п»ї
 Таанышуу жарыясы


  Экран жылдызы

"Заманада" ушакташканга убакыт жок
Таң эрте адамды жылуу төшөктөн тургузуп, жагымдуу маанайды тартуулап, айрымдарын жумушка узатса, айрымдарын саат 10-00 чейин арбап алган "Замана" студиясынын татынакай тележүздөрүнүн катарында Анара Бейшекеева да бар. Анара башкалардан айырмаланып, эфирди эки тилде тең: кыргызча жана орусча алып барат. Экранда 7 жылдан бери жүргөн алыпбаруучунун бул эң алгачкы берген интервьюсу.


- Анара, мен байкагандан сен "Замана" студиясында көптөн бери иштейсиң. Бул жердин сени тартып турган кандай аурасы бар?
- "Заманага" студент кезимде, мындан 7 жыл мурун келгем. Аурасы ушунча жагымдуу болгондуктан, бул жерге байланып жүрсөм керек. Таңкы программада саналган эле адамдар иштегендиктенби, же кызматкерлер ушунчалык бири - бири менен жуурулушуп калгандыктанбы, айтор, бир үй- бүлөдөйбүз. Кимдир - бирөөбүз ооруп, ишке чыкпай калса, кадимкидей жоктоп калмайыбыз бар.
- Эң биринчи "Замананы" аттаган күн эсиңдеби? Бул жакта иштөө мүмкүнчүлүгүнө кандайча ээ болуп калдың эле?
- Алгачкы жолу "Замананын" босогосун кыштын кыраан чилдесинде аттагам. Мен анда Улуттук университеттин журналистика факультетинин 3 - курсунда окучумун. Улуттук канал университет менен бирге жаш алыпбаруучу, кабарчыларды тандоо ирээтинде сынак жарыялаган. Катышуучулардын саны аз болгондуктан, менден сурабай эле факультеттин деканы фамилиямды тизмеге киргизип коюптур. Айла жок "Заманага" он чакты студент менен келип, камеранын алдынан чакан текст окуп бергем. Бир жумадан кийин катышуучулардын баарын Улуттук каналга чакырып, жеңүүчүлөрдүн ысымдары аталган. Эң кызыгы, алардын арасында мен да бар экенмин. Ошондо мени таңкы программага стажировкага жөнөтүшкөн. Ошентип "стажировкалап" жүрүп, ушул жерде иштеп калаарыма учурунда көзүм деле жеткен эмес.
- Ошол учурда сага жардам берип, кеңеш айткан адамдар болду да ?
- Устатым, багыт, кеңеш берген адамым, теледеги энем - бул Тамара Жаманбаева. Менин журналист, алыпбаруучу катары калыптанышыма бул адамдын салымы зор. Мен жөнөкөй үй -бүлөдөн болгондуктан, телевидениеде азыркыча айткандай "крышам", тааныштарым деле жок болчу. Тамара Кусеиновна эмнегедир мени бир көрүп эле, жакын адамындай мамиле кылып баштаган. Мени "Заманага" жумушка алган ушул адам болчу. Эже иш боюнча гана сын пикирлерин, сунуштарын айтпастан, эне кызына айтчу кеңештерин дале аябай келет.
- Эмнеге башка диктор, алыпбаруучулардан айырмаланып ММКна интервью бергенден качасың?
- Гезит беттерине дайыма чыга берчүдөй телевидениеге анча эмгек деле сиңирип жиберген жокмун. Анын үстүнө сенсациялуу бир нерсе деле айтып бере алчудай эмесмин. Ал эми бул жолу сиздин бир нече жолку сунушуңузду четке кагалбадым.
- Эртең менен эфирге чыккандан тышкары кадр сыртында да материалдарды даярдаганга кантип жетишесиң. Мындай ишкердүүлук эртең менен эфирге "свежий" болуп чыкканга тоскоол болбойбу?
- Айрымдар "Замананын" иши өтө эле оңой, эртең менен 7де келип, 10до иши аяктайт - деп ойлошот. Чындап келгенде, көпчүлүк учурда биз таң эртеден баштап, түнгө чейин иштеп калабыз. Азыркы тапта мен гана эмес, "Замананын" бардык алыпбаруучулары сюжет, репортаждарды даярдайт. Себеби, алыпбаруучулар менен бирге бизде болгону 13 редактор иштейт. Албетте, баарыбыз биргеликте эмгектенбесек, күнүмкү 3 сааттык эфирди ким толтурат? Анан ошол кесиптештериңдин, өзүңдүн маңдай териң менен даярдалган материалдарды, телекөрүүчүлөргө "свежий" болуп тартуулайсың да.
- "Алыпбаруучу сулуу болбош керек, жылдыздуу болуш керек" дегенге кошуласыңбы?
- Кайсы гана алыпбаруучу болбосун, ал жалпы журтка жага бербейт. Кайсы бир көрүүчү анын ишине суктанса, экинчиси кемчиликтерин таба берет. Менимче сулуу, жылдыздуу болуудан мурун ал өзүнүн ишин чын дили менен сүйүшү керек. Ошондо гана ал жумушка берилип, дайыма "5" деген баага иштебесе да, "2" албаганга аракеттенет.
- Эфир сен учун эмне?
- Эфир - мен үчүн чоң жоопкерчилик. "Замана" түз эфирде иштегендиктен түркүн окуялар болуп кетет. Бир күнү сүйлөп жатсаң үстүндөгү лампочка жарылып кетсе, кийин 10 мүнөткө эсептелген мейманың келбей калып, эфирди толтура албай убара тартабыз. Мындай учурларда ар - кандай маалыматтарды окуганга туура келет. Биз жаңылыктардагы алыпбаруучулардай телесуфлер менен иштебегендиктен, айрым учурларда жаңылып да калабыз. Кандай болгон күндө да, биздин максат таң эрте телекөрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулоо. Ушул ой менен, таңкы 4 тө жумушка келип, сүйлөгөнгө дарманың жок болсо да, эфирден жылмайып турууга милдеттүүсүң.
- Бул убакка чейин көп эле адамдар менен түз эфирде отурдуң да. Алардын арасынан эң эсте калган, кызыктуу эфириң ким менен болду эле.
- Эфирге көп эле адамдар келет: бийликтеги адамдардан тартып жөнөкөй дыйкандарга чейин. Биринчилери жан сакчыларын маңдайыбызга тургузуп коюп сүйлөшсө, экинчилери эфир учурунда бир нече килограмм картошканы алып келип, бизге белекке бергенин айтып таң калтырышкан. Бирок, эстен кеткис түз эфирдеги маек 9 - майда өткөн. Кайсы бир райондун Социалдык коргоо башкармалыгынын жетекчиси Улуу ата мекендик согуштун ардагерлеринин баатырдыгы жөнүндө берилип айтып баштаганда, көзүмдөн жаш агып кете жаздаган. Өзүмдү зорго токтотуп маекти улантканым эсимде.
- Ишиң боюнча эң көп сынды кимден угасың?
- Ата - энем менен эжем - эң катуу сынчыларымдын бири. "Жакын күйдүрүп айтат"- деп эле, мени болушунча сындай беришет. Эң жакын адамдар да, айла жок чыдайт экенсиң.
- "Заманада" журналисттердин салтына айланган кандай жакшы нерселер бар?
- Ой, ал нерселерди айтпайм да. Болбосо, сиздер да аларды салтка айландырып аласыздар да…Тамашасыз айтсам, бизде жакшы "салттар" өтө эле көп. Эң башкысы, Кыргыз телевидениесиндеги көптөр айткан "интрига" жок. Ар ким өзүнүн иши менен алек, бирөө жөнүндө ушакташканга убакыт да болбойт.
- Азыркы алыпбаруучунун кичинекей чагында тили келбеген сөздөрү бар беле?
- Албетте. Помидорду - пононо, жуурканды- жамын, ал эми колбасаны - касабачка дечү экем.
- Сөздү так, туура айтыш үчүн атайын көнүгүүлөрдү жасайсыңбы?
- Мурун жасачумун. Ал эми акыркы учурларда убакытым тар болуп жатат. Бирок, жакында бул боюнча атайын адис менен иштешкени жатам.
- Журналистика чөйрөсүнөн кайсы инсанды жактырасың? Кимдин кайсы сапатын алгың келет?
- Орус журналисттеринен Аркадий Мамонтов менен Леонид Парфеновдун иштерине суктанам. Ал эми кыргызстандык кесиптештеримди атай кетсем - Олжобай Токтосунов, Динара Кодуранова, Алмаз Касымалиевдин иштерине чоң баа берет элем.
- Ушул чөйрөдөн туруктуу дос күттүңбү?
- Өзүм ушул кесипти аркалагандыктан бул чөйрөдө досторум өтө көп. Алсак "Заманада" бир топ жаш улуу болсо да, эң жакын дос - эжем - Акыл Абдылдаева. Дагы бир 10 жылдан бери эриш - аркак болуп жүргөн эң кымбат дос-адамым да журналист болуп эмгектенет
- Сени көрүп туруп эки кыздын энеси деп эч ким айтпаса керек...Тийишкендерге тийиштүү жоопту кантип бересиң?
- Сазайын берем (күлүп). Чынын айтсам антип катуу тийишкендер деле жок.
- Жолдошуң сени жумушуңа кызганбайбы?
- Жок, тескерисинче колдойт.
- Мындай түшүнүктүү жарды кайдан таап алдың эле?
- Ии-ий, орустар айткандай, араңдан зорго, иттер менен издеп жүрүп тапкам да (күлүп). Бекер мынча күч жумшабаптырмын, чынында эле жолдошум түшүнүктүү, менин "ужасный характеримди" көтөргөн инсан.

Эльмира Мадиева




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??