п»ї
 Таанышуу жарыясы


Балалыктын терезеси
1-класста...
Биринчи мугалим, оң-тетири жазылган тамгалар, башкача сезим тартуулаган коңгуроонун шыңгыры менен 1-сентябрь, окуу жылы башталат эмеспи. Андыктан, мектеп босогосун аттаган күн ар бирибиздин эсибизде түбөлүккө сакталып калат. Журтубузга таанымал адамдарыбыз дагы ушул бактылуу балалыктын касиеттүү ирмемдеринен куру калышпаса керек. Алар бүгүн 1-класста болгон кызыктуу күндөрүн эстешти...


Айгерим Расул кызы, ырчы: "Аябай сүрдөгөм"
Ар бир убакыттын өзгөчө бир кызык учурлары болот эмеспи. Ошол болуп жаткан убакта сезбейбиз, бирок кийин эстеп жылмайып калабыз. 1- сентябрда барганда аябай уялып сүрдөгөм. Анткени мага "От болдум, күйүп болдум"-деп ырдап балдар тийише башташкан. Дагы сен минтип бийлейсиң го- деп, мени туурап бийлешип жиниме тийишкен. Бир классташ бала бар болчу, мага тийишип чачка таккан бантиктеримди жулуп алып, качып жүрө берчү. Бир күнү ошол баланы кармап алып сабап өчүмдү алгам. Ал убакта менин боюм узун жана томпойгон кыз болчумун. Жакында эле ошол баланы көрүп калып, уялып кечирим сурадым.


Бегимай Эсенгулова,
ырчы: "Адашып башкага гүл берип..."
Мени 1-чи класска №38-чи мектепке апам алып барган. Кыздар, балдар баардыгы гүл көтөрүп барышат эмеспи. Биз дагы чоң гүл жасатып алып, апам экөөбүз ээрчишип, толкунданып барганбыз. Барганда эле колумдагы гүлдү адаштырып, класс жетекчиме эмес , башка мугалимге берип алып кайра сурай албай кетип калгам. Анан эле класс жетекчим келип биз менен тааныша баштаса апам экөөбүз бере турган гүлүбүз жок, аябай уялып, эки бетим дуулдап кызарганы эсимде.


Айдин Шер, ырчы:
"Ыйлап орус класска баргам"
Мен бала бакчадан качып, окуйм деп апамды кыйнай берчүүмүн. Ошентип апам макул болуп, 1-сентябрда №58-мектепке алып барган. Барган күнү эле, кызыктуу окуя болуп өткөн. Апам мага "мен мектептин мүдүрүнө кирип чыгайын сен туруп тур"- деп, орус балдардын жанына тургузуп койуп мектепке кирип кетет. Күтүп турам ана жок, мына жок 20 мүнөттөй турдум. Биринчи коңгуроо шыңгырап бүтүп анан эле бардыгы мектептин ичине кире башташты. Мен болсо эмне кылаарымды билбей ыйлап эшикте көпкө туруп, анан ичине кирип кеттим. Киргенде дагы экинчи кабатка чыгып, орус класска барып алыптырмын. Ал класстын ичинде ыйлап отурсам бир мугалим келип орусча сүйлөй баштады. Же мен орусча түшүнбөйм. Апам болсо эшикке чыгып мени таппай, тиякка-биякка чуркап, издеп жүрүп араң табышканбыз. Ошентип орус класста окуп калгам.


Эдил Байсалов, саясатчы: "Тентек бала болчумун"
Ооу, толтура болгон. 1984-жылы Нарында жаңы мектеп ачылып, биз биринчилерден болуп, ошол мектептин босогосун аттаганбыз. Ошол күн ушул убакка чейин менин эсимде. "Жаңы окууга киришиң менен"- деп, таекем мага калем белекке берген. Кооз,"Эдил" деп чегерилип жазылган жазуусу бар калем болчу. Аны мектепке барган күнү эле жоготуп алгам. Үйгө келип ыйлап , ушул күнгө чейин ичим ачышып, өкүнүп келем. Мен сабактан жакшы окучумун, бирок жакшы окусам дагы, мугалимдер ата-энеме келип арызданып: "Силердин уулуңар окуу жагынан жакшы, бирок тапшырманы баарынан биринчи аткарып койуп, менин артыма түшүп алып партаны айланып, башка балдардыкын текшерип жүрө берет" дешчү. "Балаңарды 3-класска которобуз" деп класс жетекчибиз үйгө көп келчү. Мен өзүмдөн улуулар менен окугандан коркуп макул болбой койгом. Бардык быйылкы биринчи класска баргандарга ийгилик каалайм, алар биздин келечегибиз.


Жанетта Бобкова, ырчы:
"Аяз атаны уят кылгам"
1-чи класстагы 1-чи жаңы жылым аябай эсимде калган. Баарыбыз жакшынакай кооз көйнөктөрдү кийип барганбыз. Мен "кызыл топучан" болуп, апам май токоч жасап, себетке салып берип, жыргап, сүйүнүп баргам. Аяз ата келип биз ырдап, бийлеп жатканбыз. Бир убакта эле аяз атанын кулагынан сөйкөсүн көрүп калып жатпаймынбы. Көрүп эле кыйкырып "аяз атанын кулагында сөйкөсү бар экен.Чыныгы аяз ата эмес тура, бизди алдап бир эжени койуп койуптур" деп жер тепкилеп ыйлагам.


Самара Сагынбаева "Түнкү Белес" радиосунун ди-джейи: "Таптакыр
сабак окуй алчу эмесмин"
Мен 3 айымдан баштап чоң энемдин кызы болуп чоңойгом.
1-сентябрь күнү чоң энем мени мектепке алып барам деп даярданып, башын жууп жатканда кулагына суу киргизип алып ооруканага кеткен. Мен болсо мектепке барам деп сүйүнүп жүрүп барбай калып, ичимдин күйгөнүнөн үйдүн баарын чачып, ыйлап, жинденгем. Анан 2-сентбярь күнү чоң энем келип, өзү жетелеп алып барып мектептин партасына отургузган. Аябай шок кыз болгондуктан окуп жүргөндө көп сабактан качып өзүмдүн классташтарыма, класс жетекчиме көнбөй, өзүмдүн апамдын классына которулуп алгам. Эрке болгондуктан таптакыр сабак окуй алчу эмесмин.

Бегимай Бекбоева, ырчы:
"Дептерлеримди айрып салчумун"
Мен орус класста окугам. Биринчи күнү барганда, эч кимди тааныбай, өзүмдү жалгыз сезип, бир бурчта тура бергем. Анан эле бир кичинекей, жакшына кийинген, сонун кыз келип менин колуман тартып эле "пойдем"-деп, ээрчитип класска киргенбиз. Ошол күн алигиче эсимде. Ошол кыз менен 1-класстан баштап, ушул күнгө чейин эң жакын курбулардан болуп жүрөбүз. "Убакыт учкан куш"- дегендей, жакында эле ал курбу кызым күйөөгө тийди. Өзүм узатып, курбулук милдетимди аткарып келдим. Эң жаман жагым, кол жазмамды жакшы кылам- деп дептерлеримди айрып салчумун. Ар бир кыздын кол жазмасын карап, аны туурай бермей адатым бар болчу.


Айпери Суранчиева , НБТ теле берүүсүнүн алыпбаруучусу: "Эрегишип окугам"
Мен үйдүн эң кичүүсү жана эрке, өзүмчүл кызы болуп чоңойгом. Азыр ойлоп көрсөм 1-класста класском болуш биз үчүн, бир кызык керемет көрүнчү экен. "Мен болом, мен болом"-деп баарыбыз талашып анан бирок тилекке каршы мен болбой калгам. 2-класста тырышып окуп жатып класском болгом. Ошондон кийин эле кыздарга эрегишип бир кыз бүгүн 3 жолу беш алса, мен 4 жолу беш алышым керек деп көк беттенип окучумун. Калып калган күндөрү ыйлап, эртеси баары бир өжөрлөнүп жетчүмүн.


Келсин Мурадил кызы




кыргыз тилиндеги гезит "Обон"









??.??