күнү таңга маал шаарыбыздын №1 төрөт үйүндө ырчы, обончу Айбек Карымов менен турмуштагы түгөйү, сахнадагы өнөктөшү Гүланда экөө кыздуу болушуп кубанычтарында чек жок. Бири-бирине "Күнайым, күнайым... Айайым, айайым..." деп ырдап жүргөндөй, ымыркайына Күнайым деген ысым ыйгарышты. Айбек мырза: "Башкысы, келинчегимдин да кызымдын да ден-соолугу жакшы. Мен ата болуп сүйүнүп атсам, эне болуу керемет экенин Гүланда өзү сезип турган кези" дейт кубанычы койнуна батпай. Биз дагы алардын кубанычына кубаныч дагы да улана беришин каалап, бешик боосу бек болсун демекчибиз.


"Рыскан" киностудиясынан жаңы тасма
Жайдын ысык аптабында "Рыскан" киностудиясы тарабынан, "Жаралуу турна" деген аталыштагы жаңы тасма тартылып бүттү. Режиссёру, Жаныш Кулманбетов жетектеген бул тасманы, Ысык Көлдүн жээгинде жана борбор калаабыз Бишкек шаарында тартышкан. Башкы ролдорду ырчы кыз Айгерим Расул кызы жана ырчы мырза Айдин Шер аткарышкан. Бул тасмадагы башкы ролду ойногон Айгеримди, режиссер Жаныш Кулманбетов өзү сунуштаган, Айдин Шерди болсо көп ырчылардын арасынан кастинг боюнча тандап алышкан. Ал эми Айгеримдин апасынын ролун киностудиянын жетекчиси Рыскан Жоомартова, атасыныкын Тилек Жумагазиев ойношот. Тасманын негизги мааниси шаардык кызды айылдык жигит ала качып кетет,бирок ал кыз калып калбай тескерисинче босогону аттап чыгып кетет. Аталган тасманы сентябрдын ортосунан баштап "Тарых" музейинен көрсөңүздөр болот.


Сыймык Бейшекеевден жаңы диск
Ырчы ,обончу Сыймык Бейшекеев күйөрмандарына, "Мен Кыргызстанды сүйөм " деген аталыштагы, жаңы ырлар жыйнагын чыгарды. Жалаң патриоттук сезимден куралган бул жыйнакта, 11ден ашык мекен жөнүндөгү ырлар камтылган. Алардын айрымдарын атай кетсек: "Кыргызстаным", "Раатбекке арналат" жана "Өзбек ырчысы Юлдузга жооп". 30000 миңге жакын диск чыгарууну пландап жаткан ырчы "Жан дүйнөмдөн жаралган ырлар угармандарыма жагып, алардын дагы патриоттук сезимдери ойгонсо экен деген үмүт менен чыгардым" дейт. Ал эми дискти сатып алууну каалагандар 0555-55-52-63 номерине байланышса болот экен.


Рустам Аташевден "Эркектер 2"
Быйылкы жыл режиссёр Рустам Аташев үчүн жемиштүү жыл болуп жатат десек жаңылышпайбыз. Анткени, ал бир эмес эки жаңы тасманы жарыкка чыгарууда. Буга чейин комедия жанрындагы "Эркектер"деген тасманы көргөн болсоңуздар, азыркы убакта ошол тасманын уландысы, "Эркектер 2" деген аталышта тартылууда. Андан тышкары, "Ак алтын " деген тасманы жакын арада тартып бүтүп, ноябрь айында элге тартуулайбыз деп турган учуру. Анда ноябрь айында эки тасмага тең күбө боло аласыздар.


Нурзат Садыкова Турциядан чакыруу алды
Ырчы Нурзат Садыкова, атайын Турциядагы Кыргызстандын элчилиги аркылуу, Турциянын Анталия шаарында өтө турган, түз эфирдеги "Ак деңиз түндөрү" аттуу программага чакыруу алды. 22-августта өтө турган чакан программадагы талкууга ырчы, Кыргызстандын атынан конок катары чакырылган.


Бакыт Букаев уулдуу болду
Сүйүнчү! Таанымал шоумен Бакыт Букаев уулдуу болду. Ымыркай 16-август күнү 4 кг 700 грамс болуп төрөлүп атасы менен апасын кубанычка балкытып жаткан убагы. Учурда ата-эне уулуна кандай ысым койсок экен деп, кубанычтын убарасын тартып атышат. Ким деген ысым ыйгарса да баланын бактылуу болушун каалайбыз!




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??