п»ї

Фархад менен Ширин
Чыгыш элинин айтылуу сүйүү баянына айланган "Фархад менен Ширинди" укпаган жан жоктур. Руханий дүйнөбүз кемигенден-кемип турган мезгилде, көөнө чыгармаларга кайрылуубуз аз болсо да оң натыйжа бергиси бардыр деген ниеттебиз.

Илгери, илгери бир замандарда Ирандын чет жакаларында шаар болуптур, ал телегейи тегиз, дүр-дүйнө жемиш, жүзүмзардын арасына курулуптур. Шаарды Мехмене-Бану деген өктөм кыз бийлечү экен. Атасы эркек бала көрбөй, элинин салты боюнча ал бийлик башына келип падыша болгон экен. Ошол Мехмене-Банунун ай десе айдай, күн десе күндөй, сөөгү таза, бою алтын, көзү ботодой, бели кындай, тили бал, маңдайынан чырак күйүп тургандай, жылдызы төгүлгөн Ширин аттуу сиңдиси бар экен. Көргөн жан айран-таң калып, алдынан басып өтө албай, ыйбаа кылышчу экен. Кыз 15 жашка келгенде анын сулуулугу Иран эмес, бүткүл дүйнөгө тарап кетиптир.
Күндөрдүн биринде Мехмене-Бану диванхана үйүндө ойлонуп отуруп, Ширин сулууга өзүнчө аксарай салдырып бермекчи болот да, шаардагы колунан көөрү төгүлгөн усталардын баарын жыйнап алып, мындай сөз салат:
- Мен Ширинге арнап сарай салдырткым келет. Ал сарай ушуга чейин эч ким көрбөгөн, анан да эч ким эч жактан көрө албай турган сарай болуш керек. Араңарда ошондой сарай салганга белсенген жан бар болсо, тартынбай айткыла. Ал адам курулуш өнөрүн гана жакшы билбестен, жылдыздар дүйнөсүн да жакшы билсин. Ак сарайдын курулушу мүлдө жылдыз жамааты маржандан жакшылык жышаанында турган кезде башталыш керек. Мехмене- Бану "өздөрү кеңешип алышсын" деп ойлонуп, өзү сыртка чыгып кетет. Усталар үч саат кеңешет, төрт саат кеңешет.Анан акыры "жараса ушу жарайт" деп, бир билерман устага токтолушат да падыша кызга кабар кылышат. Уста жылдыздар жамаатын эске алып, ак сарайды кандай, качан баштаарды кыяптап өлчөп чыгат да, жети бөлмөлүү жакшынакай имарат салып бүтөт. Өнөрдүн күчүн көр, бөлмөлөрдүн ар биринен жаркырап-жайнап, жетелешкен жети жылдыз көрүнүп турат дейт. Ак сарайдын ичи-тышын кооздоого Бехзад дечү атактуу сүрөтчү чакыртылат да, тапшырылган буйруктун баарысын өзүнүн сүрөтчү уулу - Фархад менен чогуу иштейт. Фархад ошо кезде он алты, он жетилердеги келбеттүү, сулуу бала экен. Анын жылдыздуу дидарын көргөндөр жараткан кудайга миң мертебе ыраазылыктарын айтып, куштар болуп өтүшчү экен. Ошентип, Бехзад уулу экөө ак сарайды жасалгалай баштайт. Бир күнү курулушту көргөнү Ширинди ээрчитип алып Мехмене-Бану келет. Бехзад жүгүрүп чыгып, аларды жаны-маны калбай сүйүнүп тосуп алып, бөлмөдөн-бөлмөгө ээрчитип киргизип, эпилдеп иш жагдайын түшүндүрүп жүрөт. Бассаң-турсаң өз көлөкөңдөй ээрчип, олтурсаң-турсаң жылмайып маңдайыңда ойноп, чиркин махабат кандай, дүйнөдө ага эч даба жок. Бехзад сүрөтчү жасалга жагдайын падышага жанталашып түшүндүрүп, жүгүрүп жүргөн арада колуна кыл калем алып, ак сарай ирегелерин кооздоп аткан Фархадды Ширин байкап калат. Оо укмуш, ошо бир паста, алеки заматта кыз жигитти сүйүп калат. Бирок, оо балакет, анысын эжесине да, беркилерге да билгизбейт. Тобо кылып, өз жакасын өзү кармап, кудай-эгем атына жашынып өзүн-өзү араңдан зорго токтотот. Анан:
- Бул жерде канча сүрөтчү иштейт? - демиш болот, собол таштап.
- Мырза айым, бул жерде бар болгону эки сүрөтчү иштейт, - деп жооп берет чоң уста. Экөө тең чыгаан сүрөтчү. Бири Бехзад, бири Фархад - ата-бала. Колдорунан көөр төгүлгөн мыкты усталар. Ак сарайды жасалгалаш көрүнгөн эле адамдын колунан келе бербейт. Ширин тамшанып Бехзад менен Фархадга умсуна карайт. Ак сарайды кыдырып көргөн соң, бек ыраазы болушкан эже-сиңди көнгөн оюн-шоокторуна кетишет. Бирок, Фархадга көзү түшүп, ашык болуп калган Ширинди оюн-шоок алаксыта албай, жүрөгү алеп-желеп болуп, Фархадды көрсөм дегенде ак эткенден-так этет. Ак жаанды токтотсо болот, асти күйөө деп калган кызды токтотууга болбойт да. Эртеси эрте туруп, кадим гүлзар өңүндөй кийинип, эч адамга көрүнбөй, билинбей жүгүрүп ак сарайдын алдына келет да, бактарга далдаланып, Фархадды карап турат. А жигит бейкапар ак сарайдын сыртын кооздоп аткан экен. Ширин үйүнөн ала келген алманы Фархад жакка ыргытып жиберет, андай амалды түшүнбөгөн боз улан элеңдеп эки жагын карайт. Нак ошо маалда, "бу алма кайдан түштү" деп, Фархад түшүнбөй турганда Ширин кадим калтардай булт этип жашынып турган жеринен чыгып, бир нары жагын, бир бери жагын карамыш болуп боз уландын маңдайына тура калат. Кызыл талдай ийилип, бинапша гүлдөй буркураган сулуу кызды көрүп Фархад алдастай түшөт. Колунда кармап турган калеми ыргып, боёгу чачылып, бечара аз эле жерден эсинен танбай калат. Кайгоолдоп, баарын байкап турган кыз анын жүрөгүнө да от түшүп калганын сезип, ак сарайга кудуңдап, кубанычтуу кайтат.
(Уландысы кийинки санда)




Сен жана мен
(Уландысы, башы өткөн санда)
Көөдөндөгү купуя сыр…
Кыркылыкка кетебиз деп даярданышып, Дуулаттар базардан жаңы келишкен. Экөө баштыктарын үйгө ташып киргизип болуп, дарбазаны жаба берээрде жеңил машина келип токтоп калды. Алдыңкы эшигинен чыга калган Эдил шашыла басып келип, Дуулатты кучактап калды.
- Арты кайрылуу болсун. Топурак салганга келе албай калып, жаман болдум,- деди далысынан таптай.- Кандайсыңар, жакшысыңарбы? Айылга качан? Кыркын ушул күндөрү өткөрүшөт болуш керек деп ойлодум. Бир жери ооруп жүрчү беле? Былтыр көзүмө күүлү-күчтүү эле көрүнгөнсүгөн. Апам кандай? Ал кишиге да жаман болсо керек…
Айжан Сүйгөндү кучактап алып ыйлап жиберди. Боюнда бар неме алыста жүргөнгө ага-тууганы, курбу-курдаштары көздөн учуп, куса болуп турган эле. Көрүшүп, ал-жай сурашкан соң, көздөрүнөн кубаныч-муң төгүлгөн төртөө ээрчише үйгө кирип, жанаракта эле жымжырттык ээлеп турган үй ичи бака-шакага толо түштү.
- Көрүшө элегибизге эки айга чукулдап калды ээ? Мага тим эле эки жыл көрүшпөгөндөй туюлду. "Бөлөк элде султан болгуча, өз элиңде ултан болгонуң жакшы" деп ким айтса да таап айтыптыр. Бараарын барып алып, өкүнүп, экөөбүз көнө албай, сүйлөгөн сөзүбүздүн баары эле бияк, силер. Кетип калалы, кетип калалы деп өзүмдү араң эле тыйып калдым. Ансыз деле агама "Бул жагыңарга көнө албайт окшойм. Кеч боло электе кайра кайта берсемби?" дей коём деп кагуу жеп калдым. Ачуусу чукул, сөзгө так неме " Атайын чакыртсам… Эшекти отко айдасаң, бокко качат"- деп чыкпадыбы. Тамашалап атат деп Айжан ортого түшүп, арачалап калды, болбосо … Кыскасы, жайгаштык, жаман эмес. Биринен баштап жумушка чыкмай, андыктан көз көрсөтүп кетели дедик. "Ичим чоңойсо бара албай калам, үйдөгүлөрдү сагындым" деп Айжан да ыйлактап, келип калдык,- деп отурду Эдил.
Сүйгөн алардын сөзүнө ара-чолодо аралаша коюп, ашкана менен өз бөлмөсүнүн ортосунда жүгүрүп жүрдү.
- Экөөң божурашып базарга басып барып, эт алып келе калбайсыңарбы? -деди эле, Эдил так секирип болбой койду:
- Эттин эмне кереги бар, эч убара болбогула. Силерди көрүп, сүйлөшүп эле тоюп калдык. Мына дарбыз, коон, чай -майың турат. Мындан артык эмне керек? Ары-бери жүгүрбөй кел, сен да жаныбызга олтур.
- Ошо кантип болсун, атайын келсеңер. Таластын кызына күлчөтай жасабасам, башка тамакка алымсынбайт,- деп тамашалап, колдо бар эти - төштүн жарымы менен эки кабырга асып, камыр жайып, тамак жасады. Тамак үстүндө бажырашып, өткөн-кеткен күндөрдү эстешип, көпкө олтурушту. Айылга Дуулаттын атасынын кыркына чогуу барып, андан ары Эдил өз үйүнө кетмек болду.
- Эми экөөң өзүңөрчө ушакташып алгыла, биз сыртка чыга туралы,- деп тамашалаган Эдил, Дуулат экөө бак ичине чыгып, олтурушту.
- Келгениң жакшы болду, кимге айтсам деп, кеңеш берээр киши таппай кайсалап турган учурум. Балп эттирип Сүйгөндүн өзүнө айтып сала албагандай жаңылык болуп кетти,- деди Дуулат оор үшкүрүнүп.- Атамдын кайгысы бир тең, аялымдыкы бир тең болуп, кыйналып жүрөм.
- Эмне болду, тынччылыкпы?- Эдил тынчсыздана, колундагы тамекисин күйгүзүп, кере-кере соруп алды.
- Биздеги Бердикеевди тааныйсың да?
- Кайсы, жанагы Кой-Таштан которулуп келгенби?
- Ооба, ошол. Өткөн айда ал туулган күнүн белгилеп, биздегилерди бүт кафеге чакырган. Туугандары да келишиптир. Карасам эле кашы-көзү, мурдунан бери Сүйгөнгө окшош эки жаш кыз олтурат. Эми окшотугу … тим эле союп каптап койгондой. Көрсө, ал кыздар Бердикеевдин кайнагасынын кыздары экен. Кайнагасы болсо депутат Албаев.
- Кайсы Албаев? Адылбы? Ошол Бердикеевдин карындашын алыптырбы? Адыл деген бизге кошуна айылдан да. Атамдар жакшы таанышат. Анан?
- Анда сен жакшы билет турбайсыңбы. Кафеде Адылың болгон жок, аялы менен эки кызы отурду. "Ушундай да окшоштук болобу, же?" -деп ойлонуп калгам. Эки кыз эже-сиңди экен. Апасына анча окшошушпайт экен, демек атасына окшош.
Эртеси Канаттын башын жазды кылып, кафеге чакырдым. Мен бирди алгам, анан ал кайра бирди алып отуруп, ал күндүз да ичкен экен, кечинде бир топ эле болуп калды. Ошондо кайнагасынын жөн-жайын сурап калдым. Эми жөн киши эмес, депутат болсо… деп.
- Оо, андан кесип алса кан чыкпаган, зыкым, битир неме. Колунан жакшылык келсе, мен эмдигиче Министирликте бир кабинетти ээлеп олтурбайт белем. Аялы гана катыш- алышты түшүнгөн үчүн, жамандык-жакшылыкта катташа коёбуз. Өзү деле ошол аялынын аркасы менен өсүп, кайнатасы детутат кылбадыбы. Билесиңби, кайнатасы Издегенов деген илгерки депутат эмеспи. Жеңебиз жалгыз кызы. Анан күйөө баласы Албаевди көтөрмөлөбөгөндө кимди көтөрмөлөйт?
- Мурда -кийин кайнагаң аял алган эмес бекен? Азыркысы биринчиси элеби? - дедим.
- Сен аны кайдан билесиң? Ооба, Политехте окуп жүргөн кезинде бир кыз менен сүйлөшүп, жашап жүрүп, анын боюнда болуп калганда таштап кеткенин аялым айтып калчу. "Кыштын кычыраган суугунда жука пальточон, жалаңбаш, боюнда бар кыз үйгө күндө ыйлап издеп келип, же Адыл ага жолугуп, жообун бербей кыйнаган эле. Кийин тигил кызды эч жерден жолуктура алган жокмун. Ал кезде өзүм да студент, бала экенмин да. Ичиндеги баласы эмне болду экен? Кантсе да биздин тукум, биздин кан деп азыр көп эсиме түшөт. Адылдан сурасам, "экинчи оозуңа алба" деп катуу кагып койгон. Жыл өтпөй жеңеме үйлөнүп алды. Үй-бүлөсүн бузбайын, ынтымагын ыдыратпайын деп мен ошо менен унчукпай калдым. Үйдөгүлөр да билбеген бойдон калышты"- деп аялымдан уккам деди Канат. Дал келип атабы?- Дуулат Эдилге көз таштады. Ал ийнин куушуруп койду.
- Ошол кайсыл жыл экен, аялыңдан акырын сурай келчи?-дедим Канатка. Бирок ага эч нерсе дегеним жок. Кызып калган немеге деле баары бир болчу. Антейин десем сүйлөшкөнүбүздүн бары эсинде экен.
- Жетимиш жетинчи жыл экен. Эмнеге эле кайнагама катуу кызыгып калдың. Аялым да "эмне кыласың, сага эмне кереги бар. Каяктан да сага айта койдум эле. Эриңе ишенгиче… деген ушул" деп кулак мээмди жеп салды. Чын эле бир деме билесиңби?- деп, менден эч нерсе айттыра албасына көзү жеткенде тим болуп калды Канат.
- Анан?- Эдил демитип кирди.- Атасы ошол бекен? Албаевби?
- Угуп турсаң, акырын … Ушунча болгон соң аягына чыгайын деп ойлонуп, Албаевдин кабыл алуусунда болдум. Табышмак кылбай түз эле өзүнө кирип, көзмө-көз сүйлөшкөндү оң көрдүм. Бирок аның эркек эмес экен! - Дуулат туталана, кимгедир муштумун түйө, ызырынып алды. Эдил да ары-бери баса баштады. Эки көзүн Дуулаттан албайт.
- Болгонун болгондой " келинчегим жетим өскөн. Эне-атасы ким экенин билбейт, азыркыга чейин үмүт үзбөй күтүп келет.Күндө жатаарда күбүрөнүп, көктөн суранып, тиленет. Кокустан тойдо сиздин кыздарыңызды көрүп, Сүйгөнгө көп окшоштуктары бар экенин байкадым. Балким мен жаңылышып жаткандырмын. Анда кечирим сурайм. Бирок көкүрөгүм мен издеген адам сиз дегендей…" деп айттым. Кааласаңыз сүйлөшкөн сөзүбүз ортобузда калат дедим. Ал болсо, башында керсейип, "болсо болгондур, сенин ишиң канча?!" деп жаткан. Акырында менин ошол бойдон токтоп калбасымды түшүндүбү, " Үй-бүлөм укпасын, аялым билбесин. Жаштык-мастык күндөрдө ошондой болуп калган. Мен бала төрөлгөн төрөлбөгөнүнөн деле кабарым жок. Кийин бир издесем окуусунан сырттан окууга которулуп, турмушка чыгып кеткенин уккам. Балким келинчегиң менин кызымдыр. Бирок мага кереги жок! Түшүнсөң эми ал кыз мага чоочун, бөлөк!.." деп үрөйүмдү учурду. Адам эмес экенсиң, сендей атасы болгончо аялым атасын жоктоп жашаганы жакшы деп чыгып кеткем. Кийин жумушка издетип, киши жибериптир. Мен анда айылга атама кеткен элем да. Келгенде кезиктик. Өзү келиптир " Жаш экенмин, ал кезде кимден ката кетпейт. Эч ким билбей эле, жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын. Колумдан келген жардамымды сырттан жашыруун көргөзөйүн" деп башымды оорутат. Менин оозумду акча менен тыйып, бутумду тушап алам деди окшойт. Мен болсо аялыма акча эмес, атасын издедим да!
" Сарсанаа болбоңуз, мен сизди, сиз мени тааныбайсыз" деп кетирдим. Дагы жакшы атаңды таптым деп Сүйгөнгө сүйүнчүлөп албаганым. Ага оор тиймек да. Андан көрө кыялындагы атасы менен жашаганы жакшы.
- Анан, апасы ким экен, каяктык экенин Албаевден сураган жоксуңбу? - Эдил күйүп-бышып, чебелене түштү.
- Сурадым, изилдегич болуп кеткен соң жарым жолдон токтоп калмак белем. Кайсыл айылдан экенин айтты. Азыр кайда экенинен кабарым жок дейт сенин айылдашың.
- Сага кайната болот да мага айылдаш болсо, - Эдил тамашалай коём деп, Дуулат көзү менен олойо бир караганда, өзүн ыңгайсыз сезип, кайсактап калды. -Анан таптыңбы ким экенин, же?
- Таптым, андан көрө таппай эле калганым жакшы болмок экен…
(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??