кычык суроолор

Токтогул Какчекеев, саясий серепчи:
"Балдарымды "жылуу
жерлерге" отургузгум келбейт"
"Кызык... кычык суроолор" рубрикабыздын астында кыргыздын белдүү саясатчыларына, белгилүү инсандарына ар кандай суроолорду жаадырып, алардын "нервин" текшерип көрүүнү чечтик. Бул сандагы коногубуз саясий серепчи, Токтогул Какчекеев.

- Тамашага кандайсыз?
- Тамашаны жакшы көрөм. Тойдо достор, туугандар менен тамашалашсам, жөнөкөй убакытта өкмөттүн, мамлекеттин адамдары, артисттер, чыгармачыл адамдарды тамашалайм.
- Кошунаңыз менен мушташып көрдүңүз беле?
- Кошуналарым менен бир да жолу мушташкан эмесмин.
- Жезде менен балдыз жакын болот дечү эле. Сиз балдызыңызга жакынсызбы?
- Балдыздарымдын баары алыс турат. Кээде конокко келишет. Баары тең улгайып калышты.
- Көралбагандарга эмне дейсиз?
- Андайларга, "Мага жаманчылык кылсаңар кудайга койдум" - деп эле айтам.
- Азыр жашы улгайган эркектер жаш кыздарга үйлөнүп жатышпайбы. Эгер өмүрлүк жарыңыз уруксат берсе, сиз да алмак белеңиз?
- Жок албайм, мен бөлөк тарбия алган адаммын. Кемпирим эле жетет. Анткени, бала-бакыра, небере-чөбөрө деген бар, аларды кантип жаш кызга алмаштырасың?
- Көп аял алуучулукка кандай көз караштасыз?
- Көп аял алгандарга ден соолук каалайм. "Чоң сыноого өттүң, жүрөгүң чыдабай куурагыр болуп калаар бекенсиң" - деп көңүл айтам.
- Канчанчы аялыңыз менен жашайсыз?
- Биринчи эле аялым менен жашайм.
- Көңүл ачууга миллион доллар берилсе, кантип эс алмак элеңиз?
- Микроавтобус сатып алып, үй-бүлөмдү, небере-чөбөрөмдү, ит-мышыгымды салып, дүйнөнү бүт кыдырып чыкмакмын.
- Убактыңыздын канчасын аялыңызга, үй-бүлөңүзгө коротосуз?
- Аялым иштейт. Ал үйгө келгенде гана убакыт бөлө алам. Азыр аялым экөөбүз неберенин менчигине өткөнбүз. Ошондуктан, убактымдын көбүн неберелерим менен өткөрөм. Азыр алар "Таберик" менен бирге Казакстанга бий боюнча фестивалга кетишти.
- Канча балаңыз бар?
- Эки кыз, эки уулум бар.
- Кызганычтан аялыңыздын көзү көгөргөн учурлар болду беле?
- Жаш кезде көгөргөн учурлар болгондур, андан бери кырк жылдай убакыт өттү. Азыр көзгө урмак түгүл, кээде көзүн көргөнгө убакыт жок болуп калат.
- Үйдө акчаны ким кармайт?
- Акчаны өмүрлүк жубайым кармайт.
- Бийлик колдун кири, - дегендей, азыр кызмат орундары бат-баттан эле алмаштырылып жатпайбы. Сиздин азыркы кызматыңыздан бошотуп, сизге жакпаган кызматты сунуштаса, иштей бересизби?
- Мен азыр эч жерде иштебейм. Убагында достор, кызматташтар мага көп карасанатайлык кылышкан. Мен көптү билчүмүн, көп окугам, ошондуктан көпчүлүк учурда мамлекетке ишеничтүү адам керек болгондо мени жиберчү. Бирок, өз ыктыяры менен боло турган чоң иштерге мени койчу эмес. Анткени ал жерге энелери ээрчиткен "иттер" келип, көпчүлүк убакта мен иштеген жерлерге мамлекеттик окуу жайын бүтүп алып, инженер болуп анан милиционер болгондор көп болду.
- Кыргыз саясатчылары Кудайдан коркушабы, алар акчаны кандай кармашат?
- Азыркы саясатчылар кудайдан жөө качкандар. Саясатты он чакты миң долларга сатып, саясатка кайдагы эле бирөөнү алып келип жүргөндөр. Акчаны болсо катуу кармайт, жана издегендери дайыма - акча.
- Сиздин оюңузча кыздардын кандай кийингени жакшы. Кыска юбкабы же хиджаббы?
- Ар бир адам өзүнүн дене түзүлүшүнө карап кийине берсе болот. Кийим ички келбети менен сырткы көркүнө каршы келбеши керек. Мисалы, кыздардын бардык мүчөсү төп келип, денесинде эч кандай кемчилик жок болсо, кыска юбка кийгенге эмнеге болбосун. А эгер, семиз болсо анда, анча-мынча нерсесин жашырып хиджаб кийе берсин.
- Орозо кармадыңызбы?
- Жок орозо кармаган жокмун.
- Кайсы күнөөлөрдөн арылгыңыз келет?
- Кыргызстандын элине толук жардам бере албагандыгымды, жетим-жесирлерине жардам бере албагандыгымды, ар кайсы саясий жетекчилер басмырлап, анын жерин сатканына тоскоолдук кыла албагандыгымды күнөө деп эсептейм. Ушул күнөөлөрүмдөн арылгым келет.
- Кайсы саясатчылар менен мушташкыңыз келип жүрөт?
- Акаев, Бакиев жана алардын тегерегинде туруп, Үзөңгү-Куушту жана Каркыраны берип жиберген адамдар менен мушташкым келип жүрөт. Аттарын айтпай эле коёюн, азыр алардын көбү саясий партиялардын лидери болду. Ошолор менен да мушташкым келип жүрөт.
- Ички дүйнөнүн байлыгы менен материалдык байлыктын кайсынысын тандайсыз?
- Ички дүйнөнүн байлыгын тандайм.
- Акыркы жолу кайсы китепти окуп чыктыңыз? Негизи эле столуңузда кайсы китеп дайыма турат?
- Н.В. Жданов "Новая экономическая концепция миропорядка" деген китеп дайыма столдо турат.
- Баш жазуу рецебиңиз кандай?
- Аскер адамы болгондуктан баш жазбайм.
- Сиз үчүн байлык эмне? Өзүңүздү баймын деп эсептейсизби?
- Албетте, мен баймын. Бирок, акчанын, алтындын көптүгүнөн эмес. Менин байлыгым үй-бүлөм, бала-бакырам, небере-чөбөрөм. Эгемендүү мамлекетимде жашап жатканым.
- Кошунаңыз төлөбөгөндүн айынан үйүңүздөгү жарыкты (свет) өчүрсө эмне кыласыз?
- Кудай сактасын, менин кошуналарымдын баары тең жакшы адамдар. Кыргыздын салтын кармап, ынтымактуу жашайбыз. Эгерде, кошунам үчүн жарык өчүрүлгөн болсо, анын акчасын өзүм эле төлөп коймокмун.
- Кыргызстанда "проституцияны" мыйзамдаштырууга болобу?
- Болот. Бир жолу Нарынга, Таласка ушул маселе боюнча барган элек. Колунда бар бай немелердин жашы жете элек кыздарды бузган учурлары көп экен. Ошондойлорго каршы иш жүргүзүп келгенбиз.
- Сойкулар үйүн тургузууга жардам бердиңиз беле?
- Жок, эгерде аны мыйзамдаштырса, Саламаттыкты сактоо министрлиги, социалдык министрликтер колго алып, байкуш шордууларга кыргыз атуулдары катары жардам берүүгө өтүнөөр элем.
- Кыргызстан үчүн эмне пайдалуу иш кылдым деп ойлойсуз?
- 1990-жылкы Ош окуясында менин бир солдатым жарадар болуп, бирөө өлгөн эмес. Биз кайтарган жерлерде бир үйдүн да дубалы ураган жок. Ал эми пайдам болсо, Кыргызстанды курал менен коргодум, кыргыздын душмандарына ок аттым, экономикасына көп кредит алып келгенге жол ачтым.
- Кимдин аркасын жышып бергенге даярсыз?
- Досторумдун жакыны классташтарым: Расулов Керимкул, Ырысалиев Ырысбек деген досторумдун аркасын жышып бермек турсун, мончодон шыпыргы менен чаап бергенге даярмын.
- Мамлекеттик бюджетти экономдоп, машиненин ордуна велосипед менен жумушка келмек белеңиз?
- Менин мамлекеттин бюджетине эч кандай тиешем жок. Анткени, пенсионермин. Эгерде мамлекеттик иште иштесем, велосипед менен эмес жөө жүрмөкмүн. А эгер мүмкүнчүлүгүм болсо, ат минмекмин.
- Канча убакытта бир адаттан тыш сөздөр менен сөгүп урушасыз.
- Мен аскерде кызмат кылып жүргөн убакта жаман иштеген жалкоолорду мүнөт, саат сайын сөгүп урушуп турчумун. Бирок,азыр эс алууга чыккандан кийин эч кимди сөкпөйм.
- Дагы кайсы тармакты башкаргыңыз келет?
- Чарбачылыкты башкаргым келет. Азыркы күндө көксөгөн ишим, артта калган облустун губернатору, артта калган заводдордун деректири болгум келет. Анткени бул ишти мен жакшы тааныйм.
- Кайрымдуулук иштерине жардам кылып, кафе-ресторандарга канча убакыт барбайт элеңиз?
- Мен негизи эле кафе дегенди абдан жаман көрөм. Андай жерлерге барбайм дагы.
- Муштум менен өз оюңузду таңуулап көрдүңүз беле?
- Муштум менен эч кимге таңуулап көргөн эмесмин. Бир жолу жаш кезде, балдар менен урушуп кетип, денесинен жаракат алышкандан кийин, өзүмө: "Болду эч кимге кол көтөрбөйм" - деп сөз бергем. Ошондон бери кол көтөрө элекмин. Акылы жок адамга муштум менен жеткире албайсын.
- Эң жакын досуңуз сатып кетип, кайра жарашкан учурлар болду беле? Эгер болсо, кийинки мамилеңер мурунку боюнча эле сакталдыбы?
- Менин бир да досум мени сатып, же болбосо бирөөлөргө жамандаган эмес. Мурун мамилебиз кандай болгон болсо, азыр да ошондой бойдон сакталып калды.
- Өзүңүздүн жерге-жээктериңизди кайсы "жылуу" жерлерге отургузгуңуз келет?
- Мен эч качан жерге-жээгимди, ал эмес балдарымды "жылуу жерлерге" отургузгум келбейт. Анткени бул, адамдын да, табигаттын да, маданияттын да шартына каршы келген нерсе. Ар бир адам өзүнүн жөндөмү менен тандап алган ишине иштеш керек. Ошондуктан ар бир нерсеге эле коё берсең, андай балдар оңой ишке көнүп алып, жалкоолуктан бузулган жолго түшүп кетишет. Мен туугандарыма, балдарыма, "Эгер чоң жерде иштегиңер келсе, бирөөнүн күчүнө таянбай, өзүңөр окугула, эмгектенгиле" - деп дайыма айтып келем.
- Кыргызстандан чыгып, башка өлкөгө жашооңузду улантуу тууралуу ойлоно элексизби? Айтайын дегеним, азыр саясатчылар чет жактардан үй сатып алып жатышпайбы.
- Мен башкаларчылап элдин чөнтөгүнө колумду салып, уурдаган акчадан башка мамлекетке үй салган жерим жок. Кыргызстанда төрөлдүм, ушул жерде жашайм.


Төлөбүбү Касымалиева