п»ї

Дүйнөгө келген -
1983-жыл, 6-июнь
Киндик кан
тамган жери -
Тоң району, Кара-Коо айылы Тартылган чоң тасмалары - "Бешкемпир", "Теңири"
Алган сыйлыгы - 2008-ж. "Аялдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн" диплому, 2009-ж. Кыргыз киносунун отличниги
Кызматы - Академиялык, шаардык театрдын актрисасы, Институтта жана Академиялык театрдын алдындагы студияда "сахнада сүйлөө" сабагынын мугалими
Өмүрлөшү - Арнис Кыдырмышев, актёр
"Дүйнөдөгү эркектердин
баары аялдарын сабашат"
Альбина Имашева сүйүүнүн даамын тата элек кезинде, тасманын, тасмадагы балалык сүйүүнүн даамын таткан. Актан Арымдын "Бешкемпиринде" баш каарман секелек Айнуранын образын жараткан. Аталган тасма чыгармачылык астанасына оң төлгө болуп берген. Бүгүнкү күндө "Каныкей, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Клеопатра, Медея" өңдүү чоң каармандарды "баралына келгенде Альбина ойнойт" деген астейдил үмүттү жараткан актрисага айланып баратканы талашсыз.


- Альбина, белгилүү кыргыз тасмасы "Бешкемпирге" тартылууга кандайча туш болуп калдың?
- Актриса болгонду эңсеш кайда ал кезде? Оюмда да жок болчу. Математика сабагын өтүп атканбыз, аңгыча эшиктен көп киши кирип келип, өздөрүнүн киночулар тобу экенин, киного ылайык өспүрүм балдар, кыздарды издеп жүргөнүн айтышты. Февраль айы болчу, класстын ичи суук, баарыбыз күпчүйүп пальто, курткачан отурабыз. Алар биринчи партадан баштап четинен тургузуп ырдатып атышты. Кезек мага келгенде көпкө имерип карап: "Сиз турсаңыз" деди. Турдум. Эсимде, килейген, чоң пальто кийип алганым. "Чечинсеңиз" дешти, пальтомду чечтим…Анан өздөрүнчө күбүрөшүп, сүрөткө тартып, аты-жөнүмдү жазып алып кетип калышты.
- Анан ак эткенден так этип күтүп жүрдүң?
- Жо-ок, мен өтөм деп ойлобогом. Мектепте супсулуу кыздар толтура болчу. Бир айдан кийин мени деректир чакыртканынан барсам режиссёрдун жардамчысы да отурат. "Сени киного тартабыз дейт. Өзуң кыз бала болсоң, ал чөйрөдө эркектер көп жүрөрүн билесиң…" деп деректир мени айнытууга аракет кылды. А мен "жок, тартылгым келет" десем класс жетекчим да каршы болуп, акырында апамдан режиссёрдун жардамчысы экөөбүз уруксат сурасак: "Кааласа тартылат, каалабаса жок, кызым өзү чечсин" деген апамдын шар жообун уккан соң мага эч ким унчукпай калган.
- Актриса болуш биринчи тилекке айланып калды?
- Ооба, "Бешкемпирге" тартылгандан кийин кино менен "ооруп" калдым да. Ал кезде биздин Кыргызстанда актёрлук кесиптен билим берчү окуу жайлар бар экенин деле билчү эмеспиз. Апам китепканачы. Бир күнү сүйүнүп гезит көтөрүп келиптир. Тепкедей жерине "Б.Бейшеналиева атындагы институт кабыл алат" деп кичинеке-ей жарыя беришиптир. "Оо, искусство институту бар турбайбы, ошого тапшыралы" деп апам экөөбүз аябай кубанып шаарга жөнөгөнбүз.
- Жазгы байчечектей болуп үлбүрөп, уяң көрүнөсүң…
- Актриса болсом деле бала кезимдеги уяңдыгым калалек. Мектептеги эң узун кыз мен элем, "куркуюп боюн карабайсыңбы, классынан көчпөй калган да" деп тентек балдар жанымды койбой тийишсе, боюмду жашырып бүкүрөйүп жүрүп, ошол адатым азыр да кээде кармап кетет. Институтка тапшырганы барганда режиссёр "Ай, бүкүрөйбөчү, кыргыздын кыздары төшүн бекитип жүрүп өтүп кетишет. Сулуу көкүрөгүңдү керип бас!" деп жүрүп түзөгөн.
- Жолдошуң Арнис экөөңөрдү көргөндө орус элинин ырчы, алпаруучусу, экс-никелештер Лолита Милявская менен Алексей Цикало эске келет…
- Оо, биз үйлөнгөндө таң калган кишилерди сураба, азыркыга чейин таң калышат. Күйөөм кыска, мен узун болуп экөөбүз кийим алып жүрсөк "иниңизге тандашып атасызбы?" дегендер болот. А мен шарт эле "иним эмес, жолдошум" деп айтам. Өзүбүзгө боюбуздагы айырмачылыктар эч билинбейт, дайыма ээрчишип жүрөбүз. Жаан алдында калсак, кол чатырды күйөөм эмес мен көтөрөм. Болбосо (эңкейип) мындай болуп калбайымбы.
- Ортодогу данакер бала болот эмеспи, балаңар канчага чыгып калды?
- Мадалена деген 6 жашар кызыбыз бар. Төрөлгөнүнө 4 ай толгондо эле кайненеме бергенбиз. Азыр айылда апасынын колунда чоңоюп атат.
- Баса, сени карьера дегенде эт-бетинен кетет дешет?
- Жанталашканым чын, карьераны ким жакшы көрбөйт экен? - Кино, театр чөйрөсүндө таанылып келаткан жаштардын бирисиң. Сени актёрдук кесипте жолдууларга кошобузбу же таланттууларгабы?
- Мен өзүмдү жолдуумун деп айтпайм. Жолдуу болушум үчүн аракет кылышым керек. Аракет кылсам ийгиликке жетем, аракет кылбасам жок эле болот. Студент кезимде 5 үчүн жанталашып окуп, даярданып барып анан алчумун.
- Кыргыздарды кыйла чычалаткан "Теңири" тасмасында баш каарманды ойнодуң, ал жөнүндө не дейсиң?
- "Теңири" тасмасы үчүн Эрнест Абдыжапаровду күнөөлөп жүрүштү, бул туура эмес. Себеби, кинону режиссёр Мари Жауль де Поншевиль аттуу француз айымы тарткан. Эрнест байке кинонун деректири болчу. Тасма негизи жеке кыргыздарга эле эмес, көчмөн калктардын баарынын жашоосуна тиешелүү эле. "Кыргыздарды жамандап, Манасты шылдыңдаган. Айтматовдун "Жамийла" повестинен алынган" деп кыйкырып чыгышты. Режиссёр бир ирет Тибеттик адамдын тагдырын өз оозунан угуп, сценарий жазып, тасмасын Азиядан тартам деп максат койгон экен. Кино тартылып баштаганда Эрнест байке режиссёр менен көп жолу талашып-тартышты: "Кыргыздардын менталитетине жат көрүнүштөр болуп атат, мындай болбош керек" деген сыяктуу сөздөр болду. Бирок француз айым эч кимге макул болбостон: "Силердин жашооңорго тийишкен жокмун. Мен аялдардын эркиндигин, алар да инсан экендигин, эч кимге көз каранды болбой, өзү каалагандай жашаганга акысы бар экенин айткым келет. Бул менин тасмам, демек, кандай тартышты өзүм чечем" деп койгон.
- "Теңири" тасмасы көп кыргызды кыжаалат кылганынан өзүң деле кабардар турбайсыңбы. Ал киного катышканыңа өкүнбөйсүңбү?
- Кастингден өткөнүмдө өбүшкөн, эркек менен төшөктө бирге жаткан картиналары бар экенин угуп айнып калдым. Жолдошум "Эй, балким, бул сенин карьераңа келген бакыттыр, тартыла берчи" дегенинен кайра ойлондум. Чынында ошол жеринде Илим байке экөөбүз чыйпылдап: "Тууган-урук, кайын журт деген бар, чечинбейбиз" десек режиссёр: "Альбина, сен үйбүлөң менен жумушуңду бириктирбегин. Экөөнү эки башка караганга үйрөн. Мага силердин эротикаңардын, төш-жамбашыңардын кереги жок, мага сүйүүнү көрсөтүп бергиле, бүттү. Аны көргүм келсе порно сатып келип деле көрүп алам" десе, биз сүйүнгөн бойдон төшөккө кийимчен култ этип кирип кеткенбиз. Мен өзүм тартылган кинону актабаганда кимдикин актамак элем. Ага тартылганыма эч өкүнбөгөнүм менен элдин ар кандай сөздөрүн угуп, шагым сынып калды. Тили гана кыргызча болуп калганы болбосо, жеке кыргыздын турмушун баяндайт деген калп. "Кыргыздар аялын сабап өлтүргөн эмес" дешти. Кыргыздар эле эмес, дүйнөдөгү эркектин баары тең аялдарын сабайт болуш керек. Орустар былчылдашып эле сабашып атпайбы. Миң айткан менен бул профессионал кино болуп калды. Кээ бир балжыраган тасма сөрөйлөр менен муну салыштырып да болбойт.
- Актриса болуш үчүн эң биринчи эмне зарыл?
- Чыдамкайлык.
- Рольду мыкты аткаргандан сырткарыбы? Эмне, актрисалар бири-бирин "жеп" турабы?
- М-мм… жебейт дечи, баары бир аябай чыдаш керек да…
- Айталбай аткан сыяктанасың, демек ошондой окшойт. А өзүңдө ич күйдүлүк өңдүү нерселерди байкап каласыңбы?
- Андайды азырынча байкай элекмин. Билбейм, кийин эле пайда болуп кетпесе.

Афина Бакирова








кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??