п»ї

Жылдыздар саясатта
Белгилүү кино актерлор, сахнаны багындырган ырчылар талантын элге тартуулап, чыгармачылыгы менен гана алектенбестен саясатка бет алышып, элдин камын көргөн атуулдардан болуп чыга келишүүдө. Дүйнө жүзүндөгү атактуулардын эки тармакта эмгектенгендери тууралуу сөз кылып, жалпы саясатка аралашкан жылдыздар жөнүндө маалымат бермекчибиз.


Кабзон - Россиянын эл артисти Иосиф Кобзон эстрада ырчысы, бизнесмен, жеке ишкер, жана саясатчы катары таанымал. Алгач 1960-1980 жылы ырчы Александра Пахмутова, Аркадий Астровскийдин ырларын ырдап, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. "Россияда болгон баардык концерттер Кобзонсуз өткөрүлбөйт, жада калса артисттер барбаган жерге Кобзон барып ырдап келет, мисалы Афганистанда кырдаал кыйын болуп жатса дагы Кобзон барып ырдап, тогуз жолу афгандык алтын медаль менен сыйланган" - деп эскеришет санаалаш достору. Андан соң спорт жана дене тарбиядан сабак берип, спорт чебери болууга да жетишкен. Азыркы учурда Мамлекеттик Думанын депутаты, шайлоодо 80 пайыз добуш менен жеңишке жетип, "Бирдиктүү Россия" партиясынын өкүлү болгон. 2009 жылы бүткүл дүйнөлүк маданий фонду, Иосиф Кобзонго "мыкты еврей" - деген наам ыйгарышкан.


Анжелина Жоли - Дүйнө жүзүнө белгилүү жана эң популярдуу актриса Анжелина Жоли 2012 жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерлигин сунуштай тургандыгын билдирген. Шайлоого катышуу үчүн Жоли өзүнүн ийгиликтүү кинокорьерасын курмандыкка чалууга даяр экенидигин айткан. Көп убакыттан бери ООНдун эркин элчиси катары иштеп, гуманитардык миссия менен Камбоджа, Пакистан, Танзания, Эфиопия, Эквадор, ж.б жерлерге барып, кайрымдуулук иши менен алектенүүдөн рахат алган Анжелина 2012 жылы президенттик шайлоодон ийгиликке жетише алат деген жоромолдорун серепчилер айтышууда. Оксфорд университетинин профессору Эрико Джеймс "Жолинин күйөөсү Брет Питтин мыкты саясатчы болооруна көзүм жетет, ал жок дегенде Жаңы Орлеан шаарынын мери болуш керек" - деген оюн билдирип, Брет Питтин талапкерлигин Интернет аркылуу жарыялап койгон.



Андрей Аршавин - Белгилүү футболист, мыкты оюнчу УЕФА кубкасынын жеңүүчүсү Андрей Аршавин футбол менен гана алектенбестен, элдин камын көрүүнүн аракетин жасоодо. Тактап айтканда 2007 жылы Санк-Петербургда түзүлгөн партиянын курамына кирип, депутаттыкка талапкерлигин көрсөткөн. Бир нече жолу мамлекеттик деңгээлдеги иш чараларды алып барып, өзүнүн атаандаштары менен ат салышкан. "Менин саясатка аралашуумду "пиар" деп эсептебегиле, болгону мен чын жүрөктөн жергиликтүү жашоочуларга жардам берейин деген ниеттемин" - деп билдирген. Бирок, белгисиз бир себептерден улам "Бирдиктүү Россия" партиясынан чыгып, депутаттык мандатынан баш тарткан.


Михаил Евдокимов - Куудулданып, боорду эзген тамашалары менен элге таанылган Михаил Евдокимовдун саясатта орду чоң. Алгач КВН командасынын капитаны болуп, андан соң "Огонек" телеберүүсүнө катышып, ар түрдүү рольдорду аткарып, куудулданып жүрчү. 1989 жылы "Аншлаг" телеберүүсүнө катышкандан кийин элге тааныла баштаган. 2004 жылга чейин "Театр Евдокимова" ачык акционердик коомунун директору болуп эмгектенет. Андан кийин "Про бизнесмена Фому", "Не валяй дурака", "Старые клячи" ж.б кинолорунда башкы каармандын ролун жараткан. Ал эми 1995 жылдан тартып саясатка аралаша баштайт. 2004 жылы Евдокимов Алтайга губернатор болуп шайланат. Шайлоолорго "Шутки в сторону" деген девиз менен чыккан. Алтайдын айыл чарбасын, экономикасын көтөрүүгө чоң салымын кошкон. Бирок, бир жыл өтпөй Михаил Евдокимов авто кырсыктан курман болот. Журналистер жана саясатчылар "ал коррупция менен абдан күрөшкөн, Евдокимовду атайын эле өлтүрүп кетишти" - деген божомолдорун айтышкан. Кырсык болгондон кийин, кылмыш иши козголгон, бирок эч кандай жыйынтыктар чыккан эмес. Жубайы Галина машинада болгондуктан оор жаракат алган. Аркасында Анна аттуу 23 жаштагы кызы калды.


Арнольд Шварценеггер - Ааламга аты дүңгүрөгөн актер Арнольд Шварценеггер 2003 - жылы Колифорния штатынын отуз сегизинчи губернатору болуп шайланган. Элүүдөн ашуун кинолорго тартылып, бүткүл дүйнөнү багындырган актер жаш кезинде губернатор болом деп эч ойлогон эмес. Анткени үй-бүлөсү абдан жакыр жашачу, "Биздин үйдө сын алгы, үй жылытуучу меш жада калса даараткана да жок болчу" - деп эскерет. Атасынын өтүнүчү боюнча Арнольд 14 жашында спорт менен машыкса,18 жашында Австралиялык аскерге бет алат. Бир күндө 15 танканы айдап, окоптордо уктап, таң атпай оор машыгууларды аткарып, айтор, ыкчам жана күчтүү болууга аракет кылган. Ал эми 1970 - жылы биринчилерден болуп "боевик" кинолоруна тартылып, элге тааныла баштаган. Кино жаатында көп ийгиликтерди багындырган соң, 2003 - жылы Колифорния штатынын губернаторлугуна талапкерлигин коет. Оппозиция тарабынан бут тосуулар болсо дагы 2006 - жылы шайлоонун экинчи мөөнөтүнө бет алат. Элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон актер саясатчы катары көп добуш топтоп шайлоодон жеңишке жетет. Эми Арнольд 2011-жылга чейин Колифорния штатынын губернатору болсо, андан кийин мыйзамга ылайык үчүнчү мөөнөттөн баш тартууга аргасыз болот.



Лех Качинский - Таланттуу актер Лех Качинский убагында мыкты саясатчылардын катарын толуктаган. Ал Варшавада 1949 - жылы туулган. Он үч жашынан Лех өзүнүн эгиз агасы Ярослав менен Польшалык өспүрүмдөрдүн "Двое украшение Луну" аттуу жомогунда башкы каармандын ролун аткарышкан. Ал жаш балдардын сүйүктүү жомогуна айланган. Ал эми саясаттагы корьерасын "жумушчулардын укугун коргоо" комитетинде эмгектенип жүргөндө эле баштаган.
2005 жылы Варшаванын мери болуп шайланып, Лех Качинский эки жолу гей-параддардын өткөрүлүшүнө катуу тыюу салган. Андан соң өлкөнүн адилет министирлиги болгон. Агасы Ярослав менен биргеликте 2001 жылы "Укук жана чындык" деген саясий партия ачышкан. Лех Качинский 2005 жылы Польшанын президенти болуп шайланат. 2010 жылы ал жубайы Мария менен Варшавадан Смоленскийге аба каттамы менен учушуп, авиа кырсыктан каза болушкан.



Рейган Рональд - 1984 -1989 жылдары АКШнын кыркынчы президенти болуп Рейган Рональд шайланган. Алгач 1937 жылы Голливудка келип, актердук корьерасын баштаган. Элүүдөн ашуун кинолордо башкы каармандардын ролун ойногон. 1942-1945 жылга чейин АКШнын ВВС маалымат органынын башчысы болуп эмгектенет. Рейган Рональд эл ичинде актер катары таанылса дагы, 1984 жылы президенттик шайлоодо талапкерлигин коюп, көп добуш алып жеңишке жеткен. "Ал президент болгондо экономика жогорулап, инфляция жок болгон" - деп эскеришет жергиликтүү жашоочулар. Ошондуктан ал учурду "эпоха Рейгана" деп атап коюшкан.


Ал эми Кыргызстандын да шоу тармагынан саясатка аралашкан чыгармачыл инсандар жок эмес.
Ибрагим Жунусов - Убагында "Балам,балам жан балам" - деген ыры менен элге таанылган инсан Ибрагим Жунусов ырчы жана саясатчы катары элдин эсинде калды. Убагында ырларына клип тарттырып, концерт бергенге дагы жетишкен. Кийинчерээк чыгармачыл чөйрөдөн тажаганбы айтор, 2005 жылы "Ак-Жол" фракциясынын депутаты болуп шайланыптыр. Андан соң өлкөнүн маданият министирлиги болуп эмгектенди. Айтор, чыгармачылыктан саясатка аралашкан жылдыздардын талантына баа берсек жарашчудай


Нургүл Ибраева









кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??