п»ї

Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи
гидроагрегаты ишке киргизилди
Кечээ Камбар-Ата ГЭС-2нин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү салтанаты болуп өттү. Иш чарага өлкө башчысы Роза Отунбаева, энергетика министри Осмонбек Артыкбаев жана Кыргызстанда катталган чет өлкөлөрдүн элчилери, эл аралык каржы уюмдар, коомдук саясий ишмерлер катышты. Маалыматка ылайык, биринчи гидроагрегат ишке киргизилгенден кийин Камбар-Ата ГЭС-2 жыл сайын 500-700 млн. кВт/саат электр энергияны иштеп чыгат. Бул болсо 1,2 млрд куб метр суу үнөмгө алынат дегенди билдирет.


Ош губернатору жергиликтүү
журналисттерди сыйлады
Кечээ Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков Оштогу жергиликтүү журналисттерди ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады. Анда коомдук-саясий, социалдык-экономикалык кырдаалдарды чагылдырып, коомчулукту маалымат менен камсыз кылууда талыкпаган эмгектери, ошондой эле облустун тургундарына, дүйнө коомчулугуна позитивдүү материалдарды так жана оперативдүү жеткирип тургандыктары үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле журналисттерге Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын резервдик фондунан 16 720 сом акча каражаты бөлүндү.


Кыргыз мамлекетинин
Эгемендүүлүк күнү
Бүгүн "Ала Тоо" борбордук аянтында Эгемендүүлүк күнүнө карата КР президенти Роза Отунбаева жана шаар мэри Иса Өмүркуловдун катышуусу менен салтанат өтөт. Салтанат саат 10.00дөн 13.00гө чейин уланып, эски аянтта маданият-массалык иш-чаралар жана спорттун 15 түрү боюнча мелдештер менен коштолот. Калган кыймылдуу оюндар жана көңүлдүү иш-чаралар борбор калаанын 4 районунда тең өткөрүлүп, Ата-Түрк, Панфилов, Фучик парктарында, Каражыгач багында чыгармачыл топтордун концерттери коюлат. Бул күнү тартип коргоо органдары күчөтүлгөн негизде иштешет. Милиция кызматкерлери эл көп топтолгон жерлерди, стратегиялык мааниси бар обьекттерди көзөмөлгө алышат. Саат 20.00дөн 22.00гө чейин эски аянтта кыргыз эстрада ырчыларынын концерти болуп, майрам 30 мүнөттүк фейерверк менен аяктайт.


Бир бүркүм
10-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 57 партиянын ичинен"Жаңы күч", "Мекен Баатырлары", "Кыргызстан элдик кыймылы", "Жаштар үнүн колдоо", "Таза Коом" жана "Алгыр Кыраан" саясий партиялары алдыдагы шайлоого катышпайт,-дейт Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев.
Бишкекке гуманитардык жүктүн кезектеги бөлүгү билим күнүнө карата россиялык Кибернетика жана автоматика илимий-изилдөө борборунан келип түштү. Жеткирилген 100 миң тетрадь, 700 букварь, 20 миң ручка, 28 миң жазуу барагы жана 120 миң башка мектеп-жазуу эмеректеринин жалпы салмагы 5 тоннаны түзгөн.
Ч. Айтматов атындагы мамлекеттик улуттук орус драма театры 4-сентябрда 76-театралдык сезонун В. Шекспирдин "Ромео жана Джульетта" спектакли менен ачат.
1-сентябрдан баштап Ош шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын коопсуздугун камсыз кылууга 30 кайгуул күзөт кызматкерлери жана 300дөн ашык студенттер тартылат, жана милиция кызматкерлери дагы көзөмөлгө алышат. Окуучуларды ташууга атайын мектептик автобустар каралган.
Түштүк Корея почта байланышын өүктүрүү үчүн Кыргызстанга кайтарымсыз 4 млн. доллар бөлүп бермекчи.

Бишкектин көчөлөрүндөгү
жол оңдоо иштери аяктады
Бишкек шаарынын Ахунбаев-Достоевский көчөлөрүндөгү жолдорду оңдоо иши аяктап, учурда жол каттамы ачылды. Бул көчөдөгү жолдун узундугу 1 км 100 метрди түзүп, жалпы чыгым 22 млн. сом болду. Бул жол "Көк-Жар" конушунун жашоочулары үчүн ыңгайлуулукту жаратып, унаа каттамдары жакшырды. Ошондой эле, Москва көчөсүнөн баштап Чүй проспектисине чейинки Гоголь көчөсүндөгү жол капиталдык оңдоодон өттү. Бул участканын жалпы узундугу 850 метр, кеткен акча каражаты - 9,5 млн сомду түздү. Эми Карл-Маркстан Юнусалиевага чейинки Сухо-Батор көчөсүндө жана Байтик Баатырдан баштап Панфиловго чейинки Медеров көчөсүндө капиталдык оңдоо иштери жүрүп жатат-деп маалымдайт Бишкек шаарынын мэриясынын маалымат жана жарнама департаменти.


Ош окуясында жапа
чеккендер үчүн 4 кабаттуу үйдүн фундаменти куюла баштады
Ош шаарында июнь айындагы окуядан жабыркагандар үчүн Анар кичи районунда экинчи 4 кабаттуу 64 батирлүү үйдүн курулушу башталды. Кабаттуу үйдү курууга өткөрүлгөн тендерди "Корпорация курулуш сервис" акционердик коому (АО "Керме Тоо") жеңип алган. Аталган курулуш компаниясынын жетекчиси Жусуп Шабыевдин айтымында, үй 7 айдын ичинде курулат. Анын курулушуна кеткен чыгым 38 млн. сомдон ашык акчаны түзмөкчү. Курулуш иштерине 4 бригада тартылып, 2 жана 3 бөлмөлүү батирлер курулат. Батирлер Ош шаарында апрель, июнь айларындагы коогалаңдардан жапа чеккен атуулдарга, андан кийин социалдык жактан муктаж болгон үй-бүлөлөргө мэрия тарабынан атайын жобо иштелип чыгып, андан кийин бөлүнүп берилет,-дейт Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башчысы Жантөрө Сатыбалдиев.


"Китеп - аң-сезимдин азыгы" аттуу акциясы
Элдин руханий дүйнөсүн байытуу, Кыргызстандын улуттук маданияты менен адабиятын өнүктүрүү үчүн Маданият министрлиги китеп жазып, аны өз каражаты же сүрөөнчүлөрдүн жардамы менен жарыкка чыгарып келе жаткан авторлордун эмгегин баалоо жана колдоо максатында "Китеп - аң-сезимдин азыгы" аттуу жалпы республикалык акция өткөрөт. Акцияга 2009-2010-жылдары жарыкка чыккан китептердин авторлору тиешелүү китептерин ушул жылдын 20-сентябрына чейин сунуштоо аркылуу катыша алышат.


Элдик ишеним форумунда
Убактылуу өкмөттө "шайлоо болушунча мыйзам бузуулар менен өтсүн жана кан төгүлсүн" деген ниетти көздөгөн үч күч бар. "Эгерде биз шайлоону таза өткөрбөсөк, бул жагдай коомдун жарылуусуна жана өлкөнү партия аралык тирешүүгө алып келиши мүмкүн", - дейт Ф.Кулов. Ал эми И.Масалиев шайлоодо эң чоң катачылыкты, массалык жасалмалуулукту күтүүгө болот десе, Ишенбай Кадырбеков саясий уюмдардын лидерлери конкреттүү пргограмманы ойлонбостон, билектин күчүнө жана куралдуу азаматтарына таянуу менен өздөрүн демонстрациялашууда. Мында "элдер шайлоого эмес эле, Сталинграддагы согушка даярданып жаткандай"- дейт Бишкекте өткөн элдик ишеним форумунда.





кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??