п»ї

  Улутман

Эгемендүүлүккө 19 жыл
Манас гимни
Кайың барбы кыргыз балта чаппаган,
Кыр-жон барбы кыргыз кыргын таппаган.
Кылымдарга аты калбай өчөөрдө,
Кыргыз элин кыраан Манас сактаган.

Кайырма:
Асман менен Жериңдин,
Тирөөсүнөн бүткөндөй.
Айың менен Күнүңдүн,
Бир өзүнөн бүткөндөй-
Теңир уулу Эр манас!

Белес-белден беш удургуп өткөн эл,
Арстан болуп, ай чапчыган көчмөн эл
Курандылап, куруп бара жатканда,
Эр Манасты туу карманып өскөн эл.

Кайырма:
Манас улуу-кыргыз элдин желеги,
Ата мурас, акыл-ойдун тереңи.
Түбөлүккө ташка тамга баскандай,
Кыргыз элдин адамзатка белеги!
Ашым Жакыпбек


Бөлүнсөк көз жашымсың, Ата-Журтум,
Ыр жазган дептериме тамчылаган.
Туяктан жүрөк каны агып жаткан,
Күлүккө окшоп кетем кансыраган.

Бөлүнсөк көз жашымсың, Ата-Журтум,
Аш ичкен аягыма тамчылаган.
Жолдордун ортосунда баратсам да,
Сокурга окшоп кетем жол сураган.

Бөлүнсөк көз жашымсың, Ата-Журтум,
Денемдин тамырлары сөгүлгөнсүп.
Экөөбүз өйүз-бүйүз болгонсуйбуз,
Жер шары тең экиге бөлүнгөнсүп.

Экөөбүз кучакташпыз, Ата-Журтум,
Башкага асман-жердей бирикпедим.
Мен күткөн мындан улуу бакыт болбойт,
өзүңдө чирип жатса жиликтерим.
Тургунбай Эргешов


Кыргызмын дейсиң мага
кыйшактап бийлеп туруп,
Кыргызмын дейсиң мага
тамекиңдин түтүнүн үйлөп туруп,
Кыргызмын дейсиң мага
кыргызча араң-араң сүйлөп.

Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
кылым кезген тарыхын унуткандар,
кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип
каада-салтын калкынын куруткандар!

Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил,
уулуң дагы,
кызың да
жоголот бил!
Тил жоголбойт
жоголсо айланасың
колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Шайлообек Дүйшеев


Кыргыз Республикасынын эгемендүү мамлекет катары өзүнүн тарыхы, өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар эмеспи. Башка өлкөлөрдөн айырмаланып турган эң алгачкы, эң көп, эң узун, эң жаш кызыктуу фактыларынан...


Кыргыз тарыхынан
кыскача маалымат
"Кыргыз " аталышы (этноними) тууралуу алгачкы маалымат "Кытай тарыхынын атасы" атыккан Сыма Цяндын б.з.ч. 201-жылдагы "Щи-цзи" ("Тарыхый жазмалар") деген китебинде "гяньгунь"деген ат менен жолугат.


Сейрек кызыктар
200 сомдукка акын Алыкул Осмоновдун сүрөтү түшүрүлүп , арткы бетине анын :
"Ысык Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Толкуса толкунуна тең ортокмун.
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу сендей жолдош күткөн жокмун", - деген ыры жазылган. Улуттук валютага ыр түшүрүү практикасы башка элде болгон эмес.

Табышмактуу жерлер
Баткендеги Кыштут деген жерде кышында бир ай, жайында бир ай күн тийбейт.
Аксуу райоунундагы Жылуу-Булак айылынан 6 км аралыкта Алтын-Арашан деген кичинекей көлмө бар. Анын айланасында кышында да ар түрдүү гүлдөр өсүп турат.

Эң кичине
Эң кичине облус- Талас. Аянты 11, 4 миң км. Калкынын саны да аз. Болгону 199,9 миң адам. (1999).


Сейрек өсүмдүктөр
Баткендин "Айгүл тоо" тоосунда "Айгүл " деген өтө кооз гүл өсөт. Мындай гүл Кыргызстандын башка жеринде өспөйт, ал түгүл дүйнө жүзүндө эки гана жерде- Канадада жана Афганистандын айрым жерлеринен табууга болот. Ал ай тийип турган учурда гүлүн ачат. Уругу менен көбөйүп, жети жылдан кийин гана өсүп чыгат, дагы 7 жылдан кийин 1 гана гүл, кийинки жылы 2, ошентип жыл сайын бирден гүл кошуп турат. 28 гүл ачкан Айгүл гүлүн көргөндөр бар. Апрель-май айында гүлдөгөн гүлүн, аны көргөн адамдар бактылуу деп эсептелинет.
Жүгөрүнүн "Манас" деп аталган гибриди Кыргызстандан башка эч бир жерде жок. Биздин шартта 200 центнерден кургак дан берет. Бул дүйнөлүк рекорд болуп эсептелет.

Дүйнөлүк гиннес китебине киргендер
Дүйнөдөгү эң узун поэма - кыргыз "Манас" эпосу болуп эсептелет. Ал 1958-жылы жарыяланган, 500 миң саптан турат.
Кыргыздардан эле эмес. Борбордук Азия республикаларынын ичинен чыккан 1-каскадёр- Үсөйүн Кудайбергенов (1949-2005) болгон. Ал СССРде эле эмес, дүйнө жүзүндө кайталангыс трюктарды жасаган. Ал "Юность гения" аттуу өзбек фильминде 27 м бийиктиктеги жерден ат үстүндө 1,5 м тереңдиктеги Сырдарыяга секирип трюк жасаганы үчүн Гиннес китебине кирген. Голливуд киностудиясынын эксперттеринин мыкты каскадёр деген баасын алып, 1980-жылы дүйнөдөгү эң мыкты 10 каскадёрдун бири болгон. Каскадёрдун "Ардактуу куру" сыйлыгын алган.

Эң көп
Эң көп китеп жазган акын- Муса Жангазиев. Ал 81 жашында 73 китептин автору болуптур.
Эң көп депутат болгон Турдакун Усубалиев. СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине 28 жыл бою депутат болгон.
Эң көп тил билген кыргыз жазуучусу Турусбек Мадылбай. Ал 30 тилде сүйлөй алат.
Эң көп күүлөрдүн таржымалын билген комузчу - Нурак Абдырахманов. Ал 170 күүнүн жаралыш тарыхы менен айтып чертет, өзү 17 күү чыгарган.

Эң байыркы
Кыргызстанда эле эмес, КМШдагы эң байыркы шаар- Ош. 2000-жылы анын 3000 жылдыгы белгиленген. Демек, ал байыркы Рим менен жашташ.


Алгачкы саясий
ишмер айым
Кыргыз кыз-келиндеринен чыккан алгачкы коммунист, айыл өкмөтүнүн 1-төрайымы, эң алгачкы чарба башкармасынын раиси, БАКга 1-мүчө болуп, биринчи Москвага барган - Уркуя Салиева.


Эң узун
Кыргызстандагы эң узун кырка тоо- Какшаал тоо тизмеги. Узундугу 582 км.
Эң узун дарыя- Чүй. Жалпы узундугу 1030 км.

Эң аз
Эң аз кыргыз уруусу- төбөй.
Жалгыз чыгармасы классикага айланган жазуучу -Узакбай Абдукаимов. Ал реалисттик "Майдан" романы менен кыргыз адабиятынын классигине айланган.

Алгачкы
кыргыз
башкаруучусу
Алгачкы кыргыз башкаруучусу- Барс-бег ажо (Барсбек, Ынанчу Алп билге каган, Могилян). Каган 711-жылы дүйнөдөн кайткан.


Эң жаш
Кыргыз кыз-келиндеринен эң жаш министр Күлүйпа Кондучалова. Ал 22 жашында маданият министри болгон.


Эң чоң
Эң чоң дарбыз Ош облусунда өстүрүлгөн. Анын салмагы 85 киллограммга жеткен.


Өлкөбүздүн айрым белгилүү өкүлдөрүнө төмөнкү суроо менен кайрылып, пикирин уктук.
Сиздин оюңузча эгемендүүлүктү алганга чейинки заман жакшы беле же азыркы учурбу?

Майрамбек Осмонов, ырчы, обончу: "Эгемендүүлүктүн жытын
дагы жыттай элекмин"
Мен эгемендүүлүктүн жытын дагы жыттай элекмин. Мамлекет болгонубуз менен сырткы душмандарга кыр көрсөтө албай жатабыз. Мисалы: өзүбүздүн эле коңшулаш Казакстан Республикасын алсак, алар бизден алды канча жогору жана күчтүү мамлекет. Биз дагы ошолордой болуп, өзбүздүн маселелерибизди өзүбүз чечип, башка өлкөлөрдөн жардам сурабасак. ОБСЕге чейин кайрылап жардам сурап жатабыз. Желегибиз менен гимнибиз эле болбосо, тилибиз деле орусчаланып таза эмес, чала кыргыз болуп жатабыз. Менин оюмча мамлекет өнүгүш үчүн, ар бир адам ниетин өзгөртүш керек. Ниети жаман адамдар мамлекеттин башына келип алышып, анан Кыргызстанды талап тоноп качып кетип жатышса, каяктагы эгемендүүлүк. Милиция кызматкерлери өзүнүн элине өзү кордук көрсөтүп кол салып жатышса эгемендүүлүкпү?. Биз жапайы өлкө болуп калдык.


Шайырбек Арапов, "Браво" теле берүүсүнүн алыпбаруучусу:
"Шоу бизнес өнүктү"
Мага эгемендүүлүктү алганыбыз, эркин болуп жашап жатканыбыз жагат. Эмнеге дегенде? Эгемендүүлүккө чейин, эч ким мамлекет башчыларынын уруксатысыз үй, авто унаа ж.б нерселерди сатып ала алчу эмес. Элдердин бардыгы бири-бирин аңдышып турушчу. Жаман эле жактары эмес, жакшы жактары дагы бар болчу. Мисалы : тамак-аш арзан, мектепке кийген формалары окшош, ишканалар иштеген, элдер жумуш менен камсыз болгон. Азыркы убакта технология , шоу бизнес өнүгүп келе жатат. Бирок, бардыгы кымбат, жашаганга кыйындап бара жаткансыйт. Мен азыркы жаңы Конституцияга чоң ишенич менен карап жаткан учурум. Жеке мен эле эмес баардык Кыргызстандын эли, үмүттөнүп, карап жатышса керек. Болгону көз карандысыз, демократиялуу өлкө болгондон кийин, ар ким каалагандай жашаганга укугу бар. Алдыда, келечегибиз кандай болот азырынча туман.


Келсин Мурадил кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??